Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

Бийлик партиясы байлардан эмес, интеллигенция өкүлдөрүнөн куралышы зарыл

Алдыртан эле дуулдап, бийлик партияларына байлардын, чиновниктердин балдары жана коммерсанттар тизмеге кирүүгө жулунуп атышканы кабарланууда. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Акүй билермандары азыртан маселени көзөмөлгө албаса, эртең кечигишип, элдин астында уят болуп калышары ажеп эмес. Андыктан, алдыңкы тизмелерге интеллигенция өкүлдөрүнөн баштап, ошол эле илимий жана чыгармачылык чөйрөдөн, күч органдарынан, дээрлик кесипкөй баардык катмардан адистешкен тажрыйбалуу, таза, сатып кетпеген инсандарды алдыга чыгаруу зарыл. Мына ошондо партиялардын кадыры көтөрүлөт, карапайым калк да үмүт артат. А иш жүзүндө бийликтин партияларына демөөрчүлөр оңой эле табылат да. Эң башкысы, эски каталарды кайталабай, жаңычылдыкка кадам таштоо шансын колдон чыгарбаш керек! Бүгүңкү ийгиликтүү аракеттер эртеңки күнү жемишин берерин унутпайлы.

Булак: “Азия Ньюс”

"Февралда курултай, мартта революция кылабыз дегендердин башында Роза Отунбаева турат!"

Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлукка каршы күрөшүн мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантууга тийиш! Тилекке каршы, буга жолтоолук кылып, Элдик курултай өткөрүп, андан ары өлкөбүздө революция кылууга кызыкдар күчтөр дагыле бар. Булардын башында экс-президент Роза Отунбаева турат. Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында өткөн Аялдардын биринчи Форумунда булар туурасында ачык эле айтылды.

Бадан Апазова, Кара-Суу районунун тургуну: – Биз Президент Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн абдан катуу колдойбуз! Бирок, бул айыгышкыс таймашта өлкө жетекчиси жалгыздык гана кылып жаткандыгына ичибиз абдан ачышып, Оштун айымдары ага ачык эле моминтип колдоо көрсөтүүнү туура таптык. Кимде ким бул болочоктуу жараянга жолтоолук кылса, эч капа болушпасын, жарандык коом мындай ээнбаштарга өзүбүз эле мыйзам чегинде катаал чараларды көргөнгө мажбурбуз!

Гүлсана Эсенбаева, Ош шаардык Кеңешинин депутаты: – “Жемкорлук менен күрөшүү эми эч токтобойт, тескерисинче, мындан ары ырааттуу түрдө улантылат. Бул айыгышкан күрөштө, албетте, Президент өзү жалгыз жеңишке жете албайт. Менде эң башкысы эрк бар – президент сыңары бул күрөштүн башында бекем туруп берем! Тилекке каршы, бул демилгемди кубаттабагандар дагыле бар!”- деп өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков агынан жарылбадыбы. Демек, биз, ак элечекчен айымдар ушундай кыйчалыш маалда өлкө президентине күч-кубат берүүгө дайым даярбыз! Ансыз Кыргызстан жакын арада өнүгүшү дегеле кыйын. А түгүл мамлекет катары жоголуу коркунучунда турабыз!

Жыпар Аматова, Алай районунун тургуну: – Жашырып не, соңку мезгилде өлкөбүздө саясий туруктуулук бекем орноду. Алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен мамилебиз уламдан улам жакшырып баратат. Өлкөбүзгө агылган инвесторлордун катары дагы калыңдады. Үй-бүлөлүк жана криминалдашкан башкаруудан акыры биротоло кутулдук. Бул саамалыктарды айрым тышкы жана ички арам ойлуу күчтөр таптакыр көрбөй жатышкандыгына чындап эле капабыз. Эмдиги жылы Жогорку Кеңешке шайлоолор жүрөт. Ушундай жооптуу өнөктүк алдында жана анын убагында Кыргызстандагы азыркы саясий туруктуулукту биротоло бүлүндүрүп, эптеп эле чыр-чатак чыгарууну көздөгөң күчтөр моминтип баш көтөрө башташты. Булардын тизгинин эмитен эле тартып, анан сөзсүз тыйбасак, мунун азабын кийин куп эле тартаарыбыз анык!

Кушбак Тезекбаев, коомдук жана мамлекеттик ишмер: – Туугандар, 2005-жылы 24-мартта Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк режимин кулатып, биз жөн эле алданыппыз. Өлкөбүздү Досбол Нур уулу өңдөнгөн алдамчылар гана башкарып калышты. Буга деле эптеп чыдадык. А Алмазбек Атамбаевдин дагы акмакчылыгына куп эле түттүк. Айрым арам ойлуу күчтөр эмдиги жылдын февраль айында Элдик курултай уюштуруп, андан ары тээ мартта Кыргызстанда “Революция кылабыз!”- деп кадимкидей эле опурулуп жатышат. Булардын башында бизди “мыркалар”, “койлор” деп утуру өлө шылдыңдаган экс-президент Роза Отунбаева өзү турат. Эми биз ушундайлардан өтө сак болушубуз кажет!

Ушинтип үстөккө-босток коңгуроо кагышкан Аялдардын биринчи Форумунун катышуучулары Кыргызстандагы бардык бийлик бутактарынын жетекчилерине атайын Кайрылуу жолдошуп, аларды ынтымакчылыкта ийиндеше иштешүүгө үндөштү. Буга улай келерки 2020-жылды Стабилдүүлүк жылы деп жарыялоону президент Сооронбай Ж-энбековдон катуу өтүнүшүп, анан гана тарашты.

Булак: “Майдан”

Игорь Шестаков: "Калыс пикир же бажыдагы коррупция бир кишини жазалоо менен чектелбейт..."

Президент Сооронбай Жээнбековдун журналисттер менен болгон маалымат жыйынына саясат талдоочу Игорь Шестаков анализ жасап, суроолор алдын ала даярдалбаганын билдирди. «Журналисттердин санына жана берилген суроолорго карасак алдын-ала даярдалбаганы байкалды. Президент суроолорго даярдыксыз эле көзмө-көз жооп берди»,-дейт. Ошондой эле президенттик аппарат ММКларды өзгө жана жатка бөлбөгөнүн баса белгилеп, өлкөнүн негизги саясий-коомдук жашоосу боюнча сөз болгонун айтты. Мындан сырткары, политолог Жээнбековдун эң ачык жообу Атамбаев менен болгон мамилесинде айтылганын билдирип, ал эми бажыдагы коррупцияны бир кишини жазалоо менен чектелбестен, системалык түрдө жоюу демилгеси туура экендигин кошумчалаган. Кыскасы, Президент бир дагы суроону жоопсуз калтырбаганын, резонанстуу суроолордун баарына жооп бергенин, алдын ала эч нерсе даярдалбаганын, жандуу суроо-жооп болгонун Шестаков айтып чыкты. Сөзүнүн аягында эгер маалымат жыйынга катышып калса, «Сиз дагы деле партиясыз президент бойдон каласызбы, же 2020-жылы партия түзөсүзбү?»,-деген суроо узатмакмын деген.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-факто”

2 миллион АКШ долларын жеп алды деп шектелген Кубанычбек Кулматовдун 73 миң доллар төлөп кутулганы кайсы логикага туура келет, ыя?

Ири коррупциялык иштерге шектелген мурдагы мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата 23-декабрдагы Бишкектин Ленин райондук сотунун чыгарган өкүмү коомчулукту абдан кабатыр кылды. Элдин калың катмарында нааразылык жаралып, социалдык түйүндөрдө бийликке акаарат келтирген ачуу пикирлер жазылды. Анткени, 2 миллион долларлык жемкорлукка шектелген Кулматовду арзыбаган 5 миллион сом менен куткарып, сот залынан бошотту. Эл ичинде: «Бүгүн 2 миллионду жеп, эртеси 73 миңин төгүп берип кутула берсе болот турбайбы»-деген сындуу чыркыраган сөздөр айтылууда.

Артка кылчайсак, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктан кийин модернизация учүн алынган 386 млн доллардын чыры чыгып, бир катар чиновниктер камалгандан кийин ТВЕА компаниясы 2 млн. доллар гранттык акчага мектеп салып берүүгө убада бергени билинген. Ал акчага Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча куруу жагы чечйлип, кийин ал 750 орунга, андан соң 660 орунга кыскарганы аныкталган. УКМК ушул иштен кылмыштын изин таап, чоң суммалар сол чөнтөккө солнуп кеткенин тактап чыгып, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) иш козгогон.

УКМКнын өкүлу Рахат Сулайманов: «Кулматов 2014-жылы Бишкек мэри болуп турганда ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кытайлын ТВЕА компаниясы тарабынан аймактарга аны эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттарды өкмөттүн карамыгынан мэриянын карамагына Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп куруу өтө орчундуу деген жүйө менен чыгарып кетип, мыйзамсыз колдонгон. Андан тышкары «Альто Групп» ишканасынын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, сынагы жок эле кытайлык компаниядан 1 млн доллар өлчөмүндөгү каражатты ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан тышкары мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом ашыкча бөлүнүп берилген»-деп түшүндүрмө берген. Бул маалыматта жемкорлуктун белгилери турат, маселен сынагы жок 1 млн доллардын ыйгарылышы жөн жерден болгон эмес. Ошондой эле ТВЕА берген каражаттан сырткары, бюджеттен 100 млн сом которулганы чоң суроону жаратат. Анткени, 100 млнсом 1 млн. 449 миң доллар болот.

Мына ушул Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна ТВЕА компаниясы берген акчаны мыйзамсыз коротууга К.Кулматовдун тиешеси оолгондугун УКМК аныктаган соң, 2018-жылы 5-июнда камакка алган. Коомчулук муну туура чечим катары кабыл алып, корруппияга каршы жасалган күрөштүн көзгө көрүнө турган кадамы сыңары түшүнгөн. Анткени, УКМК тарабынан ынанымдуу далилдер так айтылып турду. Маселен, буга чейин оозунан сөз чыкпаган Данияр Аттокуров деген аты-жыты белгисиз депутат парламентте кыйкырып, Кулматов жүйөсүз камалганын, Калыс -Ордодо балдар окуп жатканын айтып чыккан. Ага УКМК жообун узатып, Кулматов 2014-жылы Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепти куруучу компанияны сынаксыз тандап алгандыгын айтып, мектептин курулушун аякташ үчүн ал шаардык бюджеттен үчүнчү курулуш компаниясына 100 миллион сом бөлгөнүн билдирген. Натыйжада Калыс-Ордодогу 660 орундуу мектеп эбегейсиз чоң суммага – 266 миллион сомго курулган. УКМК салыштыруу иретинде факты келтирип, Ак-Ордо конушундагы 1000 орундук мектеп ошондой эле инфраструктурасы менен 245 миллион сомго курулганын, ал эми Аламүдүн районундагы 750 окуучуга ылайык мектеп 154 миллион сомго курулганын баса белгилеп берген.

Тергөөнүн жыйынтыгында Кулматовдун жетекчилиги алдында мектептин курулушу мамлекеттик сатып алуу жана курулуш боюнча мыйзамдарды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү, курулуштун долбоорлоо-сметалык, уруксат берүүчү жана башка тиешелүү документтери болгон эместиги, жалдануучу компания коррупциялык схема менен тендерсиз тандалганы, акча каражаты компанияларга мыйзамсыз которулганы, жалданма компаниянын акчанын сарпталышы тууралуу отчетунда эреже бузулган учурлар болгону, айрым учурда отчет такыр болгон эместиги такталганын УКМКнын басма сөз борборунун өкүлү Асел Адылбек кызы айтып берген. Көзгө көрүнүп тургандай, фактылардын баары анык эле. Тилекке каршы, сот Теңирден тескери кетти. Мамлекеттик айыптоочулар А.Ибраимовду 20, К.Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган. Бирок, сот Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып салуу менен абактан бошотту.

Экс-мэрлердин иштерине байланыштуу Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макенов, «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Аскат Түлөбердиев, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиев, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеев жана башка ондон ашуун адамга айып тагылган эле, сот аларга да айып пул салымыш этип, сот залынан бошотту. Эгер минтип бүтө турган иш болсо, анда укук коргоо, тергөө жана сот органдары эки жылга чукул аларды камап, «коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат» деген жалган шоу менен элди алдабай, башында эле мынчадан акча төлөйсүңөр деп кетирип жибербейби? Кулматовдор тергелип, сотто иликтенген эки жылга чукул мезгилдин аралыгында бийликке эмне деген жаман сөздөрдү жабыштырган жок. Экс-президент А.Атамбаев эмне деген жалааларды жапты. К.Кулматов менен А.Ибраимов акыркы сөзүн сүйлөгөн маалда дагы тил тийгизип, кылмыш иштерди куру доомат деп мүнөздөгөнүн көрбөдүкпү. Ошол уу-дуунун аягы ушинтип бүтөрүн коомчулук күткөн эмес. Эгер жемкорлукка каршы күрөш ушундай жүрсө, анын барынан жогу жакшы.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Суу ташыгычтын уулу кантип Афганистандын королуна айланган?

Чыгыш өлкөлөрүндө, айрыкча мусулман мамлекеттеринде бийлик атадан балага калат деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок, бул бардык эле учурда мындай боло бербесин тарыхтагы айрым фактылар жокко чыгарып тургансыйт. Кээде ата-теги өтө жупуну, жана да эч кандай бийликке жакындыгы, тиешеси жоктор деле бүтүндөй мамлекетти башкарып калган учурлар арбын. Демек, биз Иракта деле америкалыктар төңкөрүш жасаганга чейин бул өлкөнү жери жок дыйкандын уулу Саддам Хусейн башкарып келгенин эстен чыгарбашыбыз керек. Анын атасы ал төрөлөрдөн мурда эле үй-бүлөсүн таштап, белгисиз жакка качып кеткен.

Ливиялык диктатор Муаммар Каддафи карапайым көчмөндүн үй-бүлөсүндө туулган, мечитте жашап жүрүп, мектептен башталгыч билимди алган.

Сириянын президенти Башар Асад жарандык согушта туруктуулук менен жеңишке жетип гана тим болбой, өз кесибинин — көз доктуру — врач-офтальмолог катары да белгилүү болгон.

Анын тукумунда эч кандай юристтер, эмирлер, ири ишкерлер жана да партия же кландардын лидерлери болгон эмес — баары тең карапайым жумушчулар, дыйкандар болушкан. Туура, атасы Асад гана «такка» олтуруп калган. Бирок, ал өзү деле, уулу деле карьераларын абдан жупуну тепкичтерден башташкан.

Исламдык дүйнөнүн эң эле чет жакасы катары каралган, жарым жапайы өлкө катары да саналган Афганистанда деле тарых адамдарды таң калтырган учурлар орун алган. 1929-жылы Хабибулла Калакани деген бирөө абдан ийгиликтүү жасалган төңкөрүштүн натыйжасында мурунку монархты бийликтен кулатып, өзүн королмун деп жарыялап, такта 10 айдан ашуун убакытка чейин олтурган.

Баарынан кызыгы, бул жаш жигиттин кличкасы «Бачаи-и сакао» – же “Суу ташыгычтын баласы” бойдон калган.

Бул профессия чыгышта абдан эле чоң талаптарга ээ болгондуктан, элдер андан көп пайдаланышкан, бирок анын ээси көп деле урматтоого ээ болчу эмес. Афганистанда азырга чейин борборлоштурулган суу түтүктөрү орнотула элек. Ал эми бул окуя али Араб халифаты доорунда болгондугун эске алсак эле, баары түшүнүктүү болуп калат. Анын үстүнө, ал кезде бул кесипти кара күчкө ээ, олбурлуу кишилер гана аткара алыша турган. Алар сууну да бардык эле каалоочуларга сата беришчү эмес.

Албетте, ушундай адамдын уулунун афган коомчулугунда эң жогорку бийликке жетиши чектен тыш окуядай кабылданган. Жаш жигит Хабибулла эч кандай билими жок болуп, багбандык менен күн өткөрүп, ошондон түшкөн каражаттарына жашай турган. Кийин ал армия катарына чакырылган. Ал жактан дезертирлик кылып, жөн гана кетпей, колуна өзүнө тийген карамылтыгын да кошо ала кеткен болчу.

Ал карапайым адамдын жашоосу өзүнө ылайык келбесин түшүнүп, бандиттерге кошулат. Бириккен шайкасы менен куралсыз кыштактарды карактай башташат. Афган бийликтеринен корккондуктан улам, дагы бир аз убакыттан кийин Пешаварга качат. Бул аймак ал кезде британиялыктрдын кол астында болчу.

Пешаварда Хабибулла чай сатып, майда ууру-кескилик менен шугулданып жүрөт. Акыры түрмөгө камалган соң, эми кайра үйгө кайтуу керек деп чечет.

Афганистанда бул кезде король Амануллахан өлкөнү эптеп модернизациялоо үчүн аракет кылып, жандалбастап айласын таппай турган. Анын душмандары көбөйүп, афгандыктарды европалыктарча кийингиле деп, жаман көрүнүп жүргөн чагы эле. Көтөрүлүш башталат, бирок козголоңчулар менен тил табыша алат. Иши эми гана оңоло баштаганда улуту тажик Хабибулла өзүнүн тажик жердештери менен жана да айрым аны колдошкон афган уруулары менен бирге Кабулга карай аттанат.

Шаарды басып алышат. Бачаи-и сакао башына таажы кийет. Туура, дагы туура 10 айдан кийин аны бийликтен кулатышып, атып салышат.

Ал тууралуу айрым тажиктер жана да диний ишмерлер урмат менен эскеришет. Аны Кудай жолунда жүргөн адам болчу дешет. Ал модернизацияга жана Амануллаханга каршы күрөшкөн болчу деп актоого аракет кылып келишет. Арийне, анын мурунку криминалдык тарыхын эске ала турган болсок, ал кийинки иштерин деле жөн эле жасабаса керек. Кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо керек.

Хабибулла Калакани ар кандай шарттарга, кырдаалдарга тез ыңгайлаша алган жана да ошондон өзүнө пайда табууга ыктуу, шылуун адам болгон. Дал ошон үчүн ал көптөгөн жаман иштерге баруудан да эч кайра тартпай турган. Дал ошонун бийлиги тушунда батышчылдардын жана эскиче жашоону улантууну каалагандардын ортосундагы эч бүтпөс согуш башталган.

Булак: “Жаңы Ордо”

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: "Канада, Түркия, Россиядагы (Тывада) алтын кендерде биздин мамлекеттин үлүшү бар, өкмөт муну жашырып келет"

– Кубанычбек Сатиндиевич, сиз “Кумтөр” менен көп жыл бою кармашып келдиңиз. Азыр “Кумтөрдөгү” абал жакшы эмес экенин – эки кыргыз жаранын көчкү басып, дагы деле дайыны чыкпай жатканы далилдеди. Кенде буга чейин да жарандарды көчкү басып калган учур болгонбу? Болсо окуя эмне менен бүткөн?

– Буга чейин кыргыз журтчулугу билбеген 2-3 жабык терезени ачып берейин. Кайсыл гана жерде болбосун техникалык регламент деген болот. Мында техникалык коопсуздук каралат. Акаевдин учурунда “Кумтөрдүн” техникалык регламенти Кыргызстандын шартында бекитилбей, Канаданын Саскачеван деген провинциясынын коопсуздугу менен бекитилген. Канада кайсыл жакта дагы Кыргызстан кайда? Кыргызстандын климаты табияты башкача да. Фабрика курулган күндөн баштап коррупция өнүккөн. Кыргыздын эки жараны жок болуп жатканы өтө кейиштүү болуп жатат. 10 жылдан ашып калды, борбордук карьердин түндүк жак бети кулап кетип, кыргыздын жаранын басып калган. Аны эч ким издеген да, чыгарган да жок. Кыргыз байкуштарды алдап, анча-мынча тыйын берип коёт да, ошо менен иш бүтөт. Бир тобу мал союлуп, куран окутулуу менен эле бүтүп, компенсация маселелери ошол бойдон калып калууда. Чет мамлекетте ушундай жерде 66 киши каза болгон болсо, бул компанияны жок эле дегенде тизелетип коймок же банкротко алып келмек. Акыркы 10 жылдан бери бийлик ушул маселеге көңүл бөлбөй койду. Бул Өкмөттүн түздөн-түз иши. Эмне үчүн Өкмөт “Кыргызалтындын” ордуна өндүрүш ишканасын ачпайт? Канча киши жумуш орду менен камсыз болот эле. Ар бир райондордо тоо кендерибиз бар. Кеп бир эле алтында эмес. Көмүрдү Жолдошбаевдер казбай, мамлекет өзү казса болбойбу? Ошондо экологияга дагы мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулмак. Чет өлкөлүктөр чөнтөгүн толтурат да баса беришет. Биз уулуу калдыктар менен калып, табиятыбыз талкаланган бойдон калып жатканыбыз жалганбы! Эмне үчүн ушул күнгө чейин “Кумтөрдөн” баштап башка жерлерде жардыруу ыкмасын колдонуп жатышат? Ушундан миңдеген жылдар бою эч нерсе болбой турган аска-зоолорубузда жарака кетип жатат. Мөңгүлөрүбүз талкаланып, ээрип жок болууда. Атамбаев башында турган бийлик “Кумтөргө” мөңгүлөрдү талкалоого бекер уруксат берди. Кыргыз байкуш 5 сотых жерин сугарса акча төлөйт. Канадалыктар ай сайын миллиондогон куб сууну колдонот да, бир тыйын төлөбөйт. Бул эмне деген жоопкерсиздик? Тик учак кулап, ичиндеги адамдар өлгөндө гана “Кумтөр” боюнча бир эле иш козголгон. Аны да жаап-жашырышып жок кылышкан. Ар бир ишканада киши өлгөн болсо, эмне болуп өлдү деп тергейт. Жетекчиси баш болуп баары түшүнүк жазышат. Ит өлүп калса деле ээси эмне болуп өлдү деп карайт да. Биз мал эмеспиз го. Бюджет толбой калат деп эле баарына макул боло беребизби?! Бир топ саясатчылар “Кумтөрдү” айтып келген. Бирок иш жүзүндө эмне иш кылышты? Кыргыз эли алтынсыз эле оокат кылган. Элибиздин келечеги, саламаттыгы, экологиясы алтындан кымбат.

– 16 миң 333 га жерди дагы Өкмөт канадалыктарга бербеди беле. Ал жерде коруктун жери бар экени билгилүү болгон. Бул процесстин жүрүшү кандай болгон?

– Бул боюнча так маалымат бар. 2010-жылы декабрь айында ооруканада жатсам, “2010-жылы март айында жабык эшик артында Данияр Үсөнов өкмөттүн чогулушун өткөрбөй туруп, 16 миң 333 га жерди токтомго кол коюп канадалыктарга берип салыптыр” деген маалымат келип түштү. Ал жерде кызыл китепке кирген жерлер дагы бар. 2011-жылы Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда ушул маселе боюнча кат жаздым. 3-4 ай күттүм, жооп берген жок. Башкы почтамтка барып, буйрутма менен дагы кат жөнөттүм. Ага да жооп бербей койду. Премьер-министрден жооп ала албагандан кийин айласыздан сотко бердим. Анда Атамбаев президент болуп, Бабанов өкмөт башчы болуп келип калды. Бабановдун өкмөтүнүн юридикалык бөлүмү, “Кумтөр” мага каршы болуп турду. Эч нерсе өзгөрбөптүр, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошсо башкача болмок деп ойлоп койгом. Карагулова деген судья ишти караган. Ага “Айланайын карындаш, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору кой. Өзүңүз дагы жакында көз жарат экенсиз, коркпоңуз. Декретке кетип каласыз…” деп кайрылгам. Соттун 3 отурумунда маселе биздин пайдага чечилди. Бирок, Өкмөт тескери болуп жатты. Айла кеткенде парламенттин 40ка жакын депутатына материалдарды тараттым. Мени Жогорку Кеңешке киргиздирбей, жыйынга катыштырбаганга аракет кылышты. Курмантай Абдиев, Мыктыбек Абдылдаев баштаган бир топ депутаттар “Исабековго сөз бергиле” деп турушту. Депутаттар кысмакка ала баштаганда, Бабанов айласы жок Данияр Үсөнов кол койгон токтомду жокко чыгарды. Бирок, канадалыктар ал жерге жол салып, казып, табигатты бүлдүрүп жиберген. Жер Кодексинде, Салык Кодексинде көрсөтүлгөн бир да тыйынды төлөбөй кетишти. Мындан сырткары салык, бажы төлөмдөрүнөн бошотулган борбордук аянт 9 миң 70 га жерге бөлүнгөн нерсени ары жакка алып барып бир тыйынын төлөбөй колдонуп жиберишти. Жөнөкөй ишкер бажыда ката кетирип койсо аны камап жатат. Канадалыктар миллиондогон долларлык мыйзам бузса дагы иш козголбойт?

– 16 миңден ашык га жер кайрадан берилбедиби…

– Азыркы Өкмөт, азыркы Жогорку Кеңеш карады дагы кайра беришпедиби. Мурунку бийликтин туура эмес ишин кайра жок кылса, кайрадан ошону туура деп чыгышпадыбы. Андай болсо мурункуларды сындап эмне кылат? “Кумтөрдөгү” алтындын кору 1987-жылы аныкталып, 1989-жылы бекитилген. Ал жерди аныктаган геологдордун көзү тирүү. Өкмөт ошол кишилердин пикирин угуп койбой эле, эмне үчүн бир гана тигил жактын кызыкчылыгын колдойт? Экономика, чарба иши, жер байлыктарын Өкмөт чечет. Жешсе, ичсе, коррупцияга малынса дагы өкмөттүн башчылары, анын үстүнөн караган президент малынат. “Кумтөр” 120 депутаттын ар бирине келип акча берип атыптырбы? Жок. 120 депутат желдет катары макулдугун гана берет.

– Жогорку Кеңеш “Кумтөрдөгү” мөңгүлөрдүн талкаланышына макулдугун бербеди беле. Ошол окуя эки кыргыз жарандын дайынсыз болуп жатканына кесепети тийди деп ойлосок болобу?

– Сөзсүз түрдө. “Кумтөр-1”, “Кумтөр-2” деген долбоор бар. Биз 2009-жылы алтын чырын изилдеп Монголия, АКШга чейин барганбыз. Парламенттеги ар бир фракцияга кат жазып, бирден депутат бөлүнгөн. Коммунисттерден Бүмайрам Мамасеитова, КСДПдан Роза Отунбаева, Ак жолдон Сергей Ибрагимов, өкмөттүн, ТИМдин кишилери кошулган. Ошондо эле биз барган кендерде жардыруу ыкмасы колдонулбай турганын көргөнбүз. Бизде жардыруу дагы деле колдонулуп, чаң, кумдун баары асманга учуп, алар мөңгүнүн үстүнө түшүп, химикаттардын таасиринин кесепетинен мөңгү ээрип атат да. “Центерра” ээлик кылган АКШдагы “Рен” кенине барганыбызда 730 метр жер астына кирип көрүп чыкканбыз. Роза Отунбаева коркпой кирген. Изилдеп барганыбызда бизди киргизбей, жолотпой жүдөтүшкөн. “Рен” кенинин жанында канадалык дагы бир “Баррик голд” деген компания алтын казат экен. Алардын казганы биздин үлүшүбүз бар жерге келип калыптыр. Бул компания биздин кенге келип калыптыр, кандайча?-деп чыр салгам. ТЭОсун бербей коюшканда, БУУга чейин баргам. 5 миң долларды өзүмдүн чөнтөгүмдөн төлөп, башка жолдор менен ТЭОну алып, АКШда 70 доллар менен калып кеткем. Биздин элчинин үйүнө жатып, тамак ичип, ошолордон карыз алып, бул жакка учуп келгем. “Рен” кени сатылып кетти, кана биздин үлүшүбүз? “Бороо” кенинен 42 тонна алтын казылып алынды, Кыргызстанга 42 тыйын да түшпөгөн. Монголиядагы “Центерра” ээлик кылган “Гацуурт” кени бүгүн да иштебей турат. Монголиянын өкмөтү акылдуу экен, салык менен эле 100 млн доллардан ашык акча алып койду. Бизде Акаев учурунда түзүлгөн, түшкөн пайдадан деген келишим боюнча 10 млн гана доллар алынган. Азыр “Кумтөрдүн” жарымынан көбү жок. Эл алтынды канадалыктар ташып кетип жатат деп ойлоп жатат. Андай эмес. Алтынды “Кыргызалтын” сатат. Бүгүн “Кыргызалтын” жөн гана брокер, ортомчу. Бул ишкананын президентинин айлыгы президент Сооронбай Жээнбековдукунан кыйла жогору. “Кыргызалтын” сатылган алтын, күмүштүн пайызын алып олтурат. Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин учурунда алтын бир гана орустардын “Номос” банкы аркылуу сатылган. Эмне үчүн Кыргызстандын банкы аркылуу сатылбайт?

– Эл билбеген көшөгөлөрду ачып берейин деп сөз башында айттыңыз эле. Калың калайык билбеген кандай көшөгөлөрдү айтайын дедиңиз?

– Кыргызстандын тийешеси, үлүшү болгон кендер башка мамлекеттерде дагы бар.

– Кайсыл мамлекеттерде?

– Канада, Түркия, Россиядагы (Тывада) алтын кендерде биздин мамлекеттин үлүшү бар. Муну эмне үчүн өз элинен жашырышат түшүнбөйм. Бул кендер “Кумтөрдүн” эсебинен алынган. “Центерра” бүгүн 100 пайыз “Кумтөрдүн” эсебинен жашап жатат. Себеби, “Баррик голд” жок, “Гацуурт” иштебейт, “Ренди” шилтеп салышкан. Бүгункү күндө 700 млн доллардан ашык каражат “Центерранын” банктагы эсебинде турат. Кыргыз бийлиги мүлжүгөн сөөктөй болгон анча-мынча тыйын берип койсо, ошого ыраазы болуп олтурат. Алтын кыргыз жеринде турат, биринчи кезекте кыргыз мыйзамы менен жооп бериши керек.

– Сиз айткан 3 кен иштеп жаткандарбы?

– Россия, Түркиядагы кендер өздөштүрүлгөн, Канададагы болсо алтын кору жакшы кен, алтын чыкканы турат. Бул кенде мынча алтындын кору бар, азыр мынча адам иштеп жатат, келечеги мындай, Кыргызстандын ала турган үлүшү ушунча болот деп бирөө айткан жок. “Центеррада” вице-президент кыргыз жараны. Атамбаев убагында вице-президент кыргыздан болсун дегенге кол койгон. Директорлор кеңешинде дагы Кыргызстандын 2 мүчөсү бар. Алар 20 миң доллардан айлык алышат. Булар дагы эч качан жооп беришпейт. Кыргыздын пайдасы үчүн маселе көтөрүшпөйт. Биздин талапты талаша турган, ишти билген адамдарды ошол жерге эмне үчүн алып барбайт? Мен күмүш кайда кетет деп издедим. 2009-жылдын 1-январына чейин 62 тонна күмүштү “Кыргызалтын” сатыптыр. 62 тыйын да бюджетке түшкөн эмес. Бул кыргыз өкмөтүнүн алсыздыгыбы же аралашканыбы түшүнүш кыйын. ӨКМ жоголгон эки жигитти издеп жатат. Эмне үчүн ӨКМ издейт да тигилер издебейт? Чыгымды ким төлөйт? Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин иш козголуп, ‘Кумтөрдүн” жетекчилигинин бир тергөөчү суракка чакырып койгон жок? Тоок жоголсо деле издейбиз го. Башкы прокуратура деле “Иш козгогула, жок дегенде экөөсүн камагыла!” деп тапшырма бербейби. Киши жоголуп, экология бузулуп жатса баардык эле эл аралык сот бизди колдойт. Канадада 1 кв метр жерди эч ким бекер бербейт. Биз болсо он миңдеген жерлерди берип жатабыз. Мен Монголиядагы “Бороо” кенине барып изилдегем. Аларда биздикиндей мөңгүлөрү жок. Монголдордун кыйындыгын караңыз, тоосун кайра тоо кылып, жолдорун оңдоп койду. Биздеги уулуу зат чогулган жердеги суу Ысык-Көлгө келип кошулат деп ойлойт. Жок, биринчи эле Нарын дарыясына кошулат. Мен күч менен басып алууга каршымын. Себеби, тополоң чыгып, кимдир бирөө уулуу калдыктар сакталган жайды ачып жиберсе, Нарын дарыясы менен Кыргызстанды кыдырып, Казакстанга чейин жетип, эл аралык жаңжалга алып келет. Кудай анын бетин нары кылсын. Макул, мурунку бийлик жаман экен. 10 жылдан бери эмне үчүн рекультивациялык фондду Кыргызстанга алып келип койбойт. Азыр да Англияда турат. Канадалыктар басып кете берсе, биз аңгек-дөңгөк менен калабызбы.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Албек Ибраимовдун мамлекетке кайтарылган мүлктөрү

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго 2018-жылы «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлүп, кылмыш иштери козголгон. Бир жылдан ашык териштирүүдөн кийин, 23-декабрда Ленин райондук соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду Жазык кодексинин 303-беренеси («Коррупция»), 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу»), 166-беренеси («Алдамчылык»), 320-беренеси («Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди жасоо»), 205-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты. Тергөө маалында экс-ажо Атамбаевдин чачпагын көтөрүп жүрүп А.Ибраимов кокосуна чейин байыганы маалым болгон. Соттун чечими менен Албек Ибраимов жана жубайы Айнура Ибраимовага катталган 147 жер тилкеси, беш дачасы жана башка мүлктөрү бүт бойдон мамлекетке конфискацияланды.

Албек Ибраимовдун сот мамлекеттик эсебине конфискация кылган мүлкүнүн жана  147 жер тилкесинин тизмеси:

— 2014-жылкы, В2511 АW номурлуу «Тойота-Рав4» унаасы, 11.2014-ж. катталган.

— «Мурас» дыйкан чарбасы, Арашан айылы, 28.11.2013-ж. катталган.

Арашан айылындагы 5 дача үйү:

— Дача, Арашан айылы, «Ала-Тоо» ЖК, уч.74/1,19.08.2014-ж. катталган.

— Дача, Арашан айылы, «Ала-Тоо» ЖК, уч.74/1,14.07.2014-ж. катталган.

— Дача, Арашан айылы, «Ала-Тоо» ЖК, уч.74/1,13.06.2014-ж. катталган..

— Дача, Арашан айылы, «Ала-Тоо» ЖК, уч.74/1,13.06.2014-ж.катталган.

— Дача, Арашан айылы, «Ала-Тоо» ЖК, уч.74/1,08.05.2013-ж.катталган.

— 2014-жылы, В2511АМ номурлуу «Тойота-Рав4» автоунаасы;

Арашан айылындагы 147 жер тилкеси:

— Жер тилке, Арашан айылы, №226,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №184,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №166,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №187,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №173,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №226,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №168,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №144,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №166,144,166,168,172,173,184, 187,226,228,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №228,22.02.2016-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №87,14.07.2015-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,14.07.2015-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,14.07.2015-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,31.12.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,19.08.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,19.08.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №169,19.08.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №171,30.04.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №162,30.04.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №169,30.04.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №155,30.04.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №11,30.04.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111, 07.02.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №169,07.02.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,07.02.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,07.02.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,07.02.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,07.02.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,07.02.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,24.01.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,24.01.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №169,24.01.2014-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,08.05.2013-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,08.05.2013-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,08.05.2013-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,31.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №140,31.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,31.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №28,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №1042,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №160,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №161,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,29.11.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №161,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №160,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №158,29.12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №129,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. каггалган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.201?-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жертилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №169,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталгаң.

—- Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,12.2012-ж. катталГан.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,12.2012-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,01.2010-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,01.2010-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №169,01,2010-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №1070,02.2008-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №21,02.2008-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,02.2008-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №852,02.2008-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №111,02.2008-ж. катталган.

— Жер тилке, Арашан айылы, №150,02.2008-ж. катталган.

Булак: “Де-факто”

Дүйшөн Керимов: "Президент Жээнбеков Сооронбай, "сормо саз" үстүндө бараткандай..."

-Дүйшөн аке, кетип бараткан жыл жөнүндө сөз кылсак, жеке өзүңүз 12 айды кандай өткөрдүңүз жана кандай ой-пикирде жыйынтыктап турасыз?

– Ушул куракка чейин көрүп, угуп, окуп, аңдап-тааныган акыл ой булактарына таянуу менен баам салсаң ден-соолуктуу тирүүлүктүн ар бир аткан таңы, баткан күнү, көз ирмеми маанилүү, маңыздуу, кымбат, кыйбас кадырлуу майрам го деген мазмун, сюжет, образ калкып чыгат. Ал эми бүтүндөй бир жылды кино тасмасындай кайрадан көз алдыдан өткөрсөк, албетте эскерүүлөр аз эмес. Маселен, жыл башы – январь, февраль айлары анча аяздуу болбой мээримдүү өттү. Өнөр адамы катары бул жылды, өзгөчө бирдеме жазсам деген дымакта баштаганым да эсте.

– Кайсы убакта жазасыз? Дегеле жашоо эрежеңиз барбы?

– Ооба, оголе такыбалыкка жетпесең да жаш курак, жашоо тажрыйбаң ошого карай жетелейт экен. Маселен, эреже тууралуу жалпылаштыра айтканда таңкы бештерде ойгоном, чоң кесе жылуу суу ичем, багымдат окуйм, столго олтурам… Анан күн чыгаар алдында ээнге жөнөп, эки сааттай жүрүп келем.

– Багымдат демекчи, азыр коомдо “Кыргызстан светтик мамлекет, динди саясатка аралаштыруунун кереги жок” деген да талаш-тартыш күч…

– Ошол “күч” ким? Кыргызым го… Эсеби маселен, “Светский” жашоонун атаман өлкөсү Американын же өзүбүз үлгү алып, таасиринде чоңойгон Россиянын президенттери чиркөө – храмга барып сыйынса ким айгайлап атат? А аз кыргыздын бүгүнкү каза болгондорунун 99,9 пайызы ак кепинделип, жаназа окулуп, жерге берилерин көрүп туруп, “светский” деп мөңкүгөндөр жашоону жаркытып жибербейт. Тек, бул адат атеисттик СССРден калган, бая биз дамамат айтып жүргөн орден, медаль тагып, түрдүү наам берип алдамай, бийлик ариясын ырдатмай, аял-эркек укугу, эми ага Батыштын балдардын укугу дегенин кошуп алып, “сокур” желпинмей же дээрлик баарыбыз азабын тарткан аракечтик жана ысырапчыл тойломой сыяктуу ит адат, башаламан – бардак адат ааламдын көз жашындай, тумар мончогундай Ала-Тоону атамзамандан мекендеп келген азганактай ак калпак элди дегеле жакында жакшылыкка алып барбайт го деп кейийим, иним.

— Ошентип, кыш мезгили мээримдүү өтүп, жаркыган жаз келди деңизчи…

– Ооба, март айынын башталышы менен Сауд Арабиясында өткөрүлгөн “Көчмөндөр ааламы” этно фестивалына барып келгинибизди ушул “Жаңы Ордого” жарыялагам. Мынча болду ошол баянда “аттап” өткөн бир окуяны эскере кетпесек болбос. Баш-аягы 20 күнгө созулган фестиваль борбор калаа Эр-Рияддан 180 чакырымча этно шаарчада өтүп, кетээрге жуук ал жерден миң чакырым аралыктагы айтылуу Мекке, Мединага алып барышты. Узун сөздүн кыскасы, элибиздин көчмөндөр оюндарын изилдеп “Айкөл Манас оюндары” деген аталышта китеп жазып жүргөн, туура 63 жаш куракка келген мен үчүн бул зор окуя, жышанаалуу салтанат болду десем куп жарашар, атаңдынгөрү дүнүйө… Икром кездемеге оронуп, Кабаанын кара ташын жети айланып, зам-зам суу чыккан жерди жети жолу желип өтүп, ыйык жерде эки рекет намаз окуп, чачты “лысый” кырдырып, мейманканага чаалыгып жеткен кечте Кабыл палван үкөмдү “Жүрү!” деп, жанжолдош кылып алып, асман тиреген ар түркүн имараттарды аралай, Кабаанын короосуна кайрадан жөнөдүк. Жолдо баратсак, калааны дүңгүрөткөн азан үнү жаңырып, ашкана, дүкөн, кеңсе дебей “шаракка-шурак” жабылып, көпчүлүк түгөл көчөгө эле шам намазга казкатар тизилип калды. Кабыл экөөбүз да баштарына чалма оронгон индустарга бирге туруп намаз окуй баштадык. Ошол карарган жыпжылуу асфальтка сажда кылып, кыямга тик турган учурда, жаныма кайран көчмөн доордун акыркы нускасындай болгон чоң тебетей, намазкөй, батакөй да чоң атам “Сарыбайым…” деп, келгендей болду… Шүгүр, өмүрүмдү жаркыткан көз жашка аралаш андагы ажайып сезим, а балким андан соң кайталанбаса да эс-акыл барында өзүмө түбөлүк эш болор касиетке айланып, жүрөктүн түпкүрүнөн орногону анык. Ал эми калганы өзүңө дайын баатыр, сен да, мен да Орозо кармадык, Кубат аке жазгандай “ошентип алданемедей жай да өттү…” Эки, үч жылдап жазып келген “Наал эже”, “Эрөөл талаа”, “Кыргын-Сай”, “Моңолдордун Жакыпбек”, “Кайран энең Каныкей жана Нагима апай”, “Жол башчы” ж. б. чыгарма болумуштарым, бир далай ойтолгоо, макала сериялары жарык көрдү. Күз да берекелүү болду. Ошол Аравия чөлүн же береги Казакстандын суусуз кең талаасын көргөндөн кийин жазып, айтып жүргөнүмдөй кагылайын ак мөңгү Ала-Тоо жергебиздин чөбүн жеп, суусун ичсек да ачкачылыктан өлүп кетпейбиз го…

— Кут болсун дейли, а эмне үчүн Дүйшөн аке, анда өзүңүз баштап биздеги жашоо көйгөйүнүн көптүгүн азыр эле өзүңүз айткандай кайра-кайра козгоп жатабыз же көнүмүш адатпы?

— Баардыгы мына ошондой салыштыруудан башталат, айтылат, аныкталат, атаандаштык пайда болот. Атаңдынгөрү дүнүйө, мына ошол алыстан олигарх араб шейхтери келип, көздөрүнө жаш ала суктанган жерибиз жаннаттай сонун болгону менен эл башкарган заманбап лидерден өксүктүгүн, элибиздин нарк, насил, намыс, биримдик, билимден өксүктүгүн кайда катабыз? Эзелкисин айтпаганда да кечээки калмак-ойроттун баскынында, Кокон хандыгынын кордугунда, Абылай хан менен Кенесары хандын чапкынында, Ак падышалык орустун 16-жылдагы алааматында аман калган элди Акаев баштаган алысты көралбас президенттердин айынан Кытайдын коогалуу карызына батып, каруу-күчкө толуп турган төрт кыргыз болсо, биринин бейиштей жеринен тентип кетип, бөтөн жерде айрым ит көрбөгөн кордукту көрүп жатканы чыкыйында ойлонорго жөндөмдүү урпактын анык трагедиясы го…

– Президенттин кечээги маалымат жыйынына, дегеле эки жылдан ашып бараткан ишмердигине кандай баа бересиз?

– Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде дал ушул “Жаңы Ордого” ал кишинин тек-жайы тууралуу “Алымбек даткадан кийин адыгине урпактарына оомат эми келди” деп жазганым эсте. Не дейбиз? Акыйкатта Атамбаев “жетелеп” келсе да, аяздуу күнү ТЭЦ жарылып, улуу Жараткандын жазмышы менен Жээнбековдун алдында эки айрылыш жол туруп калды. Биринчиси, аталык болгусу келген Атамбаевге карай, экинчиси акыйкат жолу. Бул боюнча кечээги жолугушууда президент өзү да жетишерлик айтты. Бир сөз менен айтканда, мен деле “Президент Жээнбеков Сооронбай, “сормо” саз үстүндө келаткандай…” деп ырдап ийгим келип турат. Карачы баатыр, эгемендик делген береги чейрек кылымга жетпеген аралыктагы президенттерибиз, Роза эжекебизди Кудай сактасын деп жүрдүк эле, түгөлү менен терс образга айланып кеткен факт-окуя мурда-кийинки тарыхта кайсыл эл, жер, мамлекетте болду экен? Бул жагынан камап атса, ал жагынан уурдап “өлүп” атат. “Качып кетти”, “Издөөдө”, “Баш коргоо чарасы өзгөртүлдү”, “Үй камагына чыгарылды”, “Жаңы жагдай ачылды”, “Тергөө менен кызматташып жатат” ж.б.у.с. жаңы сөз, термин, аныктама жайнап чыкты. Өткөндө депутат бирөө эгемендик жылдарында 3500дөн ашык мыйзам жана ошол сыяктуу АКТылар кабыл алынганын айтып жатат. Дагы да мыйзамдар жетишсиз экен. Ансыз да куругун Өкмөт мүчөлөрүн иштетпей ар күнү депутаттар маңдайына тизип алып, экзамен алып олтурат го.

Ушундан улам кытай акылманы Лао Цынын 2500 жыл илгери “Мыйзам жана буйруктар көбөйгөн сайын ууру-кескилер да көбөйө берет” дегени аргасыз эске түшөт.

– Президент көпчүлүк суроолорго “Парламент же соттор чечиши керек. Мен кийлигише албайм” дегендей жооп кайтарганы сиздин купулга толдубу?

– Мен президенттин акыйкат жолун тандаганын, ата уулу экенин жана сабырдуулугун сыйлайм, үмүт этем. Бирок, мындан бир жарым кылым мурда Калыгул олуя бабабыздын айткан дегендери азыркы турмушубузда толук далилденгенин эскертким келет. “Кум чогулуп таш болбойт, кул чогулуп баш болбойт” дегени дал бизге, бүгүнкү күнгө айтылып жаткан жокпу? “Ажыдаар” мамлекеттердин азуусунда калып, ааламдашуунун чамындысына айланбаш үчүн бизге – Кудайдын кулу, алакандай Кыргызстан өлкөсүнүн өзөктүү эли аз кыргызга бир баш, жол керектигин, айрыкча зарыл экендигин береги ат жалындагы учкул заман өзү далилдеп, күн сайын көзгө сая көрсөтүп турат го…

– Дүйшөн аке, сөзүбүздү кайрып, Жаңы жыл босогосунда эл-жериңизге каалоо-тилегиңизди да айтыңыз?

– Эмесе, Оо Улуу Жараткан, эл-жерибизге тынччылык берип, бөөдө-алаамат, коогаландан сактайгөр! Элге бер, эл ичинде бизге да бер, ден-соолук, амандык, ыйман ырооло! Байыркы бабаларыбыз айткандай ажобузга айкөлдүк, калыстык, ынсап-ыймап, намыс бер! Урпактарыбызга кең келечек, бак-таалай тилейбиз! Оомийин!

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Атамбаев-Бельянинов 200 миллион долларды кайда каткан?

“Азаттыктын” кыргыз бажысындагы окуялар боюнча иликтөөсү бир гана адамга, тагыраагы бажы кызматынын төрага орун басары болуп иштеген Райымбек Матраимовго арналып, аны 2010-жылдан кийин Кыргызстандагы эң таасирдүү адам катары көрсөтүүгө аракет жасашты. Ал “иликтөө” шек жаратканы, келтирилген фактылар чындыкка төп келерин же жасалма болгонун соттук териштирүүдө аныкталар. Матраимовдор өз чындыгын далилдөө үчүн сотко кайрылышпадыбы…

2010-жылдан кийин Кыргызстанда Алмазбек Атамбаевдин таасири эбегейсиз күчтүү болгонун эч ким тана албайт. Бул кишинин уруксаты, макулдугу жок өлкөдө каржылык иштер иш жүзүнө ашпайт болчу. Бажы тармагын Райымбек Матраимовго “каалагандай калчай бер, бажынын тагдыры сенин колуңда…” деп Атамбаев тапшырып берип коймок беле? Бул логика акылга да сыйбайт. Иш жүзүндө Атамбаев бажы тармагын өз көзөмөлүнөн чыгарган эмес. Чыгарбайт дагы болчу. Себеби, бажы тармагы аркылуу мамлекеттер аралык коррупциялык схеманы түзгөн “синдикаттын” башында өзү жана эски досу Андрей Бельянинов турганы жалганбы?

Атамбаев 5 кылмыш ишине шектүү катары саналып, кол тийбестик макамынан ажыраганына карабай ушул жылдын жай мезгилинде орустардын мурунку бажы башчысы, коррупция менен ишинен айдалган “кайнагасы”, эски досу Андрей Бельяниновдун жардамы менен жеке учак жалдап, Кант аркылуу Москвага учуп барбады беле? Аны Москванын “Внукова” аэропортунан Бельянинов өзү тосуп алган. Ошондо, Андрей Бельянинов Кыргызстанды 6 жыл башкарган, азыр 5 кылмыш ишине шектүү катары саналып жаткан Алмазбек Атамбаев үчүн эмнеге мынча чуркап жүрөт? Олуттуу суроо жаралган. Мындай суроого ар түрдүү жооптор, божомолдор айтылган. Бул эки досту ажыратпай, бири-бирине бекем чырмооктой чырмаган иш башка жакта болуп чыгып жатпайбы…

Владимир Путин ЕАЭБге Кыргызстан мүчө болуп кирип жатканда, даярдык көрүү үчүн 200 миллион долларды кайтарымсыз грант катары бөлүп берет. Бул акчага бизде фитосанитардык лабораториялар, бажы пункттары жана башка керектүү инфраструктура объекттери курулмак. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев ошол 200 миллион долларды орустардан накталай алуунун ордуна, анын 129 миллион долларын белгилүү орус-азербайжандык олигарх Араз Агаларов кожоюндук кылган “Crocus Group” холдингинин курамына кирген, Россиядагы эң ири соода-көргөзмө, бизнес-борбор болгон “Крокус-Ситинин” эсебине которттуруп салганы кандай? Мына ошентип, Кремль “кыргыз элине” деп берген 200 миллион долларды Атамбаев өзү жетектеген топ, Кыргызстанга алып келбей эле күм-жам кылып жиберишкени ушулбу? Мүмкүн, Атамбаев өзүнө эмес, Кыргызстанга берилген акчанын 129 миллион долларын Агаларовго которуу менен “Крокус-Ситинин” акцияларына ээлик кылгандыр…

“Кыргызстандын келечегине” деп бөлүнгөн миллиондогон долларды күм-жам кылган аферага түздөн-түз ошол кездеги тышкы иштер боюнча президенттин жардамчысы Сапар Исаков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковтордун тиешеси бар экени ачыкталып, суракка тартылышы зарыл. Суроолор жаралууда. Россиянын бажы кызматын башкарып турган Андрей Бельянинов кыргыз элине жана орустар башкарып жаткан ЕАЭБдин келечегине кыянаттык кылып, кылмыштуу келишимди көзөмөлгө алганы ачыкталабы? 200 миллион доллардын 129 миллион доллары Бельяниновдун көзөмөлү астында Агаларовтун эсебине которулса, калган 70 миллион доллар дагы Андрей көзөмөлдөгөн федералдык бажы аркылуу чыгарылып кеткенби? Шордуу кыргызга 200 миллион доллардан 2 сом дагы тийбей, Атамбаев менен Бельяниновдун капчыгына түшкөнү ырасталабы? Бул кылмыштуу ишти Кремлге жеткизбөө үчүн Кыргызстандын чек арасындагы өзүбүздүн бюджеттен оңдолгон бажы пункттарды “10 миллион доллардан курулду” деп отчётторду тапшырышкан. Иш жүзүндө бир дагы лаборатория ишке берилген эмес. Кыргыз мамлекетинин экономикасына балта чапкан Атамбаев-Бельяниновдун 200 миллион долларлык аферасы эл аралык масштабдагы чырга айланып, бул окуяга дүйнөлүк абройлуу катары эсептелген “Нью-Йорк Таймс” басылмасы дагы көңүл буруп, атайын макала жазылып, “Крокусгейт” деп атайт. “Нью-Йорк Таймс” басылмасы майда нерселерге көңүл бурбаган, эл аралык резонанс жараткан материалдарга, фактылар менен анализ жасаган күчтүү медиа экенин эске алганда, бул басылма кыргыз бажысын Атамбаев-Бельянинов тандеми башкарып келгенин “Азаттыктан” мурун эле далилдеп койгон.

Орус бийлиги грант катары берген 200 миллион доллардын 129 миллион доллары олигарх Араз Агаларовдун “Крокус-Ситисине” которулбай, 70 миллион доллары Андрей Бельянинов көзөмөлдөгөн федералдык бажы аркылуу чыгып кетпей, мамлекетке түз которулганда, бажы өтмөктөрү илгери эле заманбап болуп өзгөрмөк да, туурабы? Эмне үчүн бул иш өз убагында жасалбады? ЕАЭБ алкагындагы өнөктөш мамлекеттер Атамбаевдин учурунда бажы тармагыбыздагы ишке эмнеге нааразы болуп жүрүштү?

Эгерде, Атамбаев Россия берген 200 миллион долларга бажы өтмөктөрүн заманбап кылып оңдоого киришсе, өзү башында турган синдикатка чоң сокку урмак. Ал бажыдагы коррупциялык иштердин уланышын гана көздөгөн. Экинчиден, уюм алкагындагы өнөктөштөр Атамбаевдин бажы тармагы боюнча жасап жаткан “көмүскө” иштерин жакшы билишкен. Кытайдан келген товарлар Бельяниновдун көзөмөлүндө Россиянын аймагына кирип, Атамбаевге “жардам” деп үлүш каралып турган. Эки жылдан бери “жардам” алчу адам табылбай, акча топтолуп калганын Бельянинов өзү кыйыр түрүндө ачыктап алды. Анын “Кыргызстанга жардам берип келгенбиз, азыр деле сүйлөшүүдөн кийин жардамды беребиз” деп айткан сөзүн башкача түшүнүү мүмкүн эмес.

Атамбаев менен Бельянинов ЕАЭБ биримдигине, Кыргыз мамлекетине кыянаттык иш кылганы үчүн жооп бериши керек! Азыркы бийлик, орус бийлиги кыргыз элине кайтарымсыз берген 200 миллион доллардын кайда кеткенин, кайда жумшалганын иликтеши зарыл. Путиндин буйругу менен бөлүнгөн ал каражат Атамбаев-Бельянинов тандеминин кызыл кекиртегинен улам кыргыз элине жетпей калганын далилдеп, Россиянын жетекчилигине Андрей Бельяниновдун жоопкерчилигин кароо боюнча кайрылышы шарт. “Бажыны Матраимов калчаган” деген ойдон артка кайтып, тизгин кимдин колунда болгонун ачыктап, элге жарыя кылуу мезгилдин талабы болуп турат. Кыргыз элинин келечегине, жыргал жашоосуна ким балта чапканын эл билүүгө милдеттүү.

Булак: “Жаңы Ордо”

Өмүрбек Бабанов саясаттан эмнеге кетти?

Өткөн жумада «Республика» партиясынын чукул курултайы өтүп, анда күн тартибинде бир гана маселе – лидер Өмүрбек Бабановдун партиянын төрагалыгынан гана эмес, саясаттан да биротоло кеткендигин жарыя кылышы кыргыз саясый айдыңына бомба түшкөндөй эле күтүлбөстүк болду. Ал ошондой эле ММКларга каршы доо арыздар боюнча дагы жооп берип, Сооронбай Жээнбековдун адилеттүүлүгүнө ишенерин билдирди.

«Media center» ютуб-каналына берген маегинде президентикке экс-талапкер эмнеге мындай чечим кабыл алганын мындайча түшүндүрүп берди:

«Бул менин өзүмдүн чечимим. Он жыл убакыт өтүптүр. Саясий аренада партиялардын негизги максаты – жашоону жакшы жакка өзгөртүү. Мен үч жолу Жогорку Кеңештин депутаты болдум, премьер-министр, президентикке талапкер болдум. Саясий аренадага бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдондум. Эл өзүнүн тандоосун кылды. Мен ал шайлоонун жыйынтыгын тааныйм. Мен саясаттын чокусуна жеттим, ошон үчүн эми башка иштер менен алектенейин деп жатам».

Бирок али жаш, саясаттан такшалып калган, байлыгы жетишерлик Ө. Бабановдун мындай капыл-тапыл партиясынын курултайын өткөрө коюп, эл күтпөгөн чечим кабыл алышын ар ким ар кандай жоромолдоодо. Сыягы, ал А. Атамбаев, С. Исаков, А. Ибраимов жана башкалардын кейпин кийип калбаш үчүн жана байлыгы менен саясый капиталын жоготуп албаш үчүн убактылуу “ва-банкка” барышы мүмкүн. Анткени 2017-жылдагы президенттик шайлоодо С. Жээнбековдун негизги атаандашы болуп, экинчи орунду алган жака теледебатта азыркы мамлекет башчынын өзүнө “…балапан, менде сага көп суроолор бар…”,- деген сөзү бекеринен айтылбаса керек…

Булак: “Жаңы Ордо”

Меню