Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери буга чейин киши өлтүрүү, талап-тоноочулук, унаа уурдоо, жана башка оор жана өзгөчө оор кылмыштарды кылган туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн жойду. Бул кылмыштуу топтун башында Чүй облусунун тургуну 1992-жылы туулган А.К. турган жана ал “Чоро” лакап аты менен белгилүү болгон Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кылмыш чөйрөсүнүн авторитети С.А.нын баласы болуп эсептелет. Ал атасы сыяктуу эле, Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
2013-жылдын аягында А.К. жаранынын уюштуруу жөндөмдүүлүгү менен өз кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу максатында кылмыш-жаза ниеттерин ишке ашыруу жана кылмыш чөйрөсүнө көзөмөлдү орнотуу багыттары боюнча уюшулган куралдуу кылмыштуу топту (жамаат) түзгөн. Топто биримдүүлүктү жана туруктуулукту бекемдөө максатында А. К. айланасына досторунан, классташтарынан сырткары диний эрежелерди жана кылмыш чөйрөсүнүн кылмыш буйруктарын карманган башка адамдарды топтой алган. Бул топ туруктуулугу жана курал-жарактардын көптүгү, техникалык жактан мыкты жабдылышы менен айырмаланып турат.
Кылмыштуу топтун мүчөсүнө киргендер:
– А.К. 1992-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы.
– С.Н. (Малыш) лакап аты менен белгилүү, 1980-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну, Чүй облусунда жашаган. Бул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттосунда турат жана ошол эле “Чоро” лакап аты менен белгилүү болгон С. А.нын өкүл баласы катары таанылып, Рысбек Акматалиевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү.
– А.Э. (Эдук) лакап аты менен белгилүү, 1990-жылы туулган Токмок шаарында туулган. Мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган аракеттер (тоноочулук) боюнча соттолгон. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин атайын каттосунда турат.
– Б.М. (Микиля) 1993-жылы Токмок шаарында туулган. Мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (Ок атуучу куралдарга мыйзамсыз ээлик кылуу) боюнча соттолгон жана транспорт каражаттары ыкчам урдоо боюнча адис делген маалыматтары бар.
– A.A. 1990-жылы Токмок шаарында туулган.
Кылмыштуу топ өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери А.К. жараны ар тараптан камсыздап келген. Байуу, топтун материалдык жабдуулар кеңейтүү максатында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында киши өлтүрүү, талап-тоноо, башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо, транспорт каражаттарын уурдоо, мыкаачылык жана оор кылмыштарды жасап жүрүшкөн.
“Калашников” автоматтарын, “Макаров” тапанчаларын жана башка ок атуучу куралдарды өз кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу, кылмыш көзөмөлүн орнотуу менен өзүн көрсөтүү максатында сатып алышкан. Андан тышкары, “көрүүчүнүн” статусуна ээ болуу үчүн биринчиси экинчисин же керексиз адамдарды жок кылуу үчүн пландарды түзүп жүрүшкөн. Ошентип, жогоруда аталган уюшкан кылмыштуу топ кийинки укук бузууларды жасаган деп шектелүүдө:
2014-жыл 7-май: Токмок шаарынын Шамшинская көчөсүндө жайгашкан Борбор Азия Эл аралык Университетинин имаратынын жанында саат 23:00 чамасында “Калашников” автоматты менен “Mercedes Benz S 320” үлгүсүндөгү автоунааны аткылашкан. Натыйжада, Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну 1964-жылы туулган “Кароочу” макаамына ээ крим. авторитет М. Камалходжаев октон жаракат алып, ошол жерден көз жумган. Токмок шаарынын ички иштер органынын тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кол салуу кылмыш иши даярдалып жатканы белгилүү болгон. 2013-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүнүн үйлөрүнүн жанынан “Фолсваген-Вента” үлгүсүндөгү автоунаадан мамлекеттик номерлер уурдалып кеткен. Уурдалган мамлекеттик номер тагылган унаадан крим. авторитет М. Камалходжаевге ок атылган. Башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо фактысы боюнча Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 4-бөлүгүнө (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон. Оор кылмыш жасаган топтун мүчөлөрү айдап жүргөн автоунаа 2014-жылдын 26-мартындагы түнү Чыгыш-5 кичирайонунан уурдалган. Бул окуяны ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү көзөмөлгө алып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (унаа уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Эки жума өткөндөн кийин, бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү дагы бир олуттуу кылмыш ишин жасаган. 30-май күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Токмок шаарынын 3-кичи районунун мечиттеринин биринен жума намаздан келе жаткан эки адамга “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү автоунаадан “Макаров” тапанчасы менен ок чыгарган. Натыйжада, октон жаракат алагн эки жаран аймактын шаардык ооруканасына жаткырылган болчу. Бул кылмыш иши кримавторитет У.Ч.ны өлтүрүү ниеттинде жасалган эле. Ошол эле күнү ИИМдин Токмоктогу тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесине (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө учурунда, У.Ч.ны өлтүрүү аракети үчүн уурдалган мамлекеттик номур колдонгону белгилүү болгон. 2014-жылдын 9-апрель күнү 5-кичирайондун уйлөрүнүн биринен “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү автоунаанын номурун уурдап кетишкен. 2017-жылы июнда жагдайларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүгүнө (башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо) ылайык кылмыш кылмыш иши козголду.
Тергөө бөлүмү бул кылмыш тобу 2014-жылдын күз айларында жасалган башка кылмыштарга да тиешеси бар экенин белгиленген. Ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алуу максатында, алар жыйноочу машинеге кол салышкан. 2014-жылдын 3-ноябрында саат 9:00до Токмок шаарындагы ЖЧК “Brent” май куйуучу жайдын акча чогултуучу тобуна кол салуу уюштурушкан. Кылмыштуу тобунун чабуулчулары акча жыйноочу топтун автоунаасы менен кагылышууну уюштурушуп, кырсыкка шылтоолоп токтотушуп курал менен коркутушкан соң, 10 870 000 млн сом акча каражаты менен “Сайга” үлгүсүндөгү карабинин тоноп кетишкен.
Токмок шаарынын ички иштер органынын тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмүнө жана 245-берененин 2-бөлүгүнө (өзгөчө ири зыян келтирүү менен талап-тоноо, ок атуучу куралдарды уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Териштирүү көрсөткөндөй ошол эле жылдын 23-октябрь түнү Бишкек шаарында уурдалган “Meresedes-Benz 260” үлгүсүндөгү унаа акча жыйноочулар тобун талап-тоноочулук учурунда колдонулган жана унаага эки жума мурун Бишкенк шаарынын 5-кичирайонунан уурдалган “Toyota Ipsum” унаасынын номуру тиркелгени аныкталган. 2014-жылдын октябрь айынын аягында Октябрь РИИБдин ички иштер органынын тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (транспорттук каражаттарды айдап качуу) боюнча кылмыш ишин козголгон. 2017-жылы июнда ИИМдин башкы тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 4-бөлүгүнө (башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Андан тышкары, жылдын 3-ноябрындагы түнү ЖЧК “Brent” акча чогултуучу тобун тоноо үчүн колдонулган “Meresedes-Benz” үлгүсүндөгү автоунаа окуя болоор алдында Бишкек шаарынын Восток-5 кичирайонунан уурдалган. Жогорудагы факты боюнча ИИМдин Башкы тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон.
Кылмыштуу топтун кармалган мүчөлөрү көптөгөн адамдарга материалдык зыян алып келген мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн: бир катар башка бирөөнүн мүлкүн урдоо, ошондой эле транспорт каражаттарын айдап качуу фактысы менен шектелүүдө.
– 2015-жылдын март айынын түнү Бишкек шаарынын Улан кичирайонунун “Subaru” үлгүсүндөгү автоунааны ачып, мүлкүн уурдап кетишкен.
– 2016-жылдын июль айынын аягында Бишкек шаарынын жашоочусунун “BMW” үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.
– Алар 2016-жылдын 30-августунда Токмок шаарында жайгашкан Гаваи ресторанында токтоп турган “Toyota Land Cruiser” үлгүсүндөгү автоунаадан баалу буюмдарын уурдап кетишкен.
– 2016-жылдын 2-октябрга караган түнү Бишкек “BMW” унаасы уурдалган.
– 2016-жылдын 7-декабрь күнү Бишкек шаарынын жашоочусуна таандык “Toyota Sequoia” үлгүсүндөгү автоунаасынан сырткары үйүнө кирип балуу буюмдарын тоноп кетишкен.
– 20-декабрь күнү Бишкек шаарынын Туңгуч кичирайонунун бир үйдүн короосунда турган “Subaru Legacy” авто унаасына кирип, ичиндеги буюмдарын уурдап кетишкен.
2017-жылдын жылдын ичинде А.К.тын кылмыштуу тобунан 12 даана “Макаров” тапанчасы алынды. Бирок, бул далилдердин топтун кылмыш ишмердүүлүгүн тыюга аздык кылат. A.K.нын үйүн текшерүү учурунда маалыматты чогултуу үчүн атайын техникалык каражаттар алынды.
ИИМдин башкы тергөө бөлүмү жагдайлар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүгүнө (мыйзамсыз ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо) 136-беренесинин 3-бөлүгүнө (мыйзамсыз өндүрүш, өзгөчө жашыруун маалымат алуу үчүн арналган техникалык каражаттын жардамы менен сатып алуу) ылайык кылмыш ишин козгогон. К.А.ны текшерүү учурунан тышкары, уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнөн далил катары 5,54 калибрдеги АКС-74 “Калашников” автоматтары жана “Макаров” тапанчалары, ок атуучу куралдар жана ок-дарылары менен алынды. Ошондой эле наручниктер, бронежилет, парик, беткап, уюлдук телефон жана башка буюмдар табылды. Жогоруда заттар бардык оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн пайдаланылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмыштуу топтун башчысы менен төрт мүчөсү жогорудагы жана андан башка 34 кылмыштар боюнча айыпталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 231-берене ( кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу боюнча) боюнча айып олуттуу болуп саналат. Кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү жөнүндө, алардын жашаган жерин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Мындан тышкары, ыкчам маалымат боюнча булар өзгөчө оор кылмыш иштерине тиешеси бар деп шектелген кылмыштуу топ. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш ишинин бетин ачууда жана тергөөдө керектүү ыкчам-иликтөө иш-чараларды өткөрүүшөт.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардын сүрөтөрү жана ок атуучу куралдары далил катары алынган:
– 5.45мм калибрдүү АКС-75 “Калашников”. Бул автомат менен машинанын жана баллистика корутундусу боюнча M.Камалходжаев өлтүрүлгөн.
-Сериялык номерлер өчүрүлгөн “Макаров” тапанчасы, “Калашников” автоматынын магазини жана компенсатордун оозу.
– 5 даана кишен.
– Унаанын эшигин автоматтык ачуу үчүн автоунаанын коддорун ачууча техникалык каражат жана ошондой эле, транспорт каражаттарын уурдоого пайдаланылган транспорт каражаттарынын ачкычтары.
– парик, беткап, кишен, жашыруун маалыматты алуу учүн жашыруун аудио-видео камера, мобилдик телефондор жана башка заттар үчүн арналган буюмдар
-3 даана броножилеттер.
– Аралыкта туруп бөлмөдөгү адамдардын бар экендигин же жок экендигин билүүгө мүмкүн болуучу атайын апраттарды да пайдаланып келишкен. Бул сыналгы Коргоо адистештирилген бөлүмдөрүнүндө, Ички иштер министрлигининде, Улуттук коопсуздук комитетинде атайын бөлүмдөрундө колдонулат. Жогоруда заттар бардык оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн пайдаланылган.