Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Түркмөнстанда көз карандысыз антикоррупциялык комитет түзүлөт

Түркмөнстанда өлкөнүн аскердик түзүмдөрү менен укук коргоо органдарына көз каранды болбогон атайын коррупцияга каршы күрөшүү комитетин түзүү иштери башталды.

Маалыматка караганда, жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча жаңы түзүм ири ыйгарым укуктарга ээ болот. Өз кезегинде мунун паракорчулукка байланышкан камакка алуулардын санынын кыйла көбөйүшүнө алып келиши мүмкүндүгү айтылууда.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча жаңы комитетти ким башкарат жана ал кызматка дайындалуу үчүн канча пара берилиши мүмкүндүгү тууралуу кептер болууда», – деди түркмөн өкмөтүндөгү өз булак.

12-майда президент Гурбангулы Бердымухамедов Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин башчысы менен парламент (Межлис) төрагасына жемкорлукка жана паракорчулукка каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия түзүүнү тапшырган. Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, Межлис өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комплекстүү программа түзүү үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда GTA, Mortal Kombat өңдүү 34 оюнга тыюу салынды

Өзбекстандын интеллектуалдык менчик агенттиги өлкөнүн аймагына алып кирүүгө жана жайылтууга сунушталбаган компьютердик оюндардын тизмесин жарыялады.

Ал атайын түзүлгөн эксперттик комиссия тарабынан бекитилди.

Тизмеге Postal 2, Phantasmagoria, Grand Theft Auto: San Andreas, Carmageddon, Mass effect, Dead space, Naughty bear, Mafia II, Call of duty: Black ops, Kane and Leanch 2: Dog days, Castlevania: Lords of Shadow, Dead Rising, Manhunt, Mortal Kombat X, Dead by Daylight, Bone Town, Shadow Warrior сыяктуу жалпысынан 34 компьютердик оюн киргизилген.

Мындай чечим аудиовизуалдык чыгармаларды, фонограммаларды, ЭВМ программаларын сатуу жана жайылтуу ишмердүүлүктөрүн лицензиялоо, ошондой эле ал ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат ала турган тарап менен лицензиялык келишим түзүү тууралуу жобого негизделген.

Лицензиялык келишимдин 3-бөлүмүнө ылайык, уруксат алуучуга «зомбулукту, порнографияны, өлкөдөгү коопсуздукту, коомдук-саясий туруктуулукту, улуттар жана конфессиялар аралык тынчтыкты бузуу, Өзбекстан тууралуу такталбаган маалыматтарды таркатуу жана анын тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктарын бурмалоо» үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон программаларды сатууга, жайылтууга жол бербөө милдеттемеси жүктөлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек ырчысы Шавкат Мирзиёевге ыр арнады

Өзбекстандын 49 жаштагы киноактрисасы жана ырчысы Дильфуза Исмаилова президент Шавкат Мирзиеёвге “керемет жердин султаны ден соолукта болсун” деген чыгармасын арнады.

Дильфуза Исмаилованын айтымында, ырдын тексти акын Тахир Мухаммедге, обону композитор Рустам Тулашовго таандык. Ыр 2016-жылы Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жаралган.

“Президентибиз Шавкат-ака ийги иштерди жасап жатканын көрүп, Тахир Мухаммад экөөбүз ушул ырдын үсүтүнөн иштеп баштадык. Тахиржан жакшынакай текст жазды, обонун композитор Рустам Тулашов жаратты. Ырды декабрда жаздырып, январда кайра толуктап, клип тартып, телеканалдарга бердик”,– деди Исмаилова.

Өзбекстан композиторлор бирикмесинин мүчөсү, музыка таануучу Равшанбек Матжонов Каримовдун тушунда мактап-жактаган ырларга дем берилбегенин айтты. Негизги телеканалдарда жана расмий музыкалуу иш-чараларда мындай чыгармаларга тыюу салынган

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан адвокаттардын санын көбөйтүү ниетинде

Казакстандын Юстиция министрлиги адвокаттык коллегияга кирүү үчүн төлөнчү мүчөлүк акы өлчөмүн кыскартуу маселесин кароодо. Бул тууралуу мекеме башчысы Марат Бекетаев билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, Казакстанда бир адвокатка 3900гө жакын жаран туура келет. «Бүгүнкү күндө өлкөдө адвокаттардын жетишсиздиги актуалдуу. Алардын учурдагы саны жарандардын толук юридикалык жардам алуусу үчүн жетишсиз», – деди Бекетаев Астана парламентинин мажлисинде сүйлөп жатып.

Анын айтымында, учурдагы жол-жоболорго ылайык, адвокат болууну каалаган жарандар юридикалык билим алгандан кийин адвокаттар коллегиясында алты айдан бир жылга чейин акылуу тажрыйба топтоо окутууларына барып, аттестациядан өтүшү жана адвокаттар коллегиясына мүчө болуп кириши керек. «Талапкер адвокат макамын алуу үчүн бир канча оор жол-жоболордон өтүп, болжол менен миллион тенге акча төлөшү зарыл болууда», – деди министр.

Анын айтымында, Юстиция министрлиги адвокаттардын республикалык коллегиясы менен биргеликте алгачкы мүчөлүк акы өлчөмүн 100 бир айлык эсептик көрсөткүчкө (226 900 тенге), тажрыйба топтоо үчүн алынчу төлөмдү беш бир айлык эсептик көрсөткүчкө чейин (11 миң тенгеге жакын) азайтуу маселесин кароодо. Бекетаев мындай чаралар юридикалык жардамдын сапатын арттырууга жана аны жарандар үчүн жеткиликтүүрөөк кылууга багытталганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан ТИМи инвестиция тартуудагы көйгөйлөрдү атады

Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов валютаны конвертациялоо жана кирешелерди кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу, насыя берүү системасынын начардыгы, бюрократия инвесторлордун келишине тоскоол болуп жатканын билдирди.

Камилов Олий Мажлис Сенаты менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Соода-өндүрүш палатасы менен бирге инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгып президентке жөнөтүшкөнүн айтты.

Программада чет элдик инвестициялар менен заманбап технологиялардын келишине дем берүү чаралары камтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан автобус байланышын калыбына келтирүү боюнча Ташкенттин жообун күтүүдө

Тажикстандын Asian Express Terminal компаниясы Ташкенттен эки өлкө ортосундагы автобус байланышын калыбына келтирүү боюнча сунушка жооп берүүсүн күтүүдө. Бул тууралуу компаниянын өкүлү Алижон Валиев билдирди.

Валиев автобус байланышын калыбына келтирүү маселеси буга чейин Өзбекстан менен Тажикстандын элчилик өкүлдөрү тарабынан талкууланганын билдирди. Эгер оң жооп болсо Asian Express Terminal компаниясынын автобустары ушул жылдын күзүнөн тарта Дүшөмбү-Ташкент-Дүйшөмбү, Дүйшөмбү-Самарканд-Дүйшөмбү жана Дүйшөмбү-Бухара-Дүйшөмбү багыттары боюнча каттап баштайт.

Анын айтымында, Өзбекстан менен автобус байланышынын калыбына келиши тажик жүргүнчүлөрүнүн Орусияга баруусун дагы жеңилдетет – учурда компаниянын автобустары Орусияга Кыргызстандын аймагы аркылуу барат.

Быйыл 11-апрелде 25 жылдан бери алгачкы жолу Дүйшөмбү аэропортуна «Өзбек аба жолдорунун» учагы конгон. 10-февралда Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Ташкентке алгачкы сыноо каттамын жасаган. Тараптар абалды изилдеп чыккандан кийин азырынча Ташкент-Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча каттамдарды «Өзбек аба жолдору» гана аткарат деген чечимге келишкен.

Өзбекстан менен Тажикстандын шаарларынын ортосундагы ырааттуу автобус жана аба каттамдары 1992-жылы, Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Тажикстандагы аскер базасын учкучсуз учуучу аппараттар менен камсыздайт

Тажикстандын 201-орусиялык аскер базасында жыл соңуна чейин учкучсуз учуучу аппараттардын батальону түзүлөт. Бул тууралуу Интерфакс Борбордук аскердик округдун командачысы генерал-полковник Владимир Зарудницкийге шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, батальон заманбап “Орлан” жана “Эрелон” модификацияларынын комплекси менен камсыздалат. Владимир Зарудницкий учкучсуз уча турган аппараттардын так санын атаган жок. Батальон мотоаткычтар, артиллерия, авиациядагы аракеттердин жигердүүлүгүн арттырууга багытталган.

Анын айтмында, Тажикстандагы 201-аскер базасы “Ураган” аттуу реактивдүү системасын дагы алды. Бул система тоолуу рельефте 35 чакырымга чейинки бутаны жок кылууга кудуреттүү.

201-аскер базасы Орусиянын чет өлкөдөгү ири аскер объектиси болуп эсептелет. Анын бөлүктөрү Дүйшөмбү жана Курган-Төбө шаарларында жайгашкан. Эки тараптуу келишимге ылайык, аскер базасы Тажикстанда 2042-жылга чейин болот.

Буга чейин Орусия Тажикстанга аскерий машыгуулар үчүн “Искандер-М” тактикалык ракеталык комплекстерин жөнөткөнүн билдирген. Ракеталык комплекс 30-майдан 1-июнга чейин өтө турган «Дүйшөмбү-антитеррор-2017» деп аталган машыгууларда колдонулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астана мунай өндүрүүнү азайтуу келишимин жактайт

Астана мунай өндүрүүнү азайтуу боюнча келишимдин узартылышын кубаттайт. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматтарга караганда, Казакстан бул келишим боюнча мунай казуунун күнүмдүк көлөмүн 20 миң баррелге азайтат.

“Казакстан буга чейин ОПЕКтин алдындагы милдеттенмелерин аткарып келген. Өлкөдө бир суткада орто эсеп менен 1,673 миң баррель мунай өндүрүлүүдө жана акыркы эки айда бираз өсүш болду. Май-июнда өндүрүш көлөмү азайып, жалпысынан жарым жылдыкта милдеттенме толугу менен аткарылат”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Бейшембиде ОПЕК жана мунай өндүргөн бирок ага мүчө эмес башка өлкөлөр өндүрүштүн көлөмүн кыскартуу боюнча буга чейинки келишимди тогуз айга узартууга макулдашкан. Ага ылайык, жалпы мунай көлөмү 1,8 миллион баррелге азайды жана мындай ыргак келерки жылдын март айына чейин созулат.

Жаңы макулдашуу жарыялангандан кийин мунайдын баасы төмөндөдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек имамдары «динчилдердин» үйлөрүндө аңгемелешүүлөрдү өткөрүүдө

Өзбекстанда имамдар диний себептерден улам соттолгон же экстремизмге шектелип издөөдө жүргөн жарандардын туугандары менен аңгемелешүүлөрдү өткөрүп жатышат.

Анжиян облусундагы мечиттердин биринин имамы билдиргендей, акыркы айларда имамдар диний себептер менен соттолгондордун, чет өлкөгө кетип калгандардын жана экстремизмге шектелгендердин үйлөрүнө барып, жакындары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Ташкенттин Алмазар районундагы мечиттин имамы бул сыяктуу аңгемелешүүлөр өлкөнүн бардык аймактарында болуп жатканын билдирди. Анда айрым имамдар президент Шавкат Мирзиёев тараптан «диний мунапыстар» болушу күтүлүп жатканын айтышууда.

Анткен менен Олий Мажлис Сенатынын өкүлү мунапыс тууралуу маалыматты четке какты.

«Эзгулик» адам укуктары коомунун өкүлү жана көз карандысыз журналист Абдурахман Ташанов Ташкенттин айрым белгилүү жана абройлуу имамдары диний себептер менен соттолгондордун иштери менен таанышып жаткандыгын билдирди. «Абройлуу имамдар алардын иштери менен таанышып, бийликке ал адамдардын мамлекетке коркунуч жаратпай тургандыгын жана эркиндикке чыгарса болорун түшүндүрүп жатышат», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кишиневдун мэри коррупцияга шектелип кармалды

Кишиневдун мэри Дорин Киртоакэ жемкорлукка шектелип бейшемби күнү кечинде кармалды. «Интерфакс» өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук борборунун басма сөз катчысы Анжела Старинскаяга шилтеме кылып билдиргендей, Киртоакэ кызмат абалын кыянат пайдаланган деп дагы айыпталууда.

Калаа башчысы кармалганга чейин анын иш бөлмөсүндө бир нече саат тинтүү жүргүзүлгөн. Мэрия имаратынын алдында Киртоакэнин тарапташтары менен каршылаштары митингге чыгышты. Алардын жарымы «Мэрге эркиндик!» деп кыйкырып жатышса, экинчи тобу «Камалыш керек!» деген ураандарды айтышууда. Киртоакэнин өзү болсо бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Мурдараак Кишиневдун эки вице-мэри, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы жана транспорт министри камакка алынган. Алардын баары тең Киртоакэ төрага орун басары эсептелген европачыл Либералдык партиянын мүчөлөрү.

Дорин Киртоакэ Молдованын борбору Кишиневду 2007-жылдан бери башкарып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню