Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Чыныбай Турсунбеков Якутия Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы А.Жирковду кабыл алды

14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумэн) Төрагасы Александр Жирковду кабыл алды. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Айрыкча, эки тараптуу өнөктөштүктү арттыруу зарылчылыгын белгилешип, аймактар аралык байланыштарды кеӊейтүү мүмкүнчүлүгүнө да токтолушту.

Ошондой эле Төрага Чыныбай Турсунбеков маданий-гуманитардык, илим жана билим берүү жаатындагы өз ара алакаларды кеӊейтүүгө өзгөчө көӊүл буруу керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, жолугушуу алкагында Александр Жирков, Чыныбай Турсунбековго  улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун якут тилине которулган “Ак жамгыр” (“Илгэлээхардах”) аттуу китебин белекке берди.

 

Бостериден мыктылар көп чыкты, сыры неде?

Колума белгилүү экономист, социолог, философия илимдеринин доктору, профессор Кусеин Исаев агабыздын “Бостери жана бостериликтер” аттуу даректүү баян китеби тийди. Абама жолугуп, кол тамгасын алып атып, 2-3 суроо менен да кайрылып кеттим.

– Кусеин аба, колумда сиздин китеп турат. Буга чейин бирөө жарым айылы тууралуу, эли тууралуу абдан терең изилдеп жазганын чанда жолуктурдум эле, жок эсе болсо керек. Кандай себептер сизди айылы жөнүндө китеп жазууга түрткү берди?

– Менимче, буга киришкеним, кыргыз элинин жалпы акыркы үч кылымдагы тарыхы болду. Себеби, биз XIX кылымдын 60-жылдарынан тарта өз алдыбызча мамлекеттүүлүккө ээ болуу үчүн күрөштү баштаганбыз. Кыргыздар тиягы Чукотка, быягы Урал тоолоруна чейин ээн жүрүшкөн. Айтылуу Атилла мындан 1000 жыл мурун өзүнүн уруусун жыйнап, бүгүнкү Венгрияга барган. Ошо миң жылдыктын урматына мени чакырып калышты. Негизги тоюна 100 бозүй тигилип, жер-жерлерден коноктор чакырылып, анысына үлгүрбөй калдык. Кийинчерээк борборуна барганыбызда алар өз таржымалдарын мындайча айтып беришти: “Миң жыл мурун казак-кыргыз уруусу жайгашкан Кустанайдан барыппыз. Европалыктар бизди жактыра бербей, “эгер христиан динин кабыл алсаңар, анда биз силерге жер беребиз” деп шарт коюшкан. Шарттарына биз макул болуп, Будапешттин тегерек четинен жер берип отурукташып калыптырбыз” дешти. Мага сөз беришкенде “сиздер Атилла деп көкүрөк какканыңар менен үч күндөн бери бир топ китепканаңарды кыдырып, бир да жолу Атилла тууралуу китеп көрө албадым. Биз кыргыздар, байыркы кыргыздар тууралуу китептерди жазып жатабыз. Ошону менен бирге Атилла жөнүндө да куру эмеспиз” деп, Славян универиситетинде иштеген мугалимдин үч томдук китебин (кийин дагы үч томдугу чыкты) салтанаттуу түрдө колдоруна тапшырдым. Алардын 2-3 адамы кубанганынан менин белимен бекем кучактап, кубаттап, өйдө көтөрүп, “биз кыргыз менен бир элбиз” дешип, абдан сүйүнүшкөн эле. Жакшы таасир калтырып, кийин ойлоп көрсөм, биздин айыл, биздин Бостери баатырыбыз тууралуу да эч ким китеп жазмак тургай, ойлоруна да келбептир. Ошондон улам бул ишке билек түрө киришип белсендим.

– Бостери өз учурунда сиз айткан XVIII кылымдын баатыры болсо керек эле?

– Кыргыз жерин калмактардан XVIII кылымда бошоткондо Бостери баатыр чечүүчү роль ойногон, жалпы кыргыздардын башын кошуп, Тогуз-Тородон чыгып, Жалал-Абад өрөөнүн калмактардан бошотуп, кыргыз урууларын (багыш, мундуз, саяк ж.б.) өрөөн-өрөөн кылып жайгаштырып, анан Көл айланасындагы калмактар менен согушта да өзгөчө баатырлыкты көргөзүп, 1750-жылдын аягында Көл бошонот да, элдин макулдугу менен түштүккө кайра кетпей, Чолпон-Ата шаарына колтукташ азыркы Бостери жерде жайланышып калат. Баатырдыгы, эрдиги тууралуу бир эле мисал кыла кетейин, калмактар менен чечүүчү согуштардын бири азыркы Базар-Коргон, Сузак райондорунун жайлоосу болгон Чал жайлоодо өткөн. Согуш 40 күндөн ашык созулган. Алды-артынан кыргыздын армиясынын кысымчылыгы, оң-сол жагы бийик тоо болуп калмактар накта курчоодо калган. Эки жагынан тең кырыла баштаганда жансоогалап үңкүргө күргүштөп кирет. Ошол учурда Бостери атанын бутуна жаанын огу тийип жарадар болот. Анысына карабай үңкүрдүн үстүндө жамбаштап жатып алып толук башкарган. Кээ бир так эмес маалымат боюнча үңкүргө 7-8 миң калмактардын солдаты кирип, аны курмушудан, эски кийиздерден, кебезден от жагып, ошонун түтүнө ууктуруп өлтүргөн экен…

– Бул маалыматты сиз кимден алдыңыз, билгендер бар бекен?

– Бул китепти жазуу үчүн 16 жыл убакыт кетти. Айлап, жылдап изденип, улам толуктанып отурду. Менин китеп жазууда кошкон салымдары бар адамдарды атап отурсам кагаз бети чак келбейт. Ошентсе да мага алгач жардам берип, билген адамдарды тааныштырган жана мени менен кошо бир топ убакыт жанымда жүргөн Рыскул Чойбековду атабасам болбойт. Мына ушу киши менен 1991-92-жылдар бою Жалал-Абад облусу, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул (Кетмен-Төбө) райондорунда “Санжыра билет” дегендерди издеп, биргеликте тапканбыз. Албетте, өзүмдүн Бостери айылынын аксакалдары да Бостери атанын Көлгө келгендеги баатырлык жактарын айтып беришти. Мунун баары китепте болушунча толук жазылды.

— Бир кезде “Бостеринин аялдары тууса эле илимпоз тууйт” деген лакап коомчулукка таркап кеткен, ушул чынбы?

— Адегенде “Бостеринин аялдары тууса эле райисполкомду, райкомду тууйт” деп чыккан. Ошондо Кыргызстандын жалпы 13-14 райондун биринчи секретарлары бостериликтер болгон. Алардын аркасы менен сельсовет, башкарма, парткомдор, жалпы такталбаган эсеп менен Жалал-Абад, Ош облусунан 42 айылында Бостери атанын тукумунан тарагандар иштеген. Бул жагдай 1930-жылдары Сталиндин тушунда катталып, кийин репрессиянын учурунда ушулардын баары камалчусу камалып, атылчусу атылып, репрессиядан коркуп качкандары качып кетишкен. Кыргызстандын партиялык-советтик бийликтин эң жогорку чегине жетилип, бир күндө (1936-жылы, 6-ноябрь) Керим Кенебаев, Асанкан Жээнбаев, Мукаш Далбаев, Токтосун Достоевдер атылып, булардын ага-туугандары “жактоочулары” катары түрмөгө камалган. Мунун баары китепте бар. Кийин ХХ кылымдын орто чендеринен баштап, бостериликтер илим-билимге ыкташып, мыкты мугалим, мектептин директорлугуна чейин жетип, алардан таалим-тарбия алгандар жогорку окуу жайда окуп чекесинен илимпоздор, окумуштуулар чыга баштайт. Эң алгачкылардан болуп академик Аман Мамытовду, Табылды Абдылдаевди, Абакун Казакеевди, Орозобек Шайымбетовду, Акбай Исаевдерди айтса болот. 1970-жылдары илимдердин кандидаттарынын жана докторлорунун саны боюнча Кырызстанда эң алдыңкы орунга көтөрүлгөн. “Бостеринин аялдары төрөсө эле окумуштуу төрөйт” деген легенда пайда болуп, кеңири тараган. Тилекке каршы, 1980-жылдардан тарта бу жагдай да солгундап кетти. Бул чоң көйгөй боюнча китебимде кенен жазылган, түшүндүрмө да берилген. Бүгүнкү күндө Бостериден эки гана аспирант бар.

— Кусейин аба, кечээ жакында эле Ысык-Көл облусунун губернатору болуп шайланган Узар Жылкыбаев да Бостери атанын тукумдарынан болобу?

— Узар Жылкыбаев бостерилик, Бостери атанын тукумунан. 1936-жылдан кийин биринчи жолу облустук деңгээлдеги жетекчи. Азырынча бирөө эле, бул тарыхый чындык. 80 жылдан кийин. Бостери мектеби мыкты болуп турганда бүткөн. Алматыда окуду. Көп кызматтарда иштеди. Атасы Жылкыбаев Казы Ысык-Көл районуна караштуу Таштак (Каменька) айылында 16 жыл башкарма болгон. Булардын ата-теги, санжырасы толугу бойдон китепте чагылдырылды. “Эр тайын тартат” болуп, Узардын таякелеринде “кеп” жатат. Биздин Бостери айылында саяктардан тышкары Кутчу уруусу да бар. Ошол Кутчу уруусунан Байбосундары эң мыкты чыгышкан. Байбосундан Ыбырай, Ысмайыл, Белек, үч уул. Ыбрайдын Зинакан деген кызын Ысмайыл багып алган. Бу киши азыркы Көлдүн губернатору Узардын апасы. 80ден ашып калды, күүлүү-күчтүү. Узардын таякелери, чоң таякелери эл башкарган, калыс, ичип-жебеген адилеттүү адамдар. Жанагы мен айтып аткан “кеп” жатат дегеним ушу…

Булак: Азия Ньюс
Read more at http://www.asianews.kg/zhanylyktar/bosteriden-myktylar-kop-chykty-syry-nede#Ypk0Bwjt2SM6vQaY.99

Фото - Кыргызстанга бир катар өлкө башчылары келди

Кыргыз Республикасына кечээ, 13-апрелде Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда аларды Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Бул өлкө башчылары бүгүн, 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келишти.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.

Минфин КР взял курс на открытость и доступность бюджетного процесса

Министерство финансов Кыргызской Республики прилагает большое усилие наобеспечение открытости и доступности для населения бюджетного процесса. Об этом заявил начальник Управления бюджетной политики Министерства финансов Кыргызской Республики Канат Асангулов 13 апреля 2017 года на пленарном заседании Бюджетного сообщества PEMPAL (Public Expenditure Management Peer Assisted Learning – Cообщество по взаимному изучению и обмену опытом в управлении государственными финансами).

По его словам, начиная с 2010 года Министерство финансов КР проводит определённую работу по обеспечению бюджетной прозрачности, по последним данным, показатели открытости бюджета Кыргызской Республики значительно увеличились. Так, Кыргызская Республика в рейтинге Индекса открытости бюджета в 2015 году получила 54 балла, занимая тем самым 3 место в постсоветском пространстве (Россия – 74 балла, Грузия – 65 баллов).  В 2012 году Кыргызская Республика получила 20 баллов. Обследование Индекса открытости бюджета проводится международными институтами каждый 2 года. В этом году планируется провести новое обследование открытости бюджета на 2017 год среди 115 стран мира.

По доступности бюджетных документов Министрество финансов Кыргызской Республики публикует все бюджетные документы на двух языках на ведомственном сайте. По показателю участия общественности в бюджетный процесс в 2015 году Кыргызская Республика заняла лидирующее место среди постсоветских стран, получив 52 балла. Средний мировой показатель 25 баллов. Грузия получила 46 баллов, Казахстан – 27 баллов, Россия – 25 баллов.

«Общественность у нас достаточно широко и активно участвует в бюджетном процессе. Во время общественных обсуждений бюджетных документов проводятся регулярные встречи с местным сообществом на местах, разъясняются предлагаемые бюджетные документы, учитываются предложения и замечания органов местного самоуправления», – отметил К.Асангулов.

Как объяснил он, предпосылками роста Индекса открытости бюджета является правительственная политика, повышенное внимание со стороны организаций гражданского общества, необходимость совершенствования системы управления государственными финансами с учетом передовой практики. Обеспечение бюджетной прозрачности возвращает доверие населения к правительству, проводимой политики государства и органов местного самоуправления.

«После 2010 года Кыргызская Республика взяла курс на открытость бюджетного процесса, сделаны достаточно много шагов, как в целом по открытости бюджета правительством, так и по возможности участие граждан в бюджетном процессе. Те достигнутые достижения делаются не ради индекса в индексе, а для обеспечения максимальной открытости предоставляемой бюджетной информации, открытости государственных органов по обеспечению и предоставлению качественных услуг для населения», – резюмировал К.Асангулов.

«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештери таркап жана мөөнөтүнөн мурда шайланмай болду

Атамбаев Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө ” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн,49-беренесинин 6-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен, Кадамжай шаардык кеңештери, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал, Кара-Суу айылдык кеңештери, Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңеши, Таш-Көмүр шаардык кеңеши, Ысык-Көлоблусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңеши, Нарын облусунун
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңеши, Талас облусунун Талас районунун Жергетал айылдык кеңеши, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңеши, Сосновка айылдык кеңеши, Кемин районунун Кемин шаардык кеңеши, Кара-Булак, Кызыл-Октябрь айылдык кеңештери, Москва районунун Төлөк айылдык кеңеши, Панфилов районунун Курама айылдык кеңеши, Сокулук районунун Кызыл-Туу, Фрунзе айылдык кеңештери таркатылсын.

2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2017-жылдын 28-майына дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

– мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

– мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу жана Кадамжай, Аксы, Токтогул, Ак-Суу, Ак-Талаа, Алай, Талас, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Жалал-Абад шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абадоблусунун Жалал-Абад шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин өзүн өзү таркатуу жөнүндө кабыл алган чечимине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун, 3, 5-бөлүктөрүн жана“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечими эске алынсын.

2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2017-жылдын 28-майына дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

– мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

– мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссиясынын ишине көмөк көрсөтсүн, ошондой эле жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды

Бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Саммитке Атамбаев, Армения Президенти Серж Саргсян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, андан тышкары Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышууда.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчыларын Алмазбек Атамбаев тосуп алды.

Жалпы сүрөткө түшкөндөн кийин делегация башчылары  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында тар чөйрөдө өтө турган жыйынына катышуу үчүн залга бет алышты.

Маалыматтык саясат бөлүмү Атамбаев тарабынан 2002-жылы Түркиянын Измир шаарында ишканадагы өз үлүшүн сатуу келишими тууралу кошумча материалдарды берет

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Атамбаевдин 2002-жылы 27-декабрда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы ошол кезде өзүнө таандык үлүшүн сатуу келишими тууралу кошумча материалдарды берет. (Мурда ишкана “Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti” деп аталып, ал эми 2002-жылы декабрда “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş.” деп аталып калган). Мындай маалыматты Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы таратты.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев менен башкы прокурор И.Ы. Жолдубаеванын 2017-жылы 5-апрелде жолугушуусу жөнүндө пресс-релиздин текстинде бөлүм тарабынан ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөрдү атайылап эмес чаташтыруунун, демек, негизсиз теӊдештирүүнүн натыйжасында ката маалымат кетип калган.

Анын натыйжасында пресс-релиздин текстинде А.Атамбаев өнөр жай ишканасындагы өз үлүшүн саткандан алган 35 млн чамасындагы АКШ доллары кирешеси менен катар эле анын уставдык капиталдагы үлүшү дагы ката көрсөтүлүп калган (45 млрд түрк лирасы). Буга байланыштуу бөлүм кечирим сурайт.

Бөлүм тараткан маалымат Түркия Республикасынын Соода регистринин 2003-жыл 31-январдагы тийиштүү маалымат бюллетенине негизденген, анда компаниянын уставдык капиталындагы сатылган  үлүштүн суммасы, б.а., 45 млрд түрк лирасы көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк да, атамекендик да тажрыйба көргөзгөндөй,  компаниянын уставдык капиталынын өлчөмү юридикалык тарапты юстиция органдарында каттоо учурунда уюштуруучулардын баштапкы гана взносун чагылдырат жана ишкананын чыныгы рыноктук баасына тикелей байланышы болбойт.

Ошентип, ишкананын каттоо учурундагы уставдык капиталы чындыгында  50 млрд түрк лирасын түзгөнүн, анын ичинен компаниянын 90 процент үлүшү, б.а., 45 млрд түрк лирасы А.Атамбаевге таандык болгонун, мына ошолор Түркия Республикасынын Соода регистринин жогоруда аталган бюллетенинде көрсөтүлгөнүн түшүндүрөбүз.

Ишкананын сатуу алдындагы чыныгы рыноктук наркы компаниянын ишмердиги учурунда сатылып алынган активдерден куралган жана уставдык капиталдын өлчөмүнөн көп эсе жогору болгон.

«Arkan & Ergin Grant Thornton»  аудитордук компаниясы өткөргөн көз карандысыз аудит  2002-жыл 31-декабрга карата ишкананын бардык активдеринин чыныгы наркы 33,7 млн АКШ долларын түзгөнүн көрсөттү. А.Атамбаев компаниядагы өзүнө таандык 90 процент үлүшүн сатуу келишими аткарылгандан кийин ишкананын рыноктук наркындагы анын үлүшүнө жараша кирешеге, б.а, 35 миллионго жакын АКШ долларына ээ болгон.


Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti” (2002-жылы декабрдан тарта ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş.) ишканасынын сүрөттөрү:

Ишкананын наркын баалоо документтери:

Атамбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 13-апрелде Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда мамлекет башчысына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Кыргызстандын төрагалыгы алдында Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына даярдык иш чаралары тууралу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен  Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисян алдыдагы жыйындын күн тартибин талкуулады. Анда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары биримдик алкагында андан ары экономикалык өз ара аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле эл аралык кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулашат.

Мындан тышкары Евразиялык экономикалык биримдиктин быйылкы жылдагы ишмердигинин пландарын карашат. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин сунушу боюнча 2017-жыл Евразия мейкиндигинде бизнестин өнүгүшүнө эң жагымдуу шарттарды түзүүгө арналат.

Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Атамбаев кечээ, 11-апрелде өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Толкунбек Абдыгулов өлкө экономикасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана кредиттер боюнча проценттик ченемдерди азайтуу максатында Улуттук банк жасап жаткан иш чаралар тууралу  Мамлекет башчысына айтып берди. «Быйыл жыл башынан бери өнөр жайындагы, айыл чарбасындагы, соодадагы, курулуштагы, туристтик чөйрөдөгү, транспорт жана байланыш тармагындагы, андан тышкары кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы долбоорлорду каржылоо үчүн Улуттук банк сунуш кылган каражаттардын жалпы көлөмү 3 млрд сомду түздү. Акыркы заемщиктер үчүн бул кредиттер боюнча максималдуу проценттик ченем 12% өлчөмүндө белгиленди», – деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө экономикасынын узак мөөнөттү өсүшүн камсыздоо максатында кредиттер боюнча проценттик ченемдерди дагы ылдыйлатуу чараларын көрүү  жана экономика тармактарын кол жетерлик ресурстар менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Меню