Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Түркмөнстан өкмөтүндө бир катар коррупционерлер аныкталды

Түркмөнстанда Коррупцияга каршы күрөшүү органдары тарабынан ири масштабдагы коррупция фактылары аныкталды. Өлкөнүн расмий ММКларынын маалыматына караганда, мындай көрүнүштөр бир канча жылдан бери уланып келген.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн жыйынында Түркмөнстанда коррупцияга орун жок экенин айтып, Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрин кызматтан бошотту.

Өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү мекемесинин маалыматына караганда, акыркы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жылдан бери жемкорлук менен алектенип келген ондогон кызматкерлер аныкталган. Мекеменин билдирүүсүндө мамлекеттик ишканалардын биринин жогорку кызматтагы аткаминерлери чоң суммадагы акча, миң куту тамеки жана тыюу салынган «Трамадол» дарысы менен кармалгандыгы айтылат. Алардын бири тамеки менен тыюу салынган дары-дармектерди сактоодон сырткары кызмат абалын пайдаланып жол куруучулардан пара да алып келген.

Президент тарабынан кызматтан алынган Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри дагы жеке ишкерлерден пара алган курсташын калкалап, кызмат абалын кыянат пайдаланган деп айыпталды.

Банк системасынын ишмердүүлүгүн текшерүү маалында да бир катар коррупциялык кылмыштар аныкталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Балыкчыда ата-эне эгиз баланын бири жок деп арызданууда

Ысык-Көл облусунун жашоочусу Данияр Чыбыев аялы көз жарган төрөт үйүнүн дарыгерлери эгиздин түгөйүн алып коюшу мүмкүн деп шек санап жатат. Башка бир версия боюнча дарыгерлер наристенин бирөөсүн сактап кала алышпай, аны жашырып жатышы ыктымал.

“Келинчегим тогуз айдын ичинде сегиз жолу УЗИде болгон. Бизде балдардын эгиз экендиги тууралуу алты аныктама бар. Андан сырткары жеке УЗИнин эки аныктамасы бар, аны милиция алган”, — дейт Данияр.

Ал ортодо дарыгерлер төрөт маалында Махабат Намазбековага жергиликтүү гана наркоз куюлганын жана төрөп жатканда аял баарын сезип турганын айтты.

“Белинен наркоз бердик. Аял кадимкидей эле сүйлөп жаткан. Операцияда 3 килограмм 250 граммдык бала чыкты. Баягы биз күтүп жаткан эки килограммга жетпеген эгиздерди алган жокмун. Жанымдагы хирург да карады. Анан тонду алып чыктык. Тон чынында чоңураак экен. Бир бала төрөлгөнүн баарыбыз көрдүк”.

Төрөткө катышкан акушер-гинеколог Гүлзат Нарынбекова алар дагы эгиздерди күтүшкөнүн, бирок бала жалгыз эле төрөлгөнүн ырастады.

Учурда бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында териштирүү иштери жүрүүдө. Төрөткананын бөлүм башчысы убактылуу жумушунан четтетилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «сыра падышасы» Тохтар Тулешов кайрадан соттолууда

Бүгүн Шымкент шаарында ишкер Тохтар Тулешовдун иши боюнча жаңы соттук териштирүүлөр башталды. Өткөн жылы ноябрда Астана соту аны бийликти басып алууга аракет кылган жана кылмыштуу топ түзгөн деген айыптар менен 21 жылга эркинен ажыраткан.

«Дархан GROUP» компаниясынын мурдагы директору жана «Шымкентпиво» ишканасынын негиздөөчүсү Тохтар Тулешов бул жолкусунда кеңсеси Орусияда жайгашкан «Террордук коркунучтарды анализдөө борборун» жетектеп турганда салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда. Андан сырткары ага пара берген деген да айып тагылууда.

Тулешов менен бирге дагы сегиз киши соттолууда. Арасында сыра заводунун мурдагы кызматкерлери да бар.

Иш судья Мырзалы Жорабаевдин төрагалыгы алдында шаардын Енбекшинский райондук сотунда каралууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украина Чек ара кызматы Орусиянын полковниги кармалганын билдирди

Украинанын чек арачылары Молдованын өзүн Приднестровья республикасы деп атап алган аймагына украин паспорту менен кирүүгө аракет кылган орусиялык аскер кызматкери кармалганын билдирди. Бул тууралуу Фейсбукка Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Олег Слободян жазды.

Маалыматка караганда, окуя июндун башында эле болгон. Кармалган адам Валерий Войтенко деген ысымга жазылган жалпы жарандык паспортту көрсөтүп, ооруп жаткан апасына баратканын айткан. Бирок чек арачылар шек санап, аны текшерүүгө алышкан.

Текшерүү маалында анын жашыруун чөнтөгү бар экени аныкталган. Анда Преднестровьянын кызматтагы адамдары жана андагы орусиялыктар тууралуу маалыматтар, алардын телефон номурлары жазылган кагаз, «Кызыл жылдыз» ордени, смартфон жана флеш-карталар табылган. Алардын ичинде Донецктеги жикчилдердин кармалган талаа командирлери Михаил Толстых менен Арсен Павловдун Донбасста тартылган сүрөттөрү, ошондой эле чалгындоо иш-чараларын өткөрүү боюнча материалдар болгон.

Украин бийлигинин версиясы боюнча, 52 жаштагы кармалган адам – полковник Валерий Гратов. Ал Украианын коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Азырынча Гратовдун кармалгандыгы боюнча Орусия тарап эч нерсе билдире элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дөңгөлөк уурдаган уурулар кармалды

Ушул жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын Октябрь ички иштер башкармалыгына К. С. аттуу жабырлануучу автоунаасынын дөнгөлөктөрүн уурдап кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 1-июлунан 2-июлга караган түнү үйүнүн алдынан белгисиз жарандар “Хонда фит” үлгүсүндөгү автоунаасынын 4 дөнгөлөгүн уурдап, изин жашырып качып кетишкен.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш козголгон.

Октябрь ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаранын натыйжасында шектүүлөр кармалды. Алар:

1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси(уурулук) боюнча мурда соттолгон Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган М.К. жашоочусу;
2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-берене (уурулук), 166-беренелери (алдамчылык) боюнча мурда эки жолу соттолгон Нарын облусунун 1995-жылы Н.М. аттуу жашоочусу;
3) Чүй облусунун 1995-жылы А.И. аттуу жашоочулары кармалышкан.

Учурда кармалган жарандар Бишкек шаарынын аймагында башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.

Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылынын жашоочусу кара куурай менен кармалды

4-июль күнү Кара-Буура районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кызыл-Адыр айылынын 31 жаштагы А. Н. аттуу жашоочусунун убактылуу ижарага алып жашап жүргөн үйүн текшерүү үчүн ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлгөн. Бул туурасында Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул үйдө убактылуу жашаган жашоочулардын өздүктөрү такталып, текшерүү учурунда үйдүн чатырынан салмагы 865 граммды түзгөн кургатылган кара куурайды табышкан. Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү текшерүүлөр болуп, экспертиза жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш иши козголгону турат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тажикстан: бозгун полковниктин туугандары ИМ тобу менен байланышта болушкан

«Ислам мамлекети» террор тобуна ооп кеткен полковник Гүлмурод Халимовдун туугандары тажик-ооган чек арасын кесип өтүүгө аракет кылышкан. Бирок алардын жолун милиция кызматкерлери бууганга үлгүрдү деп билдирди Тажикстандын укук коргоо органдарындагы өз булак.

Паянж дарыясынын наркы жээгинде Халимовдун туугандарын “Ислам малмекети” экстремисттик тобунун жоочулары күтүп турганы айтылууда. Өз булактын кабарлашынча, мурагы полковниктин алыскы тууганы жана кошунасы Насим Рахматов ИМдин Ооганстандагы жоочуларынин бири менен дайыма байланышта болуп турган.

Бир тууган Халимовдор 4-июлда түштөн кийин эки унаа менен Хамадони районун көздөй бет алышкан. Аларды кармоо операциясына Дүйшөмбүнүн ИИБ кызматкерлери кошулган. Халимовдор тобокелчиликке барбай, чек арага жакын жайгашкан Чубек айлына эл сейрек каттаган жол менен жетүүнү чечишкен. Бирок Ибрати кыштагынан алыс эмес жерде аларды милиция күтүп турган.

Ал жерде кагылышуу болуп, топту жетектеп бараткан 53 жаштагы Султонмурод Халимов менен иниси Фозил Халимов жана мурдагы полковниктин айылдаштары – Афзал Абдурашидов, Насим Рахматов өлтүрүлгөн. Дагы үчөө – Али Халимов, Комил Халимов жана Назир Халимов кармалган. Атайын операция учурунда ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Анвар Хусейнов жаракат алган.

42 жаштагы полковник Гүлмурод Халимов Тажикстан ОМОНнун командири кезинде, 2015-жылдын апрелинде жоголуп кеткен. Кийин Сирияда жүргөнүн билдирген. Акыркы кабарларга караганда ал өткөн жылы Ирак менен Сирияда «Ислам мамлекети» террор тобунун аскер министрлигине дайындалган.

Тажик бийлиги аны мекенге чыккынчылык кылды деп Интерпол аркылуу издөөгө алган. Кошмо Штаттары анын жүргөн жери тууралуу маалымат бергендерге 3 млн доллар убада кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирияга интернет аркылуу азгырган эки жаран кармалды

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү жана Сирияга адамдарды азгырган деген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. 23 жаштагы жаран интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу уюмга жаңы мүчөлөрдү азгыруу менен алектенген деп шектелип жатат. Ал эми экинчи шектүүнү атайын кызмат кыргызстандыктарды Сириядагы согушка азгырып, ошол жакка жөнөтүү менен алектенген, эл арасында интернет аркылуу активдүү иш жүргүзгөн үгүттөөчү эмиссар деп атоодо. Мекеменин маалыматына караганда, ал Сирияга жөнөткөн эки жарандын бирөө ошол жакта набыт болгон. Эки шектүү боюнча кылмыш иштери козголду. УКМКнын расмий маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 600дүн тегерегинде, алардын айрымдары мерт болгон.

Булак: “Фабула”

Элтуйбасов болсом эле эл билбей, туйбай калат деген го...

Бишкек шаарынын он тогуз жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишине үч жылдан ашты. Бул аралыкта шектүүлөрдүн аты аталып келген менен чара көрүлбөй, «карга карганын көзүн чокубайт» деген мамиле өкүм сүрдү. Бирок кан коё бербейт демекчи, кеч болсо да муз ордунан жылды. Камиланын өлүмүнө шектүү катары Калыбек Саляновго издөө жарыяланды. Иликтөө жүрүшүндө Калыбек Салянов 2014-жылдын мартынын ортосунда сауна жетекчиси А.Н. менен бирге видеокамералардагы жазууларды өчүргөнү аныкталганы, муну менен алар кылмыш ишти калыс жана толук иликтөөгө жолтоо болгону айтылган. 29-июнда бул иш боюнча 318-берененин биринчи бөлүгүнө ылайык (тергөөгө каршылык көрсөтүү) иш козголуп, ал Кыргызстандан чыгып кетти деген маалыматтарга байланыштуу издөө салынган. Саляновду камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы аныкталган. Убагында карындашы Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда бул иш күч менен басылып, «кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты» кылуу аракети катуу жүрдү. Кийинки жылдары Аида айымдын өзүнүн башына кара булут айланып, юстиция министри болуп турганда Максимдин досу Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бергени боюнча сотто сурак берип жатканына байланыштуу, агасы Калыбекке көмөк кылууга шаасы жетпей калды окшойт. Мындан улам, мойнуна сыйыртмак ыргытылчу күн жакындап калганын туйган Калыбек Салянов фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен. Сыягы Элтуйбасов болсом эле эл билбей, туйбай калат деген го кургур…

Булак: “Фабула”

Жизакта автоунаадагы газ баллон жарылып, бир киши каза болду

Жизак облустук прокуратурасы унаага орнотулган метан баллонунун жарылуусун иликтөөдө. Окуя 30-июнда эртең менен Жизак шаарындагы май куюучу станциясында болгон.

Прокуратура өкүлүнүн билдиришинче, Nexia унаасынын жарылуусунан станциянын 24 жаштагы кызматкери каза болуп, төрт адам ооруканага жеткирилген. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор.

“Учурда тергөөчүлөр газ баллон орнотулган унаанын жарылуусуна эмне себеп болгонун териштирип жатышат. Ал газдын сызылып чыгуусунан же аны толтуруу маалындагы эреже бузуулардан улам жарылган болушу мүмкүн”, – деп билдирди облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү.

Каза болгон жарандын туугандары жарылуунун себептерин аныктап, күнөөлүү адамдардын жазаланышын талап кылышууда. Өзбекстанда бензиндин тартыштыгынан жана кымбаттыгынан улам унаалардын, автобустардын жана жүк унааларынын көбү газ баллондорун орнотуп алышкан. Буга байланыштуу газ менен жүргөн автоунаалар жарылган учурлар да көбөйүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню