Menu

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР – ХАЙ ТЕК

Roomba I7 робот чаң соргучу таштандыны өзү ыргытат

Roomba i7 кичинекей автономдуу робот-чаң соргуч башка робот чаң соргучтардай болуп дале адамдардын башкаруусунан көз каранды эмес жана кожоюнуна бир топ пайда алып келе турган роботтордун бири десек болот. Анын эң жөнөкөй функциясы болуп соргон чаңды автоматтуу түрдө таштандыны таштанды салгычка туташып туруп чыгарып коёт. Муну менен кожойке убактысын үнөмдөп, дагы бир жумуштан арылтат десек болот. Система 30 баштык толгончо иштейт. Канча баштык толду же толо элеги туурасында маалымат берип турат. Ага тиркелген камера менен алгач робот бөлмөлөр менен таанышып чыгып, программасына киргизип койсоңуз, Roomba ашкананы тазала десеңиз барып ашканаңызды тазалай берет. Сатыкка 2019-жылдын башында чыгат. Баасы 949 доллардан кем эмес болоорун айтышууда.

Самара Саламатова

Булак: “Багыт”

 

Жапон миллиардери Айга учуп бара турган алгачкы турист болот

Жапониялык миллиардер, искусство коллекционери Юсаку Маэдзава 2023-жылы SpaceX компаниясынын Big Falcon Rocket ракета алып жүрүүчүсү менен Айга учуп бара турган алгачкы космостук турист болот. Бул тууралуу компания Твиттер баракчасы аркылуу кабарлады.

SpaceX  @SpaceX
Бир жумага созула турган экспедиция маалында ракета Айга 200 чакырым аралыкка чейин жакындап, андан соң Жерге кайтып келет.

Маэдзава өзү менен бирге Айга учууга сүрөтчү, музыкант, модельер жана режиссерлордон турган дүйнөдөгү алты же сегиз искусство ишмерин чакыра турганын билдирди. Азырынча алардын аты-жөнү жана Айга учуу үчүн Маэдзаванын SpaceX компаниясына канча акча төлөй тургандыгы белгисиз.

View image on Twitter

Elon Musk  @elonmusk
Айды изилдөө иштери башталгандан бери ал жерге болгону 24 гана адам барып келген. 1972-жылы америкалык «Аполлон-17» миссиясы Айга конгондо, ракетада адам болгон эмес.

Илон Масктын SpaceX жеке космостук компаниясы Айга туристтик учууларды ачканын былтыр февралда жарыялаган. Алгач биринчи жолу Айды айланып учуу 2018-жылга белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жапон миллиардери Айга учуп бара турган алгачкы турист болот

Жапониялык миллиардер, искусство коллекционери Юсаку Маэдзава 2023-жылы SpaceX компаниясынын Big Falcon Rocket ракета алып жүрүүчүсү менен Айга учуп бара турган алгачкы космостук турист болот. Бул тууралуу компания Твиттер баракчасы аркылуу кабарлады.

SpaceX  @SpaceX
Бир жумага созула турган экспедиция маалында ракета Айга 200 чакырым аралыкка чейин жакындап, андан соң Жерге кайтып келет.

Маэдзава өзү менен бирге Айга учууга сүрөтчү, музыкант, модельер жана режиссерлордон турган дүйнөдөгү алты же сегиз искусство ишмерин чакыра турганын билдирди. Азырынча алардын аты-жөнү жана Айга учуу үчүн Маэдзаванын SpaceX компаниясына канча акча төлөй тургандыгы белгисиз.

View image on Twitter

Elon Musk  @elonmusk
Айды изилдөө иштери башталгандан бери ал жерге болгону 24 гана адам барып келген. 1972-жылы америкалык «Аполлон-17» миссиясы Айга конгондо, ракетада адам болгон эмес.

Илон Масктын SpaceX жеке космостук компаниясы Айга туристтик учууларды ачканын былтыр февралда жарыялаган. Алгач биринчи жолу Айды айланып учуу 2018-жылга белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Reuters: Орусия сайттарды бөгөттөө боюнча жаңы технологияларды сыноодо

Орусия Telegram мессенжери менен башка тыюу салынган ресурстарды эффективдүү түрдө жабуу үчүн жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Тестрлөө менен ФСБ, Роскомнадзор жана Байланыш министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия алектенүүдө. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча жаңы анализ системаларын сыноо жана трафиктерди иргөө боюнча лабораториялык сыноолор 6-августта Реутов шаарында өтөт.

Буга чейин байланыш министринин орун басары Алексей Волин Telegram мессенжерин толугу менен жабуу мүмкүн эмес экенин мойнуна алган.

Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде бул түйүндү Орусиянын аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди жапкан. Мындан өлкөдөгү банктар, Интернет дүкөндөрү жана башка онлайн кызмат көрсөткөн сайттар жабыркаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Коптер жакында адам ташып баштайт

Байкайсыздарбы, акыркы 2-3 жылда кыргыз клиптеринде, кинолорунда чымчык учкан бийиктиктен тартылган сонун кадрлар көбөйдү. Көз кубантат. Коптер – бийиктен тасма тартууга мына ушул аппарат жардамга келди. Маараке, салтанаттарда, тойлордо үстүңүздө дырылдап учуп жүргөн керемет буюмдун тарыхы кандай? Баяндап беребиз…

ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ

Квадрокоптер, мультикоптер, коптер кээде дрон деп аталып жүргөн буюм 1922-жылы Георгий Ботезат аттуу окумуштуу тарабынан жасалган. Бирок биринчи квадро-коптерде учкуч болмок, башкача айтканда, аны адам башкармак. Абага жапыз гана көтөрүлө алган Ботезаттын квадрокоптери жетишпеген жактары көп болгондуктанбы, айтор, эл кызыгуусун жараткан эмес. Андыктан квадрокоптер узак уйкуга кеткен. Анын жылдызы жанчу учур алдыда эле.

Дүйнөлүк державалардын атайын кызматтары XX кылымдын башынан тарта алыстан туруп башкарылган учкучсуз аппараттарга кызыгып келишкен жана аны иштеп чыгууга эбегейсиз каражат бөлүп турушкан. Учкучсуз учуучу аппараттар чалгынчылык кылуу үчүн 2-дүйнөлүк согуштан кийин кеңири тарай баштаган. Кезинде АКШ менен СССР бири-биринин учкучсуз аппараттарын маал-маалы менен кармап алышчу. Баса, учкучсуз учуучу аппараттарды дрон деп америкалыктар атап баштаган. Бирок, ал аппараттардын сырткы келбети биз сөз кылып жаткан коптерге анчейин окшошчу эмес. Көбүнчө алар учакка окшош эле.

XXI кылымдын келиши менен (2010-жылы) 1922-жылы унутулуп калган төрт дирилдеги бар квадрокоптер менен учкучсуз учуучу аппараттардын айкалышынан азыр биз коптер, дрон деп атап коюучу аппарат келип чыгып, элге кеңири тарай баштаган. Эң алгачкы коптер жерден аз гана бийиктикке көтөрүлө алган.

ТАСМА, СҮРӨТ ТАРТЫП ТИМ БОЛБОЙ, ЭМИ АДАМ ТАШЫЙТ

Мындан сырткары адам буту басып барбаган кооптуу жайга да дрондорду жиберишет. Маселен, Японияда Фукусима атомдук станциясындагы авариядан кийин ал жактагы радиоактивдүү топуракты изилдөөгө алып келүү үчүн коптер жөнөтүлгөн. Бирок кайтып келе жатып дрон Япониянын премьер-министри Синдзо Абенин үйүнө кулап түшкөн. Бул окуядан кийин коптерлерге артты көздөй кыйшаюусуз кайтуу, аэропорт же башка кирүүгө тыюу салынган аймакка жакындатпоочу кошумча функциялар кошулган.

Орусияда биринчилерден болуп коптерлер пицца ташып башташкан. Ал эми быйылкы жылы Бириккен Араб Эмираттарында дрон таксилер ишке киргени турат. Бир адамды көтөрүп уча ала турган төрт дирилдектүү дронду атайын борбордон башкарып турушмакчы. Бул аракеттер канчалык жемиштүү болот али белгисиз, бирок дрондор биздин жашообузда мындан да кеңири пайдаланыла башташында шек жок. Себеби учурда почточунун ордун да дрондор менен алмаштырууну ойлонуп жаткан ишкерлер бар. Ал эми Сингапурда жана Англияда дрондорду официант катары пайдалануу да каралып жатат.

Жакынкы күндөрдө коңшу Казакстанда коптер менен кой кайтарган фермер тууралуу жаңылык дүң эткен. Бирок изилдей келгенде бул кабар жалган болуп чыккан. БАЭде эми ушундай коптер таксилер жүрүп баштайт. Жүк ташып жөнөгөн коптер. Азырынча ал 1 килограммдын тегерегиндеги жүк көтөрө алат.

Булак: Тамчы

Легендарлуу Motorola Razr V3 бүктөмө теелфону кайрадан иштелип чыгат

“Lenovo” компаниясы легендага айланган телефондордун бири Motorola RAZR V3 бүктөмө телефонун кайрадан техника рыногуна алып келет. Аталган компаниянын башчысы Яна Юанцин мурдагы Motorola компаниясынын даңкын кайрадан жаратуну пландоодо. Анын айтымында, Motorola бренди менен чыккан телефондор заманбап талаптарга жараша кайрадан жасалып, бирок Lenovo бренди менен рынокко чыкмакчы. Motorola RAZR V3 бүктөмө аппараттары 2004-2005-жылдары популярдуу болуп, ошол учурда көпчүлүк үчүн кол жеткис болгон. Анын эсине 2 же 3 мелодияга чейин батып, фотоаппараты башка телефондорго салыштырмалуу кыйла сапаттуу да болчу.

Булак: “Тамчы”

Айдоочулар үчүн уктап баратканда ойготуп туруучу коопсуздук кепкасы жарыкка чыкты

«Ford» жана «GTB» компаниялары биргеликте унаа айдап бара жатып уйкуга азгырылган адамды ойготуп туруучу Ford SafeCap деп аталган кепка чыгарды. Компаниянын өкүлдөрү бул жабдыкты чыгаруунун алдында уйкусураган адамдын абалы кандай болорун изилдеп чыгышкан. Баш кийим дененин жана баштын калыбына жооп бере турган атайын датчиктер менен жабдылган. Ал уйкусурап шылкыя баштаган башты, калыбын жоготуп бараткан денени жана айдоочунун жолго көңүл бурбай калганын сезип, 3 жол менен ойготот: үн, вибрация жана кепкада орнотулган көзгө тийүүчү жарык. Өндүрүүчүлөр бул кепка узак жол жүргөн жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына арналганын айтып, кийинчерээк суроо-талапка жараша жеңил автоунаалардын ээлерине да чыгарышарын билдиришкен. Ford SafeCap’тин сатыкка качан чыгары азырынча айтыла элек.

Булак: “Тамчы”

Токойчулардын үйлөрү күн энергиясы менен жылытылат

Ош облусунун егерчилери-токойчулары үчүн токой ичинде эле төрт үй салынды. Булардын бардыгы тең күндүн знергиясы (табы) менен гана жылытылат.

-Мындай уникалдуу долбоор азырынча Кыргызстандын башка бир дагы аймагында жок! – деди Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Асан Боромбаев, – Биз егерчилер үчүн бардык зарыл шарттарды түздүк. Алар эч жакка жылбастан эле жеринде ар кандай мыйзам бузууларга, жаратылыш катаклизмдерине бекем абай салып турушмакчы.

Баса, болочокто мындай саамалыкты өлкөбүздүн башка булуң-бурчтарына дагы кеңири жайылтуу аракети күч.

Булак: «Майдан»

Борбор Азия президенттери Киборг менен жолугушту

Борбор Азия президенттери София аттуу киборг менен жолугушту. Аны “Астана” эл аралык бизнес борборунун презентациясында тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Алардын биринде өлкө башчылар адам баласын жок кылам деп сөз берген София менен маектешип турат.

Презентация учурунда президенттерге санариптик сот системасын, финансылык супермаркет, кибер коопсуздук тууралуу долбоорду көрсөтүштү.

Софияны 2016-жылы Американын Остин шаарында эл алдына алып чыгышкан. Аны Hanson Robotics фирмасынын адистери иштеп чыгышкан. Адамдар менен сүйлөшө алган роботко Сауд Аравиянын жарандыгын беришкен.

Булак: “Тамчы” 

 

Кыргыз тилинде текст окуй ала турган синтезаторлор иштелип чыкты

“Феномен” коомдук фондунун жетекчиси Искендер Султаналиев тарабынан ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген, анын ичинде көрүүсү начар жана азиз балдар жана жаштар үчүн кыргыз тилинде текст окуй ала турган синтезаторлор иштелип чыкты. Синтезаторлор КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан даярдалып берилген атайын тексттердин негизинде түзүлдү. Бул адистештирилген программалар «Көзү азиз жана көрүүсү начар балдар жана жаштарга эне тилинде билим алууга шарт түзүү” аталышындагы долбоордун алкагында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосунда “Феномен” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган.

Бул жаңылык менен бөлүшүү үчүн “АКИpress” маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, ага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, бөлүм башчы А.Ишеналиева, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен Алан Мельтцер, “Феномен” коомдук фондунун жетекчиси И.Султаналиев, долбоордун диктору А.Асакеев жана долбоордун котормочусу Б.Жакыпбекова катышып, долбоор кантип ишке ашкандыгы, синтезаторду кантип колдонуу керектиги, анын актуалдуулугу тууралуу кенен маалымат беришти.

Талыкпаган мээнет жана күжүрмөн эмгектин натыйжасында ишке киргизилип жаткан “Азамат” аттуу жаңы сүйлөө синтезатору (эркек кишинин үнү менен) азиз балдарга жана көрүүсү начар жаштарга өз алдынча кыргыз тилинде электрондук китептерди, көркөм адабиятты, интернет-сайттарды жана пайдалуу болгон веб-ресурстарды интернет түйүн ичинде мамлекеттик тилде окууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Кыргызча синтезаторду оңой эле Windows (Виндоус) жана Android (Андроид) системасындагы планшеттерге, уюлдук телефондорго жана компьютерлерге Google Play (Гуугл плей) аркылуу бекер орнотууга болот.

Эске сала кетсек, “Феномен” көзү азиздер  коомдук фонду менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2015-жылдан бери кызматташып келет. Улуттук комиссия тарабынан 100 дөн ашык китептердин электрондук варианттары даярдалып берилип, 2017-жылы Брайл арибинде балдар үчүн жана чоңдор үчүн китептер басылып чыккан.

 

Меню