2017-жылдын 19-сентябрь күнү болжол менен саат 01:10 чамасында Ак-Талаа районунун Баетов-Нарын унаажолунун 37-чакырымында өздүгү такталбаган, азиат улутундагы жашы болжол менен 40-45 чамасындагы болжол менен жол кырсыгынан каза болгон адамдын жансыз денеси жол үстүнөн табылган. Бул туурасында Нарын ОИИБнин ПМ бөлүмү билдирет.
Ошол замат маркумдун өздүгүн аныктоо жана жол кырсыгына катышкан унааны издөө иштери жүргүзүлө баштаган. Аныктоонун негизинде каза болгон адам Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын 46 жаштагы О.М. аттуу тургуну болуп чыккан. Ошондой эле жол кырсыгы болгон жерди кароо жүргүзүүдө, болжол менен Ауди унаасынын алдынкы бамперинин астындагы сыныкчалар табылган. Ак-Талаа райондук ИИБи жана Нарын ОИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн издөө тобунун кызматкерлери менен биргеликте, үйлөрдүү кыдырып издөөнүн негизинде, 25-чакырым аралыкта турган Нарын районунун Жылан-Арык айылынан 23 жаштагы Ж.М. аттуу тургуну башкарып жүргөн кызыл түстөгү “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаасына кароо жүргүзү маалында жол кырсыгынын белгилери табылып, шектүүнү Ак-Талаа РИИБне алып келген. Тергөө учурунда кармалган жаран жол кырсыгына катышканын мойнуна алган.
Топтолгон материалдар Ак-Талаа РИИБнин тергөө бөлүмүнө берилип, экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.