Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Унаанын терезесин чагып, акча-каражатын уурдап кеткен ууру кармалды

Ушул жылдын 13-сентябрь күнү жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, борбордук ооруканалардын биринин жанында токтоп турган “Тайота-Харьер” үлгүсүндөгү автоунаанын айнегин белгисиз жарандар талкалап, 2 600 АКШ долларын жана 15 000 теңге акча каражатын уурдап кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыш изин суутпай Ош облусунун 29 жаштагы А.А. менен Чүй облусунун 29 жаштагы Б.Ж. аттуу тургундары кармалышкан.

Жогорудагы факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар тергөө абагына камалып, тергөө иштери уланууда.

Бишкек шаарынын тургуну унаа уурдады деген шек менен кармалды

Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ушул жылдын 25-август күнү белгисиз жарандар “Тайота Королла” үлгүсүндөгү автоунаасын мыйзамсыз түрдө ээлеп алгандыгын билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы С.Ю. жана 23 жаштагы Т.Ю. аттуу тургундар кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (автооунаа жана транспорт каражататрын мыйзамсыз ээлеп алуу ) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда.

Тажикстанда коррупция менен күрөшүү агенттигинин мурдагы башчысы 15 жылга кесилди

Тажикстандын Жогорку соту Коррупция менен күрөшүү агенттигинин мурдагы башчысы Фируз Холмуродзоданы 15 жылга түрмөгө кести.  Өкүм 19-сентябрда чыкты.

Маалыматтарга караганда, сот Холмуродзоданын мүлкүн мамлекеттин карамагына алып, жазасын өтөп бүткөн соң жетекчилик кызматта 5 жыл иштөөсүнө тыюу салды.

12-сентябрда өткөн акыркы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Фируз Холмуродзоданы 17 жылга кесүүнү сураган. Бул иш жашыруун териштирилип, сот жараяны жабык эшик артында өттү.

Аны менен бирге антикоррупциялык мекеменин мурдагы беш кызматкери дагы ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылышты.

Тажикстанда антикоррупциялык агенттиктин кызматкерлери гана эмес, Бажы кызматы менен Башкы прокуратуранын үч кызматкери дагы соттолууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мал урдоого аракеттенген адам кармалды

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Себеби 2017-жылдын 6-сентябрь күнү болжол менен саат 23:40 чамаларында, белгисиз адам анын короосунун сыртында байланып турган эки баш маалын уурдоого аракет жасаган, – Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагы факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 28-165-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун 22 жаштагы З.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Астанадагы курулушта Өзбекстандын эки жараны каза болду

Астанадагы курулушта каза болгон эки адам Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу шаар администрациясына шилтеме кылып жергиликтүү ММКлар билдиришти.

Окуя 17-сентябрь күнү түштөн кийин шаардын Сарыарка деп аталган районундагы курулушта болгон. Анда курулуп жаткан имараттын төбөсүндөгү жабуусу менен дубалдары ураган.

Кырсыктан эки киши каза болуп, жаракат алган дагы бир өзбек жараны ооруканага жеткирилди. Азырынча анын абалы тууралуу маалыматтар жок.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сариев оюндан чыгып Кулматовдун ордун ээлейби?

Президенттик шайлоого эң алгачкылардан болуп Темир Сариев аттанган. Чыныгы күрөш ушул талапкерлердин арасында болот деп аты аталгандардын арасында Темикенин да аты аталып жүргөн. Бирок, акыркы күндөрү Темикенин теминген таскагы дымып калгандай болду. Бириккен төртилтикти өзүнө имерүүгө жакшы аракет кылганы менен анысынан майнап чыккан жок. Азыр Сариев менен санаалаш болом дегендердин саны суюлуп калды. Башында Камчыбек Ташиев номур биринчи акшумкарчыга ыктагандай болгон. Андан оңтойлуу жооп болбогон соң башка тарапка секирик жасады. Экөөсүнүн ортосунда ачык сөз болуп, Камчыке “Темике, сизден жооп болот деп бир жарым ай күттүм. Сиз тараптан жарытылуу жооп болгон жок. Эми капа болбоңуз, жолубуз башка” деп кеткени чындык. Ташиев кеткенден кийин төртилтик да ыдырап жок болду. Темикеге тирөөч болчу лөктөр калбады. Азыр Темир Сариев да Сооронбай Жээнбековго ыктаса, Кулматов башкарып олтурган орус-кыргыз фондуна баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону жатыптыр. Фонддун жетекчилигине барыш үчүн орустар уруксат берет эмеспи. Орустар менен сүйлөшүү жүргөндөн кийин Темикенин тагдыры да чечилчүдөй болуп турганы чындыкпы? Сариев Сокеге бириксе, Сокенин жолу салынып жаткан түндүк-түштүктү бириктирчү жаңы асфальт жолдой даңгыр болооруна шек жок.

Казбек Черный Москванын чокортосунда ок атышканы үчүн жоопко тартылат

Казбек Билалов башкаларга Кыргызстандан келишкендерден “салык” жыйнаган «вор в законе» Азиз Батукаевдин жакын жанжөкөрү катары кеңири таанымал.

Москванын Дорогомиловский сотуна криминалдык «авторитет» Казбек Билаловго (Казбек Черныйга) байланышкан кылмыш ишинин материалдары келип түштү. Ал Москванын чокортосунда автоматтан ок атканы менен “даңк алган”. Арийне, ал оперативниктерге Кыргызстандан келишкендерден “салык” жыйнаган «вор в законе» Азиз Батукаевдин жакын жанжөкөрү катары кеңири таанымал.

Казбекке жана анын инисине байланышкан кылмыш ишинин материалдары Дорогомиловский сотуна 24-июлда келип түшкөн. Аларга хулиганчылык (РФ Кылмыш Кодексинин 213-статьясы) жана күч колдонуу менен акча талап кылуу (РФ Кылмыш Кодексинин 163-статьясы  боюнча айып тагылууда. Экөө тең дароо эле күнөөлөрүн моюнга алышкандыктан, бул соттук угуулар узакка деле созулбайт, ал тургай алар бул ишти өзгөчө тартипте — ​соттук териштирүүсүз эле кароону дагы суранышкан.

Соттук материалдарга караганда, Казбек Билалов 2016-жылдын 26-июнунда түнкү саат 0:45те Mercedes Gelandewagen автомашинасында Тарас Шевченко атындагы жээк көчөсүндө бара жатып, 15-үйдүн жанына келгенде машиналар жана адамдар көп топтолгон жерде хулиганчылык жосундан улам терезеге карай автоматтан ок чыгарган. Өтүп бара жатышкандар бул тууралуу дароо полицияга кабарлашкан. Саат 12:10до оперативниктер анын машинасын Можайский Вал көчөсүндөгү 3-үйдүн жанынан табышкан. Mercedes багажнигинде октору атылган Калашниковдун автоматы калган. Ошондуктан, Билалов бир гана хулиганчылык боюнча айыпталууда. Ок атуу учурунда анын жанында иниси да болгон, бирок, ал эч ок чыгарбагандыктан, аны камакка алышкан эмес. Бул иш кийинчерээк болду.

Бул кылмыш иши массалык маалымат каражаттарында чоң резонанска ээ болду. Казбек Черныйдын камакка алынганын билген соң, бир бизнесмен бир тууган ага-ини Билаловдор андан коркутуу жолу менен акча талап кылышкандыгы жөнүндө арыз жазып кайрылган. Бул факт боюнча 28-июнда кылмыш иши козголгон. Ошол иштин алкагында Казбектин иниси дагы камакка алынган. Кийинчерээк Казбек Черныйдын өзүнө РФ Кылмыш Кодексинин 163-статьясы боюнча айып тагылган.

Казбек Билалов Кыргызстанда кыйла эле жакшы таанымал инсан. Ал 1994-жылы талап-тоноочулук кылганы үчүн соттолгон, андан беш жыл өткөндөн кийин зордуктап акча талап кылгандыгы үчүн дагы жаза мөөнөтүн алган. Адан соң талап-тоноочулук, мыйзамсыз өзүм бидемдик кылуу (самоуправство), денеге оор жаракаттарды келтирүү ж. б.д.у.с. кылмыштар боюнча айыпталган. Кыргызстанда ал адегенде Азиз Батукаевдин (Азиз) тобунун мүчөсү болуп жүргөн, андан кийин ал Камчыбек Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобуна өткөн. 2011-жылы Черный Казбек Кыргызстанга келишип, борбордо иштеп жатышкан бизнесмендерге салык жыйноо үчүн Москвага барган (Көлбаевдин өкүлү катарында). Бирок, тез эле аны РФ ИИМинин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү (ГУБОП) башкармалыгынын кызматкерлери кармашып, өз мекенине экстрадициялашкан, ал жакта ал кезектеги талап-тоноого айыпталып жаткан болчу.

Билалов россиялык сотто аны кайра Кыргызстанга берип салбоо үчүн жанталаша аракет кылып күрөштү. Ал экстрадицияланса, ал жактан зомбулук күч колдонууга (пытки) туш болорун билдирди. Мындан сырткары, Билалов өзүнө Россия Федерациясынын территориясында качкын статусунун берилишине далалаттанууда.

2012-жылдын май айында Жогорку сот Генпрокуратуранын жана Мособлсуддун Билаловду экстрадициялоо жөнүндөгү чечимин жокко чыгарган. Бул формалдуу негиздерге таянуу аркылуу жасалган: Көрсө, Кыргызстандан кайтарып берүү жөнүндө келген материалдарда анын талап-тоноочулук кылган датасы алмашылып калган экен. Черный Казбек эркиндикке чыккан соң, ошентип, Россияда кала берген.

Дагы бир жылга жетпеген убакыт өткөн соң, Россияга «вор в законе» Азиз Батукаев да келип калды. Биздин агенттикке маалымат булагыбыз билдиргенине караганда: «Соңку жылдарда Казбек Черный кайрадан Азиз менен чогуу иштей баштаган. Ал „вор в законе“ өзү Москвага келбейт, ал Чечняга отурукташып калган, ал эми Билалов анын борбордогу өкүлү болуп калган. Анын кызыкчылык объектисинде бардык Кыргызстандан акча табууга келишкендер болуп калышкан: базарда иштешкендерден баштап, ири бизнесмендерге чейин».

Азиз Батукаев 2006-жылы Кыргызстандын жараны болгондуктан, ал жакта курал сактагандыгы үчүн жана түзөтүү колониясында тополоң уюштургандыгы үчүн 16 жылга эркинен ажыратылган болчу. Арийне, 2013-жылы сот күтүүсүздөн эле Батукаевди бошотуу тууралуу чечим кабыл алган, себеби анын адвокаттары ал кандын рак оорусу менен ооругандыгы тууралуу документтерди беришкен. Ал колониядан чыккан күнү эле дароо Кыргызстандан чыгып кеткен.

Кийинчерээк Батукаевди бошотуу тууралуу чечим жокко чыгарылган, Кыргызстандык бийлик ага издөө жарыялап, Россияга аны кайра экстрадициялоо жөнүндө сураныч жөнөткөн. Бирок, 2014-жылдын күзүндө Кыргызстанга «криминалдык генерал» Чечняда камакка алынгандыгы, андан жергиликтүү Ленин райондук соту тарабынан мыйзамсыз курал сактагандыгы үчүн үч жылга соттолгондугу жөнүндө жооп жөнөтүлгөн. Ошондуктан аны бул жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнгө чейин Кыргызстанга экстрадициялоо мүмкүн эмес деп айтылган.

«Росбалт» агенттигинин маалыматтары боюнча, 2015-жылы эле Батукаев табышмактуу түрдө кайрадан эркиндикке чыгып калган. Бирок ал (өзүнүн укуктук статусунун так аныкталбагандыгына байланыштуу) Чечнянын территориясынан сыртка көп чыкпаганга аракет кылат. Ошондуктан, анын «криминалдык цех» боюнча өнөктөштөрү ага республикага барып жолугуп турушат. Азизде ар кайсыл мезгилде ар кандай «вор в законелер болуп турушат», кээде алар ал тургай бүтүндөй бир жыйын (сходка) курган учурлары да болот. Арийне, жергиликтүү укук коргоо органдарын андай визитчилер көп деле кызыктыра беришпейт.

Орусчадан которгон: Ишенбек Муртазаев

P.S. Дал мына ушундай, урматтуу окурман!.. Мына азыр бир кезде кыргыз бийлиги тизе бүгүп, тез арада керектүү иштердин баарын жасап, кагаз-документтерин иретке келтиришип, андан соң, өзгөчө шаани менен “узатып коюшкан” кримтөбөлдөр чет жакта ээн-эркин чардап жүрүшкөн кез… Алардын колдорунан канча бейкүнөө жарандарыбыз жабыркашканы, канча адамдардын кандары төгүлгөнү эч эске алынган эмес. Андай аракеттердин ордуна, мурдагы акыйкатчы сөрөйдүн “тез бошотуп койбосок, бир айга жетпей өлүп калат!” деп, Батукаев үчүн күйүп, талпылдап чуркап жүргөнү али унутула элек… Баса, эл арасында кримтөбөлдөр менен жогорку бийликтегилер кээде табакташ боло калышып, кызыкчылыктары дал келе калганда “чогуу” аракет кылып жатышабы деген сыяктуу да ар кандай түкшүмөлдөр жарала калып жүргөнү бекеринен эмес. Криминалдын өзгөчө жандануусу, айрыкча, эл тагдырын, өлкө тагдырын чечүүчү жергиликтүү шайлоолордон баштап, парламенттик жана президенттик шайлоо учурларында “синхрондуу” түрдө болуп жаткандыгы ачык байкалып турат. Азыр да массалык-маалымат каражаттарында айрым кримтөбөлдөр ар ткандай талапкерлерге иштей башташканы тууралуу такталбаган маалыматтар таратылып жатат. Эгерде бул сыяктуу сөздөр чын болсо жана да мындай кырдаалдар акыйкат шайлоо өткөрүү жыйынтыгына өз таасирин бере турган күчкө ээ болсо, анда биз “жаран укуктары”, “демократиялык тандоо”, “ укуктук мамлекет”, “эркин шайлоо” ж. б. дагы ушул сыяктуу кооз сөздөрдү күндөлүк турмушубузда мүмкүн болушунча азыраак колдонуп жүрсөк жакшы болмок. Кооз сөздөрдү көп колдонгондон көрөкчө, калыс шайлоо өткөргөнгө колубуздан келишинче умтулсак, жалпы элдик максатка ылайыктуу болмок…

Булак: “Жаңы Ордо”

Бийлик ГЭСтерди куруп берет деген «Liglass traiding" компаниясынын базар баасы $130 гана доллар турат

Америкада жашап иштеген жердешибиз Айбек Хакимов бүгүн, 18-сентябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларынын биринде жаңы пост жазды:

“Жакында эле массалык маалымат каражаттарынан Кыргызстандагы гидроэлектростанцияларды курууга тартылган Чехиялык “Liglass traiding” компаниясы боюнча ызы-чуу салган маалыматтарды байкаган болчум. Анда бул компаниянын каржылык ресурстарынын жетиштүү экенине шектенүүлөр көп болгон.

Буга кызыгып, мен “Liglass traiding” компаниясын D&B Hoover (www.hoovers.com) компаниялардын рейтингин иликтеп турчу сервис аркылуу текшерип көрүүнү чечтим. D&B Hoovers – бул бүткүл дүйнө боюнча компаниялар тууралу кеңири маалыматтарды топтогон ири маалымат базасы бар сервис. АКШда D&B Hoover сервиси клиенттердин чама-чаркын, төлөө жөндөмдүүлүгүн текшерип чечим кабыл алууда же жаңы клиенттерди издөөдө кеңири пайдаланылат.

D&B Hoover сервиси берген маалымат боюнча “Liglass traiding” компаниясы 2003-жылы уюшулуп, штатында 3 кызматкери болгон. Бир жылдык кызмат көрсөтүүсү  $15120 долларды түзсө чыгашасы $48750 долларга жеткен. Эгер бүгүн ээлери  “Liglass traiding” компаниясын сатабыз дешсе, анын базар баасы $130 гана доллар турат. Көрсөтүлгөн сандар өздөрү эле айтып турбайбы (тиркемеси бар).

“Liglass traiding” компаниясы ГЭСтерди куруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун бир гана жолу бар – бул үчүн ал чын эле ГЭСтерди курууда тажрыйбасы бар, акчалуу компанияны табышы керек. Бирок мындай учурда  “Liglass traiding” компаниясы ортомчу гана компания болуп калат. Демек ортомчу аралашса анда ГЭСтерди куруунун чыгымы гана көбөйөт.

Кыргызстандын өкмөтүнө келечекте мына ушундай ыңгайсыз абалдарга кабылбаш үчүн D&B Hoover сервисине жазылууну сунуш кылат элем. Бир жылдык баасы  $6000 турат, бирок андан алынган маалыматтар ошого тете, өлкөнүн репутациясы да маанилүү эмеспи”

Орусияда бомба коюлгандыгы тууралуу телефон чалуулар уланууда

Москвада мина коюлгандыгы тууралуу маалыматтан кийин полиция жекшембиде 10дон ашуун соода борборун текшерип, 9 миңдей адамды эвакуациялады. “Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, алардын арасында “Охотный ряд”, “Хорошо”, “МЕГА” сыяктуу соода борборлору бар.

Вокзалдарда, соода түйүндөрүндө жана окуу борборлорунда бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү маалыматтар укук коргоо органдарына 10-сентябрдан бери түшүүдө. Бул убакыт аралыгында Орусиянын ондогон райондорунда жүз миңден ашуун киши эвакуацияланды. Мина коюлгандыгы тууралуу маалыматтардын бири дагы тастыкталган жок.

Расмий эмес версиялардын бирине ылайык, жашыруун телефон чалууларга Алексей Учителдин “Матильда” тасмасына каршы чыккан православ активисттеринин тиешеси бар болушу ыктымал. Агенттик өз булактарына таянуу менен телефон чалуулар көбүн эсе Украина аймагынан келип жатканын кабарлаган.

Кремль бул окуяларды “телефон терроризми” деп атады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда сотко балта менен кол салган жаран 18 жылга кесилиши ыктымал

Тажикстанда прокуратура сотко балта менен кол салган Диловар Олимовдун ишин тергеп бүттү. Сотто эгер анын айыбы далилденсе, 8 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Окуя 31-августта Паянж районунун сотунун имаратында болгон. Диловар Олимов райондук соттун төрагасы Давлатманда Рахимзоданын иш бөлмөсүнө кирип барып, ага балта менен кол салган. Рахимзода жаракат алып, ооруканага жеткирилген, бөлмөсүндөгү эмеректердин баары талкаланган.

Бир суткадан кийин Диловар Олимов кармалган. Анын иши Хатлон облустук прокуратурасында каралууда. Прокуратурадан билдиришкендей, айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган, бирок сотту өлтүрүүгө ниеттенбегенин айткан.

Окуя болгон күнү, 31-августта Паянж райондук сотунда Олимовдун мурдагы аялынын доо арызы каралган. Ал биринчи жубайы менен расмий никеге турган эмес жана эки баласын өзүнүкү катары тааныбай койгон. Бирок сот балдардын атасы Олимов экенин тастыктап, ар бирине 130 сомониден алимент төлөөгө милдеттендирген. Олимов соттун чечимине нааразы болуп, үйүнөн балта алып келип кол салган.

Паянж райондук ооруканасынан билдиришкендей, судья оор жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню