Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Каракол шаарында “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышы болду

Кечээ, 1-июлдун кечинде Каракол шаарынын борбордук стадионунда “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын расмий ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов жана башка меймандар катышты.

Иш-чара театралдаштырылган пролог менен башталып, андан соң Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Шаардын туулган күнүндө “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышы символикалуу.

Садыр Жапаров белгилегендей, Каракол Кыргызстандын эң кооз шаарларынын бири экени талашсыз. Бул бир гана мекендештер үчүн эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген чет элдиктер үчүн эң мыкты туристтик шаар.

Президент Каракол шаарынын «Шериктештиктин маданий борборлору» мамлекеттер аралык программасына кириши шаардын мындан аркы өнүгүшүнө, тынчтык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маданиятынын идеяларын жайылтууга жаңы дем берерин белгиледи.

Андан соң иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн жаштар симфониялык оркестринин концерттик программасы менен уланды.

 

Садыр Жапаров Баткенде курулушу башталган Медакадемиянын 200 орундуу окуу корпусу, жатаканасы жана 500 орундуу ооруканасына капсула салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салды.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөп жатып бул окуянын Баткен облусунда жашаган мекендештер үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин курулушу баштадууда.

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.

КММА бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүндү, мындан сырткары сырткары 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.

«Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл болуп турат. Кудай буюрса ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Облустарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет.

Мына ушундай максатты көздөп, эң жаш облус катары, Баткен облусунан баштап олтурабыз. Баарынан мурда аталган комплекстин максаты келечекте жергиликтүү элдин ден соолугуна кам көрүү жана кесипкөй адистерди даярдоо болуп саналат», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы мындай заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу Баткен жергесиндеги медицина кызматкерлеринин демине дем болуп берерине жана борбордун бүтүрүүчүлөрү ак халатчандардын катарын толуктарына ишеничин билдирди.

Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалады. Илимге, билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин.

Капсула салгандан кийин Садыр Жапаров чогулган жергиликтүү жашоочулар менен баарлаштыю алар аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди көтөрүштү.

Ошону менен бирге тургундар Мамлекет башчысына алардын аймагына көңүл бургандыгы жана колдоосу үчүн, ошондой эле эмгек акылар менен жөлөкпулдардын сезилээрлик жогорулоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.
Садыр Жапаров Баткен облусуна мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да бурула берерин белгиледи. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн бардык күч, ресурстар улуттук максаттар менен тапшырмаларды ишке ашырууга багытталууда.
Жолгушуу соңунда Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө айтылган маселелерди чечүү үчүн тийиштүү тапшырмаларды берди.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти.

Ошондой эле, аталган тескеме менен Мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.

Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Менакши Лекхи менен КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жолугушту

Индия Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Менакши Лекхи Кыргызстанга иш сапары менен келди.
12-июнда Менакши Лекхи иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен бирге Бишкек шаарындагы Махатма Гандинин эстелигине гүл койуп, Мамлекеттик тарых музейи менен таанышып чыкты.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Минакши Лекхи менен жолугушту

11-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келген Индия Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Минакши Лекхи менен жолугушту.
Министр Ж.Кулубаев Минакши Лекхи айымды Индиянын мамлекеттик министри активдүү мүчөсү болгон башкаруучу Бхаратия Жаната партиясынын жемиштүү ишинин сегиз жылдыгы менен куттуктады.
Ал ошондой эле Индиянын бай жана байыркы маданиятын белгилеп, индиялык тараптын Кыргыз Республикасында Йога борборун ачуу ниетин кубаттап жана индиялык делегациясын жыл сайын 21-июнда дүйнөдө белгиленүүчү Эл аралык йога күнү менен куттуктады.
Ж.Кулубаев кыргыз-индия мамилелери достук жана жакшы маанайда өнүгүп жатканын, Кыргызстан менен Индия эки тараптуу жана көп тараптуу форматта активдүү өз ара аракеттенип, бир катар биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын алкагында жолугуп, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды өткөрүү боюнча макулдашканын белгиледи.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия-Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө аракеттерин колодоп кубаттады.
Өз кезегинде Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Минакши Лекхи эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
Инвестиция, медицина жана туризм тармагындагы өз ара кызматташууга, ошондой эле Кыргыз Республикасында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө социалдык өнүктүрүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарында, анын ичинде жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу кыргыз-индия мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантууну макулдашышты.

КР Президентинин Тоолор боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгын» (беш жылдык) жүзөгө ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында бул демилгенин концепциясын тааныштыруу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын Нью-Йорктогу Кеңсесинин өкмөттөр аралык иштер боюнча Директору Джамиль Ахмад, ЮНЕСКОнун Нью-Йорктогу Кеңсесинин Директору Элиот Минченберг, Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Нью-Йорктогу Кеңсесинин Башчысы Гуанчжоу Цюй, БУУ Токой боюнча Форумунун Катчылыгынын Директору Джулиетта Биао, ошондой эле азыраак өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана аралдагы өнүгүп келе жаткан чакан мамлекеттер боюнча Жогорку өкүлдүн Кеңсесинин өкүлү Гледис Мутангадура менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Атайын өкүл «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгы» концепциясы тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле тоолуу өлкөлөр туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган Кыргызстандын тоо демилгелеринин комплекси тууралуу кабарлады. Тактап айтканда, кыргыз тарап БУУда өз кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо үчүн тоолуу өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштай турганын белгиледи. Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында 2023-2027-жылдарды ушул «Беш жылдык» жылдары деп жарыялоо тууралуу резолюцияны сунуштоо пландалгандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап аталган эл аралык уюмдарга бул демилгени ишке ашыруучу агенттик катары кошулууга чакырды.
Өз кезегинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кыргыз тараптын сунуштары кызыктуу болгонун белгилеп, аларды андан ары дыкат карай тургандыктарына ишендиришти.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында бүгүн, 26-майда, кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти менен Казакстан Республикасынын Президентинин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара аймактарындагы табигый өрттөрдү алдын алуу жана аларды өчүрүү боюнча келишим
  3. 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө-куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
  5. Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 2022-жылга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биргелешкен аракеттер планы
  6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги жана «JOINT TECHNOLOGIES» компаниясы ортосунда «Карасу» жана «Ак-Тилек» автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча меморандум
  8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Түркестан облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Алматы облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү ниети жөнүндө протокол
  11. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Караганда облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  12. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жүрүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Евразиялык экономикалык биримдиктин пленардык жыйынына өлкө лидерлери видеоконференция аркылуу да катышат.

КРнын БУУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгү БУУда «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» концепциясынын презентациясын уюштурду

24-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Штаб-квартирасында Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгү БУУга мүчө мамлекеттердин Нью-Йорктогу туруктуу өкүлчүлүктөрү үчүн «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» концепциясынын презентациясын уюштурду. Ага Бишкектен жогорку өкүл катары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев катышты.

Иш-чарада Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цуй Дунъюй жана БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Александр Трепелков сөз сүйлөштү. Атайын өкүл Нурлан Айтмурзаев презентация жасады. Мындан тышкары, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Тоо өнөктөштүгүнүн Катчылыгынын башчысы Розалаура Ромео “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы – 2022” темасында презентация жасады. Жалпысынан 15 презентация болду.

Иш-чарада 2019-жылы Кыргызстандын демилгеси менен түзүлгөн Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобуна мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун башка мүчө мамлекеттери жана негизги эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Атайын өкүл Нурлан Айтмурзаев тоолуу аймактар экосистеманын уникалдуу түрү экендигин жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу алар дуушар болгон кыйынчылыктар өзгөчө экенин белгиледи. Ошондуктан, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануу жана аларды жумшартуу, ошондой эле бул өлкөлөрдө туруктуу өнүгүү алардын муктаждыктарына багытталган атайын иш-чаралар комплексин ишке ашырууну талап кылат.

«Беш жылдыктын» презентациясында тоолуу өлкөлөрдүн экономика жана соода, илим, билим жана маданият, айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктарды алдын алуу жаатындагы, ошондой эле бул багыттар боюнча эл аралык кызматташтык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын тоо демилгелеринин комплекси жарыяланды. Биринчи кезекте, кыргыз тарап БУУнун түрдүү түзүмдөрүнүн алкагында өз кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо үчүн тоолуу өлкөлөрдүн чоң коалициясын түзүүнү колдоду. Тоолуу өлкөлөрдүн ушул жана башка демилгелерин «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» деп аталган бирдиктүү иш-чаралардын комплексине бириктирүү сунушталып, кийинки беш жылда – 2023-2027-жылдары ишке ашыруу сунушталды. Бул аракеттерди формалдаштыруу үчүн БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жүрүшүндө 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыялоо тууралуу резолюцияны кабыл алуу сунушталды. Кыргыз тарап бул резолюцияны колдоо жана биргелешип демилгелөөнү көрсөтүү өтүнүчү менен БУУга мүчө мамлекеттерге кайрылды. Ошону менен бирге, тийиштүү компетенцияга ээ болгон эл аралык уюмдарга беш жылдык планга аткаруучу уюм катары кошулуу тууралуу кайрылды. Резолюцияны жана жалпысынан беш жылдык планга саясий колдоону камсыз кылуу максатында кыргыз тарап БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жана тоолуу өлкөлөрдүн бийик даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү планын билдирди.

Маалымдама: 2021-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» жарыялоо демилгесин билдирген. Бул демилгени практикалык ишке ашыруу үчүн анын концепциясы иштелип чыкты, анда тоолуу өлкөлөрдүн кызматташтыгын чыңдоого, алардын элдеринин бакубаттуулугун жогорулатууга жана тоо экосистемаларын коргоого багытталган чаралардын кеңири комплекси камтылган. Кыргыз Республикасы бардык тоолуу мамлекеттерди аларды ишке ашырууга катышууга чакырат. Биз беш жылдык планга тиешелүү мандаты бар бардык эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте Тоо шериктештигинин Катчылыгынын, , БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, БУУӨПтун, ЭКОСОКтун, ЮНЕСКОнун, ЮНИДОнун, ЮНЕПтин, ЮНКТАДдын, ГЭФтин аймактык комиссияларынын, эл аралык каржы институттарынын ишке ашыруу аркылуу катышуусун маанилүү деп эсептейбиз. сооданы өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, технологияларды жана инновацияларды трансферттөө, айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, анын ичинде “жашыл” экономиканы өнүктүрүү, “жашыл «технологиялар, «жашыл» энергетика, кырсыктардын алдын алуу, тоолуу өлкөлөрдүн маданиятын, тарыхын, жаратылышын жайылтуу жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорго инвестициялоо аркылуу.

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери  кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Россиянын Президенти Владимир Путин тараптар ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал былтыркы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн белгилеп, Россия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда тураарын кошумчалады.

Владимир Путин ЖККУ саммитинин аянтында биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн багыттарын көзмө-көз талкуулоого мүмкүнчүлүк бар экенин канааттануу менен билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дагы бир жолу Улуу Жеништин 77 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен  бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

Меню