Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Трамптын Сирияны бомбалоосу дүйнөнү дүңгүрөттү

7-апрель күнү таң эрте АКШ Сириянын авиабазаларын бомбалады. Бомбалоо Жер ортолук деңизинен туруп жасалган жана “Томагавк” атанган 59 канаттуу ракетасы Хомс провинциясындагы Сирия өкмөтүнүн “Шайрат” авиабазасын жер менен жексен кылган. Бомбалоонун кесепетинен “7 аскер адамы, 9 карапайым жашоочу курман болгон, алардын ичинен төртөөсү жаш балдар” – деп айтылууда.

Бул чабуул Сирия согушу тутангандан бери АКШнын алгачкы аскерий кадамы болду. Дональд Трамп бул боюнча элге кайрылуусунда “Ракеталык чабуул АКШнын улуттук кызыкчылыктарына төп келет” – деп билдирди. Анын айтымында, Башар Асад химиялык курал колдонууга тыюу салган Конвенцияны бузган. Анткени, 4-апрелде Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясынын Хан-Шейхун айылына авиасокку жасап, анда химиялык курал колдонгон деген оперативдик маалыматтар тараган. Ал калайманда жүздөн ашуун тынч жашоочу кырылып, 500 ашууну жарадар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Сирия авиациясы бул кыргында зарин газын колдонгон. Дүйнө коомчулугу муну адамзатка каршы кыргын катары баалап жатат. Вашингтон Сирия бийлигине карата куралдуу кадамдарына ушул жоболоңдуу окуяны себеп катары карманууда.

Пентагон өкүлү “чабуул алдынан орус, француз армияларына бир канча жолу эскертүүлөр берилип, базадагы алар жайгашкан аймакка аткылоо болгон эмес” – деп билдирүүдө. Арийне, АКШнын бул чабуулун Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө көмөктөшүп жүргөн орустар кескин пикирлер менен тосуп алды. Алгач эле орус президенти В.Путин муну “ойдон чыгарылган шылтоо менен эгемен мамлекетке карата жасалган агрессия” деп атады. Орус лидеринин билдирүүсүндө, Сирия химиялык курал-жарактарын бардык запастарын БУУнун тыкыр көзөмөлү астында жоюп, жок кылган болчу. Ошондуктан, Сирия өкмөтү Идлибде химиялык каражаттар менен карапайым калкты кырган деген сөздөр чындыкка коошпой турат. Ага улай премьер-министри Д.Медведев “АКШ менен Орусия аскердик кагылышуу коркунучунда турат” деп билдирди. Кремль БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул отурумун чакырып, маселени тыкыр кароону талап кылып жатат.

Дүйнөлүк коомчулук АКШнын ракеталык соккусун тынчсыздануу менен кабылдап, конфликттин өөрчүп кетүү коркунучу жогору деп эсептеп жатат. АКШнын Сирия базасын бомбалоосу жана ага себеп болгон Сирия аскерлеринин химиялык газ колдонуп карапайым калкты кырган фактысы дүйнөлүк державаларды эки жээкке ажырымдап, позицияларын такташууга мажбурлоодо. Алсак, Евросоюз, НАТО баштаган батыш өлкөлөрү АКШнын кадамдарын колдоп, аны дүйнөгө тынчтык орнотуунун, адамзаттын укуктарынын сакталышынын жолу катары баалап турат. Аларга Орусиянын Сирия боюнча жакын союздашы Түркия да кошулуп, “бул сокку Сирияда тынчтыкты орнотууга жакшы өбөлгө түзүп бериши мүмкүн” деп баалады. АКШ бийлиги Кремлди 2011-жылда жетишилген химиялык куралдарды жок кылуу боюнча келишимди бузгандыгын айыптап, аларды компетентсиз же Сирия менен шериктеш болгон деп билдирди. Батыш эксперттери, ошондой эле, В.Путинди Б.Асад менен тандемдешип, Сирияда кандуу дуэт аткарып жатат деп айыптап келет.

Кытай бул жаатта ортолук позицияны карманып, жаатташкан тараптарды салкын кандуулукка чакырууда. Алсак, АКШ баштаган тарапка маселени курчутпай, саясий жол менен чечүүгө чакырса, Орусия тарабын келишимдерден четтебей, саясий ымалага келүүгө үндөдү.

Кыргызстан БУУнун мүчөсү жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер катары Сириядагы химиялык бомбалоо жана АКШнын Сирияны ракеталык аткылоосу боюнча “ак же көк” деп үн каткан жок. Бирок, айта кетүүчү жагдай, 2010-жылдан кийин кыргыз бийлиги Кремлдин бекем жетегине баш байлап, анын ички-тышкы саясатын “кыңк” этпей колдоп келгени маалым. Ошондой эле, 2015-жылы Кыргызстан орус армиясына көмөктөшүү максатында Сирияга аскердик күч жөнөтөт деген маалымат тараган. Буга орус адистеринин ЖККУга мүчө мамлекеттер, алардын ичинде Кыргызстан да Орусиянын Сириядагы операцияларына кол кабыш кылышы керек деген чакырыктары себеп болгон. Бирок, коомдогу аркы-терки сөздөрдөн соң, аягында А.Атамбаев “Орусиянын Сириядагы операцияларын моралдык жактан колдоп турабыз, бирок аскер жөнөтпөйбүз” деп тим болгон.

Айта кетсек, “Араб жазы” толкунунун шарында 2011-жылы Сирияда көп тараптуу куралдуу кагылышуулар оту тутанган. Ошондон бери Башар Асаддын режими, оппозициялык күчтөр жана “Ислам мамлекети” баштаган диний уюмдар согушуп келатат. Бул конфликтке сырткы күчтөр да активдүү аралашып, “тынчтыкты орнотуу” миссиясы менен АКШ, Европа мамлекеттери, НАТО, Орусия, Туркия сыяктуу ири державалар аскерий, куралдуу операцияларды жүргүзүп келүүдө. Коогалаң башталгандан бери эле Орусия баштаган блок расмий Дамаскты колдоого алып келсе, АКШ, Европа, НАТО өлкөлөрү Сириянын оппозициясына көмөктөшүп жатканы маалым. Ал эми дүйнөлүк эксперттер аталган лидер өлкөлөрдүн Сириядагы катышын бир жагынан нефть жана баалуу кен байлыктарды бөлүштүрүү, экинчи жагынан – аймактагы саясий таасир талашуу аракети менен байланыштырышат.

Кубатбек АЙБАШОВ

Булак: “Алиби”

Видео - АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Москвага келди

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Москвага келди. Анда ал Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен Сириядагы жагдайды талкуулайт. Расмий сүйлөшүүлөр 12-апрелге белгиленген.

Шейшембиде Тиллерсон «Чоң жетиликке» мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында сүйлөп жатып, Орусиянын Башар Асад, Иран жана «Хезболлах» радикал тобу менен өнөктөштүгү Москванын стратегиялык кызыкчылыктарына туура келбей тургандыгын билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер Орусияны Асадды колдоону токтотууга чакырышып, бийликте Башар Асад турган кезде Сирия жаңжалын чечүү мүмкүн эмес экендигин белгилешкен.

Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп менен Британия премьери Тереза Мэй Асаддын режимин колдоодон баш тарттырууга Орусияны дагы бир ирет көндүрмөкчү болгон Тиллерсондун сапарынын ийгилигине үмүттөнөрүн билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жарылуудан улам «Боруссия» — «Монако» беттеши бир күнгө жылдырылды

Шейшемби кечинде Германиянын Дортмунд шаарындагы «Боруссия» футболдук клубунун автобусунун жанында жарылуу болуп, команданын коргоочусу Марк Бартра жаракат алды. Клубдун жетекчилиги жарылуу футболчулар жайгашкан мейманкананын алдында болгонун билдирди.

Дортмунддук клубдун маалыматы боюнча команданын автобусунун эки жери зыянга учураган. Стадиондун өкүлү Норберт Дикель (Norbert Dickel) оюнду көрүүгө келген күйөрмандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. “Стадиондо дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай себеп жок”, – деди ал.

Анткен менен жарылуудан көп өтпөй жергиликтүү «Боруссия» жана франциялык «Монако» клубдарынын ортосундагы беттешти 12-апрелге жылдыруу чечими кабыл алынып, полиция стадиондогу коопсуздук чараларын күчөттү.

Командалар 11-апрелде Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында беттеш өткөрүшмөк.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад кайра шайлоого катышууну чечти

Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад өз талапкерлигин кайрадан президенттикке койду. Бул тууралуу ИРНА иран агенттиги жазды.

12-апрелде Ахмадинежадды кеңешчилери – Эсфандияр Рахима Машаи менен Хамидреза Бакаи Иран ИИМине каттоого туруу үчүн коштоп келишкен.

Буга чейин Ахмадинежаддын шайлоого катышуусуна аятолла Али Хаменеи каршы чыккан. Махмуд Ахмадинежад 2005-жылдан 2013-жылга чейин Ирандын президенти болгон. Андан кийин өлкө башчылыгына Хасан Рухани шайланган.

Президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо 10-апрелде Иран ИИМинин штаб-квартирасында башталды. Каттоо беш күнгө созулат. Андан соң 16-апрелде Конституцияны коргоо кеңеши талапкерлерди текшерет. Акыркы тизме 26-27-апрелде жарыяланат.

Иранда президенттик шайлоо 19-майда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Швецияда депортацияланышы керек болгон 137 өзбекстандык жашырынып жүрөт

11-апрелде Стокгольм соту жүк унаасы менен элди тебелетип кеткен Өзбекстандын 39 жаштагы жараны Рахмат Акиловду бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал ортодо Швеция бийлиги өлкө аймагында депортацияланышы керек болгон 137 өзбекстандык бар экенин билдирди.

Соттун чечимине ылайык, Акилов соттук-психиатриалык экспертизадан да өткөрүлүшү керек. Айыпталуучунун адвокаты Йохан Эриксон соттун чечиминен кийин «Рахмат Акилов террористтик кылмыш жасагандыгын моюнуна алгандыгын, ошондуктан камакта каларын» билдирди.

7-апрелде Акиловдун башкаруусундагы жүк унаа Стокгольм борборунда адамдардын тобун сүзүп кеткен. Жыйынтыгында 4 киши, анын ичинде 11 жаштагы кыз да каза болгон. Дагы 15 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Кол салуудан бир канча саат өткөндөн соң полиция Рахмат Акиловду кармаган.

Стокгольмдогу кол салуу теракт деп аталып, өлкөнүн Соллентуне, Варберге, Сольне жана Кунгсхольмене шаарларында рейддер жүргүзүлгөн. Анда швед полициясы Стокгольмдогу кол салууга тиешеси бар деген шек менен 7 кишини кармаган.

Швециянын мурдагы премьер-министри Карл Бильдт билдиргендей, өлкө аймагында Өзбекстанга экстрадицияланышы керек болгон 137 киши бар. Айтымында, алардын бардыгы тең полициядан жашырынып жүрүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эрдоган Европаны "оорулуу киши" деп атады

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Батышка каарын төгүп, Европа биримдигине кирүү боюнча билдирме кайра карала турганын жарыялады. Эрдоган “Европа түрк элине каршы жасаган иштери үчүн жооп берет” деп билдирди.

Эрдоган 9-апрелде Измирде сөз сүйлөп жатып, Европа темасына Түркияда референдум өткөндөн кийин кайра кайтып келерин айтты. Түрк президенти Европаны “оорулуу киши” деп атады. Бул терминди 19-кылымда европалык саясатчылар кыйрап бара жаткан Осмон империясына карата колдонушкан.

Эрдоган – консервативдүү Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын негиздөөчүсү. Ал 2003-жылдан тарта 2014-жылга чейин премьер-министр болгон. Андан соң мамлекет башчылыгына шайланган. Ал президенттик башкарууну жактайт. Бул маселе 16-апрелде боло турган референдумга чыгат. Эгер сунуш колдоо тапса, өлкө башчыга көбүрөөк ыйгарым укуктар берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Корейге айлангандар Сеулда соттолууда

Чет элдеги этникалык корейлерге бериле турган “Н2” визасын алдоо жолу аркылуу алган деген жүйө менен Түштүк Кореяда төрт кыргызстандык соттолуп жатат. Аларга “мыйзамсыз виза алган” деген беренеге ылайык кылмыш иши козголгон. Эске сала кетсек, быйыл Кыргызстанда Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган адамдардын аты-жөнүн корейче өзгөртүп, жасалма документтерди бергендерге кылмыш иши козголгон болчу. Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин консулу Нурзат Саякбай кызы маалымдагандай, виза алгандар Түштүк Кореяга 2015-жылы барган. Алар этникалык корейлерге берилчү визаларды текшерүү боюнча рейдде кармалып, камалган. Алдын ала маалымат боюнча кармалган кыргызстандыктар депортация болушу ыктымал. Расмий маалымат боюнча Түштүк Кореяда каттоодо турган кыргызстандыктардын саны 4 миңден ашуун.

Булак: “Фабула”

Жонсон: «Чоң жетилик» Орусия менен Сирияга санкция киргизүү маселесин карайт

«Чоң жетиликке» кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Сирияда өткөн жумада болгон химиялык чабуулдан кийин сириялык жана орусиялык аскерлерге каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Бул тууралуу бүгүн Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Италиянын Лукка шаарында, «Чоң жетиликтин» эки күндүк саммитинин алдында билдирди.

АКШ, Жапония, Германия, Британия, Италия, Франция жана Канаданын министрлери жыйында Сириядагы кризисти чечүүнүн жолдорун талкуулашары күтүлүүдө.

4-апрелдин таңында Сириянын Хан-Шейхун шаарында жасалган ыктымал химиялык чабуул сексенден ашуун адамдын өмүрүн алган.

Орусия менен Асаддын өкмөтү соккулар Хан-Шейхун шаарындагы эктремисттердин химиялык курал сактаган кампаларына жасалганын билдирсе, козголоңчулар химиялык чабуул абадан жасалганын айтышып, ага Асаддын бийлиги жоопкер экенин кабарлашууда.

АКШ Дамасктын өз жарандарына каршы химиялык чабуулуна жооп чара деп 7-апрелде өкмөттүк авиабазага ракеталык сокку урган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Египеттеги эки жардыруудан 44 адамдын өмүрү кыйылды

Египетте жекшемби күнкү эки жардыруудан 44 адам каза болду. Биринчи кол салуу Александриядан 130 чакырым алыстыкта жайгашкан Танта шаарындагы Ыйык Георгий чиркөөсүндө болуп, 25 адам мерт кетти.

Расмий маалыматтар боюнча кол салуу маалында чиркөөнүн ичинде жүргөн патриарх Тавадрос II жаракат алган эмес.

Алгачкы жардыруудан көп өтпөй Александриянын өзүндөгү ыйык Марк чиркөөсүнө кол салуу болуп, 11 кишинин өмүрү кыйылды.

Эки жардыруу үчүн тең жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алды.

Пасха майрамына даярдана турган христиандар үчүн ыйык жуманын башталышы быйыл 9-апрелде белгиленди. Египетте копт христиандарынын саны алты миллионго жетет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алга Кылычов, коомдук ишмер: "7-апрелден бийликтегилер да, оппозициядагылар да сабак алышы керек"

-Алга мырза, быйыл кандуу революциянын болгонуна туптуура жети жыл болду. Революциянын максаттары, тилектери орундалып, элдин үмүтү акталдыбы?

-Аксы окуясы, 24-март 2005- жылы уурдалган үмүттөрдүн, элдин каалоосунун уландысы менен 7-апрель келип чыкты. 7-апрель эң биринчи үй-бүлөлүк кандуу режимин кулатты.Сөз эркиндиги жана чындап демократиянын орношуна жол ачты. Буюрса революция жарым-жартылай жемишин берип жатат. Албетге, ошондой революциядан кийин жана андан көп өтпөй болуп кеткен түштүк коогалаңындагы талкалануудан кийин тез арада эле мамлекетти оңдоп жибериш кыйын. Бирок ошого карабастан алдыга жылыштар байкалып жатат. Маселен, мурдагы бийликтердин тушунда эч бир жетекчи туздөн- түз мамлекетке пайда алып келген эмес. Биздин тышкы карыздарыбызды эч бир мамлекет кече элек болчу. Чындап мамлекеттин көз карандысыздыгын көздөгөн, улуттук баалуулуктарын,бийлик бутактарын жоопкерчиликке байлаган тарыхыбызда биринчи жолу баш мыйзам кабыл алдык!  Бирок ошону менен катар эле кемчиликтер да бар. Маселен, ошол 7-апрель революциясынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү папке талашып, бир топ иштин алдыга жылышына тоскоолдук жаратышты. Ошондой эле Бакиевдин бийлигин кубалоого салымын кошуп, бирок кайра ошолордун калдыктары Бакиевдерден каржылоо алып, өздөрүнүн керт баш- тарын кылмыш жообунан кутултуу үчүн, эртеңки шайлоодон жеце ал-
бастарын тушунуп, эптеп бийликке жетуү үчүн төңкөрүш жолу менен болсо да бийлигин сактап калууга аракет кылгандар бар. Мамлекет­тин жаркын келечеги учун Бийлик башындагылар да, оппозициямын дегендер да кечээки откон элдин умуту, каны менен келген 7- апрель революциясынан сабак алып, жооп- керчиликтерин сезиши керек!!!

-Акыркы мезгилде коомчулук- тун көңүл борборуна алынган Жанар Акаев тууралуу терс маа- лымат кетти. Жанар Акаев Кан- жар Кадыралиевден пара алды деп ишенсек болобу?

-Негизи шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт деп бекеринен айтылбаса керек. Болбосо, кечээ эле жөө жургон бала кыска мөөнөттө кымбат баалуу автоунаа минип, уй алмаштырып, белгилуу гезит, сайтгы сатып альш, кайра саткан каражатгы кайдан алды деген эл арасында соз- дор бар. Бул маселени укук коргоо органдары изилдеп чыгып, мыйзам чегинде чекит коюлушу керек.

Меню