Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлоруна Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 3-мартта, Кыргызстандын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик символдун авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбеков жана Эдил Айдарбеков менен жолугушту.

Мамлекет башчысы сүрөтчүлөрдү — мамлекеттик символдордун биринин авторлорун 30 жылдык мааракеси менен куттуктады. «Кыргыз элинин желеги ар дайым бейпил асманда желбиреп турсун. Өлкөбүздө молчулук, токчулук болсун», — деди Садыр Жапаров.

Ал мамлекеттик туунун авторлоруна баа жеткис салымы, өлкөнүн эң маанилүү символдорунун бирин жаратканы жана республиканын көркөм сүрөт искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн чоң ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Кыргызстан элинин руханий маданиятын байытууга кошкон салымы үчүн сүрөтчү, С. А. Чуйков атындагы С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу Жусуп Матаевге жана сүрөтчү, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр бирлигинин» мүчөсү Бекбосун Жайчибековго «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» ардактуу наамы ыйгарылды. Ошондой эле, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура кафедрасынын улук окутуучусу Эдил Айдарбековго «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылды.

Мамлекеттик желектин авторлору алардын эмгеги бааланганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалашты.

Эдил Байсалов: «Кыргызстан дагы үч миң жыл бою БУУнун мүчөсү жана эгемендүү мамлекет катары калат»

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-2027-жылдарга БУУ туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча рамкалык програмасынын бетачарында сөз сүйлөп, анда бул иш-чаранын Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынгандыгына 30 жыл толгон күнү өткөрүлүп жаткандыгы маанилүү экендигин белгиледи.

«Биздин өлкө БУУга мүчө болгондугуна 30 жыл толду жана бул убакыт аралыгында жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз жаш, намыстуу жана алга умтулган өлкөбүз. Калкыбыздын үчтөн экисинен ашууну – отуз жашка чейинки жаштар. Ошондуктан, эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылдык жыйынтыгын белгилеп жатып, биздин элибиз өзүнүн эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жогору баалап, кийинки үч миң жылда БУУга мүчө болуп кала берет деп айта алабыз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары .

Эдил Байсалов жакынкы жылдарда Кыргызстандагы БУУнун агенттиктеринин ишинде ийкемдүүлүк жана республиканын жетекчилиги тарабынан бекитилген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн ЮНДАФ Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун бардык кеңсе өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Президент Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-6-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;

– 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын ЖМК жана басма сөздү башкаруу мамлекеттик башкармалык ортосундагы классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен КЭР Улуттук статистикалык бюросунун ортосундагы статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы жашыл чөйрөнү өнүктүрүү инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Циндао шаары (Кытай Эл Республикасы) менен Бишкек шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда Дэн Сяопин баштап Алыкулов көчөсү, Кустанайский көчөсүнө чейин батыш зонасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.

Президенттин буга чейинки бир катар жарлыктары жана тескемелери күчүн жоготту деп табылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын тиешеси жок же мыйзам актыларынын жоболоруна карама-каршы келген бир катар жарлыктары күчүн жоготту деп таанылат.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров кол койгон теcкемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 269 тескемеси күчүн жоготту деп таанылат.

Бул чаралар бюрократизмден арылуу жана тез арада чечимдерди кабыл алууга тоскоолдук кылган кайталанган, эскирген ченемдик укуктук актыларды аныктоо үчүн ченемдик укуктук актыларды масштабдуу инвентаризациялоонун алкагында кабыл алынган.
Мындан тышкары, бул Жарлыкка жана тескемеге кол коюу Кыргызстанда бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду.

Салык кодекси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Салык кодексинин максаты болуп салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды администрациялоону оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу саналат.

Кодекс менен салык салууга карата 2 негизги ыкма каралган:

— пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы (КНС) сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режимин жүгүртүүсү 30 млн сомдон жогорку болгон ири бизнес субъекттери тарабынан колдонулат.

— бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттерине жайылтылат.

Мындан сырткары, Кодексте электрондук коммерцияга салык салуу 2% өлчөмүндө каралган.

Ошондой эле, чет өлкөлүк компаниялардан КНС алуу ишке киргизилүүдө («GOOGLE» ж. б.).

Ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү шарттарын теңдештирүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында өндүрүш үчүн сатуудан алына турган салыктын ставкасы 1% өлчөмүндө каралган.

Кодекске ылайык жеңилдиктер мөөнөттүк негизде жана натыйжалуулугуна баа берүү менен берилет. Баа берилүүгө тийиш болгон салыктык жеңилдиктердин тизмеси, ошондой эле салыктык жеңилдиктеринин баалоо тартиби жана түрлөрү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Ошону менен бирге Кодекс менен төмөнкү тармактар боюнча салыктык жеңилдиктер каралат:

— тигүү тармагы (5 жылга бирдиктүү салык — 0,25% өлчөмүндө);

— зергерлик тармагы (зер буюмдардын өндүрүүчүлөрүнө 5 жылга КНС боюнча жеңилдиктер);

— авиациялык тармак (убактылуу ташып келүүлөргө КНС боюнча жеңилдиктер);

— электробустарды КНС-тен бошотуу.

Экономикалык ишмердикти жүргүзүү үчүн аянтты ижарага берген субъект, анын ичинде базарларда (кичи-базарларда) жана соода борборлорунда (үйлөрдө) соода орундарын бергендер ижарачыларда ККМ болушу тууралуу талапты ижара келишиминде белгилөөгө милдеттүүлүгү каралган.

Мындан тышкары, сатылып алынган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө берилген кассалык чектерде көрсөтүлгөн кыйыр салыктардын суммасын кайтарып берүү («cashback») каралган.

Салыктык карыздардын төлөнүшүнө дем берүү максатында негизги карызды жана туумдардын жана санкциялардын калган 50% толук төлөгөн учурда туумдарды жана санкцияларды 50% кыскартуу белгиленген.

Экспорттоочу ишканалар үчүн КНСти кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми киргизилген. Бул тартип 6 ай аралыгында 50% ашык көлөмүн экспортко чыгарган ишканаларга колдонулат.

Ошондой эле, Кодекс менен салыктык текшерүүнү «аралыктан контролдоо» жүргүзүү боюнча жаңы ыкмалар киргизилүүдө.

Бул механизм камералык жана көчмө салыктык текшерүүлөрдөн бошотууну, текшерилүүчү баштапкы документтердин санын кыскартууну жана реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашууну карайт.

2009-жылдын 1-январынан ишке кирген Салык кодекси күчүн жоготту деп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин тексти тиркемеде:

2022-жыл 19-январь

Министрлер Кабинети «Кумтор Голд» компаниясынын 2021-жыл үчүн отчетун бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын 2021-жылкы жана убактылуу тышкы башкаруу мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Белгиленгендей, отчеттук мезгилде жакшы жыйынтыктар орун алган. Атап айтканда, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөн. Натыйжада, чегерүүлөр планы 150% ашкан.

2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн АКШ долларын түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн АКШ доллары түшкөн.

Алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым планга салыштырмалуу 220 долларга, же 16% ашуун кыскарган.

«Бул негизги көрсөткүч – өндүрүлгөн алтындын унций наркынын төмөндөшү көрсөткүчү боюнча гана компаниянын мурдагы менеджментине салыштырмалуу убактылуу тышкы башкаруучунун ишинин натыйжалуулугу жана чарбачылдыгы тууралуу айтууга болот», – деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.

Отчеттун жыйынтыгында Тенгиз Бөлтүрүк келерки жылга пландары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жакынкы пландарга жогорку сорбциялык активдүү рудаларды кайра иштетүү технологиясын өркүндөтүүгө, алтындын алынышын жогорулатууга,  кенди жер астынан казууну жана калдыктарды көмүүнү баштоого мүмкүндүк берүүчү туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу кирет.

2022-жылга «Кумтор Голд Компани» өнүктүрүү планы боюнча, 17 тоннадан ашуун алтын өндүрүү күтүлүүдө.

«Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана «Centerra Gold Inc.» тарабынан келтирилген тоскоолдуктарга карабастан, «Кумтөр Голд Компани» эмгек жамааты алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Кумтөр кени стабилдүү, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүүдө», – деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Кумтөр кенинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгына оң баа беришти.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКта убактылуу тышкы башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-б буйругу менен киргизилген.

Бөлтүрүк Тенгиз Аяпберген уулу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-майындагы № 25 буйругу менен ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган. Учурда Кумтөрдү толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясында сүйлөгөн сөзү

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек
Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин онлайн режиминде өткөн кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сөзү: (эркин котормо)
“Урматтуу Никол Воваевич, Урматтуу кезексиз сессиянын катышуучулары!
Биринчиден, актуалдуулугу жана маанилүүлүгү шексиз болгон бүгүнкү жолугушууну уюштургандыгы үчүн армян тарапка ыраазычылык билдиргим келет.
Кагылышуулардын натыйжасында каза болгондорго байланыштуу казак тарапка дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Казакстан биздин эң жакын союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз, казак тарап менен тилектештикти билдирүү биздин бүгүнкү милдетибиз.
Дүйнөдө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөр, “саясий катаклизмдер”, коопсуздукка чакырыктардын жана коркунучтардын трансформациясы жана башка факторлор ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарында түзүлүп жаткан аскердик-саясий кырдаалда түздөн-түз чагылдырылат. Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуялар буга далил.
Учурдагы мамлекет ичиндеги процесстерди пайдаланып, деструктивдүү элементтер мамлекеттүүлүктү, коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү бузуу үчүн террордук аракеттерин бириктирип, ошол эле учурда башаламандыктын, өзүм билемдиктин жана кылмыштуулуктун кеңири жайылган атмосферасын түзүүдө.
Ушул өңүттө, казак тараптын ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун механизмдерин азыркы шартта активдештирүү демилгеси, албетте, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздукка карата чакырыктар жана коркунучтар боюнча көз караштарынын биримдигин ырастайт.
Топтолгон потенциалды эске алуу менен Уюмду түзүүнүн жана ишинин фундаменталдуу принциптери, анын тышкы саясий жана аскердик компоненттери бардык гибриддик көрүнүштөрдөгү кризистик кырдаалдарга өз убагында жооп кайтарууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө Казакстан Республикасындагы кырдаалды толук турукташтыруу негизги артыкчылык болуп калууда.
Урматтуу отурумдун катышуучулары!
лгачкы күндөрдөн тартып биз боордош Казакстандагы окуяларга тынчсыздануу менен көз салуудабыз. Биз терроризмге анын бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө каршыбыз. Биз Казакстан Республикасында кырдаалдын тезирээк нормалдашуусуна, тынчтык менен тартиптин орношуна чын жүрөктөн кызыкдарбыз.Бүгүнкү күндө өз ара алгылыктуу чечимди табуу жана абалдын мындан ары курчушуна жол бербөө болуп көрбөгөндөй маанилүү.
Казакстан Республикасынын Президенти, урматтуу Касым-Жомарт Кемелович Токаевдин ЖККУнун алкагындагы милдеттерге ылайык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуусунан кийин дароо эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Казакстанга ЖККУнун тынчтык орнотуу иштерине катышуу мандаты менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн чектелген контингентин жөнөтүү чечимин кабыл алды.
7-январда Кыргызстандын парламентинин кезексиз жыйыны өтүп, анда бул чечимди көпчүлүк депутаттар колдоду.Ушул эле күнү, 7-январда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 150 адамдан турган тынчтыкты сактоочу аскер контингенти Казакстан Республикасына учуп кетти. Анын ичинде тажрыйбалуу офицерлер жана контракттык аскер кызматчылары, ошондой эле 8 даана БТР жана 12 даана автомобиль техникасы.
Коңшу өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн мындан ары да бардык күч-аракетти жумшоого даяр экенибизди баса белгилегим келет.
Урматтуу сессиянын катышуучулары!
Туруксуздук жана зордук-зомбулуктун күчөшү Казакстандын өзүндө да социалдык-экономикалык абалдын начарлашына алып келиши мүмкүн жана баарыбызга терс таасирин тийгизет.Ушундан улам биз аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу өзгөчө маанилүү деп эсептейбиз.   Аймактын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн сактоо, ишкерлерге, бизнеске жана банктар аралык мамилелерге жагымдуу шарттарды сактоо боюнча зарыл чараларды көрүү маанилүү.Келип жаткан маалыматтарга караганда, көп сандагы ок атуучу куралдар кылмыштуу чөйрөлөрдүн колуна түшкөн.
Тоноочулукка жана мыкаачылыкка катышкан кылмышкерлердин биздин мамлекеттик чек аралардан өтүп кетүү коркунучу бар.
Ушуга байланыштуу Казакстандагы азыркы кырдаал бизди Казакстандагы стабилдүүлүктү калыбына келтирүү жана өлкөнүн аскердик, административдик жана социалдык объектилерине кол салуулардын алдын алуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө милдеттендирет.

Колдоо чарасы катары биз бардык мамлекеттердин жарандарына, анын ичинде Казакстандын жарандарына да ПЦР анализинин терс натыйжалары тууралуу маалымкатын көрсөтпөстөн, кыргыз-казак чек арасы аркылуу Кыргызстандын аймагына өтүүгө уруксат берүүнү чечтик.
Бул күндөрү кыргыз тарап Түркиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана башка мамлекеттерден кайтып келе жатып  “Манас” эл аралык аэропортуна келүүгө аргасыз болгон Казакстандын жарандары үчүн убактылуу жайгаштырууну да уюштурду. Алар уюшкандыкта кыргыз-казак чек арасына чейин жеткирилүүдө.
Кыргызстандын көптөгөн жарандары четте турбай, азыркы кырдаалга санаа тартып, ар кандай ыктыярдуу жардамдарды берип жатканын кубануу менен белгилейбиз.
Бүткүл кыргыз эли бул оор күндөрдө казак боордошторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, кырдаалдын тезирээк элдин жыргалчылыгы үчүн жөнгө салынышын чын жүрөктөн каалайт.Ошону менен бирге, акыркы убакта жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары тууралуу, алардын талап-тоноолорго жана массалык баш аламандыктарга катышкандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатканын белгилегим келет.
Буга байланыштуу ар бир тастыкталган факты боюнча Казакстан Республикасынын мыйзамдарынын алкагында, биздин эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларыбызга ылайык ачык, так, адилеттүү иликтөө болот деп үмүттөнөм.
Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз Республикасы туруктуулукту, социалдык-экономикалык өнүгүүнү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнү жана Казакстандын гүлдөп-өнүгүшүн ар дайым жактаарын баса белгилегим келет.Кыргызстан ар дайым Казакстандын жанында болгон жана болуп кала берет.Зарыл учурда  казак тараптын өтүнүчү боюнча биз бир тууган эки элдин бекем туугандык байланышына таянып, Казакстандын элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярбыз.Казак тарапка адам курмандыктарына байланыштуу дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бардык жабыркагандардын тезирек сакайып кетишин каалайм.Көңүл бурганыңыздарга рахмат!”.

Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматына быйыл 150 млрд сом салык, 100 млрд сом бажы төлөмдөрүн жыйноо планын койду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү.

Акылбек Жапаров белгилегендей, МСК алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлган.

«Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 миллиард сомго жакын салык жыйноо, ал эми бажы кызматынын алдына 100 миллиард сомго жакын  план коюлган», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Кеңешменини жүрүшүндө МСК өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы тууралуу, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы МСК алдына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына онлайн режимде катышат

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режиминде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышат.

Сессияда «Казакстан Республикасындагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү» маселе талкууланат.

“Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укугун ишке ашыруу жана башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүү мекемелеринин биринчи класстарына кабыл алынуучу окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландаштыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, окубаган балдарды аныктоо жана алардын билим алуусу боюнча чараларды көрүү максатында иштелип чыккан.

Документтер белгиленгендей, билим берүү ар бир коомдун жана мамлекеттин тарыхында маанилүү ролду ойнойт. Ар бир өлкөнүн келечеги билим берүүнү өнүктүрүүгө байланыштуу болот. Анын деңгээли инсандын жана улуттардын заманбап дүйнөдөгү социалдык статусун аныктайт. Билим берүү коомду модернизациялоонун объектиси гана эмес, анын субъекти, кубаттуу рычагы жана ички ресурсу болуп эсептелет, себеби ал коомдук өнүгүүнүн процессинде улуттун интеллектуалдык жана руханий дараметин топтоонун жана өнүктүрүүнүн негизги фактору болот.

Балалыктын ыңгайлуу чөйрөсү менен чектелген баланы өнүктүрүү үчүн биринчи кезектеги шарт болуп бардык түрдөгү жана формадагы билим берүү, өзгөчө ар бир баланын жашоосундагы эң узак жана жооптуу этап менен тыгыз байланышкан мектептеги билим берүү эсептелет. Терең социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан мезгилде Кыргызстанда балалык үчүн тобокелдиктин факторлору курчуду. Ошол эле учурда мектеп иш жүзүндө балалыкты коргоонун жападан-жалгыз социалдык институту болуп калды. Бирок мектептин, ошондой эле жалпысынан билим берүү системасынын мамлекет жана коом тарабынан өз убагында толукталбаган ресурстук мүмкүнчүлүгүнүн төмөн болушу бул абдан маанилүү социалдык миссияны талаптагыдай деңгээлде аткарууга мүмкүндүк бербей жатат.

Жалпы билим берүү мектептерине барбаган балдардын санынын өсүшү Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын актуалдуу проблемаларынын бири болуп эсептелет. Айылдарда жана шаарлардын райондорунда жашаган мектепке чейинки жана орто мектеп жашындагы көптөгөн балдар мектепке барбайт же дайма барып турбайт. Мектепке таптакыр барбаган же окуусун үзгүлтүккө учураткан, сабактарга катышпаган балдар туш болгон проблемалар азыркы мезгилде кыйла татаал болуп эсептелет жана балдар аларды өздөрү чече албайт.

Алардын айрымдары ата-энесине жардам берүү үчүн иштөөгө аргасыз болсо, айрымдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, ал эми кээ бири начар үй-бүлөдө жашайт. Талаада, жайлоодо ата-энесине жардам берүүгө, тамак табуу үчүн иштөөгө, инилерин, карындаштарын, сиңдилерин кароого тийиш болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар бар. Ата-энелер өздөрү жашы жеткен балдарын мектепке жиберүүнү каалабаган же аларга билим берүүнү милдеттүү деп эсептебеген учурлар көбөйүп жатат.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча учурдагы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала жалпы билим берүү уюмдарына окууга келген эмес. Түзүлгөн кырдаалдын себептери болуп ата-энелердин материалдык кыйынчылыктары (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттарынын жоктугу), ата-энесине жардам берүү жана иштөө зарылчылыгы, ата-энелердин диний себептер боюнча балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартуусу, ата-энесинде балага деген документтердин жок болушу, бир туугандарынын балага көңүл бурбоосу (ата-энеси миграцияга кеткен учурда) эсептелет.

Бул проблемага чара көрүү боюнча максаттуу мамлекеттик саясат балдардын ар кандай категорияларына, анын ичинде майып балдарга, аялуу категориядагы үй-бүлөлөрдөгү балдарга билим алуунун жеткиликтүүлүгүн, демек, жалпысынан сапаттуу билим алуунун жеткиликтүүлүгүн көбөйтүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу жана башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүү мекемелериндеги биринчи класска кабыл алынууга тийиш болгон окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландоо, окубаган балдарды табуу жана аларды окутуу үчүн чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27, 46, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө:

– жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон мектеп жашындагы балдардын эсебин алсын;

– жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон балдарды жалпы билим берүү мектептерине киргизүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө турмуштук оор кырдаалда калган (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттары жок) аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды тапсын жана зарыл болгон кийимдерди, мектеп формасын жана мектептик окуу-буюмдарын сатып алууда аларга жардам көрсөтсүн.
  2. Ушул Жарлыктын 1, 5-пункттарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

– эки айлык мөөнөттө баланын башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алуусу үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же чектеген ата-энелердин, балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

19-июнундагы № 388 “Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин отчетторун жыл сайын 1-июлга чейин карап турсун;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жана жалпы билим берүү мектептеринин директорлору жалпы билим берүү мектептерине балдардын баруусун системалуу түрдө талаптагыдай контролдоону камсыз кылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарынын камсыз кылынышына жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзсүн.

Жыл сайын 1-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сакталышы жөнүндө маалыматты берип турсун.

Меню