Menu

САЯСАТ

Айыл чарба тармагын колго алуу үчүн бир гана айыл чарбасы менен алектенген вице-премьер-министр кызматын түзүү сунушталды

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү шайлоочуларынын олуттуу делген көйгөйлөрүн көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Депутат Пархат Тулендыбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылына барып келгендигин маалымдады. Ал Чүй дарыясынын Кыргызстан жагын суу жээп кетип бара жаткандыгынан коңгуроо какты. Анын маалыматы боюнча жээкти суу жеп кеткендигинен улам, Кыргызстан 500-700 гектар жерин жоготуп, эми чоң трассага коркунуч келтирүүдө.

Нарын облусунда 2 метрлик кар жаап, учурда Ат-Башы өрөөнүндө мал жандыктары жутка учурап жатат. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Жылдыз Мусабекова мал жандыктарынын өлүмүнө ветеринария кызматы жакшы көңүл бурбай жатканын сынга алды.

Медициналык академиянын астындагы имараттар ар кандай медициналык борборлорго ижарага берилип келет. Депутат Аида Исмаилова имараттарды ижарага берүүнүн критерийи жоктугуна, ар кандай баада берилип келе жатканына токтолду. Депутат парламенттин тармактык комитетине медициналык борборлордун ишмердүүлүгүн иликтөөгө алууну тапшырууну сунуш кылды.

“Талас облусунун Талас шаарында “Жерүй” алтын кенинен бөлүнүүчү каражатты республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси менен курула турган обьектиге бересиңер деген кысым болуп жатыптыр”,- дейт депутат Кенжебек Бокоев. Ошону менен катар Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жергиликтүү элден мэрияга бир штат бөлүп, жалаң кендер боюнча иш алпаруу өтүнүчү айтылганын, мындай сунуш туура экенин кошумчалады.

Парламенттин Агрардык саясат боюнча комитетинде Өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыктары боюнча маалыматы угулган. Анда бир катар орчундуу кемчиликтер белгиленген. Бул тууралуу депутат Алмасбек Акматов айтып, айыл чарба тармагын колго алуу үчүн КР Өкмөтүндө бир гана айыл чарбасы менен алектенген бир вице-премьер-министри кызматын түзүү керектигин же Айыл чарба министрине вице-премьер-министр макамын берүүнү сунуштады. Депутаттын пикиринде, мындай тажырыйба коңшу республикаларда дагы орун алган.

15 жыл толгон Аксы окуясы боюнча сөз сүйлөгөн депутат Алмазбек Эргешов анда окко учкан жарандардын балдарына мамлекеттик жөлөкпул сындуу жардамдар берилиши зарылдыгын аткаруу бийлигине багыттады.

Депутат Марат Аманкулов учурда болуп жаткан нааразычылык акцияларындагы милициянын иш-аракеттери мыйзам чегинде болгонун, ал эми минтингдер азыркы бийлик менен өлкө башчысын жаманатты кылуу гана максатында болуп жатканын билдирди.

Азыркы тапта улуттук оюндарга, өзгөчө көк бөрүгө кызыгуулар арта баштады. Буга акыркы “Көчмөндөр оюндары” дагы күбө болду. Соңку “Ак кула” ат майданында эл трибуна конструкциясынын башына чейин чыгып алганы да элдин бул оюнга болгон кызыгуусу артып жатканын тастыктайт. Мындай пикирлери менен бөлүшкөн депутат Бактыбек Райымкулов алдыдагы чоң-чоң майрамдарда дагы Өкмөт бул маселеге олуттуу көңүл бурушу керектигин билдирди.

“Келемиш технологиясы”

Президент А. Атамбаевдин лексиконундагы “келемиштер”, “кузгундар” деген сөз байлыктары кыргыз журтчулугуна кеңири маалым. Жек көргөн адамдарына багыштаган Президенттин көңүл кырына илинип, башкаларды кемсинтүү объектисине айланган бул жаныбарлар жөнүндө биз эмнелерди билебиз? Окуп көрчү, окурман… Өзүң баамдап көрчү…

Биз сөз кылууну көздөп турган кырдаал “келемиштердин королу” деген технологияны колдонуудан улам пайда болгон. Анын негизги максаты-социалдык конструкциянын чиеленген маселелерин, көзгө көрүнбөгөн жерпайын жана биримдигин жок кылууга багытталат. Бөлүнүп-чачылуу атмосферасы күч алып, ар бир адам өз кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, “өзүбүздүн адам” деген түшүнүктү жокко чыгарган атмосфера түзүлөт. Аларды ишке ашыруу үчүн адамдын адеп-ыйманын жок кылуу талап кылынат. Ишенген адамын сатып кетүү адеп-ахлактын биротоло жок болгондугунун көрсөткүчү.

Бул технологиянын маани-маңызын келемиштердин жүрүш-турушунан даана көрө алабыз. Бул жаныбарлар башкалардан биринчи кезекте кандай шартта болбосун жашап кетүү жөндөмдүүлүгү менен айырмаланып турат. Мындай жөндөмдүн негизин алардын социалдык бекем биримдиги түзөт. Келемиштер укмуштуудай социалдык жаныбарлар. Алар “ишке” чогуу барышат, бири-биринен жардамдарын аяшпайт, кандай учур болбосун бири-бирин коргоого даяр, жарадар болгондорун орто жолго таштап кетишпейт. Келемиштердин тобу өздөрүн бир организмдей сезишет жана ошондой алып жүрүшөт. Алар бири-бирине маалыматты тез беришет, алдыдагы коркунуч жөнүндө токтоосуз билдиришет жана андан буйдалбай чыгып кетүүнүн жолдорун да көрсөтүп турушат. Жашоонун мындай эрежелеринде өз кызыкчылыгын алдыңкы орунга коюу мүмкүн болбой калат. Коргонуу механизми адеп-ахлак жол-жоболорун бекем карманууга өбөлгө түзөт.

Келемиштер менен күрөшүүнүн эң бир натыйжалуу жолдорунун бири-алардын коргонуу механизмин жок кылуу болуп эсептелет. Коргонуунун негизин ыйман түзгөндүктөн, бул ыкма мына ошол ыйманды жок кылууга багытталат. Бардыгынын ыйманын бир учурда жок кылуу мүмкүн эмес. Бир-бирден, акырындык менен сындыруу башка кеп. Андай учурда акыл-эс чындыгы чечүүчү мааниге ээ болгудай шарттар түзүлөт. Ал үчүн буга чейин жасоого мүмкүн эмес болгон алгачкы кадамды жасоого аны мажбур болууга жеткирүү зарыл.

Ал мындайча жасалат.

Килейген чоң жана күч-кубаттуу келемишти көпкө чейин ачка кармашат да, анан ал отурган темир торго жаңы гана өлтүрүлгөн келемишти ташташат. Бир топ олку-солкулуктан кийин ал өлгөн тууганынын этин жешке аргасыз болот. Себеби, ага акыл-эс чындыгы “бул сенин тууганың болбой калды. Бул эми тамак” – деп айтып жатты. Ага эми баары бир, ал эми сен болсо жашашың керек да. Демек, туганыңдын эти болсо да жешиң керек.

Кийинки жолу ыймансыздыктын планкасы дагы көтөрүлөт. Бул ирет темир торго араңжан келемиш ташталат. Жаңы тамак “өлөсөл” болуп турганы менен, баары бир тирүү жан да. Бул ирет дагы акыл-эс чындыгы абалдан чыгуунун жолун кулагына шыбырайт. “Ал баары бир өлөт, а сенин жашашың керек.” Ачка келемиш ага да макул болуп тирүү тууганынын этин жешке мажбур болот.

Үчүнчү ирет темир торго тирүү, ден-соолугу чың “тамакты” бирок тигиден алсыз келемишти киргизишет. Күч-кубаттуу келемиш акыл-эс чындыгына баш ийүүгө мажбур. Мындан башка жей турган эч нерсе жок. Экөөбүз тең өлүп калгандан көрө, күчтүүбүз жашашы керек. Ошентип, күчтүү келемиш үстөмдүк кылып, үчүнчүнү да жеп салат. Көңүл буруп карасаңар, күчтүү келемиштин “жеш керек, жебеш керек” чечимине келүү убактысы уламдан-улам кыскарып отурган. Ошол эле убакта, ар бир “өз тууганын” жеген сайын анын ыймансыздыгы күчөп, ашына берген. Кандайдыр бир убакыттан кийин келемиш эч нерсе жөнүндө ойлонбой, ага баары бир болуп, туугандарын тамак катары гана эсептеп калган.  Темир торго ыргытылган башка келемиштерди ошол замат баса калып, аёосуз чайнап, жеп салганга маш болуп бүткөн. “Жесемби, жебесемби?” деген ой мээсине келбей калган убактан баштап келемиштин ыйманы тыптыйпыл жок кылынды.

Кийин аны кайсы бир учурда алып келген өз үйүрүнө кайрадан кошуп коюшту. Бирок, бул мурдагы келемиш эмес эле. Бул эми ыймандын жугу да калбаган, макулук болуп калган келемиш болчу. Анын мындан аркы жүрүш-турушунун өзөгүн жеке кызыкчылыгы гана түзүп калган. Тегерегиндегилер болсо анын ким болуп калгандыгынан кабарсыз эле. Ошондуктан, аны баягы эле өз тууганы катары көрүшүп, толук ишенип жүрүштү.

Ал эми сыртынан өз туугандарынан эч айырмаланбаган, келемиш кейпин кийип алган макулуктун башына көп күттүрбөстөн мындай ой келди: тегерегимдин баары жапжаңы, жыпжылуу эт болуп турса, аны башка жактан издеп эмне кылам? Акыл-эс чындыгы анын иш-аракеттерин ошентип жөнгө салып койду. Ал эч нерседен шек санабаган, бейкапар келемиштерди алдыртан баса калып, жей баштады.

Көп өтпөй эле ал тамактануунун эң жакшы, коопсуз жолу – туугандарына ачык кол салып, жеп коюу эмес экендигин, анте берсе бир күнү этеги ачылып калаарын түшүнүп, аны башкаларга билдирбей жасоо чечимине келди. Ошентип, ал өз “тамагын” ар кандай шылтоолор менен тирүү жан көрбөгөн жерге ээрчитип барып, ай-буйга келтирбей жеп салууга каныга баштады.

Келемиштер коомчулугунда алардын арасында кой терисин жамынган карышкыр пайда болгондугу тууралуу сөз тарап, алар турган жерлерин которуп, башка жакка кетүүгө аргасыз болушту. Алар келемиш кейпиндеги желмогуздун айбандыгын жуктуруп алуудан, өздөрү да ошого окшоп калуудан коркушту. Алардын аң-сезими аларды алдаган жок. Эгер алар дагы тигил макулуктун жолуна түшсө анда тормозу жок, чыккынчылар менен тытмалап жегенге маш жегичтердин коому пайда болоору анык эле. Ыймансыздык атмосферасы социалдык коргонуу механизмин талкалап, коомду тыптыйпыл жок болууга алып келет.

Жадагалса келемиштер дагы биримдикти бүлгүнгө учураткан, бири-бири менен ырылдашып, аягы көрүнбөгөн согушка айланган коомдо жашагылары келишпейт. Мындай учурда келемиштер адамдардан дагы акылдуурак келишет. Алар акыл-эс чындыгына негизделген өзүмчүлдүк илдетинен келемиштер элитасын сактап калуу максатында жер которуп кетүүгө мажбур болушат.

Келемиштерди жогорудагыдай өзгөрүүдөн биздин түшүнүгүбүздөгү эркиндиктин жоктугу сактайт. Алардын иш-аракеттеринин бардыгы тубаса сезимге байланган. Тубаса сезим коом ичиндеги эң негизги маселе – тамак таап жеш, ал гана эмес кайсы бир келемиштин тагдыры да эмес-ыйман экендигин эчак эле аныктап койгон. Кандай гана социалдык түзүлүш болбосун анын жерпайын ыйман түзүүгө тийиш. Ыймандын бузулушунан сактануу үчүн келемиштер жугуштуу ооруну тараткычтардан алыс болушат. Жерпайды сактап калган келемиштер өздөрүнүн калыптанган баалуулук чендерин жана акырында, жан-жаныбар катары өздөрүн да сактап калышат.

Адамзат коомун бүлгүнгө учуратуу да “келемиштердин коому” технологиясынын жардамы менен ишке ашырылат. Болгон соккулардын баары ыйманды талкалоого багытталат. “Өз” деген түшүнүктү жок кылуу үчүн бардык ыкмалар колдонулат.

Жалаң керектөө менен алектенген коомдун жаратылышында “өз” деген түшүнүк жокко чыгарылып калат. Бардыгы сага жат, бардыгы сен үчүн тамак гана.

Булак: “Алиби”

Лукашенко Түркмөнстанда тоо-кен байытуучу комбинаттын ачылышына катышат

Беларус президенти Александр Лукашенко үч күндүк расмий сапары менен Түркмөнстанга барды. Беларус президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, 30-мартта Лукашенко түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Расмий маалыматтарга ылайык, сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы – эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы болот.

Андан соң мамлекет башчылары Беларустун Ашхабаддагы элчилигинин жаңы имаратынын ачылуу аземине катышат. 31-мартта болсо Түркмөнстандын чыгышында беларус мамлекеттик компанияларынын катышуусунда курулган Гарлык тоо-кен байытуучу комбинаттын ачылышына барышат.

1 миллиард АКШ долларына бааланган тоо-кен комбинатынын курулушу тууралуу макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Алгачкы план боюнча, анын курулушу 2015-жылы аякташы керек болчу. Комбинаттын ишке берилишинин узакка созулушу тараптардын ортосунда пикир келишпестиктерди жараткан.

2016-жылдын ортосунда беларус компаниясы түркмөн тарапты куруучуларга айлык төлөбөй жатат деп айыптаган. Өз кезегинде Түркмөнстан «Белгорхимпромго» макулдашуу шарттарын аткарбай жатат деген кине койгон. Декабрда Беларус өкмөтү Гарлык тоо-кен комбинатынын курулушун 2017-жылдын 31-мартына карата аяктоо планы бар экенин билдирген.

Комбинат ишке киришкенден кийин Түркмөнстан жылына 1,4 миллион тонна көлөмүндөгү калий жер семирткичин өндүрүүнү пландып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Депутат К.Баймуратов жазында күтүлүүчү суу ташкындарын алдын алуу зарылдыгын эскертти

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн чечилиши аткаруу бийлигинин астына коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Депутат Акылбек Жамангулов жол кырсыктары боюнча сандык маалыматтарга токтолуп, МАИ тармагында реформалар жүргүзүлүп, каражаттар каржыланып жатканын менен коррупциялык иштер уланып жатканын сынга алды.

Борбор калаадагы чоң-чоң көчөлөрдүн кесилишиндеги жер алдындагы өткөөлдөрдү (2 өткөөл) оңдоп-түзөөгө 72 миллион сом каралып жатканын айткан депутат Рада Туманбаева мындай каражатты башка чоң көйгөйлөргө жумшасак болбойт беле деген маселени Өкмөттүн астына койду.

Депутат Бакирдин Субанбеков өлкө аймагындагы чакан шаарларда өндүрүш ишканаларын ачып, шаарлардын инфратүзүмүн жаңылоого, өнүктүрүү зарылдыгын аткаруу бийлигине багыттады.

Жаз келгенде Жалал-Абаддагы Көк-Арт дарыясында суу көтөрүлүп, нугунан чыгып кеткенде жакынкы айылдарды, ар кандай обьектилерди каптайт. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дарыя нугун тазалап, андагы чоң-чоң таштарды чыгарууну колго алышы зарыл. Бул тууралуу депутат Калдарбек Баймуратов маселе көтөрдү. Ал Көк-Арт суусунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн тушундагы бөлүгүнө дамба куруу зарылдыгын кошумчалады. К.Баймуратов жер көчкү, суу ташкыны алдында калуучу турак жай ээлерин күч менен көчүрүүнү сунуш кылды.

Өлкөнүн Баш прокурору кезинде борбор калаанын Ички иштер башкармалыгынын Кабыл алып бөлүштүрүү жайына барып, абалы менен таанышып келген депутат Аида Салянова ошондогу прокуратуранын кемчиликтерди жоюу тапшырмалары бүгүнкү күндө дагы аткарылбаганын сынга алды. А.Салянова бул маселе боюнча КР Өкмөтү аталган жай боюнча сунуш бериши керектигин, ошондой эле бул жайдын бюджети боюнча дагы маалымат берүүсүн талап кылды.

Спорттук технологиялык коргонуу уюмунун 90 жылдыгына катышып келген депутат Улукбек Ормонов бул мекеме генерал-майор Кошоновдун жетекчилиги астында мурдагы жабдууларды сактап калуудан сырткары, кошумча курулуштарды жүргүзүп, ийгиликтүү иш алпарып жатканын маалымдады. Депутат айдоочу күбөлүгүн берген башка мекемелердин канчасында окутуу базасы жетиштүү экенин иликтөө зарылдыгын айтты.

 

Өзбекстандын өлкөдөн «чыгуу визасы» үй-бүлөлөрдү бөлүүдө

Айрым өзбекстандыктар өлкөдөн «чыгуу визасын» алуудагы көйгөйлөрдөн улам башка өлкөлөрдөгү үй-бүлө мүчөлөрүнө бара албай жаткандыктарын айтып даттанышууда. Өзбекстан дагы деле өлкөдөн чыккан жарандарына виза берүү эрежесин сактап калган мурдагы СССР аймагындагы жалгыз мамлекет.

Ташкенттин жашоочусу Лобар Юнусова Бириккен Араб Эмирлигине күйөөсү менен бир жашка толо элек кызын калтырып, өзү болсо эки баласы менен мекенине келгенин билдирди. Айтымында, ал тогуз айдан бери ИИМден өлкөдөн чыгууга уруксат берчү «чыгуу визасын» ала албай келет.

Самарканддын жашоочусу Зарина болсо АКШга кайтып баруу үчүн «чыгуу визасын» күтпөстөн, Украина аркылуу учуп кетүүгө аргасыз болгонун айтты. «Өткөн жылы катуу ооруп жаткан апамды көрүү үчүн эмчектеги балам менен Өзбекстанга баргам. Эки уулум, жолдошум АКШда калган. Виза ала албай, алты ай Өзбекстанда жүрдүм. Жооп болбогон соң АКШга Украина аркылуу учуп кетүүнү чечтим. Анткени Киев аэропортунда Өзбекстан жарандарынан «чыгуу визасын» талап кылышпайт. Менин башка аргам жок болчу, эми кайра Өзбекстанга бара албайм, анткени өлкөдөн бийликтин уруксаты жок чыгып кеткем да», – деди Зарина.

Өлкө ТИМинин Жарандардын кирип-чыгуусун көзөмөлдөө жана жарандык берүү башкармалыгынын кызматкери адатты визалар эң узак дегенде үч күндүн ичинде бериле турганын айтты. «Айрым жарандарга виза берүү боюнча жооп кечигип калышы мүмкүн. Бирок андай учурлар өтө сейрек кездешет. Эгер жаран арызды туура толтурса жана буга чейин өлкөдөн чыгуу тартиптерин бузбаган болсо, анда ага эч көйгөйсүз эле «чыгуу визасын» беребиз», – деди ал.

Өткөн жылы өзбекстандыктар жаңы президент Шавкат Мирзиёевден «чыгуу визасын» жоюуну талап кылышкан. Change.org сайтында визаны жоюуга чакырган петиция жарыяланган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чычканга кебек алдырбаган Мыктыбек Абдылдаев

Барган сайын Мыктыбек Абдылдаевдин тарапташтары акырындык менен арбып баратат. Карапайым калк ичинде, негизинен кыргыз интеллигенциясы, орто жана жогорку муун колдой баштаганы эмнени билдирет? Мыктыбек байкебиз өзү деле чыгынып, «президент болот элем» деп төш каккан жок.

Болгону көрөгөч элибиздин көксөгөнү ушул киши болуп атканы жөн жерден эмес го? Баарыбыз билгендей эле Абдылдаев көптөгөн жогорку кызматтарды аркалаган, тажрыйбалуу, таза саясатчы. Мындай инсан айланасына дал өзүндөй кадрларды топтоп, Кыргызстанды кыйынчылыктан алып чыгып кетүүгө дарамети жетет. Өзү тыкыр, чычканга кебек алдырбайт, мамлекеттин байлыгын уурдатпастан Кыргызстанга жарык жашоону апкелмек эле. Тилекке каршы, акчага, аракка жана артисттердин оюн-зоогуна азгырылган кайран элибиз бу жолу да алданып, карайлап калбас бекен? Биз тек гана коңгуроо кактык…

Булак: “Азия ньюс”

Тургунбек Кулмурзаев, экс-губернатор: «Жаңы президент келсе, кызматка барып калышым мүмкүн»

 

Өткөн жуманын соңунда президент Атамбаевдин жанына көптөн бери саясый айдыңда көрүнбөй калган Тургунбек Кулмурзаевдин карааны кайрадан пайда болуп, ажобуздун ага карата ызаат кылган жүрүшү  көпчүлүктүн көңүл борборуна айланды. Мындай Шартта биз белдүү саясый ишмер, экс-чиновник Тургунбек Кулмурзаевдин өзүн кепке тарттык.

Тургун мырза, бүгүн ажобуздун айланасында Чүй кланындагы аттуу-баштуу, сакалдуу агаларыбыздын карааны көрүнбөй, Туйгуналы Абдраимов, Кеңешбек Дүйшөбаев баштаган жердештери бийлик ордосунан четтетилип калышты. Жакында 2005-жылдын 24-март окуясынын урматына ачылган баш калаабыздагы гулбакты жашылдандыруу ишине катышып, дарак отургузган жөрөлгөдө Алмазбек Шаршенович сизди ээрчитип, «Тургун байке быякка келиңиз» дегендей сыпайылыгын көрсөтүп жатты. Мындан улам Атамбаевдин айланасында Чүйдүн аксакалдарынан сиз эле калганыңызды боолголосок болобу?

-Президент Атамбаев жеке эле Чүй облусунун башчысы эмес, жалпы Кыргызстандын өлкө жетекчиси да. Президент болгон соң айланасына жалаң эле чүйлүктөр болбостон, соңку 10 жылдан бери өлкөбүздүн булуң-бурчтарындагы мен-мендеген аксакалдар болобу, жаштар болобу, чогуу команда болуп, элдин жүгүн тартып келе жатышат. Сен иним дайыма интригалуу суроолордон берет эмессиңби, бул жолу да «чүйлүктөр, сыртта калдыңар го» деген тейде тийишкенсип собол таштап жатасың. Аныгында «жердештери сыртта калды» дегениң деле туура болбойт. Мен билгенден Чүйдүн аттуу-баштуу жигиттери президент Атамбаевдин ичи-койнуна кирип, сыртта гана эмес, ичинде деле болушкан эмес. Бийликте отурган ки­ши менен биздей кишилердин ортосунда байланыш боюнча эл арасында бир аз туура эмес түшүнүктөр бар. Жанында бир

күн туруп калсаң эле «бул президенттин абдан жакын кишиси болуп кетти» же кичине кызматтан кетип, ишсиз бо­луп калса «баланчаны бөлүп салышыптыр, сыртта сүрүлүп калыптыр» деген өңдүү чындыкка коошпогон сөздөрдү чыгарышат. Маселен, ошол эле сен атаган иним Туйгуналы Абдра­имов менен Алмазбек Атамба­ев экөөнүн мамилеси илгертен жакшы. Жакын достордон де­гендей. Болгону жанагы сенин соболуңдагыдай сөздөр Туйгун иним кызматтан кеткенден кийин көп айтылып кетти. Аныгын­да андай деле эмес. Ошол эле БШК төрагалыгы мыйзамда белгиленген мөөнөтгө жаңырып турушу керек. Ал мөөнөттө төрагалыгы алмашылбаса да эл оозунда «ой, бул президенттин досу Абдраимов түшпөс хан болду» дешип сөз чыгарышмак. Ал ордунан кетип, кызматын тапшырып кетсе да «ой, ал жөн жүрбөй, Атамбаевдин айланасынан тебилип калыптыр» деген өңдүү сөздөр чыгып жатпайбы. Сен атаган инсандардан башка да Чүйдө бир топ аттуу-баштуу жигиттерибиз бар. Алардын баардыгы «биз чүйлүк жердешпиз» деп президент менен жакын санашып, коюн-колтук алыша беришсе Кыргызстанда калыстык болбой калат го? Андыктан, пре­зидент деген калыс болуш ке­рек дагы, командасына ар бир региондон чыккан эл билген аттуу-баштуу, эл сыйлаган инсандар менен байланышып, ара чолодо акылдашып турса, абдан туура кадам болмок. Атамбаев деле балким ошондой кылып жаткандыр, бирок мен жакын аралашпаган соң толук кандуу хан ордодогу иштерди билбейт экенмин.

– Президенттин сизге ка­рата ишараат кылып, чогуу ала барганына караганда, экөөңүздөрдүн мамилеңиздер жаман эмес окшойт ээ? Катышып, байланышып турасыздарбы?

– Баш калаадагы Алма­ты көчөсү менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2005-жылдын 19-мартында мен, Алмазбек Атамбаев, ыраматылык, бейиши болгур Мелис Эшимканов, Акылбек Жапаров болуп, төртөөбүз биринчи ми­тинг кылып, ал кездеги парламенттик шайлоонун ыплас маанайда өткөнүнө байланыштуу бийликке каршылык көрсөтүп чыкканбыз. Аламүдүн районунан КСДПнын атынан парламенттик жарышка чыккан ма­га карай бийлик андагы «Алга Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин «айдакташып», балит ыкмалары аркылуу Авазбек Момункуловду депутат кылып өткөрүшкөн. Бийликтин мындай арсыз кадамдарына кар­шы биз жогорудагы төртөөбүз биригип, Акаевдик бийликке дал ошол Алматы менен Ахунбаев көчолөрүнүн кесилишинен чогулуп, беш күн бою катуу маанайда топтолуп, акыры 24-март күнү көтөрүлгөн элди уюштуруп, баштап чыккан­быз. Кийин бийлик алмашканы ушул жерди атайын эл эс алгандай кылып жасап койсокпу деген ой болгон. Акыры мындай оюбузду 2015-жылы ишке ашырып, президент Атамбаев өзүнүн фондусунан акча болуп, Бишкек мэриясы да тийиштүү каражат болуп, бүгүн тарыхый мааниси бар ал жер жакшынакай эл эс алуучу жайга айланды. Мындай жайдын салынышына өзүбүздүн Сары-Өзөндөгү момун, баарын батырган чүйлүктөрүм да ыраазы болуп жатышат. Былтыртан бери ал гүлбакчага 24-мартта президент өзү барып, бак тигип, өмүрүбуздөгү урунттуу учурлар катталган ал ирмемдерди эстеп кетет. Өткөн жылы да мени чакырышты эле Кыргызстанда жогума бай­ланыштуу бара албай калгам. Быйыл да президенттик аппараттан чалып чакырышканынан бардым. Башта айтпадымбы, убагында дал ошол күндөрү биз бийликке каршы чыгып, каарман болуп жүргөнбүз. Атамбаев ошол себептен мени чакыртты да. Ошол окуяларга башкалар катышса балким аларды деле чакырмактыр. Муну дагы сен сыяктуу тапан инилер саясат кылып жатпайсыңарбы, мурдуңду урайындар десе! Мындан саясат издеп деле кереги жок. Ал эми Атамбаев экөөбүздүн мамилебиз кечээ же мурдагы күнү эле башталган эмес. Алмазды мен тээ бала кезинен тарта билем. Экөөбүз бир өрөөндүн суусун ичип чоңойгон жигиттерденбиз. Ортобузда ага-инилик да жакын мамиле, катышыбыз бар. Ал кызматы жокто деле мамиле күтүп, байланышып жүрчүбүз. Азыр деле баштагы мамиле уланып, өзгөрүлүп, бузулбастан ке­ле жатат. Илгерки ага-инилик мамилебиз азыр дагы күчүндө.

Анда азыр деле экөөңөрдүн ортоңордогу жакшы мамилеңер күчүндө болсо, мамлекеттик кызматта бай тажрыйбасы бар сиздей агасын үйүндө колоктотуп бош отургузбай, кызмат караштырган жокпу?

-Мага да «элдер 70, 80 жашка чамаласа да кызмат талашып, иштеп жүрүшөт, сиз эмнеге кызматка барбайсыз иниңиз турганда» деп суроо берип калышат. Ушул жашка келгени мен өмүрүмдө  бироого барып, эч качан кызмат сурап көргөн жан эмесмин. Дайыма мени чакырып, «ушул кызматка иштеп бериңиз» деп суранышат. Ме­нин маңдайга жазган пендечилик тагдырым ушундай. Эсептеп көрсөм, баш-аягы 45 жыл мамлекеттик жана жетекчилик кызматгарда иштептирмин. Өткөн жылы пенсияга чыгып жатып, азырынча башка кызмат­ка барбай эле коюуну, 1-2 жыл эс алуунун ырахатын көрүүнү максат кылдым. 65 жашка чыксак деле такыр карып кеткен жерибиз жок. Алдуу-күчтүү элебиз. Балким, жаңы президент келип, акыл-кеңешибиз, тажрыйбабыз мамлекетке керек болуп калса, буюрса оомат келсе кызматка кайрадан барып каларбыз. 90 жаштан өткөнчө айтылуу Турдакун Усубалиевич деле Кыргызстанга далай пайдасын келтирип жүрүп өтпөдүбү. Андыктан, биз деле азыр алдан-күчтөн тайып, карып кете элекпиз. Байкең жаш эле азыр. Жигит сымал…

Коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан президенттик шайлоого карай Чүй өрөөнүнөн 7 талапкер аттана турганы айтылууда. Сары-Өзөндүн белдүү акса­калы катары, ини-карындаштарыңыздын кимисин сүрөөнгө алып, кимисине жардам берүүнү ойлонуштуруп жатасыз?

-Мен соңку үч айдан бери чет өлкөдө жашаган балдарымдыкында болуп, өлкөбузгө эки жума мурун кайтып келдим. Аламан жарышка кимиси чындап чыгаары боюнча азырынча сыртынан гана угуп жатам. Жарыш­ка чыккан фамилиялар тууралуу уксам, баардыгы тең өзүбүздүн жигиттер экен. Кимисин кандай кылып колдоорубузду азырынча айтуу эрте. Алдыдагы айларда бул боюнча сөзсүз бир пикирге келип, ишти баштайбыз. Азы­рынча сүйлөшүүлөр болууда. Баарын байкап көрөбүз. Ушул жерден сөз өңүтү келгенде баса белгилөөчү жагдай, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо биздин Чүйдөн дагы Жаныш Рустенбеков, Темир Сариев, Ма­рат Иманкулов, Ысык-Колдөн Кубанычбек Исабеков башта­ган инилерибизден турган бир топ талапкерлер чыгышкан. Ошондо жеке өзүм Жаныш Ру­стенбеков, Темир Сариев, Ку­банычбек Исабеков менен ачык сүйлөшүп, андагы шанс, негизги фаворит Атамбаевде экенин, ынтымакка келип, Алмаз инимдин талапкерлигин колдоп чыгууну демилгелесем, адегенде эле Жаныш Рустенбеков, кийинчерээк Темир Сариев макул болушуп, бир топ сөздөр болгон. Бул экөөнү тең Атамбаевдин жеке өзү менен беттештирип, убада, сөздөрдү бекемдегенбиз. Кийин Темир Сариев боюнча башы жакшы башталып, аягы биз күткөндөй болбой калбадыбы… Дегеним, 2011-жылдагы президенттик жарышта мен ушундай иш кылгам. Алдыда да буюрса мындай иштерден алыс кетпейбиз. Өткөндө бир жолдошум «быйыл президенттик жа­рышка Турсунбек Акун чыкса, мен дагы чыгам» десе болобу? Анда ага «сен чыксаң, мен да­гы чыгам» деп айттым. Андык­тан, баары алдыда, иним. Бай­кап туралы.

Булак: “Азия ньюс”

Коомдук ишмерлер Назарбаевди журналист Мамайга карата куугунтукту токтотууга чакырышты

Коомдук ишмерлердин тобу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылып, журналист Жанболат Мамайдын айланасындагы окуяларга кийлигишүүсүн өтүнүштү. «Саяси калам. Трибуна» гезитинин башкы редактору өткөн айда арам акчаны адалдоого аралашкан деген шек менен камакка алынган. Мамай айыптоолорду четке кагууда.

Онго жакын коомдук ишмер кол койгон каттын авторлору өз пикирин эркин айткан жарандарга карата репрессиялар менен куугунтуктоолор күчөп жатканына тынчсызданууларынбилдирип, Мамайга жана саясий көз карашы үчүн камалган башка жарандарга карата куугунтукту токтотууну талап кылышты.

Алар репрессияларды токтотпосо, кийинкилери өлкөгө олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүндүгүн эскертишти. Коомдук ишмерлер саясий куугунтукка кабылгандар менен көз карашы үчүн курман болгондордун тизмеси кеңейбеши керектигин белгилешти.

Мурдараак коомдук ишмерлер жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аянга карата куугунтуктоолорду токтотуу өтүнүчү менен бийликке ушундай эле кайрылуу жолдошкон. Алар өткөн жылдын ноябрында кастык козутуу жана митинг өткөрүү тартиптерин бузуу беренелери боюнча айыпталып камакка алынган.

Апта башында казакстандык журналисттин камалышы боюнча бир катар эл аралык уюмдар да тынчсызданууларын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Депутат Икрамов молдолуктан жылдызын жандыра албай, шоу дүйнөгө өтүп кеттиби?

Билесиңер да, Тазабек Икрамов жума намаз убактысын эки саатка узартуу боюнча бакылдап чыгып, коомчулуктун кескин сынына кабылган.

Өзүнүн ашынган молдоке экенин ашкерелеген эле. Анан жакында «Кош жылдыз» долбоорунда ырдап чыкты. Кызык, намазын таштап, жерип салып, шоу дүйнөгө өтө качканыбы?

Дегеним, молдо пенде ыр-бийден алыс, шаан-шөкөткө аралашпай шүк жүрүшү керек. Бу боюнча диний китепте жазылганын Чубак ажы какшап келатат го? Же депутат мырза «мечит саясатынан» популярдуу боло албай калып, ырчылыктан бактысьш сынап турган чагыбы?..

Булак: “Азия ньюс”

Иванка Трамп атасынын атайын кеңешчиси болду

АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп президенттин атайын кеңешчиси кызматын ээледи жана өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик кызматтар үчүн каралган этикалык эрежелерди сактоого милдеттүү болот. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө жазылган.

Билдирүү сенатор-демократтар президенттин кызынын ишине байланыштуу кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, Федералдык этика башкармалыгына жолдонгон катты жарыялагандан бир нече сааттан кийин чыкты.

Сенаторлор президенттин кызынын ишкердик кесиби жана кеңешчи болуусу этикалык эрежеге жатабы деген суроо салып жатышат.

Иванка Трамп сын-пикирлерге жооп катары атасынын администрациясында расмий кызматты ыктыярдуу түрдө аркалоону чечкенин билдирди. Ал иши үчүн маяна албай турганы айтылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню