Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Балдардын жыныстык кол тийбестигине, өмүрүнө жана ден соолугуна каршы аракеттер үчүн күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүнү караган КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 11-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу (58-берене), психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт. ( 89-берене) жана мунапыс.

1-августтан тарта өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Бул чечимдин негизги максаты – өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

Мамлекет башчысы калктын түрдүү катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатат.

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жана социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Өткөн жылы аскер кызматкерлерине, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине дагы эмгек акы төлөөнүн жаңы деңгээли белгиленген.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй:

Министрликтер

Маселен, министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 67 749 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 196,7%ды түзөт.

Мисалы, министрликтин жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 21 098 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 49 012 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 232,3% түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА)

Маселен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 22170 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 41 319 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 186,4%ды түзөт.

Мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адисине учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарыны ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эсепке алуу менен чегерилген эмгек акысы 18 213,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 35 940 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 197,3% түзөт.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү (АБ)

Маселен, аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 17 637,5 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 38 830 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 220,2%ды түзөт.

Мисалы, аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 14 442,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 32 110 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 222,3%ды түзөт.

Райондук маанидеги шаар мэриялары

Маселен, мэриянын бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16881,3 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 39 785 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 235,7%ды түзөт.

Мисалы, мэриянын жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13813,2 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 34 708 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 251,3% түзөт.

Айыл өкмөттөрү

Маселен, айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16 125 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 33 851 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 209,9% түзөт.

Мисалы, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин эмгек акы төлөөнүн учурдагы шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13 миң 184 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акы 27 706 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 210,1% түзөт.

Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле глобалдык жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы мейман менен учурашып, анын Кыргызстанга болгон сапары эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгынын жогорку деңгээлин жана активдүү динамикасын билдирерин белгиледи.

Президент Кытайдын тышкы иштер министринин эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жеке көңүл буруусун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүсүн жогору баалай турганын белгиледи. Ал бул визит кыргыз-кытай мамилелериндеги жаркын тарыхый этап болуп каларына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров тышкы экономикалык байланыштар тармагына токтолуп, Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөшү катары карай турганын белгиледи. «Биз өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдарбыз. Соода-экономикалык кызматташууга өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясынын кытай тараптын „Бир алкак — бир жол“ демилгеси менен интеграциясы өбөлгө болот», — деп, Кытай тарап менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн чоң социалдык мааниге ээ экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн КЭР өкмөтү тарабынан берилген гранттык жардамды жогору баалай турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын кең аймагын сугат суу менен камсыз кылууда чоң мааниге ээ болгон айланып өтүүчү Чүй каналы-2 (ОЧК-2) долбоорунун ишинин башталышын канааттануу менен белгиледи. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдо болгон суу ресурстарын кыйла үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатуу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет.

Президент ошондой эле өлкө үчүн маанилүү улуттук долбоор болгон «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу маселесине көңүл бурду. Тиешелүү документке сентябрда Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюуну сунуштады.

Мамлекет башчысы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак, бир жол» демилгесине маанилүү кошумча болот деген оюн билдирди. Ал буга чейин кытайлык адистер Кыргызстанга келип, жер-жерлерде изилдөө иштерин баштаганына ыраазычылыгын билдирди.

«Кыргыз Республикасы негиздөөчү мамлекет катары Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында айтылган жана сунуш кылынган Кытай тараптын демилгелерин колдойт», — деген Садыр Жапаров эки өлкөнүн кызматташтыгынын жогорку деңгээлин эске алып, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара кызматташууну тереңдетүү маанилүү бөлүгү болуп саналарын кошумчалады.

Президент Кыргызстан бардык эл аралык платформалардын, анын ичинде БУУ, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме ж. б. алкагында жемиштүү кызматташууну улантууга ниеттенип жаткандыгына көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге чын жүрөктөн саламын жана жакшы каалоолорун айтып, аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жакшы каалоолорун жана саламын айтты.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү эки өлкөнүн лидерлеринин үстүбүздөгү жылдын февралында болгон жолугушуусу эки тараптуу мамилелерди жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң түрткү бергенин белгиледи.

Ван И Кыргызстандагы саясий, социалдык стабилдүүлүктү жана өлкө Президентинин реформаларды жасоого бекем чечкиндүүлүгүн жогору баалап, кытай тарап Кыргызстан менен достук байланыштарды жана кыргыз тараптын эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын жогору баалай турганын баса белгиледи.

«Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын белгиси астында биргелешкен аракеттердин натыйжасында биз чыныгы жакшы дос, жакшы коңшу, бир тууган жана ак ниет өнөктөш болуп калдык. Биз чындап эле ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түздүк. Биз болгон жыйынтыктарды байытып, 30 жылдын ичинде жетишилген бул натыйжаларды баалап, жакынкы 30 жылда мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча жаңы ачык-айкын максаттарды коюшубуз керек», — деди Кытайдын тышкы иштер министри.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тарап үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгондугун белгиледи.

«Ошентип, бул долбоорду ишке ашыруу процесси башталып жатат. Кыргыз жана өзбек тараптын каалоосун эске алуу менен биз сентябрда Самаркандда өтө турган саммитте бул долбоор боюнча үч тараптуу документти түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даярбыз», — деди ал.

Кытайдын тышкы иштер министри ошондой эле Кыргызстан үчүн чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон айланып өтүүчү Чүй каналы-2 (ОКС-2) курулушунун тез арада бүтөөрүнө ишеним билдирди.

“Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө”  Жарлыкка  кол койду.

“Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын максаты жагымдуу салыктык климат түзүү болуп саналат.

Ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү, ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу салык климатын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун киргизсин:

– кассалык чектерди бербөө бөлүгүндө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн биринчи укук бузуу үчүн эскертүү түрүндө жаза колдонууну жана кийинки укук бузуулар үчүн айыптардын өлчөмүн жеке жактар үчүн 5 эсептик көрсөткүчтөн жана юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүчтөн тартып градациялоону болжолдогон төмөндөтүүнү;

– күйүүчү-майлоочу материалдарды, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдөн, импорттоочулардан, дистрибьюторлордон жана аларды саткан субъекттерден тышкары соода ишинин субъекттери үчүн контролдук-кассалык машиналарды жана/же электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонгон шартта төмөнкүдөй өлчөмдө бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн ставкасын белгилөөнү:

а) 0,5 пайыз – жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомго чейин;

б) 1 пайыз – жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин;

– сатуудан алынуучу салыктын ставкасын жогорулатууну:

а) 3 пайызга чейин – салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы менен бирдиктүү салык жана патент боюнча иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда;

б) 4 пайызга чейин – жеке белгилери көрсөтүлбөгөн субъекттердин дарегине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда;

– салык салуунун патенттик системасына тиешелүү иштин түрлөрүн оптималдаштырууну;

– орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпы республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 пайыздан жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эске албастан, тандалган салык режимине карабастан жеке ишкерлер үчүн (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берген, тигүү жана текстиль өндүрүшүндө иштегендерден тышкары) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6 % өлчөмүндө белгилөөнү;

– салык органынын жетекчисинин чечими менен салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарын тартиптик жорук жасаганда ээлеген кызматынан бошотуунун жана дайындоонун өзгөчө тартибин киргизүүнү;

2) контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн айыптардын өлчөмдөрүн мыйзамдуу жөнгө салганга чейин жарандардын даттануулары, башка мамлекеттик органдардан алынган маалыматтар боюнча жана салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу лотереяны ойнотуунун жүрүшүндө аныкталган бузуулар фактылары боюнча контролду жүргүзүү учурларын кошпогондо,  кассалык чектерди берүү маселелери боюнча контролдук сатып алууну жүргүзүүнү убактылуу токтотуп турсун;

3) контролдук-кассалык машиналарды, электрондук эсеп-фактураларды жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу менен алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия берүү боюнча талаптарды жөнөкөйлөштүрсүн;

4) аймагында товарлардын акциздик топторун, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатууну кошпогондо, рыноктордо жана кичи-рыноктордо контролдук-кассалык машиналарды колдонууну киргизүү боюнча мөөнөттөрдү узартсын;

5) төмөнкүлөрдү контролдук-кассалык машиналарды колдонуудан бошотсун:

– көчмө соода жүргүзүү жайларын, киоскторду жана ларекторду пайдалануу менен гүл өстүрүүчүлүк продукциялары, айыл чарба продукциялары, нан азыктары, улуттук жана сергитүүчү суусундуктар менен көчөдө соода жүргүзгөн жеке жактарды;

– окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде иш жүргүзгөн коомдук тамактануу субъекттерин;

6) контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизсин, ошондой эле аларды контролдук-кассалык машиналарды колдонууну окутуу боюнча кызматтарды акысыз көрсөтүүгө милдеттендирсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды өткөрүп берүүнү камсыздаган контролдук-кассалык машиналардын функциялары бар POS-терминалдарды милдеттүү түрдө колдонууга Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын өткөрүү боюнча таасирдүү чараларды көрүү сунушталсын.

Centerra Gold Inc. акционерлеринин кезексиз жыйналышы Кумтөр кени боюнча өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу жөнүндө Кыргызстан менен макулдашуунун шарттарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Centerra Gold Inc. акционерлеринин 2022-жылдын 25-июлунда өткөн кезексиз жыйналышынын Кумтөр алтын кени боюнча өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен макулдашуунун шарттарын бекитүү боюнча чечимин колдоого алат.

Макулдашууну аткаруу алгоритмине ылайык, Кумтөрдү кыргыз тараптын толук контролуна өткөрүп берүүнү тариздөө жол-жобосун аяктоо боюнча бир нече техникалык жол-жоболор калды.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдеги элге кайрылуусунда Кумтөр кенин Кыргыз Республикасына кайтаруу жөнүндө түзүлгөн макулдашууну өлкөнүн ишенимдүү өнүгүү жолуна түшүүдөгү чечүүчү учур катары атаган.

Түзүлгөн макулдашуу төмөнкүдөй пункттарды камтыйт:

Кумтөр кени толугу менен кыргыз тараптын контролуна өтөт. Ошол эле учурда кыргыз тарап 2021-жылдын 15-майынан тартып алынган бардык пайданы өзүндө калтырат.

Мындан тышкары, Centerra Gold Inc. 11 млн АКШ долларына жакын өлчөмдөгү дивиденддерди төлөп берет.

Ошондой эле Centerra Gold Inc тарабынан кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.

Кыргыз Республикасына ошондой эле 53 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү Кумтөр кени боюнча рекультивациялоо фондун башкаруу да өткөрүлүп берилет.

Centerra Gold Inc. 2021-жылдын май айында жеткирилген алтындын партиясы үчүн 29 млн АКШ долларын төлөтүү жөнүндө талаптан баш тартат жана кыргыз тарапка каршы АКШда, Швецияда жана Канадада демилгеленген бардык сот процесстерин токтотот.

Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды.

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри  Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

Эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы жакынкы коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен өз ара пайдалуу алакаларды тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки тараптуу мамилелерден тышкары, өлкөлөр ортосундагы региондун күн тартибинде турган аймактык  өз ара аракеттенүүнү жандандыруу жана кеңейтүү жалпы чөлкөмдүн да, Борбор Азиянын ар бир мамлекетинин да өнүгүүсүнүн негизги фактору болуп саналат.

Региондук интеграция маселелерине токтолгон Мамлекет башчысы кыргыз тарап өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, чет элдик түз инвестицияларды тартуу, атаандаштык эмес, кызматташуу, бири-бирин толуктоо маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады.

Президент мамлекеттердин улуттук экономикаларын өнүктүрүүгө багытталган соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка өз ара аракеттенүүсү бүткүл Борбор Азияда туруктуулукту, коопсуздукту, тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн бекем негиз болуп саналаарын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити биримдиктин жана өз ара түшүнүшүүнүн, ачык жана өз ара пайдалуу диалогго даярдыгынын далили.

Ал аймактык демилгелердин ийгилиги жана бүтүндөй Борбор Азия аймагынын позициясын аныктоо алардын ишинин сапатына, аракетине, тышкы иштер министрликтеринин деңгээлиндеги диалогуна жана өз ара түшүнүшүүсүнө түздөн-түз көз каранды экенине министрлердин көңүлүн бурду.

Президент Садыр Жапаров региондук диалог үчүн өлкөлөр тандап алган багыт аймактын гүлдөп-өнүгүшүнүн жана элдердин бакубаттуулугунун негизги фактору болуп кызмат кыла тургандыгына терең ишенимин билдирди.

Өз кезегинде тышкы иштер министрлери Мамлекет башчысына Тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин бүгүнкү отурумунун жүрүшүндө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун мазмундук бөлүгүн даярдоо аяктай турганын билдиришти.

Учурдагы эл аралык кырдаалда Борбор Азия чөлкөмүндөгү интеграциялык процесстер суроо-талапка ээ жана актуалдуу экени белгиленди.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери 2022-жылдын 21-июлунда боло турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна документтердин жетиштүү көлөмдөгү топтому даярдалганына басым жасашты.

Жолугушуунун катышуучулары эртеңки Ысык-Көлдө өтүүчү саммит Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берерине ишеним билдиришти.

Акылбек Жапаров: ИДПнын өсүшү боюнча эл аралык институттардын пессимисттүү божомолуна карабастан, биз кырдаалды турукташтыра алдык

Ички дүң продукциянын өсүшү боюнча эл аралык институттардын пессимисттүү божомолуна карабастан, биз кырдаалды турукташтыра алдык. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өткөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңейтилген жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров. билдирди

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 6 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүү темпи 6,3%ды түзгөнүн белгиледи.

«Экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды: айыл чарбасында 2%, курулушта 3,4%, кызмат көрсөтүүдө 4%, өнөр жай тармагында 14,6% өсүш болду», – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылдын 6 айында тоо-кен тармагындагы салыктык кирешелер 25,8 миллиард сомду түздү.

«2021-жылы казынага тоо-кен тармагынан 22,9 млрд сом түшкөн. Жарым жылда былтыркы бир жылга караганда салыкты көп чогулттук. Мен кендерди иштетүүгө каршы чыккандарга кайрылат элем. Өлкөдө 245 авариялык мектеп бар, 219 704 аз камсыз болгон үй-бүлө (алардын санариптик картасы түзүлдү) жана 710 миңден ашуун пенсионер жашайт. Жыл сайын болжол менен 10 миңдей жаңы кошумча окуучулук орундар талап кылынат. Бул үчүн жылына 24 жаңы мектеп куруу керек. Мындан тышкары, республика боюнча ооруканаларды оңдоо, калктын социалдык жактан корголбогон катмарына кам көрүү зарыл. Бул үчүн бизде кошумча булактар болушу керек”, – дейт Акылбек Жапаров.

Садыр Жапаров: Менин принцибим – ар бир кыргызстандыктын кыргыз жеринде кор болбой, жакшы жашоосун камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер Кабинетинин жыйынын өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Ушул залда отурган баарыбыз мамлекеттин өнүгүүсүнө, мамлекеттеги коопсуздукту камсыздоого, коомдогу өзгөрүүлөргө, элдин жашоосун жакшыртууга, эл аралык мамилелердин оң болушуна жооптуубуз.

Мамлекеттик кызыкчылык – баарынан бийик!

Аткарылып жаткан иштин – кагаз жүзүндөгү көрсөткүчтө гана «аткарылды» эмес, реалдуу натыйжага ээ болуусу өтө маанилүү.

Биз аткарып жаткан иштер Кыргызстандын ар бир жаранына оң таасирин тийгизиши керек.

Эл күткөн ишенимдүү жолду, бирдиктүү позицияны табууну көздөгөн, бири-бирибизге ишенген команда азыр элге кызмат кылып жатат деп мен терең ишенем.

Өткөн жылдын декабрь айында 2021-жылдагы иштерди элге расмий жарыялаганбыз.

Бүгүн андан берки 6 айдын жыйынтыгын чыгарабыз.

Иштин жыйынтыгын чыгарып, иреттеп туруу – бул дагы бир жолу белди бекем бууганга, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат.

Мурдагыдай «эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек» деген кадрлар арабызда болбоого тийиш.

Азыр уктап жатчу учур эмес.

Мен ар дайым ачыкмын.

Кай жерге барбайын, элдин суроолорун укмайынча кетпеймин.

Бардык суроолорго түз эле, ачык жоопторду берип келемин.

Өткөндө Бакыт Эргешович, Башкы прокурор Курманкул Токторалиевич, ички иштер министри Улан Омокановичтер аймактарды   кыдырып келишти.

Бугун да кыдырып кетишти.

Мындан ары бул салт улантылат.

Бардык министрлер, Администрациядагы жетекчилер бүт региондорду кыдырып, элдин көйгөйлөрүн маал-маалы менен жеринен чечип турушат.

Ал эми айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор, бюджеттен айлык алган ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди «бүгүн эмне иш кылгандыгы боюнча» жалпыга маалымдоо айдыңына чыгып, маалымат берип турууга милдеттендиремин. Ай сайын отчет берип туруңуздар. Облуста, өзүңүздөрдүн аймактарда жасалган иштер тууралуу элге жана массалык маалымат каражаттарына маалымат берип туруңуздар.

Урматтуу жетекчилер!

Өткөн жылы биз конституциялык өзгөрүүлөр менен бирге, бардык тармактардын өнүгүүсү боюнча атайын жарлыктарды, укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгып, кабыл алдык.

Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өттүк.

Шайлоолорду өткөрдүк.

Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык.

Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептейм.

Эми мындан ары – саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар !

Сөзүмдү алыстан баштайын.

Кыргызстан бүткүл дүйнө менен бир алкакта турабыз.

Дүйнө өнүгүүсүнө түздөн-түз байланышканбыз.

Дүйнөнү каптаган пандемиянын кесепети бизге да тийди, ар түрдүү санкциялардын кесепети да тийбей калган жери жок.

Жана башка көп нерсени айтсак болот. Биз да дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташып келебиз.

Биринчиси – Дүйнөнү жакшыртууда, адамзаттын жашоо-турмушун оңдоодо Бириккен Улуттар Уюмунун 17 пункттан турган Туруктуу өнүгүү максаттарынын мааниси чоң, кулачы кенен.

Биз да ушул программага киргенбиз.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жазууда ушул максаттар толук эске алынган.

Бүгүн Кыргызстан БУУ тарабынан белгиленген Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрүн 50%га жеткирди.

Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү – мамлекеттик органдардын жана Министрлер Кабинетинин ишинин негизги көрсөткүчү болуп баратат.

Учурда Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын 232 глобалдык индикаторунун 140ы боюнча улуттук аналогдор иштелип чыккан.

Жашыл экономика, жашыл мурас, климатты жакшыртуу, мөңгүлөрдү сактоо демилгелерибиз Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын бир компоненти экендигин белгилеп кетким келет.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Экинчиси – Евразия экономикалык бирлиги.

Бул – биз байланышкан дүйнөдөгү орду бар дагы бир чоң уюм.

Бул уюмга мүчө болуп турушубуздун өзү биздин өлкөнүн дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта экендигибизди дагы бир жолу тастыктайт.

Глобалдык өзгөрүүлөрдүн жана дүйнөлүк экономикалык борбордун чыгышка жылышынын шартында жаңы логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана толук кандуу транспорттук байланышты камсыз кылган транспорттук системаларды түзүү биринчи планкага чыгууда.

Кыргызстан азыр ыңгайлуу позицияда турабыз.

Темир жол транспорту, авиация инфраструктурасын түзүү иштери күчөтүлөт.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Дүйнөлүк экономикалык трансформация жана тышкы терс факторлордун таасири шарттарында биз өлкөнүн экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди, күчтү, ресурстарды бириктирип, өнүгүүгө карай багыт алышыбыз керек.

Учурдан пайдаланып айткым келет, Акылбек Усенбекович башында турган Министрлер Кабинети жыл башынан бери экономикада чечкиндүү кадамдарга барып, туура нукта баратканын белгилейм.

Биринчи – өлкөнүн ички дүң продукциясындагы өсүштү айткым келет.

Экономикада ИДПнын өсүшү маанилүү көрсөткүч.

Дүйнө экономикасы ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшү менен аныкталат.

ИДПнын көлөмүнүн көп болушу түздөн-түз экономиканын өсүшүн шарттайт.

Азыр мына 6 айдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчкө чыктык.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала берген маалыматы боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы 6,3 пайыз өсүштү түздү.

ИДПнын номиналдык көлөмү 6 айда 335 млрд сом болду, бул пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 89,7 млрд сомго көп.

Дүйнөлүк пандемиянын, климаттык өзгөрүүнүн, Чыгыш Европадагы кырдаалдын кесепеттерине карабастан, биз ушундай жетишкендиктерге жетип жатабыз.

Муну баса белгилеп айтышыбыз керек.

Экинчиден, адам ресурсу – биздин башкы байлыгыбыз.

Менин принцибим – ар бир кыргызстандыктын кыргыз жеринде кор болбой, жакшы жашоосун камсыз кылуу.

Муну мен көп жолу айтып келем.

«Элдин курсагы ток болсун, кийими бүтүн, жашаган жери жайлуу, татынакай, таптаза болсо экен»,- деп биз ушундай мамлекеттик артыкчылыктарга басым жасап жатабыз.

Ал үчүн: айлыктарды, пенсия-жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз.

Аларга эле быйыл ондогон млрд кошумча каражаттарды таап,

жумшап жатабыз:

1-январдан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк.

1-апрелден социалдык тармактын: билим берүү, медицина, маданият  кызматкерлеринин айлыктарын көтөрдүк.

1-июндан тартып кайрадан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк.

Эми 1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз.

Бул үчүн 10 млрд сомго жакын каражат керектелет.

Былтыртан бери күч түзүмдөрүнүн айлыктарын көтөрдүк:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Прокуратура, Чек ара жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтарынын,

Соттук-экспертиза ж.б. баарын көтөрүп, айлыктарын теңдедик.

Үйдө тынч болсо,  туруктуу киреше болсо, элибиз келечекке үмүт артып жашаса дейбиз.

«Мамлекет баарына камкор» принцибинде баратканын белгилейм.

Адам башына эсептелген орточо киреше көбүрөөк болушу керек.

Улуттук статкомитеттин маалыматынын негизинде, жалпы республика боюнча 2021-жылы айына 6 647 сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 18,2% га өскөн.

Быйыл айлыктардын баары көтөрүлдү, мындан 2 эсеге жогору болот деп ойлойм.

Мунун баары элдин кирешесинин көбөйүп бараткандыгын тастыктайт.

Эгерде дүйнөдөгү абал курчубаганда, ушул кирешелерди жеп кетип жаткан инфляция да аз болмок, элдин көтөрүлгөн айлыктары үй-бүлө кирешесинде азыркыдан да жакшы сезилерлик болмок.

Кандай болсо да тапканыбыздын берекеси болсун.

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 6 айдын жыйынтыгында 133 млрд 486 млн сом болду.

– Салыктык кирешелер – 104,5 млрд сомду түздү.

– Салыктык эмес кирешелер – 25,3 млрд сом;

– Трансферттер – 3,7 млрд сомду түздү.

Негизги киреше салыктык кирешелерди чогултуудан,

– Салык кызматы 72,8 млрд сомду,

– Бажы кызматы 31,7 млрд сом чогултту.

Салыштырып көрүңүздөр, пандемияга чейин 2019-жылы Салык кызматы 36,8 млрд сом, Бажы кызматы 18,4 млрд сом чогулткан.

Мындан биз бул тармактарда коррупцияны максималдуу кыскартып жаткандыгыбызды көрүүгө болот.

Бир жагынан киргизилген электрондук системалар жакшы жардам берип жатса, экинчи жагынан күч түзүмдөрү контрабанда, коррупция менен аёосуз күрөшүп жаткандыгын белгилейм.

«Крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз!

Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим:

Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз!

Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз.

Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар.

Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет.

Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга: биз кабыл алынган чечимдердын бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат.

Алар элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болот.

Ошондуктан жакшылап терең ойлонулган чечимдердин болушу негизги шарт. Жети өлчөп, бир кесип анан кабыл алып туралы.

Жүзүбүз ар дайым жарык болсун десеңер эл үчүн, мамлекет үчүн ак дилиңерден таза иштешиңерди катуу талап кылам.

Биз бийликке эл үчүн иштейли деп келдик.

Бул максат ар бир Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн жүрөгүндө болушу керек. Ар бир мамлекеттик кызматкердин жүрөгүндө болушу керек.

Мен жана Министрлер Кабинети чыгарган чечимдер жалпы элибиздин жашоосунун сапатын жогорулатууга багытталышы керек.

Биздин бардык программаларыбыздын, стратегиялык документтерибиздин өзөгү – элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылуу.

Башка маселелерге убакытты да, ресурстарды да коротуп кереги жок”.

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйыны өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 14-июлда, өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйыны өтөт.

Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчету угулат.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Министрлер кабинетинин жыйыны УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык тармактардагы баракчалардын  түз эфиринде көрсөтүлөт.

Эфир 10:00дө башталат.

Бакыт Төрөбаев: Элдин көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечүүгө жана аткарууга алабыз. Бул Президенттин бизге койгон талабы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту. Жолугушууга райондун ар кыл айылдарынан келген 400гө чукул адам катышты.

Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасы менен жеринде элдин үнүн угуп,  көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө аракет көрүү үчүн аймактарды кыдырууга чыкканын билдирди.

«Жакында эле Президентибиздин катышуусунда Токтогул районунун эли менен жолугушуу өткөң. Анда эл тарабынан 87 суроо-талап айтылып, анын негизинде 167 иш чаралар аткарууга алынган. Бүгүн да ал маселелер четинен ишке ашып жатат. Бүгүн да сиздер көтөргөн көйгөйлөр жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга аткарууга тапшырмаларды коебуз»- деди Бакыт Төрөбаев.

Жолугушууга катышкан тургундар негизинен жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, жеке маселелерине байланыштуу укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине болгон нааразычылыктар көтөрүлдү. Ошондой эле кескин көтөрүлгөн маяна үчүн маданият кызматкерлери ыраазычылыктарын билдиришти. Мындан сырткары алыскы айылдагы медицина кызматкерлеринин таңкыстыгы, социалдык имараттардын жоктугу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.  Тургундардын кайрылуулары арыз түрүндө да кабыл алынып, алардын ар бирине жооп болору айтылды.

Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн аймактарына жумушчу сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, алардын басымдуу бөлүгүн соттордун чечимдерине,укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразычылыктар айтылган. Ошол себептен улам мамлекет башчысы тиешелүү жетекчилерди жер-жерлерге чыгып,   элдин маселелеринен кабар алууну тапшырмасын койгон.

Ушул сыяктуу эл менен жолугушуулар өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулат.

Меню