Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Өзбекстанда Борбордук банктын төрагасы көз жумду

Ташкентте 67 жашында Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Файзулла Муллажанов каза болду. Ал бул кызматты акыркы 14 жылдан бери аркалап келген жана америкалык Global Finance журналынын версиясы боюнча 2015-жылы эң мыкты улуттук банктардын башчыларырын тизмесине кирген.

Маалыматтарга караганда, Муллажанов акыркы эки-үч жылдан бери бөйрөгү ооруп, диабет менен жабыркап келген. Өткөн жылы бөйрөктөрү иштебей калгандыгына байланыштуу гемодиализ ала баштаган. Маркум бүгүн түштөн кийин жерге берилет.

Муллажанов узак убакыт президент Ислам Каримов, ал өлгөндөн кийин Шавкат Мирзиёев менен иштеген атка минерлердин бири болгон. Убагында оорусуна байланыштуу кыска мөөнөткө комага түшүп калганда дагы Каримов анын отставкасын кабыл алган эмес.

Муллажановдун эки уулу милиция жана прокуратурада жооптуу кызматтарда иштеген. Тун баласы коррупцияга айыпталгандан кийин алардын макамдары төмөндөтүлгөн. Учурда Борбордук банктын төрагасынын милдетин убактылуу анын орун басары Саидкамол Ходжаев аркалайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда терроризм үчүн жарандыктан ажыратуу мыйзам долбоору биринчи окууда өттү

Казакстан парламентинин мажилиси кошумча кылмыш жазасы иретинде жарандыктан ажыратууну караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Казакстандын юстиция министри Марат Бекетаевдин айтымында, долбоор мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгынан улам иштелип чыкканын түшүндүрдү.

Мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтиргендерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну Юстиция министрлиги сунуштаган. Кылмыш кодексинин 21-беренесинде кошумча жаза катары күнөөлүүлөрдү жарандыктан ажыратуу каралган. Террордук кылмыштарды жасоо, террордук топ түзүү жана ага башчылык кылуу, Казакстан президентинин өмүрүнө кол салуу, адамды барымтага алуу, геноцид, жикчилдик жана мамлекетке кыянат кылуу үчүн жарандыктан ажыратуу сунушталууда.

Министр мыйзам долбоорунун саясатка тиешеси жок экенин жана саясий куралга айланбай турганын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

AI: Дүйшөмбү адвокаттарга карата репрессиялык чараларды көрүүдө

Тажикстан бийлиги адвокаттарга, өзгөчө алардын өкмөттү сындаган адамдарды коргогондоруна карата репрессиялык чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун баяндамасында айтылат.

Тажикстандагы адвокаттардын куугунтукталышы жөнүндөгү 24-майда жарыяланган баяндамада өлкөдө юристтер өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда олуттуу тоскоолдуктарга дуушар болушары, анткени Дүйшөмбү адам укуктарына басымын күчөткөнү жазылган.

Уюмдун маалыматына ылайык, тажик өкмөтү «башкача ойдогуларга, анын ичинде Ислам кайра жаралуу партиясы жана “Группа 24” өңдүү өлкөдө тыюу салынган оппозициялык топторго байланышы бар делген адамдарга карата» катаал чараларды көрүүдө.

Баяндамада оппозициялык саясатчыларды коргогон адвокаттардын көбү куугунтукка кабалып, адилетсиз соттук териштирүүлөрдөн соң узак мөөнөттөргө соттолгону белгиленген.

Укук коргоочулар белгилешкендей, адвокаттар Бузургмехр Ёров менен Нуриддин Махкамов өлкөдө 2015-жылдан бери тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын коргошкон. Бүгүн болсо экөө тең террорчулукка байланышкан айыптар менен 20 жылга соттолуп абакта отурушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Усманов Навальныйды Шариковго салыштырып, дебаттан баш тартты

Орусиялык бизнесмен Алишер Усманов оппозиционер Алексей Навальныйга экинчи кайрылуусун жолдоду. Анда ал Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсүн Михаил Булгаковдун “Иттин жүрөгү” повестиндеги Полиграф Шариков аттуу адепсиздиктин символу болгон каарманга салыштырды.

Усманов Навальныйды “билимсиз демагог” эле эмес “жогорку чеберчиликтеги алдамчы” деп атады.

Видео кайрылуусун ал “ВКонтактедеги” жеке баракчасына жайгаштырды.

Усманов Навальный сунуштаган дебаттан баш тартып, дискуссия сотто болорун билдирди. Алишер Усмановдун доо арызы боюнча сот 30-майга белгиленген.

Навальный жетектеген коррупцияга каршы күрөшүү фонду марттын башында орус премьер-министри Дмитрий Медведевге таандык деп, бир топ мүлктөрдү жарыялаган. Анда хансарайлардын бирин Медведевге Өзбекстанда туулган орусиялык магнат Усманов белек кылганы, бул коррупция экени айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ферганада жөө адамдарды сүзүп кеткен РИИБ башчысынын иши иликтенүүдө

Ферганада эки жөө адамдын өлүмүнө шектелип жаткан Алтыарык РИИБ башчысы Расулжон Юлдашевдин иши боюнча тергөө башталды.

Булактардын маалыматына караганда, ал 9-май күнү кечинде мас абалында унаа айдап баратып Фергана шаарынын борборунан эки адамды сүзүп алган. Алардын бирөөсү ошол жерде, экинчиси ооруканада каза болгон.

Алтыарык РИИБсинин атын атагысы келбеген кызматкери Расулжон Юлдашевдин кызматтан алынгандыгын ырастады. Учурда анын иши тергөөдө.

Кылмыш ишин Фергана шаардык прокуратурасы тергеп жатат. Мекемеден Расулжон Юлдашевге карата кылмыш иши козголгонун четке кагышкан жок. «Мындан башка эч нерсе айта албайм. Кененирээк прокуратурага келсеңер айтып беребиз, телефон аркылуу маалымат берилбейт», – деди прокуратура өкүлү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда талапкерлердин президентикке өзүн өзү жылдыруусуна тыюу салынууда

Казакстан парламентинин мажилис депутаттары талапкерлердин президентикке өзүн өзү көрсөтүүсүнө тыюу салган өзгөртүүлөрдүн топтомун жактырышты. Мыйзам долбооруна ылайык, каттоодон өткөн коомдук биримдиктер жана саясий партиялар гана өз талапкерлерин жылдыра алышат.

Өлкөнүн юстиция министри Марат Бекетаев мыйзамдагы бул норманы алып салуу демилгесин колдойт. «Шайлоодо адамдар бул норманы пайдаланган көп эле учурларды көргөнсүңөр. Алардын олуттуу талапкер эмес экенин, андай аракеттер болгону өзүн пиар кылуу үчүн жасалып жатканын баары түшүнгөн», – деди Бекетаев.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, өлкөдө президенттикке талапкерлер өз алдынча же республикалык биримдиктер менен чыга алышат. Алар талапкер катары расмий каттоодон өтүү үчүн жалпы шайлоочулардын бир пайыздан аз эмес бөлүгүнүн колун топтоп, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек.

Мажилис тарабынан жактырылган мыйзам долбоорунда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн адам «мамлекет башчынын милдеттерин аткарууга тоскоол кылчу ооруларынын жоктугун» далилдеши керектиги көрсөтүлгөн. Бийлик талапкерлердин медициналык кароодон өтүүсүнүн жол-жоболору өзүнчө нормативдик-укуктук актыда жазыларын билдирүүдө.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда талапкерлерге коюлган талаптар арасында мамлекеттик кызматтарда же шайлоо иштериндеги тажрыйбасынын сөзсүз болушу керек деген шарт дагы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан Венадагы ЕККУнун конференциясына катышуудан баш тартты

Тажикстан делегациясы экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча ЕККУнун конференциясына катышуудан баш тартты. Иш-чара 23-24 майда Вена шаарында болот.

Конференцияга Башкы прокуратура, Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги жана Тажикстан коомдук уюмдарынын өкүлдөрү чакырылган.

Тажикстандын укук коргоо органдарындагы булак кабарлагандай, делегация мүчөлөрү Австриянын борборуна чейин авиабилет сатып алышкан, бирок соңунда ЕККУнун конференциясына катышуудан баш тартышкан. Бирок мунун себептерин ачыкташкан жок.

2016-жылы декабарда Венада аймактагы сөз эркиндиги боюнча ЕККУнун жыйыны өткөн. Дүйшөмбү өз өкүлдөрүн жиберген эмес. Себеби Тажикстан тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен “Группа 24” уюмдарынын өкүлдөрү былтыр сентябрда Варшавада өткөн ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйынына катышкандыгы үчүн нааразы болгон. Анда өлкөнүн расмий делегациясы эл аралык издөөдө жүргөн адамдарга сөз берилгенде каршылык иретинде жыйындан чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда калктын дээрлик жарымы таза сууга жетпейт

Тажикстанда калктын дээрлик жарымына (43 пайызга жакыны) таза суу жетпейт. Турак жай-коммуналдык чарба ишканасы кабарлагандай, Борбор Азиядагы суу байлыгынын теңинен көбү Тажикстан аймагында болгону менен  калктын 57 пайызы гана таза суу менен камсыздалган.

Маалыматтарга караганда, өлкөнү таза суу менен камсыздоо үчүн эки миллиард доллардан ашуун каражат керек. Суу түтүктөрү иштен чыккан, аларды оңдоо үчүн бюджеттен акча каралган эмес.

Тажик бийлиги бул маселени жөнгө салуу үчүн эл аралык уюмдарды жардамга чакырууда. Чет өлкөлүк инвестор жана донорлордун жардамы менен гана Исфара, Канибадам, Гулистон, Бустон, Хорог жана Истиклол шаарларындагы 1 миллион 200 миң киши таза суу менен камсыздалышы мүмкүн.

БУУнун маалыматы боюнча, учурда жер жүзүндөгү 1 миллиарддай киши таза суудан өксүп келет. Бул болсо көптөгөн оорулардын пайда болушуна жол ачууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстандын вице-премьер-министри Батыр Эрешов асынып өлдү

Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Батыр Эрешов өз жанын кыйды. Өлкөнүн расмий ММКларынын билдиришинче, ал 3-майда, уулу ири суммадагы акча менен кармалгандан бир нече күн өткөндөн кийин асынып алган.

Түркмөн бийлигиндеги булактын маалыматы боюнча аткаминердин уулу камакка алынган кийин Эрешовдун артынан андуулар башталган.

«Анын уулу ири суммадагы акча менен кармалган. Андан соң аңдуулар башталып, ага ар тараптан камала тургандыгы эскертиле баштаган. Көп өтпөй асынып алды. Денесин алып кетишип, туугандарына үч күн беришкен жок. Ырастала элек маалыматтарга караганда, ал Өзбекстандагы туулуп өскөн айылында жерге берилди. Уулу болсо дагы деле камакта», – деп билдирди булак.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда активисттер ЕБ депутаттары менен жолукту

22-майда Ташкентте Өзбекстандын жарандык коом өкүлдөрү Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахман Ташанов билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктары боюнча «Эзгулик» уюмунун жетекчиси Василя Иноятова учурда өлкөдө «атайын даярдалган түрдүү айыптар менен 30га чукул саясий туткун абакта жатканын» билдирди. Укук коргоочу ал адамдар тобун бошотуу — учурдун эң актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири экенин белгиледи.

Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Каролина Фалк ЕБ менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүшү көбүнчө өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышына көз каранды болорун айтты. Анын пикиринде, бул жааттагы абалга жарандык коомдун көз салып, баа берип турушу маанилүү.

Укук коргоочу Абдусалом Эргашев өлкөдө дин тутуу эркиндигинин абалын кыйла начар деп эсептейт. «1999-жылдын февралынан кийинки окуялардан соң Өзбекстанда динге ишенгендерге карата репрессиялар башталган. Алардын көбү конституциялык түзүлүшкө кол салууга айыпталып, узак мөөнөттөргө камалышкан», – деди ал.

Жолугушуунун соңунда активисттер ЕБ делегациясынын буга чейинки сапарларын сынга алып, Европа парламентинин депутаттарын бийлик менен сүйлөшүүдө саясий туткундар маселесин көтөрүүнү өтүнүштү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню