Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Британия кезексиз парламенттик шайлоого даярданууда

Улуу Британиянын парламенти бүгүн кезексиз шайлоонун датасын бекитти. Мөөнөтсүз парламенттик шайлоо тууралуу мыйзам долбоордун кабыл алынышы үчүн депутаттардын үчтөн экисинин колдоосу керек болгон.

Кезексиз шайлоо өткөрүү тууралуу күн мурун премьер-министр Тереза Мэй билдирген. Анын айтымында, Улуу Британия өкмөтүндө Европа биримдигинен чыгуу маселеси боюнча биримдик жок. Премьердин бул сунушун парламентарийлер колдойт деп күтүлүүдө: демилгени жактыра тургандыктарын Мэйдин тарапташтары менен бирге лейбористтер менен шотландиялык улутчулдар да билдиришти.

Мэй мөөнөтсүз шайлоо Британиянын ЕБдин курамынан чыгуу графигине таасир этпей тургандыгын белгиледи. Ошондой эле премьер-министр Брекзит боюнча кайрадан референдум болбостугун айтты. Анын пикиринде, өкмөт бирдиктүү Европадан чыгуу тууралуу убадасын аткарышы керек. Буга чейин референдумду кайра өткөрүү тууралуу онлайн-петицияга бир нече миллион адам кошулган.

Британдыктар 2016-жылы жайында Евробиримдиктин курамынан чыгуу демилгесин колдоп добуш беришкен. Улуу Британия европалык блокко 1973-жылы кошулган, эми биримдиктен чыккан алгачкы өлкө болуп калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - АКШнын Ооганстандагы соккусунан ИМдин тажикстандык жоочулары өлдү

АКШнын Нангархор провинциясындагы соккусунан «Ислам мамлекети» тобундагы тажик жоочуларынын лидери Шермухаммад Сафаров жок кылында. Андан тышкары соккудан анын кол алдындагы 11 согушкердин өлгөнү кабарланууда.

ИМ согушкерлеринин арасында «Шери Язгуломи» («Язгуломдук арстан») деген ысым менен белгилүү Шермухаммад Сафаров жана анын кол алдындагы жоочулар акыркы айларда Нангархор провинциясында жашырынып жүрүшкөн. Дүйшөмбүдөн билдиришкендей, Сафаров анда ИМ тобунун катарына кошулган тажик жарандарынын лидери болуп дайындалган.

Тажикстан ИИМинен Шермухаммад Сафаровдун каза болгону ырасталганын жана учурда берки 11 жоочунун жарандыгы текшерилип жатканын билдиришти. Айрым маалыматтар боюнча алардын бардыгы тең Тажикстандын жарандары.

АКШ тарабынан ташталган эң кубаттуу өзөктүк эмес бомбанын натыйжасында “Ислам мамлекети” тобунун кеминде эле 90 жоочусу жок кылынган.

https://www.youtube.com/watch?v=UZHwJTWdmmc&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эл аралык байкоочулар Түркиядагы референдумду сынга алышты

Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ) менен Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) байкоочулар миссиясы Түркиядагы референдумду сынга алышты. Алар өнөктүк «тең укуктуу шартта өтпөгөнүн» жана добуштарды саноодо акыркы учурда процедура өзгөртүлгөнүн билдиришти.

17-апрелде ЕККУ миссиясынын жетекчиси Тана де Зулуэта Түркияда өткөн референдум эл аралык стандарттарга туура келбей тургандыгын айтты. Ал добуш берүү өлкөдө өзгөчө кырдаал режими өкүм сүргөн учурда өткөндүгүн белгилеп, коопсуздук операцияларынан улам үйүн таштай качууга аргасыз болгондор, алардын ичинде Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрд эли добуш берүүдө кыйынчылык тартканын билдирди.

«Андан тышкары биз үгүт өнөктүгү маалында бир кыйла теңсиздикти, тактап айтканда, президент баш болгон бир топ мамлекеттик жана жергиликтүү жетекчилердин “ооба” дегенди жактап, кызуу үгүт жүргүзгөнүн байкадык», – деди ал.

Миссия жетекчиси өнөктүк маалында «кээ бир жогорку кызматтагы аткамиинерлер «жок» дегенди жактаган адамдардын айрымдарын терроризмдин жактоочуларына теңегенин» айтты.

“Көпчүлүк учурларда «жок» дегенди жактагандар иш-чараларды өткөрүүдө полициянын кийлигишүүлөрүнө жана тоскоолдугуна кабылышты”, – деди ал. ПАСЕ байкоочуларынын делегация башчысы Цезарь Флорин Преда болсо «үгүт өнөктүгү маалында тараптар бирдей мүмкүндүктөргө ээ болбогонун» белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Стамбулда референдумдун жыйынтыгына каршы акциялар өттү

Түркияда миңдеген жарандар референдумдун жыйынтыгына, анын ичинде президенттин ыйгарым укуктарынын кеңейишине каршы Стамбул көчөлөрүндө нааразылык марштарын өткөрүштү.

17-апрель күнү кечинде Стамбулдун европа бөлүгүндө миңден кем эмес жашоочулар митингге чыгышты. Ошол эле маалда калаанын азия бөлүгүндө эки миңдей киши референдумдун жыйынтыктарына макул эместигин билдиришип, марш өткөрүштү.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жекшембиде Түркияда шайлоочулардын 51,3 пайызы президент Режеп Эрдогандын конституциялык реформасын колдогон.

Бул арада Түркияда чукул кырдаал режими дагы үч айга узартылганы кабарланды. Өлкөдө өзгөчө кырдаал 2016-жылы аскерий төңкөрүш аракетинен кийин киргизилип, улам узартылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Норманд төрттүгүнүн» лидерлери Донбасстагы абалды талкуулашты

«Норманд форматынын» алкагында Донбасстагы куралдуу жаңжалды токтотуу аракетин көрүп жаткан Германия, Орусия, Украина жана Франция лидерлери дүйшөмбү кечинде телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Ангела Меркель, Владимир Путин, Петр Порошенко жана Франсуа Олланд Пасха майрамына байланыштуу Украина чыгышындагы жарашууну калыбына келтирүү тууралуу макулдашып, туткундарды алмашуу жараянын жандандырууга чакырышты. Андан тышкары саясатчылар Донбасстагы ЕККУ миссиясынын кызматкерлерине карата айтылып жаткан коркутуп-үркүтүүлөргө байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти. Бул тууралуу Украина президентинин басма сөз кызматынын расмий сайтында жазылган. Ушундай эле мазмундагы билдирүүнү Кремлдин басма сөз кызматы да жарыялады. Азырынча Берлин менен Париж телефондук сүйлөшүү боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Марттын соңунда Минксте өткөн жыйын маалында үч тараптуу контакттык топ Украина чыгышында ок атпоо режимин орнотуу боюнча макулдашууга жетишип, ал 1-апрелден тарта күчүнө кирген.

18-апрелде Донбасстагы украин аскердик операцияларынын штабы абалдын курчуп кеткенин билдирди. Алардын маалыматы боюнча бир сутканын ичинде жикчилдер 32 жолу украин тараптын позицияларына карата ок чыгарып, бир жоокер жарадар болгон.

Бир нече күн мурда ЕККУнун Украина чыгышындагы мониторинг миссиясынын башчысы Александр Хуг Донбасстагы абал туруксуз экенин жана каалаган учурда курчуп кетиши мүмкүндүгүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ президентинин кеңешчиси Кабулда жаңы стратегияны талкуулады

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер Кабулга келди. Бир нече күн мурун Кошмо Штаттар тарабынан Ооганстандын батышындагы исламисттердин объектилерине ири бомба ташталып, жүзгө чукул жоочу тындым кылынган.

Трамптын администрациясы Ооганстанга карата саясатын өзгөртүү ниетинде. Макмастер ушул маселени сүйлөшүү үчүн 16-апрелде Кабулга келген.

Макмастер менен президент Ашраф Гани эки тараптуу мамилелер, коопсуздук, контртерроризм жана жаңы реформаларды талкуулаганан ооган президентинин маалымат катчысы Твиттерге жазды.

Учурда Ооганстанда америкалык 8400 жоокер бар. Аз мурун жогорку кызматтагы америкалык аскерлердин бири талиптер менен күрөшүүдө туңгуюктан чыгуу үчүн бир нече миң чет өлкөлүк жоокер керек экенин билдирген.

АКШ “бардык бомбалардын энеси” аталган GBU-43B бомбасын 13-апрелде Ооганстандын Нангархан провинциясына таштаган. Ооганстандын расмийлери 94 жоочу өлгөнүн, курмандыктар арасында жай тургундар жок экенин маалымдаган. Гани бомбалоону колдоп, операция Ооганстан өкмөтү менен макулдашылганын билдирген.

“Ислам мамлекети” уюму соңку жылдары пакистандык жана ооганстандык талиптерди катарына тартып, Ооганстанга сүңгүп кирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Референдум аркылуу Эрдоган өзүнө чексиз бийлик камсыздады

Түркияда референдум өтүп, добуштардын 100 пайызы саналып бүттү. Бул тууралуу мамлекеттик Анадолу агенттиги билдирди. Түркияда жарандардын көбү Конституциядагы өзгөртүүлөрдү колдоду. Ага ылайык, эми республика президенттик башкарууга өтөт.

Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөргө “макул” деп 51, 35 пайыз шайлоочу добуш берди, каршылар – 48,65 пайызды түздү. Акыркы 100 жылдан бери өлкөнү башкарууда алгач ирет ушундай ири реформа болууда.

Референдумдун жыйынтыгы менен президент Режеп Тайип Эрдоган кеңири ыйгарым укуктарга ээ болот. Эми ал вице-премьерлерди (премьер-министрлик кызмат жоюлат), Конституциялык соттун судьяларын, Жогорку кеңештин сотторунун мүчөлөрүн жана прокурорлорду өзү дайындайт. Парламентти таратуу жана өзгөчө кырдаал киргизүү укугуна ээ болот. Мындан тышкары Эрдоган бийликте 2029-жылга чейин калат.

Оппозициялык партиялар жана ММКлар референдум учурунда шайлоо тилкелеринде олуттуу мыйзам бузуулар катталганын билдиришти. Оппозициялык Республикалык элдик партиясынын өкүлдөрү бийлик жарактан чыккан 1,5 миллион добушту эсепке кошуп койгонун маалымдады. Маалымат каражаттары көптөгөн шайлоо тилкелеринде бюллетендерге мөөр басылбаганын, айрым конверттер чапталбаганын жазышты. Мындан тышкары белгисиз адамдар бош бюллетендерге “макул” деген белги коюп, мөөр басканы тууралуу видео жазуу Интернетте тарады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ вице-президенти: «Түндүк Кореяга карата стратегиялык сабырдуулук доору аяктады»

Президент Дональд Трамп башында турган АКШнын жаңы администрациясы Түндүк Кореяга карата Барак Обама тушундагыдай «стратегиялык сабырдуулук» саясатын карманбайт. Бул тууралуу иш сапары менен Түштүк Кореяда жүргөн АКШнын вице-президенти Майкл Пенс билдирди.

Ал Түндүк Кореянын өзөктүк курал көйгөйү боюнча «стратегиялык сабырдуулук» доору аяктаганын айтты.

Пенс аскердик өнөктөшү катары Вашингтон Сеулдун алдындагы милдеттенмелерин аткара турганын билдирди. Ал АКШ Корея жарым аралындагы коопсуздукту «тынч жана сүйлөшүү жолу менен» камсыздоого белсенип жатканын белгиледи.

Ал бул боюнча бардык варианттар каралып жатканын жана жарым аралды өзөктүк куралдан бошотуу үчүн АКШ Түштүк Корея элине колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

Акыркы апталарда Корея жарым аралындагы абал кескин курчуду. Түндүк Корея Ким Ир Сендин 105 жылдыгына карата кубаттуу аскердик парад өткөрүп, өзөктүк ракета учурду. Өз кезегинде АКШ жарым аралга авиациялык тобун жөнөтүп, Кошмо Штаттар менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгуулары өткөрүлөрүн билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Башар Асаддын аялы британ жарандыгынан айрылышы мүмкүн

Улуу Британия парламентинин мүчөлөрү Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдоп жаткандыгы үчүн анын аялын британ жарандыгынан ажыратууга чакырышты.

Либералдык-демократиялык партиядан парламент мүчөсү Том Брейк Асма Асадды социалдык түйүндөрдөгү профилин «ырайымсыз режимди» коргоо үчүн пайдаланып жатат деп айыптады.

«Эгер Асма күйөөсүнүн адамдарды өлтүрүп жаткан режимин колдоосун уланта берсе, анда британ өкмөтү аны жарандыгынан ажыратууга же анын аракеттери Британиянын башкы кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирбесин далилдөөгө милдеттүү», — деди Брейк.

41 жаштагы Асма Асад социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарын күйөөсүнүн өкмөтүн сындагандарды айыптоо үчүн пайдаланган. Брейк Улуу Британиянын Ички иштер министрлигине расмий түрдө кайрылып, аны жарандыгынан ажыратууну өтүнөрүн билдирди.

Мурдагы белгилүү инвестициялык банкир Асма Асад Башар Асадга 2000-жылы турмушка чыккан. Ал Лондондо Сирия тектүү үй-бүлөдө туулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эрдоган кайрадан өлүм жазасын киргизет

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 16-апрелде өткөн референдумдагы жеңишинен кийин алдына койгон максаттарын ишке ашырууга киришти. Референдумдун жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын жарымынан көбү президенттик бийликтин бекемделишин жана өлкөнүн парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүшүн колдоп добуш беришкен.

Референдумдан кийин Эрдоган алгачкы кадамдарынын бири — кайрадан өлүм жазасын киргизүү болорун билдирди. Эгер президенттин бул аракети ишке ашса, анда Түркиянын Европа биримдигине кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрүн кыйла кыйындатышы мүмкүн. ЕБ өлкөлөрүндө өлүм жазасына тыюу салынган.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 16-апрель күнү кечинде добуш берген жарандардын 51,3 пайызы конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогонун билдирген. Ага ылайык, 25 миллион шайлоочу президенттин реформасын колдосо, 24 миллионго жакын жаран ага каршы болушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню