Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Сирияда Орусиянын үч аскери жарадар болду

Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясында үч орусиялык аскер жарадар болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Мекемеден алар «Фронт ан-Нусра» тобунун чабуулу маалында жаракат алгандыктарын билдиришти.

Маалыматка караганда, 30га жакын орусиялык аскер курчоодо калып, бирок аны жарып чыгышкан.

Коргоо министрлиги аймактагы абалдын курчушуна «АКШнын атайын кызматын» айыптады. Орусиянын Башкы штабынан мындай жол менен АКШ Сириянын өкмөттүк армиясынын чабуулун токтотууга аракет кылган деп билдирүүдө. Азырынча Вашингтон орус бийлигинин бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

БУУнун маалыматына караганда, Сирияда согуш башталган алты жарым жылдын ичинде 450дөн ашык киши мерт болуп, өлкөнүн миллиондогон жашоочусу качкынга айланды. Орусия Сириядагы аскердик өнөктүгүн 2015-жылы баштаган. Орусия авиациясы асмандан Башар Асаддын режимине колдоо көрсөтүп, куралдуу оппозициянын позицияларына соккуларды урууда. АКШ жана бир катар батыш өлкөлөрү Асадды аскер кылмыштарына айыптап, Орусияны аны колдоодон баш тартууга чакырып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кара-Кулжа райондук милиция кызматкерлери тарабынан мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө 27 жаштагы М.У. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Себеби, 2017-жылдын 17-сентябрь күнү белгисиз адамдар үйүнүн жанында байланып турган бир баш жылкысын уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым 60 000 сомго түзгөн. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш- аракеттердин негизинде кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун 22 жаштагы С. А. аттуу тургуну кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Уурдалган мал ээсине кайтарылып берилип, шектүү убактылуу-кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун төбөлүнөн Кыргызстандын жараны деген паспорту табылды

Казакстандын Түштүк-Казахстан областынын ички иштер департаментинин уюшулган кылмыш менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын октябрь айынан тартып, буга чейин бир нече ирет соттолгон кылмыш чөйрөсүндөгү “авторитет” Рафаэль Бикбаевдин жетекчилиги астындагы кылмыштуу топту кармоо иштерин активдүү жүргүзгөн. Бул туурасында Казакстандын ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Бикбаев жетектеген ал топ Түштүк-Казакстандын аймагында тоноо жана рейдерлик иштерди алып барган.

Ушул жылдын март айында полиция кызматкерлери Түштүк Корея жаранынын арызын караган. Ал 2014-жылы сырьё өндүрүүчү фабрика куруп, ишкерлик менен алектенип жүргөн. Бирок Бикбаев баштаган кылмыштуу топ ал ишкерди коркутуп анын фабрикасын өзүнүн бир мүчөсүнө жаздырып койгон.

Июнь айынын аягында оперативдүү топтор Шымкенттен кылмышкерлердин 9 мүчөсүн кармаган жана алар Бикбаевдин Корея жаранынан фабриканы мыйзамсыз түрдө тартып алгандыгын моюндарына алышып көрсөтмө беришкен.

2-августта Бикбаев мамлекеттер аралык издөөгө алынып, ушул жылдын 16-сентябрында Казакстан жана Россиянын ИИМи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын натыйдасында Рафаэль Бикбаев Россиянын Москва областына караштуу Раменск районунда кармалган. Анын жанында Кыргыз Республикасынын жараны деген жасалма паспорту болгон.

 

«Саясый никелешүү» жагынан рекордсменге айланган Бакыт Төрөбаев

Ток этеринен гана кеп салалы. Эски режим-де Бакыт Төрөбаевдин «Акжол» партиясынан депутат, министр болгонун элдин баары билет. Кийин Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясына кошулуп, кайрадан парламентке келген болчу. Кичине бой көтөрүп алган соң, Курманбек ■ Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын экенин «унутуп салып», өзүн-чө саясый күч түзүү менен Бабановдон бөлүнүп кеткен болчу. Ошентип, акчанын күчүнө салуу менен «Өнү-гүү-Прогресс» партиясын түзүп, 2015-жылы кайрадан фракциясын Жо-горку Кеңешке өткөзүү-гө жетишти. Албетте, көздөгөнүнө жетүү жагынан аракети куч, ке-рек болсо шайтан менен биригүүгө да даяр беле? А баса, «саясатга никелешуу» жагынан Бакыт мырза алдына ат салдырбай калды. Рекордсмен. Убагында Оштун борбордук аянтына барып, он миңдеген элдин астынан бата алып, Мелис Мырзак-матов менен биригет да, кайра айнып, шеригин таштап кеткен болчу. Бир топ убакыттан бери Мырзакматов талаалап, үстүнөн үйүлө иш козголуп атса, ага карата эл астында жылуу соз айтып койдубу? Жал-пыбыз билгендей, жакында эле Ахматбек Кел-дибеков, Адахан Мадумаров, КамчыбекТашиев менен ынтымакка келгендей болуп, «Төртилик» деп шедиреңцеп атышты эле, бу жагы да курулай популизмден көтөрүлө албай, кайра ажырашып тынышты. Эми болсо «Бабанов президент, Төрө-баев премьер» деген лозунг астында чыканы кандай? Бакыт мырзанын кыз болуп жаралба-ганына шугур келтирип, жакабызды кармай туралы! Таза кууратмак окшойт… Карапайым калк деле Төрөбаевдин саясат айдьщында ту-руксуздугун, улам эле ар кайсы күчтөргө кошула беришин терс маанайда кабыл алып атса керек. Амбициясы ашынган, бийликке жетуу учун ким менен болсо да кол кармашып, кадыр-баркын болушунча чачкан пендеге ким ишенет? Жыл айланбай эле «эрге тийгендер» кандай бааланчу эле? Эй, мансап, байлыкты да көтөрө билиш керек, ошого катар туруктуу сапатты, ар-намысты дагы жүрөккө бек сактап, арьщан бери болбо-соң, бат эле четке сүрүлүп каласьщ! Азыр элдин жөзү көрөгөч, ойт бермелердин заманы бүткөн. Айтор, Бакыт Эргешович элди эриктирбей калды, арты кандай болор экен?..

Сириянын Ракка шаарынын 80% жоочулардан бошотулду

Араб жана күрттөрдөн турган “Сирия демократиялык күчтөрү” деген куралдуу коалиция Ракка шаарынын 80% “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан тазалады. Коалицияга АКШ колдоо көрсөтүп келет. Бул аймак өздөрүн “исламчы” деп атаган радикал топтун негизги командалык борбору болгон.

Операциялардын командачылыгы Ракканы ИМден бошотуу кампаниясы соңуна чыгайын деп калганын билдирди. Учурда ага 30 миңдин тегерегиндеги аскерлер катышууда.

Согуш болгонго чейин Раккада калктын саны 300 миңге жеткен. Бул шаар 2014-жылдан бери ИМдин карамагында болчу. АКШ башында турган эл аралык коалиция асмандан сокку урууну колдоп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Арактын айынан дагы бир адам мыкаачылык менен өлтүрүлдү

2017-жылдын 17-сентябрь күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. БУл туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барышкан. Тергөө учурунда маркумдун өздүгү такталып, ал 64 жаштагы И.С. аттуу жаран болгон. Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда күч колдонулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Ошондой эле анын бөлмөсүнөн спирт ичимдигинин бош бөтөлкөлөр табылган.

Жогорудагы факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынытыгында, кылмыш изин суутпай 36 жаштагы И.В. аттуу жаран кармалган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда.

Ош облусунда кафенин эшигин талкалап кирип, тоноп кеткен кылмышкерлер кармалды

2017-жылдын 18-сентябрь күнү Өзгөн РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 45 жаштагы Н. Ж. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Себеби ушул эле жылдын 18-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар Шералы айылында жайгашкан “Токтогул-Ата” аттуу кафесинин эшигин бузуп киришип, 77 000 сом акчасын уурдап кетишкен. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын “изин суутпай” кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А.И. менен 27 жаштагы А.Д. аттуу Өзгөн районунун тургундары кармалышкан. Учурда шектүүлөр убактылуу- кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ноокатта уй уурдап кеткен жаран кармалды

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 26 жаштагы Б.С. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Себеби 2017-жылдын 2-апрель күнү Ынтымак айылындагы Титкен жайлоосунда бош жүргөн жеринен бир уйун белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым 35 миң сомду түзгөн.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш- аракеттердин натыйжасында Ноокат РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 29 жаштагы Ж.О. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ооган аткезчилери тажик подполковнигинин кароолчусун барымтага алышты

Тажикстан бийлиги ооган аткезчилери туткунга алган 55 жаштагы жаранды бошотуу боюнча Кабул менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу 19-сентябрда Тажикстан ИИМиндеги өз булак билдирди.

ИИМдин Хатлон облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери, подполковник Тоджидин Насриддинзодага таандык балык көлмөсүнүн кароолчусу Хабиб Карахонов ооган аткезчилери тарабынан үч күн мурун барымтага алынган. Ал күнү Карахонов иште болгон.

Подполковник Тоджиддин Насриддинзода кызматынан четтетилди.

Маалыматтарга караганда, барымтадагы киши Ооганстандын Тахор провинциясында кармалып турат. Аткезчилер Хабиб Карахоновдун туугандарына телефон чалышып, бирок эч кандай талап коюшкан эмес. Тажикстандын Улуттук Коопсуздук кызматынын Чек ара башкармалы комиссия түзүп, ооган кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Буга чейин Тажикстандын чек арачылары Хамадони аймагында ооган аткезчилери менен кагылышканы кабарланган. Окуя болгон жерден 13 килограмм апийим, курал-жарактар табылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Май куюучу жайдын жумушчусун сабап, 140 000 сом акчасын тоноп кеткен кылмышкер колго түштү

19-сентябрь күнү кээ бир маалымат агенттиктеринде “Чалдавар-унаа өтүүчү жол” өткөрүү пунктунан чек ара кызматкерлери издөөдө жүргөн Кыргызстан жаранын кармашканын кабарланган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта Бишкек-Тараз каттамындагы автобустун жүргүнчүлөрүнүн документтерин текшерүү учурунда ушул жылдын 16-сентябрында 25 жаштагы А.К. аттуу жаран Жала-Абад облусунун бензин куючу жайдын кассасын тоноп, издөөдө жүргөн жеринен кармалганы айтылган.

Ушуга байланыштуу, ИИМдин Басма сөз кызматы маалыматты тактоо ирээтинде чек арадан өтүүгө аракет кылып, кармалган жаран 1992-жылы туулган Өзгөн районунун жашоочусу экендигин жана кылмыш Жала-Абадта эмес Ош облусунда болгондугун билдирет.

16 -сентябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн шаарынын бензин куючу жайына медициналык бет капчан белгисиз жаран келип, жумушчусун уруп сабап, андан кийин кассадан 140 000 миң сом акча каражатын алып кеткен. Андан сырткары, тоноочу бензин куючу жайдын жанында турган «Daewoo» үлгүсүндөгү автоунааны айдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-берене (каракчылык) менен 172-беренелери (автоунааны же башка автотранспорттук каражаттарды укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылынын 25 жаштагы А.К. аттуу жашоочусу болуп чыккан. Тергөө учурунда кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгону, анын ичинен алдамчылык жана эки жолу каракчылык фактысы менен сот жообуна тартылганы маалым болгон. Жакында эле абактан чыккан.

Ошондой эле, облустардын ички иштер башкармалыктарына кылмыш болгон жерден уурдалган автоунааны издөөгө жана кылмышка шектүүнүн качышына жол бербеш максатында багыттама жөнөтүлгөн. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын өтмөктөрүндө өз убагында кароолчу (сторожевая) карточкасы коюлган. Айдап качкан автоунаа Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында көчөдөн табылган. Азыркы убакта Чүй облусунда чек-ара көзөмөл өткөрүү пунктунан кармалган жаран ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Кылмышка шектүү башка кылмыш ишине тиешеси бардыгын аныктоо үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат.

Меню