Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

«Centerra Gold Inc.» компаниясы 50 млн. АКШ долларын бөлүү тууралуу келишим түзүлдү, ал каражат тазалоочу түтүктөрдү курууга багытталат

Бул тууралуу  Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн,Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде жайгашкан, алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда айтты, – деп билдирди Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Келишимге ылайык «Centerra Gold Inc.»компаниясы 50 млн. АКШ долларын бөлө турган болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аталган каражат Ысык-Көлдүн жээгине жакын жайгашкан шаар, айылдардын суу түтүктөрүн курууга жумшалат. Бул иштер этап-этабы менен жүргүзүлөт. Эң башкысы тазалоочу түтүкөр Кумтөр кенине жакын жайгашкан айылдарга жана калк көп жайгашкан жерлерге орнотулат», — деди Премьер-министр Сапар Исаков.

 

Атамбаев Нарын облусунун Чекилдек айылындагы К.Темиров атындагы мектептин ачылыш аземине катышты

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 8-сентябрда,  Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында  Кочкор районундагы   Чекилдек айылында  К.Темиров атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев  мамлекеттин өнүгүшүнө  жана  гүлдөп өсүшүнө билим негиз болоорун белгиледи.

“Биздин келечегибиз – билимдүү кыргызстандыктар. Ошондуктан  билим берүү тармагы артыкчылыктуу каржыланат.  Бюджеттин 24 пайызынан ашыгы   билим берүүгө жумшалат. Башка өлкөлөрдө бул тармак 3-4 гана пайыз каржыланат. Биз билимди баарынан бийик коюшубуз керек, анткени бизде нефти жана газ  жок. Биздин келечегибиз – балдарыбыз”, -деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстанда акыркы алты жылдын аралыгында ири масштабдуу долбоорлорду ишке ашырып, көп жылдар бою чечилбей келген проблемаларды чече алдык деп баса белгиледи.

“Элдин колдоосу жана ишеними менен өлкөнүн турмушундагы олуттуу кайра курууларды ишке ашыра алдык. Азыр  калкыбыз  электрибиз же газ өчүп калат экен  деп коркпой калган. Мамлекетти башкарууга эч булганбаган  жана абийири таптаза жаш саясатчылар келишти. Жакынкы аралыкта алар реалдуу реформаларды ишке ашырат деп ишенем”,- деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жаңы мектептин имаратындагы окуу кабинеттерин, спортзалды кыдырып чыгып, ноутбук жана проектор сатып алууга белек катары сертификат тапшырды.

Маалымдама:  Нарын облусундагы Кочкор районунун Чекилдек айлындагы К.Темиров атындагы мектеп 150 окуучуга ылайыкталган. Долбоордун наркы 51 млн.сом.

Тайторунун чабышы эске түшөт...

Айкөл Манас өлгөндө атасы Жакып калыс боло албай, “өрдөк жокто чулдук бий” болушуп Ордонун ичинде ырк кетип, ал тургай Абыке менен Көбөш жеңеси Каныкейди талашып ага далай кордукту көрсөтүшөт. Коргоп калаар Манасы жок же Чубак, Алманбет, Сыргак жок каралуу Каныкей далай басынууга тушугат. Кезинде Манас баатырга чеп болуп келген Нарындын Ат- Башысындагы кан Жолой 90дөн өтүп көзүнүн курчу кетип, билегинин кубаты кайтып калган. Жалгыз Бакай эмне кыла алмакчы? Ошондо Каныкей Кошой менен Бакайдын кеңешинен кийин Тайбуурулду минип, бешиктеги Семетейин алдына
өңөрүп алып, көзүнүн жашын көлдөтүп тун карайып калганда төркүндөрүнө-Бухарага качууга аргасыз болот. Бирок, акылдуу Каныкей ал жакта тынч жатып калган жок. Тажик элине “жаш Семетейдин зоболосун көтөрөйүн”, “Айкөл Манастын арбагын эскерейин”, “Кыргыздын намысын алайын” деп Манас өлгөндө Кошой бабасы анын азасына жетелеп келген Т айторуну төркүндөрүнүн каршылыгына карабай чоң аламанга кошот. “Семетейдин зоболосу көтөрүлөөр бекен, Манастын арбагы колдоор бекен?” деп. Марата келе жаткан күлүктөрдүтурнабай салып караса Тайтору 60 аргымактын сонунда араң келе жатат. Санаага баткан
Каныкей бир аз өтүп кайрадан дүрбү салып караса Тайтору баягы 60 аргымактын кыйласын артка калтырып, башын жерге салып бир башкача чуркап келе жатат дейт. Корее Тайторунун денеси ошондо жибип, ошондо күүсүнө келген экен, кайран жаныбар! Акыры марага башка күлүктөрдөн чай кайнам убакыт эрте келёт…

… Ошол сьщары азыр хан такты үчүн болгон чоң аламанда Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүнжаралган кайсы азаматыбыз “азыркынын Тайторусун” минээр болду экен?

“Ай гай-пресс”

Атамбаев Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 8-сентябрда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында облустун Кочкор жана Жумгал райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуу  салттуу “суроо-жооп” форматында өткөрүлдү. Мамлекет башчысы Кочкор жана Жумгал райондорунун жашоочуларынын мектептерде окуучулардын көптүгүнө  жана жаңы мектептерди  куруу керектигине, аларда капиталдык ремонт өткөрүү зарылдыгына байланыштуу суроолоруна жооп берди. Ошондой эле  жолдордун курулушу, облуста ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу суроолор берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөбүз үчүн эң оор жылдар артта калды. Кыргызстан өнүгүүдө өз жолун тапты, эми ал багытынан тайбайт, деп баса белгиледи. Мамлекет башчысынын сөзү боюнча  акыркы 5-6 жылда мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, урунттуу  тармактарды реформалоодо,  мамлекеттин кирешелерин калыс бөлүштүрүү системасын орнотууда көп иштер жасалды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент  көтөрүлүп жаткан маселелерди, биринчи кезекте авариялык мектептерге тиешелүү маселелерди өз мөөнөтүндө чечүү  боюнча  мамлекеттик органдардын  жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Нарын облусуна келди

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 7-сентябрда жумушчу сапар менен Нарын облусуна келди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жумушчу сапардын алкагында Президент  эртең, 8-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылып жаткан «Арзан турак жай 2015-2020-жылдары» программасынын алкагында  Нарын шаарында көп батирлүү үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышат жана Нарын облусунун  активи жана коомчулугу менен жолугушат.

Андан соң Мамлекет башчысы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чекилдек айылында жаңы мектептин  ачылыш  аземине катышып, Кочкор жана Жумгал райондорунун активи  жана коомчулугу менен жолугушуу өткөрөт.

Алмазбек Атамбаев Нарын шаарында көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарында  көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысы үйдүн курулуш  долбоору менен таанышып,  сөз сүйлөдү.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө  өлкөнүн аймактарында социалдык турак жай  куруу боюнча масштабдуу долбоор Нарын шаарынан башталгандыгын белгиледи.

“Бирок «Арзан турак жай 2015-2020” программасы Нарында бир үйдү куруу менен чектелбеши керек.  Курулуш иштери  тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш.  Нарын шаарынын көркү  жакында  жакшы жагына өзгөрө баштайт. Калкты  арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги  милдеттеринин бири болууга тийиш. Жакынкы 5-10 жылда  биз бардык муктаж болгондорго жана бюджет тармагынын кызматкерлерине социалдык турак жайлардын тартыштыгын  жоюуга  милдеттүүбүз”, -деди Мамлекет башчысы.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун ишмердигине токтолуп, анын каражаттары Кыргызстанда жаңы ишканаларды ачууга жумшалууга тийиш деди. Жарандарыбыз  арзан кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, ошону менен региондорубузду жана жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кол кабыш кылышы керек.

“Бул калкыбызды  жаңы жумушчу орундар менен камсыз кылууга шарт түзөт. Жакынкы жылдары   өлкөбүз түп тамырынан бери  өзгөрөт. Азыр биз ай сайын  жаңы ишканаларды ачып жатабыз, ал эми жакынкы аралыкта мындай окуялар андан дагы тез-тез болот. Бардык жакшы өзгөрүүлөр убакытты жана  чоң күч аракетти талап кылат”,-деп Мамлекет башчысы  шаардыктарды  кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду тарабынан  каржыланган бизнес-долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев шаардыктарды  биримдикке жана ынтымакка чакырып, колдоо жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымдама: Кабаттуу үйдүн курулушу Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан «Арзан турак жай 2015-2020-жылдары” программасынын алкагында ишке ашырылып жатат. 5 кабаттуу  турак үй 60 үй-бүлөгө ылайыкталган, долбоордук наркы 106 млн сом.

Алмазбек Атамбаев Нарын облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында облустун активи жана коомчулугу менен жолугушту.

Салттуу “суроо- жооп” форматында өткөрүлгөн  жолугушуунун жүрүшүндө облустагы түрдүү тармакта  ишке ашырылып жаткан долбоорлор,  облусту социалдык-экономикалык жактан  өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү  долбоорлорду  ишке  ашыруу боюнча мындан аркы пландар талкууланды.

“ Өлкөбүз өзүнүн өнүгүү жолун тапты, эми алдыга ишенимдүү кадам шилтейт. Мамлекеттүүлүгүбүз мындан ары  чыңдалган сайын  нарындыктардын тынчын алган курч маселелер комплекстүү чечиле берет”, -деди Президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө   Президенттин  облустагы кечиктирилгис курч маселелерге тиешелүү тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы  нарындыктарга ар дайым колдоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушууга келген  Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын жана Ат-Башы райондорунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынын алкагында өткөн салтанаттуу аземде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү жаңы мүчөлөрү ант беришти:

– Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Исаков Сапар Жумакадырович;

– Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович;

-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Султанбекова Чолпон Аалыевна;

– Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Джумакадыров Темир Курмангазиевич;

– Өкмөт Аппаратынын жетекчиси – Кыргыз Республикасынын министри Момуналиев Нурханбек Сакенович;

– Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешович;

– Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Исраилов Улан Жумабекович;

– Кыргыз Республикасынын юстиция министри Ахметов Уран Түлөндиевич;

– Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович;

– Кыргыз Республикасынын экономика министри Новиков Артем Эдуардович;

– Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

– Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов;

– Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчиевич;

– Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гүлмира Каримовна;

– Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;

– Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Казаков Түгөлбай Токтогулович;

– Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкүл Базаркуловна;

-Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Cегизбаев Абдил Кеңешевич;

– Кыргыз Республикасынын  Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Касымкулов Мирбек Абдыкаимович;

– Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов Уланбек Дуулатович;

– Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы  Абасканов Нурбек Эсенканович.

Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Алмазбек Атамбаев кечээ, 5-сентябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөбүзгө мамлекеттик  сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен   сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Кеңейтилген  курамда жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысы Өзбекстандын Президентин  кыргыз жергесине кош келиңиз деп жылуу тосуп алды.

“Өзбекстан Республикасынын Президентинин бүгүнкү мамлекеттик сапары  боордош эки өлкөнүн, эгемендүү эки республиканын мамилелериндеги жаңы доорду ачып жатат. Өзбекстан  Борбордук Азиядагы бардык өлкөлөр менен чектеш жалгыз өлкө.  Урматтуу  Шавкат Миромонович, сиз Президент болгон бир жылга жетпеген мезгилдин аралыгында  бардык кошуна  республикалар менен мамилелерди кескин  жакшыртууга жетишкениңизди көрүп турабыз. Бул  жалпы аймактагы саясый кырдаалга жакшы таасирин  тийгизди”,- деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Өзбекстандын  экономикасындагы жана саясатындагы  прогрессивдүү реформаларга көз салып,  жакынкы аралыкта  өлкө Борбордук Азиянын  географиялык гана эмес, экономикалык, соода жана саясый  борборуна айланаарына  көбүрөөк  ынана баштагандыгын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев  Президент Шавкат Мирзиёевге сапар улап келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, боордош Өзбекстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Өз кезегинде Өзбекстандын Президенти  меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара кызматташуунун деңгээли жогору экендигин белгиледи.

“Бул жакындашууларда менин досум, бир тууганым Алмазбек Шаршенович зор роль ойноду.  Самаркандагы жолугушууда биз бардыгын ачык-айрым сүйлөштүк.  Бүгүн биз эң жакын досторубуздун кучагындабыз, боордош элдин кучагындабыз. Мен телевизор көрдүм.  Ал жерде эл  Анжиянга жана Ошко мурдагыдай барып келээрине ишенишпей жатат.  Жетекчи катары мен элдерибиздин бул каалоосун аткарууга милдеттүүбүз деп эсептейм”,- деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын Президенти   өз сөзүндө  Кыргызстанда болжолдонгон  Президенттик шайлоолор ийгиликтүү өтөөрүнө  ишенимин билдирди.

“Кыргыз эли Алмазбек Шаршенович ушул жылдары чыңдоого аракеттенген  ырааттуулук  үчүн, тынчтык жана туруктуулук үчүн  добуш берет”, -деди  Шавкат Мирзиёев.

Анын пикири боюнча  ушул кыска мезгилдин аралыгында  эки өлкөнүн ортосунда  саясый ишеним артып, саясый эрк жана компромисс табууга даярдык бар экендиги көрүндү.

“Кыска мезгилдин аралыгында биз соода-экономикалык байланыштардагы көрсөткүчтөрдү  сезилерлик жакшыртууга жетише алдык. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 500 млн долларга көтөрөлү деген пландар бар. Ошону менен катар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун  жана Ош -Анжиян – Кашгар автожолунун курулушун тездетүү тууралуу макулдашууга жетиштик”,- деди Шавкат Мирзиёев.

Жакынкы аралыкта  макулдашылчу документтерди  кол коюу боюнча  иштерди аяктап, аларды ишке ашыра баштаарын баса белгиледи.

Президент Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө  эки өлкөнүн өз ара мамилелеринде маданий-гумантирдык  алакаларда   олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Кечээ, 5-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев өзбек лидеринин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча басма сөз үчүн билдирүү жасашты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Президент Алмазбек Атамбаев  өз сөзүндө  сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар  саясый эрк, каалоо болсо бардык маселелер боюнча макулдашууга жетишсе болооруна ынангандыгын  баса белгиледи. “Бул тарыхый күндүн жакындатууда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин эмгеги зор.   Ал мени бир тууганым дегендей эле, мен дагы аны бир тууганым дейм. Өлкөлөрүбүз ортосунда  бир туугандык мамилелер болушу керек”, -деди Алмазбек Атамбаев.-  Эки өлкөнүн ортосунда  көп проблемалар, тоскоолдуктар болгон, бирок алар  чечилип келген. Бүгүн биз баардык маселелер боюнча толугу менен өз ара түшүнүшүүгө жетиштик”.

Президент Алмазбек Атамбаев  октябрь айына пландаштырылган сапарына чейин   бүгүн, 5-сентябрда кол коюлган келишимдерди  ишке ашыруу зарыл экендигин  белгиледи. “Биздин чек араларыбыз эл эркин катташкыдай максималдуу ачык болушу керек.  Чек араларыбыз араздашуунун чек арасы болбостон, жакшы коңшулаштыктын, достуктун дарбазасына  айланууга тийиш”, -деди Президент.

“Шавката Мирзиёев  иштегенине бир жылга жетпеген мезгилде Өзбекстандын   экономикасында  жана саясатта  радикалдуу өзгөрүүлөр, прогрессивдүү реформалар болду. Шавкат Мирзиёев  бардык коңшулаш мамлекеттер менен мамилени жакшыртты.   Мындай ыргак менен    Борбордук Азиянын географиялык борбору болуп саналган  Өзбекстан соода, экономикалык, саясый борборуна айланаарын көрүп турам”, -деди Алмазбек Атамбаев. – Бүгүн мен биздин ортобузда  чечилбей турган эч бир маселе жок экендигине дагы бир ирет ынандым. Каалоо болсо, Өзбекстанда дагы, Кыргызстанда дагы көп жыл күткөн Шавкат Миромонович сыяктуу  прогрессивдүү лидер болсо, бардыгы чечилет экен.”

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Шавкат Мирзиёевге өлкөгө сапар тартып келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстанга жооп иретинде сапар менен келип кетүү тууралуу чакырууну канааттануу менен кабыл алды.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев да бүгүнкү күн тарыхый күн экенин белгиледи. “Алмазбек Шаршенович экөөбүз бул күндү мүмкүн болушунча жакындаттык, – деди ал. – Биз Самарканда жолукканда ортобузда абдан ачык жана адил сөз болду. Биз ага чейин да жолукканбыз жана бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Премьер-министр болуп иштеп турганда да биз көп сүйлөшчүбүз, бирок, ал кезде көп маселелердин чечилиши бизге байланыштуу эмес эле. Биздин колубуздан көп нерсе келип турган бүгүнкү күнгө бизди Кудай жеткирди”.

«Алмазбек Шаршенович жолугушуу учурунда тийиштүү ведомстволорго экөөбүздүн Ташкенттеги жолугушуубузга чейин чек аранын калган бөлүгүн баяндап жазууну тапшырды. Чынында аз эле калды, биз бир жылдын ичинде чек аранын 80 пайыздан көбүн баяндап жазып бүтүп койдук. Аракет кылсак, калганын да бүтөбүз деп ойлойм. Айрым кууш, аяр маселелер боюнча адегенде Алмазбек Шаршенович экөөбүз талкуулап, бир бүтүмгө келдик. 20 жылдан бери чечилбей келаткан маселелерди биз чечебиз. Биздин элдерибиз үчүн бул маселени чечишибиз керек. Биздин мамилелерге биз өтө чоң маани беребиз жана келечекти чоң ишеним менен баалайбыз», – деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан Президенти бул күнгө биз абдан кылдаттык, сабырдуулук менен келдик, анткени бул маселеде кызуулукка орун болбошу керек,  бул маселеде акыл-эстүүлүк зарыл деп баса белгиледи. “Бул ишти улантууга бизде саясий эрк бар. Кыска мезгил аралыгында Алмазбек Шаршенович өлкөдө туруктуулукту орнотуу үчүн көп иштерди жасады. Кошуна катары биз буга кубанычтабыз. Эгерде ортобузда достук болбосо, бизге да, силерге да эч убакта жакшы болбойт. Биз бүгүн айтып жаткандар – бул коопсуздук маселеси. Мен бул чек ара достуктун чек арасы болушун каалайм », – деди Шавкат Мирзиёев.

Ал суу ресурстары боюнча да, Анжиян-Ош-Кашкар автожолунун курулушу боюнча да, ошондой эле Кыргызстандагы гидроэлектрстанциялардын курулушу боюнча да олуттуу макулдашууларга жетишилгенин белгиледи. “Биз бул иштерге, анын ичинде финансылык жактан да, эң активдүү катышууга даярбыз. Биз баарын ар тараптан салмактап, эки тарапка тең пайдалуу болгондой кылышыбыз керек. Ал эми Камбар-Атаны куруу бизге керек, бул станция керек», – деди Шавкат Мирзиёев.

Сөзүнүн аягында Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда, ушул кыска мөөнөттө Кыргызстанда абалды турукташтыруу үчүн көп нерселер жасалганын дагы бир жолу белгиледи. “Ал өлкөнү кандай абалда кабыл алганын да, президенттик мөөнөтүн кандай аяктап жатканын да мен жакшы билем. Ал өз мөөнөтүн сыймыктуу, элдин ишенимине арзуу менен аяктап жатат. Эл  туруктуулукта, коопсуз турмушта  жашап, экономика өнүгүп, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы улам өсүп баратат.  Бул реалдуу нерсе, биз муну болгондой кабыл алышыбыз керек.  Биз коңшу  өлкөлөрдө буга кубанып жатабыз. Биз биргелешкен иштерибизди улантып, элге кызмат кылышыбыз керек”, -деди Шавкат Мирзиёев.

Президент Алмазбек Атамбаев  өз кезегинде   Өзбекстан менен  достукка алынган багыт мындан ары улантылаарына ишендирди.  “Кыргызстандын жарандары  буо багытты улай турган адам үчүн добуш берээрине ишенем”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Меню