Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

"Депутаттардын онлайн" менен окуусу...

Урматтуу бийлик башында жургөн аткаминерлер! Бүгүн кыргыз тил жана адабият, математика, география сабактарын онлайн түрүндө өтөбүз. Бардыгыңар кымбат баалуу соткаңарды алгыла, делдең кулагыңарга куюп, кунт коюп, көңүл буруп окугула! Өткөн сабакта кыргыз тили дегеле мамлекеттик тил жөнундө мыйзам качан, кимдер тарабынан кабыл алынган деген суроолорго даярданып келгиле дегем, кана ким жооп берет? Каныбек Иманалиев биринчи кол көтөрду жообун угалы.

-1918-жыл Орто Азия, алардын арасындагы кыргыз эли үчүн советтик улуттук мамлекеттүүлүктүн алгачкы кадамы катары эсептелген. Ал кезде Түрстан автономиялуу республикасынын түзүлүшү эбегейсиз зор мааниге ээ болгон. 1924- жылы Кыргыз автономиялуу облусунун төрагасы Иманалы Айдарбеков 1925- жылдын 7-февралында мамлекеттик мекемелерде иш жүргүзүүнү кыргыз тилине которуу боюнча атайын комиссиянын төрагалыгына дайындалган. Азыркы күндөгү мамлекеттик тил боюнча комиссиянын мөлтүр булагы так ушул күндөн башталган.

-Маладец, сен 5 деген баага татыктуусуң! Марат Аманкулов сенин жообуң кандай?

-Давайте кыргыз тилин пака папкеге сала турабыз. Кыргыз, орус, немец, негр дебей биримдикти ойлоп биригели!

-Сага таасын суроо берип турам, тайсалдабай так жооп бер, мамлекеттик тил күнү качан кабыл алынган?

-Ну, например где-то сентября месяца, то-ли осенью 1996 году.

-Тумтак эле, нөл турбайсыңбы! Жок дегенде кыргызча жооп берип, кыргызча таза сүйлөгөндү үйрөнсөң боло, дагы бир партиянын ана башы имиш! Сен минус бир деген бааны алдың! Рыскелди Момбеков сен жооп берчи?

-Улуттук дөөлөттөрдүн туу чокусу болгон кыргыз тили – эне сүтү менен берилип, кыргызымдын алмустактан бери келаткан ой-мурастарын, акыл-насаатын, тарыхын, каада-салтын, нарк-насилин туу чокуга көтөрүп, улутумдун өзөгүн түзүүдө. «Дүйнөлүк шедевр» аталган «Манас» эпосун айттырган улуу тилдин, түрк тилдеринин башаты болгон кыргыз тилинин кудурет-күчүн, нарктуулугун баалап-барктап келебиз. 1989-жылдын 23 – сентябрында кабыл алынган мыйзамдын негизинде мамлекеттик тил күнүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп, эне тилибиздин улуулугун даңктайбыз да эртеси эле унутта калтырабыз. Жыл сайын мамлекеттин казынасынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн миллиондогон акча каражаты бөлүнүп, ал эне тилибиздин өнүгүшү үчүн эмес көбүнчөсүн тилге байланышкан оюн-зоокторго, концерттерге кетип туру.

-Баракелде, жакшы билет экенсиң, 5 деген бааны бакыйта койдум. Махабат Мавлянова, биздин баалуулуктарыбыздын эң негизгиси – эне тил. Бул боюнча оюңду ортого сал?

-Эне тилим энемдин эмчегинин сүтү менен келген. Атам экөө ка-ка-ка-калиция түзүп, мен жаралган экемин.

Какап-чакап какалабай түз сүйлөп жүр. Бизнестин битин сыкканды билесиңер да, кыргыз тилине келгенде тилиңерге тибиртке чыгып титиреңдеп каласыңар! Сага 2 деген бааны койдум. Эми макал-лакап жөнүндө кана ким жооп берет? Алтынбек Сулайманов сен айт?

-«Таздын чачы өлгөндө өсөт», «Жейин десем тишим какшайт, жебейин десем ичим какшайт», «Таз тараңгыча той таркайт», «Арак ичкен тойдо мас, акылы жок күндө мас», «Алкаштын атын алыстан ук, жаныңа келсе жүз грамм сурайт», « Адам аракты жутат, андан кийин арак адамды жутат», «Жакшы жашайм десең депутат бол».

– Мирлан Бакиров сен айтып көрчү?

– «Айылды аралык бузат, мекеним кыргызстанды каралык бузат», «Сокур атка-котур ат үйүр», «Жол айры болду, биздин башыбыз каңгы болду», «Күндө келген күл ууртайт, депутатка келген май ууртайт», «Жарыябыз таасирдүү болуп, базарыбыз өтүмдүү болду», «Лөлүдөн баатыр чыкса, өз мекенин кыя чабат», «Бир чымчым бактыбыз болгуча, алтындан тактыбыз болсун».

Алтынбек менен Мирлан 3 деген баа алышты. Эми математикага өтөбүз. Эң жөнөкөй суроо эки жерде эки канча болот?

-Агай алты болот! Биз Кубанычбек Жумалиев, Камчыбек Жолдошбаев, Иса Өмүркулов, Улан Примов, Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов жана башка көпөстөрүбүз экини алты эмес сегиз кылып байыганбыз, маңдай терди төкпөй, таманды жоорутпай элдин эсебинен, мамлекеттин казынасынан кашыктап эмес чөмүчтөп алганбыз, арам акчаларды адалдаганбыз приватизация убагында прихиватташтырганбыз, азыр да сегизди сексен сегиз кылалы деп университеттерди ачып, кабат-кабат үйлөрдү, сауна, ресторан,кафелерди салып миллиондогон «жашылбайларды» салыктан жашырып коюп жүрөбүз! Дагы сизге кандай жооп бериш керек!?

-Бали!.. Эми саясаттан суроо салып көрөйүнчү! Семичке чаккан биякта калсын. Баарыңар эл деп тилиңер сайрап, үйдө баатыр жоодо жок болуп жүрөсүңөр! Жаштар пандемиянын убагындагы миллиондогон акчалар кайда кетти, партиялык тизме менен болгон шайлоо жалаң акчанын күчү менен өттү деп жогорку бийликтерге силерге адилетсиздигиңерге каршы чыгып аянтка чыкты эле буга кандай жооп табасыңар? Чуулдабай бирден жооп бергиле!

– Туура агай. Биримдик, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан партияларынын тыйындары көп экен. Карапайым калкка кайрымдуулук кылып чачты. Алар «честный» эл экен миң-эки минден алып өз милдеттерин так аткарып беришти. Жаштар чоң атабыз Турдакун Усубалиев салып берген Ак үйдү өрттөп жиберишти ал имаратта эмне күнөө дейбиз да. Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бергиле дешти эле. Кворум жок болсо да айткандарын аткардык. Бирок Президент «Депутаттар баарыңар чогулгула кворум болсун! Кайра шайлагыла!» деген таризде ал токтомду бизге кайра тоголотуп жиберип, биз кайрадан ары-бери талашып премьмер министрлике макул болдук. Азыр эки чылбыр бир тизгин колунда болуп Президенттин тактысына отурду. Эми парламентке ар бир райондон бир мандаттуу шайлоо өткөрүп, акысыз иштеген Элдик курултай палатасын киргизсе, каржы жагы үнөмдөлүп, социалдык-экономика жагы өнүгүү жолуна түшөт эле.

-Болуптур, саясатка келгенде булбулдай сайрап каласыңар! Кана Мыктыбек Юсупович, өзүң түз жүргөн мырза элең бүгүнкү онлайн сабагынын жыйынтыгында эмне деп айтаар элең?

– Элибизде «Көрөгөч болсо башчысы-көпчүлүктүн бактысы» деген жакшы сөзүн эске алып, жан дүйнөсүндө көрөгөчтүк, кыраакылык, айкөлдүк деги эле идеалдуу инсанга мүнөздүу мыкты сапаттардын бардыгы бар Садыр Жапаровго ийгилик каалайлы! Өз көмөчүнө күл тартпаган кара кылды как жарган калыс, убадасын унутпаган, айтканын аткарган, адилетүүлүктү, акыйкатты туу туткан Падыша болсун! Бата берип коёлу! Оомиийин!

Асан Акматов

Булак: “Факты.кж”

Эң оор күндөр али алдыдабы?

Азык-түлүк кымбаттады

Пандемия, ага кошулуп акыркы саясий кырдаал элдин жашоо турмушун кыйла өзгөрттү. Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр: ун, ундан жасалчу азыктар, май жана кумшекердин баасы кескин көтөрүлдү. Бир аптада азык-түлүк 10 сомдон 50 сомго чейин кымбаттаган. Өзгөчө ун азыктары менен суу майга болгон баа өсүп жатат. Ал гана эмес өзүбүздөн чыккан эт азыктарына болгон баа дагы кыйла кымбаттаган. Шаар тургундары баалардын көтөрүлгөнү дароо байкалып, чөнтөккө таасирин тийгизе баштаганын айтып жатышат. Буга доллар курсунун өскөнү себеп деп түшүндүрмө бергендер бар. Кыргызстандын экономикасы тогуз айда 6-7% артка кетти. Өкмөт муну коронавирус пандемиясы менен байланыштырып жатат. Жыл башында эл аралык уюмдар кыргыз экономикасы 10% төмөндөй турганын эскерткен. Ошол эле кезде адистер өлкөдөгү саясий олку-солкулуктар да кризисти тереңдетиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Доллар дагы өстү

Жеке банктарда доллардын баасы 81,7-81,85 сом болду. Бир жылда америка акчасы биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Эске салсак, 2020-жылдын биринчи январында доллар 65 сомдон сатылса, ал эми жазда 85 сомго чыгып кеткен. Буга бир четинен эпидемиологиялык абал да таасир этти. Жайында доллар бир аз түшүп, 75тен 78 сомго жеткен. Ал эми күзгө таяп, кайрадан өстү. Ал эми 5-13-октябрдагы элдик толкундоолор учурунда доллардын баасы кайрадан кымбаттады. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын өсүп кетишине SWIFT системасы жана ага альтернатива болгон башка каналдар боюнча эл аралык операциялардын убактылуу токтоп калганы себепкер болгондугун айтты.

Мигранттардын кыйынчылыгы

Дүйнөдө доллардын кымбатташы азык-түлүккө жана жол киреге да таасирин тийгизип жаткан учуру. Мисалы мекендештерибиздин айтымында Туркияда лира кунун жоготуп жатат. Бул Түркияда иштеген мигранттарга залакасын тийгизүүдө. Туркияда иштеген мекендештер да доллардын курсу көтөрүлүп, Андыктан карантинде кете албай тургандар каттамдар ачылганда кетип жатышат. Кетпегендер аргасыз иштеп жатышат. Мурун Кыргызстанга акча салып келишсе, азыр тескерисинче Орусиядан, Кыргызстандан Түркиядагы мигранттарга акча салгандар көбөйгөн. 2020-жылы бир миллионго жакын чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинде каттоодон өткөн. Алардын 30 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт. Арасында үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен келип, Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда иштеп калган. Бул мигранттардын көбү маянаны доллар менен алаары жөнүндө келишим түзгөнү менен иш жүзүндө эмгек акы лира менен төлөнөрүн айтып жүрөт.

Саясий абалдан иш да токтоду

Бүгүнкү күндө ири тоо кен тармактарынын иши токтоп калды. Алар: “Альянс Алтын” (Жер-Үй кени), “Каз Минералз Бозумчак” (Бозум-чак), “Вертекс Голд Компани” (Жамгыр), “Эти Бакыр Терексай” (Терек-сай) Full Gold Mining (Иштамберди), “Чаарат Заав” (Чаарат) жана “Кичи Чаарат” (Куру-Тегерек). Тоо кен тармагындагы жөнөкөй эле ишканалардын туруп калышы Кыргызстандын бюджетине күн сайын 50 миң доллар зыян алып келиши мүмкүн. Мындай бүтүмгө октябрдын башындагы окуялардын кесепетинен келтирилген чыгымдын алдын ала суммасын эсептеген эл аралык кеңештин адистери билдирген.

Түшүм да болбой калды

Быйыл түшүм да жакшы эмес. Мисалы, Жалал-Абадда жазында күтүүсүздөн жааган кардын кесепетинен жаңгактын түшүмү болбой калды. Жыл сайын ушул мезгилде тоо койнунда жашаган элеттиктер жаңгак терип, кышка камданышчу. Эми болсо жалгыз үмүт мал-жандык менен чет өлкөдө мигрант болуп иштеп жаткан уул-кыздарында. «Арстанбап-Ата» токой чарбасында эле жаңгак токойду ижарага алгандардын саны 1400дөн ашат. Алар түшүм болсо да, болбосо да келишимге ылайык токойдун ижарасы үчүн акы төлөшү керек.

Булак: “Факты.кж”

 

Кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүгө Садыр Жапаровдун эрки жетеби?

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын айтып, кылмыштуу топтор менен курөшуугө даяр экенин билдирген. Кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүгө Садыр Жапаровдун эрки жетеби? Бул тууралуу саясатчылардын оюн уктук.

Махабат Мавлянова, ЖКнын депутаты:

– Үмүт менен адам жашаган жакшы, жыйынтык көрсөтөт деп үмүттөнүп туралы. Бирок, түп тамыры менен жоготуп ийет дегенге көзүм жетпейт.

Карганбек Самаков, саясатчы:

– Уюшкан кылмыштуу топ десе эле көпчүлүк бандиттерди түшүнүшөт. Коомго эң жаман уюшкан кылмыштуу топтор булар бийлик бутагындагы -депутаттар, министрлер, соттор, тергөөчүлөр мына ушуларды люстрация кылып, элдин алдына алып чыгып соттош керек. Антпесе, эл ишенбейт.

Бектур Асанов, саясатчы:

– Райым азыр деле бийликте. Муну эске алышыбыз керек. Мен бул бийликке «Силер менен кызматташпайм, себеби, силер Райым менен Көлбаевдин өнөктөшүсүңөр» дедим. Райым качып кеткен болсо анын схемасын ишке ашырып жаткан 10-15 кишини камабаса, Көлбаевге, уюшкан кылмыштуу топторго каршы мыйзамды алып келишпесе анда бул бийлик да ошолордун бийлиги болуп калат. Бул бийликтин коркунучтуу жери – мурдагы бийлик кылмыштуу топтор менен өнөктөш болсо, азыркылар «уюшкан кьшмыштуу топторду жанчып туруп бийлик да, ОПГ да өзүбүз болобуз» деп жатат». Азыркы бийликтин жарымы өздөрү ОПГ.

Темирлан Сарлыкбек уулу, саясатчы:

– Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун айткан ар бир убадасына ишенгим келет. Азырынча ишенгим келет, бирок ишенүүгө эрте. Себеби, кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү өтө татаал нерсе. Өзгөчө биздей чакан өлкөлөр үчүн өтө татаал. Кылмыш дүйнөсү асмандан түшүп калган эмес да, бирибиздин агасы, бирибиздин тагасы, бирибиздин досу дегендей. Анын үстүнө мамлекеттик мекемелер менен дагы тыгыз иштешкен, көп учурда бирин-бири колдоп келген кылмыш дүйнөсү жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Ошону менен бирге кылмыштуулук менен күрөшүү эки-үч кьшмышкерди камап салуу менен чектелбейт. Кылмыштуулукту жоюп салуу үчүн анын булагын бууп салуу керек. Булагы албетте билимсиздик, маданиятсыздык, жумушсуздук, жакырчылык, келечекке болгон ишенимсиздик. Кылмыштуулук менен күрөшүү көп жылдарды алат. С.Жапаров мырза албетте жакшы жышаанды баштап берсе колунан келсе керек.

Турсунбек Акун, укук коргоочу:

– Садыр Жарапов ошол уюшкан кылмыштуу топтордун азабынан куугунтукка алынып чет элге кетүүгө мажбур болгонун билебиз. Премьердин чечкиндүү жагы бар. Ошондуктан ишеним бар. Ушунча элдин колдоосун алгандан кийин бул ишти милдеттүү түрдө жасаш керек. Эл азыр жаңы бийликтен чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат.

Искендер Гаипкулов, ЖКнын депутаты:

– Убакыт көрсөтөт. Бүгүн элдин талабы ушул болуп жатат менимче күч аракетин ишке ашырганга жасайт, себеби алдыда шайлоо турат эл ошого карап баа берет.

Эмил Токтошев, ЖКнын депутаты:

– Садыр Жапаровдун азыр колунда эбегейсиз бийлик бар. Криминалдар менен күрөшүүгө эрк эле керек. Грузияда бир күндө кубалап, кетпегенин камап салышкан. Убакыт көргөзөт кандай күрөшөөрүн.

Гүлмира Шаршеева

Булак: “Факты.кж”

АШАны кайсы жакшылыгы үчүн түрмөдөн бошотуу керек?

Россиянын “Справедливая Россия” деген партиясы жана анын Мамлекеттик Думадагы ушул аталыштагы фракциясы Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго “Алмазбек Атамбаевди жана анын соратниктерин саясый куугунтуктоолорду токтотуу жана аларды түрмөдөн бошотуу жөнүндө” кайрылуу жолдоду, анын мазмуну ЖМКларга жарыяланды.

Биринчиден, башка мамлекеттин башкаруу түзүмүндө турган саясый партиясынын (стратегиялык өнөктөш өлкөнүкү болсо да) көз карандысыз башка мамлекеттин ички ишине кийлигишип, акыл үйрөткөнгө эч кандай укугу жок. “Справедливая Россиянын” “саясый куугунтуктоолорду токтотуу, бошотуу” деген сөздөрү түздөн-түз ички иштерибизге кийлигишүү, мурдагы советтик империянын убагындагы “улуу аганын” позициясында акыл үйрөтүү болуп саналат. АШАнын инсан жана саясатчы катары ким экендигин, эмне кылгандыгын Маскөөдөгү дүжүр акыл үйрөткүчтөргө караганда биз, кыргызстандыктар жакшы билебиз.

Экинчиден, ондогон кыргызстандыктардын канын төккөн кримавторитет А.Батукаевдин эркиндигин бир нече миллион долларга сатып, өлкөбүздөн өзүнө окшогон саткын мамчиновниктердин ардактуу кароолунун коштоосунда менчик учак менен чыгарып жибергендиги үчүн 11,5 жылга эркинен ажыратылып, андан сырткары УКМКнын бир полковнигин атып өлтүрүп, алтоосун жарадар кылып, коррупциялык өңүттө 6 оор берене менен айыпталып жаткан адамды бошотуу жөнүндө талап коюу, бул – улуттук укук коргоо системабызды, сот адилеттигин ачыктан ачык шылдыңдап, маскаралоо экендиги шексиз. Бул “силерде А.Атамбаев баштагандарды айыптап, абакка жаткырганга кандай фактылар, негиздер болсо, ошолордун баары боло берсин, алар аздык кылса, башкаларын деле кошо бергиле, бирок алар бизди кымындай да кызыктырбайт. Силер үчүн биздин айтканыбыз, дегенибиз, каалообуз гана туура болушу керек” деген империялык менмесинген дымактын өзү. Эгерде аталган партиянын, анын Мамдумадагы фракциясынын жетекчилери биздин эгемендүүлүгүбүздү сыйлашса, АШАнын эмне үчүн камалгандыгына, ага кандай айыптар коюлуп жаткандыгына кызыгышмак. Тийиштүү документтер менен таанышкандан кийин, мүмкүн жогорудагы кайрылуусун жолдошмок эмес.

Эң кейиштүүсү, Россиянын айрым чиновниктери өздөрү кол койгон кайрылууну жараткан жагдайга да таптакыр кызыккылары келбегендигинде болууда. Алар кээде өздөрүнүн кол алдындагы кызматкерлерине ойлоруна келгендерди тапшырып койгондой эле, АШАнын эмне кылгандыгын билбей, билгилери келбей туруп жогорудагы кайрылууну жолдоп жиберишкен. Адресатты сыйлаган жогорку даражадагы мамчиновниктер эч качан негизсиз, такталбаган документке кол коюшпайт.

Биздин жекече пикирибизче, ага коюлган айыптар боюнча соттук териштирүүлөр аяктамайынча Алмаз Атамбаевди абактан чыгарганга болбойт. Айрымдар башка беренелерди бурмалап, жымсалдоого аракет кылышса да кримавторитет Азиз Батукаевдин Алмаз Атамбаевдин түздөн түз көрсөтмөсү менен абактан чыгарылып, Чеченстанга жөнөтүлгөндүгү эч ким тана алгыс факты. Аны АША өзү деле мойнуна алып, чечендер анын ордуна Жаныш Бакиевди алып келип беребиз деди эле деген. Анда Жаныш Бакиев кана? Ал жөн эле А.Батукаевдин эркиндигинин миллиондогон долларларга сатылгандыгын буйдамалап, элди алдоо үчүн ойдон чыгарылган шылтоо. Эгерде алмашкылары келсе, дүйнөлүк тажрыйбада салт болуп калгандай, экөөсүн маңдай-тескей отургузуп коюп анан алмаштырышпайбы.”Чечендер алып келип беребиз деди эле” деген аңкоосунган сөзгө ким ишенет? Ал эми чечендер берген долларлардын жарымы жасалма акчалар болуп чыккандыгын эмне менен түшүндүрүшөт?

Эгерде бир адамды атып өлтүрүп, алтоосун жарадар кылып, “мыйзамдагы ууруну” мыйзамсыз бошотуп жибергендиги үчүн 11, 5 жылга соттолуп, коррупциялык механизмдерди түзүп, мамлекетке ондогон миллион долларлык зыян келтиргендиги үчүн айыпталып жаткан адам түрмөдөн чыгарыла турган болсо, анда абактарда отургандардын бардыгын бошотуп, түрмөлөрдү жаап салуу керек. Анткени, анда отургандардын 95 пайызынын кылмыш иштери социалдык коркунучтуулугу жагынан Алмаз Атамбаевдин кылгандарынын ондон бирине да жакындабайт. Ал жерлерде отургандардын басымдуу көпчүлүгү бейбаштык кылгандыгы, мамлекеттик жана менчик мүлктөрдү уурдап, 5-10 миң сом пара алгандыгы, байкабай башкаларга залал келтиргендиги ж.б.д.у.с. үчүн эрктеринен ажыратылгандар.

АШАны бошотуу – укуктуулуктун, мыйзамдуулуктун жана сот адилеттүүлүгүнүн жана жалпы элдин бетине түкүргөндүк катары кабылданат. АША антисоциалдык типтеги, коом үчүн коркунучтуу адам. Ал чыгаары менен адатынча элди урууларга, аймактарга бөлүп жарып, саясый кутумдуктарды уюштуруп, саясый топторду бири-бирине кайраштырып, өлкөдөгү биримдүүлүктү жана акырындап калыбына келип бараткан саясый туруктуулукту, ынтымакты бузганга, ар кандай жолдор менен ар кимдерден өч алганга, кандай жолдор менен болбосун кайрадан бийликке келгенге аракеттенгенге өтөт. Кокус, айрымдар айтып жатышкандай, октябрдын биринчи жарымындагы тополоңдордо АШАнын акчасы аябай чоң роль ойногондугу чын болсо, ал башка маселе. Анда биз эмне дебейлик, эл кандай ойлобосун азыркылар анын алдындагы карыздарынан кутулуулары керек. Зонадагы эрежеге ылайык, карыздан кутулбагандар, убадасын аткарбагандар адам катары эсептелбейт. Жазасы да жаман болот. Бирок, АШАдай адамды актап, жактагандан эч ким абийир таппастыгын, анткендер дароо элге жек көрүндү болуп, эртең ал бумеранг болуп азыркы бийликтегилердин өз баштарына келип тийе тургандыгын да эстен чыгарбоо зарыл.

А.Белеков

Булак: “Майдан.кж”

Исхак Масалиев, экс-депутат: “БШКнын курамын өзгөртүп, анан шайлоо өткөрүү керек ”

– Жогорку Кеңеш тез арада жыйынга чогулуп, “Макалену” кетирсин. Мыктыбек Абдылдаевди төрагалыкка шайлап, Боршайкомдун курамын өзгөртүп, кайрадан шайлоо дайындаса туура болот. Мыктыбек байке аксакал башы менен калыстыкты сактай алат. Ошондо мыйзам жолу менен бийлик алмаша алат.

Азыр ар кандай топтор бар, ар бирөөсү өзүнүн максатына жетиш аракеттери байкалууда. Чоң коркунучтар бар.

Булак: Майдан.кж”

Кайрат Осмоналиев, БШКнын мүчөсү: "Укук коргоо органдарынын шалаакылык мамилеси даана байкалууда"

– “Добуш саткандар айып пул төлөйт, жазаланат» деген мыйзам чыкты. «Форма 2» аркылуу добуш сатуу ачык эле байкалды. Буга ким жооп берет?

– БШК – биз шайлоону уюштуруучу мамлекеттик органбыз. Биз процедура боюнча жооп беребиз. Шайлоочунун тизмесин «форма 2» боюнча сындашууда. Бирок, бул жарандарыбыздын укугу болуп жатат. «Шайлоо дарегин өзгөртөм» десе, анда биз тоскоолдук кылбашыбыз керек. Эгер алар акчага сатылып же дагы башка иштерге малынса, ал укук коргоо органдарынын иши. Ошон үчүн туура түшүнүү шарт. БШКны эле күнөөлөө тенденцияга айланыптыр. Мен, тескерисинче, укук коргоо органдарын сындап жатам. Буларга бүт шарттар түзүлүп берилген. Ошол эле «добуш сатып алууга тергөө өткөрөм» десе, эч кандай арыздын кереги жок. Кандайдыр бир маалымат түшүп калса, өздөрү изденишип, иш алып баруулары зарыл. Алар арызды күтпөшү керек. Эгерде сатса, мыйзам бузуу кодекси боюнча айып салынат. Сатып жаткан учурдй мамлекеттик органдын кызматкерлери колго түшүрүшү керек. «Биз каттоодон өткөрдүк, электрондук китепчеге каттап койдук» деп жатышат. Бул жумуш эмес. Мында натыйжа жок. Жыйынтыксыз, ошон үчүн хаос болууда. Укук коргоо органдарынын иштебегени, шалаакылык мамилеси менен ушундай фактылар болуп жатат.

– Жылдан жылга эмне үчүн добуш сатуу тенденциясы күчөп кетти?

– Анткени биздин шайлоо моделибизге, автоматтык урналарга чабуул кыла алышпайт. Мурдагыдай пачкалап салып сала алышпайт. Ал убакта шайлоочуларга да кайрылбай, ким шайлоого келбей койсо, алардын атынан салып койчу. Азыр биздин урналар андайга жол бербейт. Ошондуктан добуш сатып алуу, админресурс азыркы убакта популярдуу болуп калды. Биз өзүбүз тараптан аткарылчу иштерди аткардык. Бюллетендер жеткирилди. Аларды кайтарып жатышат.

– Шайлоо күнү хакердик чабуул болушу да мүмкүнбү?

– Башаламандык жана башка ар кандай божомолдоолор болууда. Мен ойлойм, өтө жаман болбошу керек. ИИМ, УКМК бар. Алар шайлоо күнү коопсуздукту камсыздап, жакшылап иштеп беришсе, жаман иштер болбойт. «Форма 2» аркылуу үгүттөөчүлөр шайлоочуларга миң сом бергени айтылып жатат. Калган миң сомун шайлоодон соң (добуш бергенден кийин) деген макулдашуулар болуптур. Бул – кылмыш. Жарым этабы бүткөн. Калган акчасын дагы бериши керек. Биздин укук коргоо органдары ушундай фактыларды канчалык көп кармаса, аларга баа берем. А эгер кармай алышпаса, профессионалдар бул органдарда калбагандан кабар берет. БШК тарабынан баардык иштер аткарылды. Ар кандай башаламандык коркунучтар болушу мүмкүн. Бул укук коргоо органдарынын компетенциясы.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия news”

Коронавирустун негизги белгилери жана алдын алуу жолдору

Бүгүн, 17-мартта Казакстанда коронавирусту дагы 5 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда алардын т

Кытайда коронавирусту жеңе баштады

 

В Бишкеке на пересечении улиц Московской и Раззакова произошло ДТП — столкнулись автомашины «Хонда» и «Мерседес Спринтер». Об этом 24.kg сообщили в пресс-службе управления Патрульной службы милиции столицы.

Уточняется, что авария произошла сегодня примерно в 7.30. В результате ДТП пострадали три человека — их доставили в Городскую детскую клиническую больницу № 3. Состояние пострадавших стабильное. На месте продолжают работать сотрудники УПСМ.

Мамбетжунус Абылов, мамлекеттик жана коомдук ишмер: “Атамбаевдин эшик шыпыргычтары Матраимовдун саясатта салмагы өсүп бара жатканын байкап турушат”

Журналистка телеканала “НУР”, кандидат в Ошский горкенеш от партии “Эмгек” Жылдыз Бекбаева рассказала свою версию инцидента с инспектором УОБДД в центре Оша. Она связывает этот конфликт с предстоящими выборами.

По ее словам, 12 марта она приехала в центр города и остановилась у цветочных магазинов, чтобы купить цветы.

“Да, меня остановили. И да, там был знак запрещающий, оставаться там я не собиралась. Я остановилась у цветочной лавки, забежала за цветами в нескольких метрах, купила там букет и прибежала обратно, попросила извинения у инспектора. Мне некогда было с ним ругаться, так как я торопилась на концерт дочери. Я сказала, в другой день поговорим, просила отпустить, но он стоял и начал снимать меня на видео”, – пояснила она.

Она отметила, что в ПДД указано, что водитель имеет право остановиться под запрещающем знаком, к примеру, попить воды, выпить лекарства, и остановилась там на минуту.

“Я сдавала назад, а инспектор УОБДД лег на капот. Я вышла из машины и начала возмущаться его спектаклю. В это время он с кем-то говорил по телефону и ему давали команду, инструктировали, чтобы меня не отпускали”, – отметила Бекбаева.

Она добавила, что после этого она хотела закрыть машину и уехать, при этом согласилась, чтобы автомобиль поставили на штрафстоянку. Но инспектор УОБДД не отпускал ее.

“Он начал скручивать мне руки, держал меня силой. При этом представитель власти кричал, что я его бью, сорвала погоны и поцарапала его. Но ничего подобного не было, это он меня силой удерживал и скручивал руки. Потом я вернулась и села в машину, стала дожидаться следственную группу. В это же время появилась некая женщина, которая начала провоцировать конфликт. Я считаю, что это сделано намеренно в преддверии выборов. Кто-то опасается меня, но я не знаю почему. Мне поступали предложения и от других партий, но я выбрала именно эту”, – заключила Жылдыз Бекбаева.

Бермет Букашева, журналист: "Атамбаев журналисттерге миллиондогон доо койгон биринчи президент болду"

Белгилүү журналист Бермет Букашева Кыргызстандын саясий өңүтүндө «конспираси-теориясы» өкүм сүргөнүн анализге алып, кимдир бирөө атайын ары-бери чайпап, эч кандай далили жоктугуна карабай «5-каналдын» журналисттери түп орду менен Раим Матримовго сатылганы боюнча ушак таратып жатканын билдирди.

Ага жооп катары «Азаттык» Алмазбек Атамбаевге сатылганын айтып, журналисттик чөйрө өзүнөн өзү алсырап баратканын ачыктаган.

Ал 2017-жылы Атамбаев «Азаттык» менен «Заноза» сайттарын сотко бергенин эске салып, «Азаттыктын» жетекчиси Атамбаев менен жолугушкандан кийин өзүнүн доосун артка кайтарып алганын, «Заноза» жалгыз калганын, бул өтө кейиштүү болгонун, Атамбаев менен сепараттык сүйлөшүүгө баргандан көрө, «Азаттык» журналисттик тилектештикти көрсөтсө дурус болмоктугун белгилеген. «Ошол маалда Атамбаевдин азыркы тарапташтары «Азаттыкты» айыптаган постторун жазып, сөз эркиндигине доо кетирип Атамбаевге сатылганын айтса, эми ошол «Азаттыкка» көө жапкандар бүгүн «5-каналды» саткын кылышууда» – деген Бермет Букашева «Свобода» радиосунун президенти Джейми Флай август айында Бишкекке келгенде ошол эле адамдар аны менен ресторанда отурганын ачыктаган. Ошондой эле «Азаттыкка» болгон сындан улам жолугушпаганын, бул накта америкачылык сапатка жатпай калганын билдирди.

Атамбаевдин ачык колдоочулары Кой-Ташта болуп, социалдык желеде колдоп, «Свобода» радиосунун президенти менен жолугушууга чакырганына таң калган Бермет Букашева «эмненин негизинде» деген сурооо коет. «Анткени, сөз эркиндигине   бөгөт койгон адам катары «Азаттык» тарабынан Атамбаев миңдеген ирет сындалган. Журналисттерге миллиондогон доо койгон биринчи президент болду. Бул адам эч кандай далили жок көптөгөн саясий атаандаштарын түрмөгө отургузду. Кыргызстандын тарыхында чектен чыккан процесстер катталды. Ал журналисттерди кордогонго, саясий оппонеттерин кордогонго жол берди. Бул алам өлкөнүн эгемендүүлүк күнүндө, 2016-жылдын 31-августунда, биринчи аял президентти майрамдык салтанаттан кууду. ММКлар тарабынан олуттуу сынга алынышына бул адам татыктуу. Анан эле анын Американын салыкчыларынын эсебинен жашап жаткан ММКлардагы тарапташтары өздөрүнүн президенти менен жолугушууга чакырып жатышат. Бул кандайдыр бир хандыктагы кыйшык күзгүнү элестетет» – дейт журналист.

Азимбек Бекназаров менен болгон маегинде Матраимов кызматка келиши үчүн канча акча төлөнгөнүн ачыктаган Бермет Букашева коомдун акылын будөмүктөтүү жүрүп жатканын, муну эл андай албай турганын, өзү үчүн туруп, эч кимге сатылбаган адамдар саткын аталып баштаганына кейигенин билдирген. «Кимдир бирөөнү сатылды же саткын деп аташ – шылдыңдоого барабар. Ошол эле Эльнура Алканова айтылуу Матраимов боюнча иликтөө жасап, кагаздарды президентке берди. Эми аны кайсы негизде саткын деп күнөөлөшөт? Мен буга таң калам» – деди.

Аталган ММКлар Алканова эл аралык сыйлыкка татыганын жымжырттык менен өткөргөнүн айтып, өзүнүн «Секреты власти» берүүсү эмне үчүн чыгарылбай калганын кошумчалап, чоң суроону таштаган. Көрсө, АКШдан учуп келип 2-3 ай жүрүп, материал даярдоо боюнча келишим болгон экен. Авиабилеттерге өз каражатын коротуп рейтинги жогору эксклюзивдик маалыматтарды даярдагандан кийин контракттын шылтоосу менен «Азаттыктан» кыскартып коюптур. Албетте, бул адилеттикке жатпаган иш. Сөз эркиндигин колдогондор мындай пастыкка барбашы керек.

Бермет Букашева сөзүнүн аягында регионалдык факторго токтолуп, «Эмне үчүн азыркы бийликти жактырбайт? Мен аймактык фактор роль ойнорун кошумчалагым келет. Түндүктүктөр кайсы бир негизде түштүккө каршы туураланган деп эсептейм. Элдин аң-сезиминде мына ушундай үңкүр инстинкти калган экен, ал жанданууда. «Мына түштүк бийликти басып алды» дегендерди мен адилетсиздик деп эсептейм. Бизде ушундай инстинкттин калганы, аларды ушул үчүн жек көргөнү өтө жагымсыз нерсе. Мен өзүм түндүктөнмүн, ошол үчүн бул жөн үндө айтып жатам» – деп бүтүргөн.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Меню