Menu

КООМ

Бишкекте кыргыз ССР эл артисти Сабира Күмүшалиеваны эскерүү кечеси өткөрүлдү

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына арналган эскерүү кече болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кечеде С.Күмүшалиеванын кызы Нуржамал Рыскулова апасы жөнүндө жана анын сахна артындагы жашоосу жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле Сатылган Сазаев кинодо жана сахнадагы орду жөнүндө көптөгөн кызыктуу маалыматтарды окурмандарга айтып өттү. Келген конокторго, окурмандарга С.Күмүшалиеванын өмүр чыгармачылыгы тууралуу слайд көрсөтүлүп, “Кайталангыс талантка ээ инсан” атту китеп көргөзмөсүнө баяндама жасалды.

Кечеге Ж.Баласагын атындагы КМУнин студенттери, артисттин жакындары катышты.

Фото - Япон эли менен Жалал-Абаддын ортосундагы кызматташтык күчөйт  

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, мындан ары Япония эли менен Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагы жана коомчулугу ортосундагы пайдалуу кызматташтыктар күчөтүлөт. Бул тууралуу Япниянын Кыргызстандагы элчилигинин 3-катчысы Юри Накагава шаардагы Б. Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясында болгон кезде белгилүү болду.

Юри Накагава айымдын мектептеги жолугушуу иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри  Турдалы Темирбаев жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Ырысбек Калчаев катышшты.

Аталган гимназия-мектебинин директору Кульнара Мамытованын айтымында,  мындагы негизги максат – эки элдин ортосундагы билим берүү багыты боюнча кызматташтыкты күчөтүү.

-Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата достукту, ынтымакты бекемдөө багытындагы мындай иш-чаралар ар тараптуу маданий байланыштардын өнүгүүсү менен коштолушу шарт . Бул жолугушуу учурунда япон эли менен кыргыз элинин жашоосундагы, билим берүү жана маданият жаатындагы окшоштуктар ортого салынып, тыгыз кызматташуулар тууралуу кепп болду, – дейт ал.

Юри Накагака айымдын айтымында, кыргыз жана япон элдеринин окшоштугу – бул  алардын меймандостугу. Ал мугалимдер жамаатына жана окуучуларга япон элинин, урп-адаты, каада-салты жана бүгүнкү күндөгү билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу атайын даярдап келген слайд аркылуу жолугушууга катышкандарды тааныштырды.

Жолугушуунун соңунда  келген конокторго мектеп окуучулары тарабынан түрдүү улуттардын ыр-бийлери коштогон чакан концерттик программа тартууланды.

Баткенде облустук соту, райондук жана шаардык соттордун ортосунда кичи футбол өткөрүлдү

“Сот кызматкерлеринин күнүнө карата” Баткен облустук сотунун, райондук жана шаардык сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда кичи футбол өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан  бул спорттук мелдешке 8 команда ат салышты. Биринчи орунга Баткен облустук сотунун курамынан уюшулган команда ээ болду. Экинчи орунду райондор аралык сотунун командасы, үчүнчүнү Лейлек райондук сотунун кызматкерлеринен куралган команда ээледи. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.  Ошондой эле кызыктыруучу белектер да коюлду.

Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Сооронбай Карабаев – “Сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөрүлүп жаткан бул кичи футбол ден соолукту чыңдоо менен бирге Баткен облусундагы сот кызматкерлеринин ортосундагы достук мамиленин мындан да жакшырышына шарт түзөт” – деген оюн билдирди.

                                                          

Жалал-Абад областтык сотунда ачык эшиктер күнү өттү

Жалал-Абад областтык соту Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин укук таануу бөлүмүнүн студенттерине ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул туурасында Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Областтык соттун пресс-катчысы М. Болотов студенттер жана алардын мугалимдерине соттун эшигинен баштап имараттын жайланышы, кеңсенин кабинети, сот жыйналышынын залдары, судьялардын, консультанттардын, судьянын жардамчыларынын жана сот жыйналышынын катчыларынын жумуш кабинеттери менен тааныштырды. Бул иш-чарада областтык соттун жумуш процессине студенттер түздөн-түз күбө болушту.

Андан кийин студенттер областтык сотто өтүп жаткан кылмыш иши боюнча сот жыйналышына байкоочу катарында катышышып, иш боюнча баяндоодон баштап өкүмдү жарыялаганга чейин сот процесси практикада кантип өтөөрү менен таанышышты. Бул сот процессинде областтык соттун төрагасынын орун басары Ш.Ж.Жакыпбаев төрагалык кылуучу болду, ал эми коллегиянын судьялары болуп А.Н.Таштемиров жана Б.С.Султанканов болушту. Төрагалык кылуучу жана судьялар өкүмдү чыгаргандан кийин студенттер менен укук таануу жана насааттык маек куруп беришип, студенттерди кунт коюп окууга, мамлекеттин мыйзамдарын сыйлоого жана сактоого үгүттөштү.

Ачык эшиктер күнүн жыйынтыктап жатып, областтык соттун төрагасынын орун басары Ш.Ж.Жакыпбаев меймандарга окуусунда ийгиликтерди жана келечектеги кесибинин мыкты адиси болууларын каалады.

 

Фото - Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк театр күнү белгиленип, сүмөлөк кайнатылды

 

 Жалал-Абад шаарында Барпы атындагы кыргыз драма театрынын эмгек жааматы Дүйнөлүк театр күнүн шаардын коомчулугунун коштоосунда кыргыздын улуттук оюндары жана сүмөлөк кайнатуу менен белгилешти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жалал-Абад шаанын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын айтымында, Барпы театрынын чыгармачыл жамааты быйыл өзгөчө программада белгиледи.

-Бүгүнкү театр майрамында элге жакшы маанай тартулоо максатында атайын концерттик программа, сценалык аткаруулар болду. Жылдан айырмаланып, быйылкы жылы театр ишмерлерибиз казанда сүмөлөк кайнатып, ушул жыл жемиштүү жылдардын болсун деген тилектерин билдиришти, – дейт ал.

Майрамдык  иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шааынын мэриясынын Ардак грамоталары театрдын алдыңкы театр кызматкерлерине тапшырылды.

Эске сала кетсек, Өткөн Тарых жана маданият жылында уюшулган  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Курманбек баатыр” драмасы менен барган театр кызматкерлери баш байгени жеңип келишкен. Ал эми театрда уюшулган 1992-жылдан бери 40тан ашуун спектаклдер сахнага алып чыгылып, чыгармачыл топ бир катар эл аралык фестивалдардын лауераты болгон.

Ошто 300дөн ашуун мечит имамдары аттестациядан өтүштү

22-марттан тартып 25-мартка чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын буйругуна ылайык Ош шаарынын борбордук Алай “Имам Аль-Бухарий” атындагы мечитинде имамдарды аттестациялоо иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдады.

Аттестациялоо иш-чарасы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, КМДБнын түзүмүндөгү диний кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү комиссиясынын төрагасы Марс ажы Ибраев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралган комиссия мүчөлөрү тарабынан өткөрүлүп, имамдардын билим деңгээлин аныктоо билеттик суроолордун негизинде текшерилди. Аттестациянын жүрүшүндө имамдардын диний багыттагы илимий даражасын жана тиешелүү мамлекеттик мыйзамдарды билүү деңгээлине басым жасалды жана имамдын кызматтык милдеттерди аткаруудагы даярдыгын билүү максатында да кошумча суроолор берилди. Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин айтуусунда аталган аттестациялык сынакка Ош облусунун аймагынан өздүк документтери талапка ылайык жооп берген 300дөн ашуун мечит имамдары катышышкан. Эскерте кетсек, буга чейин аттестациялык сынактан ийгиликтүү өткөн Ош облусунун 300дөн ашуун мечит имамдары КРнын Президентине карштуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунан ай сайын берилүүчү стипендиясын алып келишет.

 

Тажикстандык үч мигрант туулуп-өскөн айылын электр жарыгы менен камсыз кылды

Тажикстандын Хатлон облусундагы Фархор айылынын үч жашоочусу Орусияда иштеп тапкан акчасына туулуп-өскөн айылындагы көчөгө электр зымын тартып беришти.

Алардын бири Ширинбек Бозоровдун айтымында, өз көчөсүн электр жарыгы менен камсыз кылуу бала кезиндеги кыялы болгонун айтты.

«Өспүрүм кезимде атам менен бир канча жолу Дүйшөмбүгө баргам. Ошондо кийин жетиштүү акча таап калсам, сөзсүз биздин караңгы көчөгө электр алып келем деген чечим кабыл алгам», — деди ал.

Айтымында, электр зымдарын Орусиядан алып келишкен, лампаларды болсо райондун борборунан сатып алышкан.

Фархор районунун борборундагы Турсунзаде көчөсүнүн тургундары 20 жылдан бери электр жарыгысыз күн кечирип келишкен. Ооганстан менен чектешкен айылдын бул көчөсүндө райондун мечити жана чек ара мунарасы жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Муфтийди шайлоо – келечекти тандоо

 

Апрель айынын башында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысын кезектеги шайлоо болуп өтөт. Мусулмандардын Дин башкармалыгы — ​өтө олуттуу уюм. Кыргызстандын бардык диний окуу жайларындагы, мечиттериндеги окутуу программасынын “маани-маңызы” үчүн дал ушул муфтият жооп берет. Ошондуктан КР Муфтиятынын башында турган персонанын мааниси абдан чоң.

Акыркы жылдарда Диний башкармалыктын дарегине көп эле сындар айтылды. Биринчи кезекте, өлкөдөгү исламда көпчүлүк өлкөлөрдө тыюу салынган, экстремисттик деп таанылган — ​“Таблиги жамааттын” массалык кыймылынын өсүшүнө байланыштуу айтылды. Акыркы он жылдыкта 10–15 жаштагы кыргызстандыктар Пакистанга, Индияга, Бангладешке жамаатчылар багыты боюнча окууга чыгып кетип жатышат.

Эгерде жамаатчылар жүрүп отуруп радикалдык экстремисттерге айланбаса, бардыгы анча жаман болмок эмес. Акыркы он жылдыктагы Кыргызстандагы ар кандай саясий тирешүүлөрдү эске алсак, бийлик үчүн күрөштө оңу келсе исламдык өңүттү пайдалануу коркунучу бар. Мындайды биз Египетте жана Ливияда байкаганбыз. Сыртынан караганда диний сезимдей көрүнгөнү менен саясий боёк сүртө коюш бат эле. ДАИШ (ИГИЛ) ушинтип пайда болгон.

Эгерде “Таблиги жамааттын” өлкө боюнча чагылгандай тез тарап бараткан масштабын КР Муфтиятынын аракети менен салыштырсак, кызыктай тенденция келип чыгат: акыркы үч жылда КР Муфтияты Кыргызстандагы жамаатчылардын катышы тууралуу бир да жолу үн катып койгон жок. Андан дагы, КР Дин башкармалыгында жамаатчылардын өлкөдөгү диний ишмердигин жөнгө салган бөлүм бар, ал эми “Таблиги жамааттын” жолдоочулары (Кыргызстанда аларды адатта даваатчылар деп коюшат) атургай КР Дин башкармалыгынан жана ИИМинен белгилүү бир райондогу өздөрүнө бекитилген мечитте диний ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн уруксат алышат. Бүгүнкү күндө таблигчилер — ​бул бир гана импорттук агым эмес, ал өлкөнүн салтына ыңгайлашкан, аларды кийими боюнча айрып тааный албайсың. Бирок алар өлкөнүн салттуу исламына коошпогон жолдорду таңуулашууда.

Мындай көз жумуп коюучулук Кыргызстандын өзүнүн “Йакын инкар” аталган диний агымынын келип чыгышына алып келди. Ысык-Көл облусундагы бул кыймылдын келип чыгышынын болжолдуу датасы, эксперттердин айтымында, 2013–2014-жылдарга туура келет. Жаңы диний агым өзүнүн мүнөзү боюнча Сауд Аравиядагы салафиттерге жакындап кетет, башкача айтканда мусулман коомчулугуна эртелеп аралашуу жана ишенүү, мусулмандын турмушундагы бардык жаңы өзгөрүүлөргө каршы туруу болуп саналат. “Йанкыр инкардын” талапкерлери диний ишмердүүлүктү жөнгө салган мыйзамдарды тааныбайт. Алар иштебейт, сырткы кебете-кешпири жагымсыз –узун сакал коюп, пакистандын киймин кийет, билими жок, светтик илимди тааныбайт, унаа пайдаланбайт, колуна акча албайт.

Бир сөз менен айтканда, булар — ​фанаттар, болгондо да исламга коошпогон, коомдун турмушуна жана өлкөнүн улуттук каада-салтына каршы фанаттар. Эң коркунучтуусу алардын катары жаштар, айрыкча айылдык жаштар менен толукталып жатканында. Бул — ​коомдун эң эле радикалдашкан катмарынын бири болуп саналат.

Айтмакчы, Йанкыр-Инкар идеясын таратып жатышкан райондон Сирияга абдан көп кетип жатышат же ошого аракет кылышууда. Же буларды ИГИЛдин идеясын толук бөлүштүрүшөт десек да болот.

Ушуга карабастан Кыргызстандын Дин башкармалыгы бир гана көз салып турганын жана бул агымдын жолдоочуларынан эч деле жамандык көрүшпөй тургандыктарын билдирип келет. Ал эми укук коргоо органдары алар тарабынан санкцияланбаган диний үгүттөө учурунда гана анча-мынча айып пул салуу менен чектелүүдө.

Же болбосо, КР Муфтиятынын мындай нейтралитетинин айынан эсктремисттик өңүттөгү агым гүлдөп өнүгүүдө. Ал эми Диний башкармалык коңгуроо кагып чыгуунун жана дин аалымдарынын билимин жогорулатуунун ордуна, потенциалдуу экстремисттерге сыртынан көз салуунун гана үстүндө.

Мунун баарын эмнеге айтып жатабыз?

Апрелдин башында Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгы жаңы муфтийди шайлайт. Муфтий болом деген талапкерлерге коюлган талап да өзгөчө: талапкер диний жана светтик билимге ээ болуп, Кыргызстандын мыйзамдарын билиши, Дин башкармалыгында же башка диний уюмдарда үч жылдан кем эмес иштеши, соттолбогондугу, гумандуулугу, эл арасында кадыр-баркка ээ болушу керек. Бирок муфтий кандай көз карашты карманарын жана “туура дин саясатынын” маанисин канчалык биле тургандыгы тууралуу бир ооз да сөз жок. Болгону билими жана “иш тажрыйбасы” талап кылынат.

Бүгүнкү күндө КР Дин башкармалыгынын бийик постуна жогорку талаптарга ылайык экөө туура келет — ​бири азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев. Ал Дин башкармалыгынын башына 2014-жылы, ал учурдагы Рахматулла ажы Эгембердиевге байланышкан ызы-чууда келген. Кийинкиси “Таблиг жамаатына” караманча каршы чыккан. Байкоочулар Эгембердиевдин кетиши ажыга баруудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү аракетине байланыштуу деп эсептешкен. Айрым маалыматтарга караганда жыл сайын муфтияттын ажылыктан көмүскөдө тапканы 5–6 миллион доллар каражатты чапчыйт.

Экинчиси Чубак ажы Жалилов. Ал дагы 2010-жылдан 2012-жылган чейин Кыргызстандын муфтийи болгон. Ал окумуштуу- теолог, бир катар китептерди даярдап жана жарыкка чыгарган, фикх(мусулман укугунун) билгичи, Куранды тафсир окутууга жана хадис айтууга укугу бар.

Анын башкаруу учурунда республика боюнча дин кызматкерлери дээрлик жаңыланган. Жалилов мечиттердин имамдарынын билимин жогорулатуу курстарын кийирип, бардык дин кызматкерлерин аттестациядан өткөргөн. Ал Кыргызстанда диний насыяттын мазмуну үчүн кам көргөн биринчи адам: имамдарга Диний башкармалыктын кызматкерлери текшерип, бекиткен диний насыяттын текстин жеткирген. Диний насыятка болгон мындай көзөмөл диний насыят аркылуу динге ишенген адамдардын көз карашын бир гана дин аркылуу эмес, коомдук-саясый жактан да кеңейтүүнү, адамдарга мамлекеттеги маанилүү маселелер боюнча муфтияттын расмий позициясын жеткирүүнү, экстремисттик агымдарга каршы турууну камсыздайт.

Азырынча муфтият Диний башкармалыктын башчыларына талапкерлердин толук тизмесин жарыялай элек. Бирок Кыргызстандагы диний нигилизмдин шарттарында муфтийдин кызмат ордуна өлкөдөгү радикалдуу агымдардын пайда болушуна жана жайылышына каршы күрөш жүргүзө ала турган адамды шайлоо логикалык жактан туура болуп турат. Бул Кыргызстан көрүп турганыбыздай Ливия, Сирияга айланбаш үчүн абдан зарылдык экени талашсыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Фото - Япон эли менен Жалал-Абаддын ортосундагы кызматташтык күчөйт  

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, мындан ары Япония эли менен Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагы жана коомчулугу ортосундагы пайдалуу кызматташтыктар күчөтүлөт. Бул тууралуу Япниянын Кыргызстандагы элчилигинин 3-катчысы Юри Накагава шаардагы Б. Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясында болгон кезде белгилүү болду.

Юри Накагава айымдын мектептеги жолугушуу иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри  Турдалы Темирбаев жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Ырысбек Калчаев катышшты.

Аталган гимназия-мектебинин директору Кульнара Мамытованын айтымында,  мындагы негизги максат – эки элдин ортосундагы билим берүү багыты боюнча кызматташтыкты күчөтүү.

-Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата достукту, ынтымакты бекемдөө багытындагы мындай иш-чаралар ар тараптуу маданий байланыштардын өнүгүүсү менен коштолушу шарт . Бул жолугушуу учурунда япон эли менен кыргыз элинин жашоосундагы, билим берүү жана маданият жаатындагы окшоштуктар ортого салынып, тыгыз кызматташуулар тууралуу кепп болду, – дейт ал.

Юри Накагака айымдын айтымында, кыргыз жана япон элдеринин окшоштугу – бул  алардын меймандостугу. Ал мугалимдер жамаатына жана окуучуларга япон элинин, урп-адаты, каада-салты жана бүгүнкү күндөгү билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу атайын даярдап келген слайд аркылуу жолугушууга катышкандарды тааныштырды.

Жолугушуунун соңунда  келген конокторго мектеп окуучулары тарабынан түрдүү улуттардын ыр-бийлери коштогон чакан концерттик программа тартууланды.

ОшМЮИде ишембилик эмгек майрамына айланды

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучулар курамы жана студенттери эрте таңдан ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады.

Алар жогорку окуу жайдын короосун  тазалап, бак-дарактарды акташты. Өстүрүлүп жаткан гүлдөрдүн, дарактардын  астын чаап-жумшатып, жөөк тартып чыгышты. Ал эми институттун жамааты көтөргөн «Шаардын талазылыгы үчүн» деген демилгени колдогон бир топ студенттер  Ош шаарынын Манас ата кичи районунун аймагында ишембилик өткөрүштү. Жаштык кайраты менен иштеген студенттер аймактагы көчөлөрдү таштандылардан арылтып, жолдун чекелериндеги  арыктарды чаап, шаардын көркүнө көрк кошушту.

-Ишембиликти уюштуруубуздун  негизги максаты жаштарды эмгекке көндүрүү менен тазалыкты сактоого үйрөтүү, -дейт ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов.

Бул күнгү ишембилик аталган жогорку окуу жайдын жамааты үчүн чыныгы эмгек майрамына айланды. Анткени уюшкандыкта өткөрүлгөн ишембиликтин демилгесине кошулган дагы бир топ студент жаштар Ак-Буура дарыясынын жээктерин таштандылардан тазалап, иретке келтиришти. Шаардын тазарышына татыктуу салым кошкон жамааттын маанайы да майрамдагыдай көтөрүнкү болду.    

Меню