Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Жалал-Абад облусунда өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республики ИИМдин 10- Башкы бышкармалыгы менен Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чарасын жүргүзүү маалында улуттук жана диний бөлүнүүнү күчөткөн фактысы катталган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш –аракеттердин натыйжасында “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Х. Х. жана А. А. аттуу тургундары менен, ошондой эле Сузак районунун С. И. менен Б. Д. аттуу жашоочулары кармалды. Мыйзам чегинде шектүүлөрдүн жашаган жерине тинтүү жүргүзгөн учурда экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылып алынды. Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (улуттук, рассалык, диний, аймактык кастыкты күчөтүү) негизинде кылмыш иши козголду. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары менен алынды

Куралдарды октору менен мыйзамсыз жүгүртүү кылмышын алдын алуу максатында элдин арасында ыкчам түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлүп жатат. Бул иш-чаранын жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган “Калашников” тутумундагы 2 автомат, “Макаров” үлгүсүндөгү 2 тапанча, “ТТ” үлгүсүндөгү 1 тапанча жана 2 ревальер, 3 магазин 13 огу менен алынды. Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Ош шаарынын жашоочусу 25 жаштагы Ж. Ч. өз ыктыяры менен 9 мм “Макаров” тапанчасын бир магазини менен тапшырды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы бидирет.

Жогорудагы фактыга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (мыйсамсыз ээлик кылуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, ташуу же ок атуучу куралдарды ок-дарылары менен, жарылуучу заттарды, жарылуучу түзүлүштү колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөө иштерин жүргүшүндө 1982-жылы туулган Ош областынын Өзгөн районунун жашоочусу П. Т. аттуу жарандан АКСУ-74 үлгүсүндөгү бир магазини бир огу менен “Калашников” автоматы алынган. Бул фактыга жогоруда көрсөтүлгөн берене боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле 12-июнь күнү саат 23:00до чамасында ыкчам-иликтөө иш-чарасын өткөрүү учурунда Ош шаарынын Масалиев проспектисинде жайгашкан “Ош Ойл” май куйуучу жайдын жанынан Ош шаарынын Амир-Темур кичирайонунда жашаган 41 жаштагы П. У. аттуу жаран өз эрки менен өчүрүлгөн номери менен “ТТ” үлгүсүндөгү тапанчасын 3 огун тапшырган. Азыркы убакта текшерүү иши жүрүп жатат.

Ал эми Ош шаарынын Саргалчаев көчөсүндө жайгашкан баңгизаттарды көзөмөлдө кызматынын мурдагы мекемесинин сейфинен күбөө катары кылмыш ишинде катыштыгы бар “Макаров” тутумундагы 9 мм тапанчасын эки огу менен оролгон бойдон табышкан. Чогултулган материал Ош шаарынын прокуратурасына берилди.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча ИИМдин тергөө башкы башкармалыгы тарабынан тийешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары көрүлүүдө.

Ууру күмүш сөйкө үчүн 4-класстын жана 3-класстын окуучусун асып кетти

Кечээ жакында Баткенде эки бала киши колдуу болуп муунтулуп өлтүрүлдү. Өлгөн балдар Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев мектебинин 4-классынын жана ошол эле мектептин 3-классынын окуучусу. Алар бир туугандардын балдары экени аныкталган. Окуя күндүз болгон. 1996-жылы туулган жигит эки кабаттуу үйгө уурулукка кирип, аны көрүп калган 10 жана 9 жаштагы балдарды муунтуп өлтүрүп качып кеткен. Киши колдуу болгон балдардын жанынан эркек кишинин эки галстугу жана кызыл түстөгү кездеме табылган. Андан тышкары “Самсунг” үлгүсүндөгү телефон да табылган. Көп өтпөй эле, бул окуяларга шектүү жогоруда айткан 1996- жылы туулган жаш кылмышкер колго түшүп, анын жанынан аялдын эки күмүш сөйкөсү табылганын облусттук милициядан кабарлашты.

Булак: “Фабула”

Адамды сүзүп, үстүнөн тебелеп кеткен айдоочу изделүүдө

Кечээ чак түштө Бишкек-Манас аэропорту жолунан топ велосипедчендерди жүк ташуучу бус коюп, качып кетүүгө үлгүргөн. Велосипедчи спортчуну үстүнөн тебелеп кеткени маалым болду. Жабырлануучу оор абалда №4 ооруканага жаткырылган. Күбөлөрдүн айтымдарында, унаа велосипедчен топту атайылап сүзгөн. Андан кийин токтобостон качып кеткен. Айдоочу спирт ичимдигин ичип алган абалда болушу мүмкүн экени айтылат. Кечээтен бери ал издөөдө. Табылып калса жазасын жакшы эле алат го. Жазаланыш керек… Баса, ал сүзүп качкан неменин машинеси “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү саргыч бус. Номери-448, 44 48 же 62 48 болушу мүмкүн экен. Айдоочусу болсо 40 жаштардагы азиат улутундагы кара тору жигит экенин көргөндөр айтышат…

Булак: “Фабула”

Көз көрүнөө эле келиндин сөйкө-шакегин жула качкан

Бишкектеги интернет клубдарынын биринен шаар тургунунун алтын буюмдарын карактап кеткен. Бул тууралуу 5-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Белгисиз жаран 4-июлда Бишкектеги интернет клубдарынын алтын буюмдарын (шакек, сөйкө) күч колдонуп тартып алган. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү Чуй облусунун 36 жаштагы тургуну М.М. кармалды. Бул иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси боюнча (карактоо) иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Фабула”

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан Казакстан Республикасынын жараны тоноо фактысы менен кармалды

2017-жылдын 6-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясына Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Себеби 2017-жылдын 6-июль күнү, болжол менен саат 18:20 чамасында, Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 20-25 жаштагы бала ачык түрдө колунан “Самсунг” маркасындагы уюлдук телефонун жулуп, белгисиз тарапка изин суутуп качып кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 167- беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобунун кызматкерлери ыкчам иш-аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү катары, Казакстан Республикасынын Жамбул облусунун 20 жаштагы тургуну И.И. аттуу жараны кармалып, тергөө иштерин жүргүзүү маалында, аталган кылмышты жасагандыгы жөнүндө өз ыктыяры менен мойнуна алып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүргүзүүлүдө.

"Женго" каймана аты бар криминал акталды, кезекте ким турат?

Полковник Шоноевдин өлүмүнө шектелип камакка алынган «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов акталыптыр. Азиз Батукаев, Камчы Көлбаев, Кадыр Досонов, эми кезекте дагы кайсыл криминалдар эркиндикке чыгат? Кадыр Досоновду бирде камап, бирде актап жатышат.

Буга ким кызыктар, анын тагдыры менен мынча эмнеге ойношту? Мелис Мырзакматов да дал ушул Досоновдон коркуп коомчулукка чыга албай жүрөбү? Суроо көп, жооп жок. Бирок Досоновдун адвокаты Назгуль Сүйүнбаева мыкты адвокат экен.

Булак: “Ачык саясат”

17 жаштагы бала алдамчылык менен 30 миң сом акча алып кеткен

Бишкекте пластик терезе, эшик жасап берем, баланча деген фирмада иштейм деп, өзүнүн атасындай болгон кишинин ишеничине кирип, анын 30 миң сомдон ашык акчасын алып куйрук түйгөн 17 жаштагы “балакай” колго түшкөнүн шаардык милициядан кабарлашты. Атасындай болгон кишинин башын тегереткен кыйын алдамчы экен.

Булак: “Фабула”

Ленин райондук милиция кызматкерлери уурулукка шектелген жарандарды кармашты

Милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 1нен 2-июлга караган түнү белгисиз жаран жабырлануучунун үйүнө ууруга кирип, сваркалоочу аппараты менен башка буюмдарын уурдап кеткен. Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү ишинин негизинде жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине шектүү 19 жаштагы К. А. менен М. О. аттуу жарандар кармалды. Андан сырткары, шектелүүчүлөрдүн дагы 8 кылмыш ишине тиешеси бар экени такталды. Кармалган адамдар Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Ошондой эле милиция кызматына Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 17-июнунда саат 11:20 чамасында Матыева-Каракол көчөлөрүнун кесилишинде “Ниссан” үлгүсүндөгү автоунаадан 2 уюлдук телефонун жана 3500 сом акчасын уурдап кетишкендигин билдирген. Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө ишинин негизинде Бишкек шаарынын тургуну Б. Э. аттуу жаран кармалган. Кармалган адам убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, тергөө иши башталды.

Андан сырткары, 2017-жылы 1-июлда соода борборунун биринен белгисиз жаран сумкасынан 25000 сомдой акчасын, банктык карточкасын жана жеке документтерин уурдатканын билдирген. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө ишинин натыйжасында Бишкек шаарынын жашоочусу 35 жаштагы К. А. кармалды. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган жаран тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ташкентте дагы бир студент өлтүрүлдү

Ташкентте 25 жаштагы студент курдаштары тарабынан өлтүрүлдү.

Юнусабад районунун ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкандай, 25 жаштагы жигит 29-июнда Ташкенттин борборунда эки курдашы тарабынан катуу сабалган. Башынан оор жаракат алып, төрт саат операция жасалганына карабай, ооруканада көз жумган. Шектүүлөр кармалды, сурак жүрүүдө. Кармалгандардын бири күнөөсүн жарым жартылай, экинчиси толугу менен мойнуна алды.

Маркум Акмал Абдурахманов Ташкенттеги юридикалык колледждин 1-курсунун студенти болгон.

Буга чейин Ташкенттеги П.Ф. Боровский атындагы медициналык колледждин 18 жаштагы студенти Жасур Ибрагимов курдаштары тарабынан ушул жылдын 3-майында сабалган. Окуядан кийин ага беш жолу операция жасалганы менен Жасур 1-июнда ооруканада каза болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню