Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдун Кыргызстанга мамлекеттик сапары аяктады

Бүгүн, 6-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдун Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапары аяктады. Бул туурасында президенттин расмй сайты жарыялады.

Президент Алмазбек Атамбаев  эл аралык «Манас» аэропортунда Өзбекстандын  Президенти Шавкат Мирзиёевду Мекенине узатты. Узатуу аземине  Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү жана Өзбекстан Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү, ошондой эле башка расмий адамдар  дагы катышышты.

Мамлекеттик  сапардын алкагында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев тар курамда жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган көптөгөн маселелер боюнча пикир алмашты,  эки тараптуу мамилелердин бардык  спектрин жана эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында   кыргыз-өзбек эки тараптуу бир катар документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө Келишимге кол коюлду.

Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Мамлекет башчылары басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаковду кабыл алды

Президент Атамбаев кечээ, 4-сентябрда, өлкөнүн  Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаковду кабыл алды. Бул туурасында президенттин рамий сайты жарыялады .

Жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысына  компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан  терроризмге жана диний экстремизмге  каршы  күрөшүү боюнча алдын ала чаралардын комплекси  активдештирилип жаткандыгы туурасында маалымат берилди.

Ошондой эле жолугушууда   11-сентябрга болжолдонгон  “Кыргыз Республикасында Президентин шайлоолорго  даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча  чаралар жөнүндө”  маселе  каралчу  Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумунун  күн тартибиндеги маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев   өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталган   маселе абдан олуттуу экендигин баса белгиледи.

“Биз шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу,  шайлоо процессине заманбап технологияларды киргизүү боюнча көп иштерди жасадык. Бирок   өлкөнүн   саясый жана коомдук турмушундагы  тарыхый процесстин жаңы баскычы болуп кала турган, Кыргызстанда демократиялык туруктуулуктун келечегине таасирин жана маанисин эске алуу  менен, Президенттик шайлоону ачык жана  демократиялуу өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүү зарыл. Процесстин бардык катышуучулары бирдей шартта ачык атаандашып,  жарандар эркин добуш бериши үчүн толук шарттарды түзүш керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Бүгүн, 5-сентябрда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Эл аралык «Манас» аэропортунда Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди расмий тосуп алуу аземи өткөрүлдү.

Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Мамлекеттик сапардын алкагында  Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Шавкат Мирзиёевдин  сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт.

Мамлекет башчылары  өз ара кызыкчылык туудурган көптөгөн маселелер боюнча пикир алмашып,  Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулайт.

Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Шавкат Мирзиёев  эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу аземине  катышып,   басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасайт.

Алмазбек Атамбаев Аппарат Жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды

Атамбаев 2-сентябрда, Аппарат Жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды. Бул туурасында президенттин рамсий сайты жарыялады.

Жолугушууда мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенишүү аркылуу түрдүү багыттардагы өлкөдөгү стратегиялык милдеттерге тиешелүү Президенттин тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы Аппарат Жетекчиси менен 2040-жылдарга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштин жүрүшүн дагы талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев түрдүү тармактардагы маанилүү долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууну тиешелүү көзөмөлгө алып, аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Алмазбек Атамбаев консерваланган жашылча жана жемиш өндүрүүчү заводдо болду

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-сентябрда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында жайгашкан консерваланган жашылча  жана жемиш өндүрүүчү заводдо болду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Ишканага 5,5 млн АКШ долларлык инвестиция салынган, анын 3,9 миллион долларын Кыргыз-россия өнүктүрүү  фонду каржылаган.

Мамлекет башчысы  заводдун  технологиялык процесси, өндүрүштөн чыгарылган продукция менен таанышып  чыкты. Завод суткасына 30 тонна продукция  иштетүүгө жөндөмдүү. Ишкананын өндүрүштүк комплекси лаборатория, бир мезгилде 3000 тонна азык сактачу муздаткыч жайлар, даяр продукцияны сактачу складдар менен жабдылган.

Ишкананын жетекчиси Шайлоогүл Майлиева Президентке  өндүрүштүк комплекстин   процесстеринин этаптары туурасында айтып берди.  Анын айтымында  азыктын жана даяр продукциянын ар бир партиясы заводдун лабораториясында   физико-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча анализден, микробиологиялык  жана органолептикалык изилдөөдөн өткөрүлөт.  Ишкананын жаңы технологияны пайдаланып, жогорку түшүм   алууга мүмкүнчүлүк берген  заманбап айыл чарба техникасы дагы бар.

Президент Алмазбек Атамбаев   жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү эң негизги тармактардын бирин өнүктүрүп жаткандыгы үчүн заводдун жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында   өлкөнүн ишкерлери менен фермерлери  арзан финансылык ресурстарга жетиши  жана ушул өңдүү долбоорлорду  ишке ашырышы экономиканы өнүктүрүүгө, биринчи кезекте Евразиялык экономикалык бирликтин жана Европа союзунун өлкөлөрүнүн рынокторуна кыргыз товарларын чыгарууга байланыштуу болгон колдогу мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Президент Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду мындан ары дагы ушул сыяктуу, айрыкча агроөнөр жай комплексиндеги жана кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорду каржылоосу зарыл экендигин баса белгиледи.

Иш чарага  Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Кудайбергенов жана Кыргыз-россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы Кубанычбек Кулматов дагы катышышты.

Маалымдама: Бул долбоорду ишке ашыруу менен 65 жумушчу орун түзүлөт, өлкөнүн айыл чарбасын жана региондорун өнүктүрүүгө жол ачылат. Ишкана   фермерлерден жашыл-жемиштин 7 түрүн сатып алат. Ишкананын эсеби боюнча 2017-жылы 154 фермердин үй-бүлөсү, ал эми  2020-жылы 437 үй-бүлө туруктуу киреше ала баштайт. Завод  ХАССП эл аралык стандарты боюнча курулуп жатат, бул жагдай продукцияны тышкы рынокторго  экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

ХАССП –  тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн бардык этаптарында, өндүрүштүк процесстин бардык  жеринде, сактоодо жана реализациялоодо контролду камсыз кылуучу эл аралык система. Бул система негизинен тамак-аш продукцияларын  өндүргөн ишканаларда колдонулат.

Жалал-Абадда президенттик шайлоого байланышкан жаштардын форуму өтөт

Жалал-Абадда быйылкы 5-сентябрь күнү президенттик шайлоого карата жаштардын форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди. Бул тураалуу Жалал-Абад мэриясынын маалыматтык борбору билдирди.

Анын айтымында, жаштардын “Юз оф ОШ” коомдук бирикмеси менен Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети биргеликте президенттик шайлоого карата Жалал-Абад шаарынан 60, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунан 20дан жаш активист, бизнесмен, жаш кызматкерлердин катышуусунда экономика, экология, жумушсуздук, миграция билим берүү багыттары боюнча атайын “Жаш тилек” аталышындагы форум өткөрүлөт.

– Форумда шайлоого карата жана өлкөнүн өнүгүшү боюнча жаштардын ой-пикирлери кабыл алынып, топтоштурулуп, ал резолюция түрүндө президентикке талапкерлердин баарына таркатылып берилет. Форумга катышкан жаштар өз ой-пикирлерин кенен айта алышы үчүн зарыл шарттар түзүлөт, – дейт ал.

 

Алмазбек Атамбаев "Газпром" КАКтын башкармасынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев кечээ, 29-августта, өлкөбүзгө сапар менен келген “Газпром” КАКтын башкармасынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Газпром” КАКтын Кыргызстандагы инвестициялык программасын ишке ашырууга тиешелүү маселелер жана өлкөнүн газ тармагын өнүктүрүү боюнча мындан аркы пландар талкууланды.

Алмазбек Атамбаев жалпы билим берүүчү мектеп курулчу жерге капсула коюу аземине катышты

Алмазбек Атамбаев кечээ, 29-августта, Бишкек шаарында жалпы билим берүүчү мектеп курулчу жерге капсула коюу  аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Иш чарага  “Газпром” компаниясынын  башкармасынын төрагасы Алексей Миллер, «Газпром Кыргызстандын» башкы директору Болот Абилдаев жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов дагы катышышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө  бул  кайталангыс, дүйнөлүк деңгээлдеги мектеп болоорун белгилеп, борборубузда мындай мектептер көп болсо деген  ишенимин билдирди.

“Мен мектептин долбоорун карап чыктым, бир  мезгилде Кыргызстанда мындай мектептер көп болот деп ишенем. Азырынча бул дүйнөлүк деңгээлдеги, дүйнөлүк класстагы алгачкы мектеп. 1 млрд 200 млн рубль капиталдык салым жумшоо пландаштырылууда. Албек Сабирбекович,  Бишкектин бардык  аймактарында эң кур дегенде ушундай мектептерди салыш үчүн  инвесторлорду издешибиз керек деп ойлойм. Бул жакшы саамалык”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  “Газпромго” “Кыргызгазды” сатуу тууралуу чечимди өлкөдө кандай сындашканын эске салды. “Сиздер келээр алдында  мен  “Кыргызгазды” бардык проблемалары,  дат баскан түтүктөрү, карыздары менен “Газпромдун” инвестицияларынын ордуна берүү жөнүндө маселени кандай кылып көтөргөнүбүздү эстедим. Мага кандай чабуулдар болгону эсимде, -деди Алмазбек Атамбаев.-  Биздин баштаган  көп иштерибиз, катуу сынга туш келгени  менен,  негизи туура болгонун арадан өткөн жылдар ырастады.  Анткени азыр   Кыргызстандын жетекчилери, Өкмөт  жаңы жылды күтүп, кошуна  өлкөлөрдүн Өкмөтүндө түнөбөй калган. Тилемчидей болуп газ сурабай калышкан, талаш аймактарын бербей калган”.

Мамлекет башчысы  «Кыргызгазды» «Газпромго» берип жатканда өлкөбүз Өзбекстандан сатып алып жаткан газдын баасы 250-280 доллар экендигин көпчүлүк унутуп баратканын белгиледи. Бүгүн газ 150 доллар турат, балким наркы мындан дагы төмөндөшү мүмкүн. “Негизгиси  бул чечим энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүдөгү жалпы  комплекстин  түйүндүү маселеси  эле. Бизге көп инвесторлор келген. Анын ичинде Россиядан дагы келишкен. Бирок “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллердей ишенимдүү, абийирдүү инвесторду көргөн жокмун.  Биздин өлкөбүзгө жасап жаткан иши үчүн компанияга чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет”,-деди  Президент.

Алмазбек Атамбаев  жылдын акырына чейин өлкөдө 20 миң үй газдаштырылаарын белгиледи. Мындан тышкары өлкө боюнча спорттук комплекстердин курулуштары жүргүзүлүп жатат. Ал спорт комплекстердин бири өткөн жылы  өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көркү болгон.

“Биз бул кайталангыс мектеп дагы курулаарына көзүбүз жетет. Мен мектепти дал ушу Бишкекке курууну  сурангам, анткени борбордо мектептер жетишпейт. Бишкекте жолдор проблемалары бар эле.  Мына, жылдын акырына чейин 100  көчө ремонттон өткөрүлөт, жолдордун чиеленишкен жерлеринде айрылыштар курулат. Эмки проблемалардын бири – мектептер. Албетте, Бишкек ооруканаларын дагы тартипке келтиребиз”,-деди Мамлекет башчысы.

Президент  1-декабрда президенттик мөөнөтү аяктап жаткандыгын эскертти. “Көп иштерди аткарууга ачыгын айтканда жетишпей калдым, анткени ал кездеги туруксуз абал эсиңиздерде бардыр. Алты жыл мурдагы абалды айтпай эле коелу, акыркы ирет Ак үйдү алабыз деп аракеттенгенден бери 4 жыл  өтө элек. Бүгүн өлкөдө тартип орногон. Мурда бүт райондун светин өчүрүп, бүтүндөй областтын газын өчүрүп салганына азыр ишениш кыйын. Мунун баарын элестетиш кыйын. Албетте, алты жылдын аралыгында канча  күч аракет жумшалды, канча ден соолук кетти. Кудайга шүгүр, конкреттүү жыйынтыктар бар. Алексей Миллер, Россиянын Президенти, менин досум Владимир Путин сыяктуу досторубуздун аркасы менен көп иштер жасалды. Көптөгөн өлкөлөр бизге жардам беришти. Россия да, Кытай да, Евросоюз дагы. Муну унутканга болбойт”,- деп Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга ишенип, өлкөгө инвестиция салгандар өкүнбөсүн кошумчалады.

Кыргызстандын Президенти “Газпром” компаниясынын жетекчилиги менен өлкө ишенимдүү өнөктөш гана болбостон, ишенимдүү дос катары дагы  мамиле күткөндүгүн баса белгиледи.  Алмазбек Атамбаев жалпы элдин атынан  мектептин курулушу сыяктуу мыкты белеги үчүн компанияга терең ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде  “Газпром” компаниясынын башкармасынын төрагасы Алексей Миллер компаниянын ишмердигине жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, республиканын жетекчилиги тарабынан компаниянын алдына койгон максаттар жана милдеттер мындан ары дагы сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлөт деп ишендирип кетти.

Иш чаранын  жүрүшүндө Президент өлкөнүн газ транспорттук газ жана  бөлүштүрүү системасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого кошкон олуттуу салымы жана  социалдык долбоорлорду ишке ашыргандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы оорукананын ачылыш салтанатына катышты

Алмазбек Атамбаев кечээ, 28-августта, Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында  Чон-Алай районундагы Дароот-Коргон айылындагы оорукананын ачылыш салтанатына катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы иш сапардын  жүрүшүндө  жер титирөөдөн жабыр тарткан жашоочулар  менен жолугушту.

“Кыргызстанда  жашоо шарттары татаал 3-4 район бар, анын ичинде  – Чоң-Алай жана Чаткал райондору.  Татаал шарттарда жашаган райондордун тургундары  абдан чыдамкай, абдан сезимтал жана  кең пейил болушат. Ошондуктан сабырдуулугуңар  үчүн сиздерге  чоң рахмат. Сиздердин ишенимсиз мага оор болмок”, -деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  акыркы жылдары Кыргызстанда  дал ушул сиздер сыяктуу эмгекчил, чыдамкай жана сабырдуу адамдардын аркасы менен көп иштер аткарылганын белгиледи.

Элеттиктердин суроолоруна жооп берип жатып Президент  турак жай менен камсыз кылуу маселелерин ипотекалык кредиттерди берүү аркылуу чечүүгө жана оорукана үчүн тез медициналык жардам машинасын сатып алууга каражат бөлүүгө убада берди.

Маалымдама: 50 орундуу оорукананын  курулушу 2013-жылы башталган. Обьекттин сметалык баасы 54 млн.343 миң сом. Ооруканада 22 врач, ошондой эле орто жана кенже медициналык кызматкерлер иштейт. Койкалардын саны -120. Ооруканага  2 млн. сомго жабдуулар орнотулган жана 7,2 млн сомдук эмерек сатылып алынган.

Жалал-Абадда жашылчалардын жарманкеси жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулат

Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Эгемендик күнү шаар бийликтери уюштурган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана жашылчалардын жармаңкеси уюштурулат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, Эгемендиктин кезектеги жылдыгына карата борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, шаар аймагындагы тийиштүү профилдеги мекеме-уюмдардын, кол өнөрчүлөрдүн даярдаган улуттук буюмдарынын көргөзмөсү, ошондой эле шаар аймагында өстүрүлгөн жашылчалардын жармаңкеси уюштурулуп, калктын майрамдык маанайын жогорулатуу аракеттери көрүлөт. Демек, шаар калкы майрам учурунда кооз жасалган улуттук буюм-тайымдарга назар таштап, арзан жана сапаттуу жашылчаларды сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ болот.

Андан сырткары, күндүзү жергиликтүү өнөрпоздордун күчү менен калкка чоң программадагы концерт берилип, кечиндеси болсо өлкөнүн белгилүү эстрада жылдыздарынын, атактуу ырчыларынын катышуусунда чоң шоу-концерт тартууланмакчы.

Ал эми борбордук “Курманбек” стадионунда спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча мелдештер уюштурула турган болду.

 

 

Меню