Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Видео - Москвада катуу шамалдан өлгөндөрдүн саны 11ге жетти

Москвада катуу бороондо курман болгондордун саны 11ге жетти, алардын арасында 11 жаштагы кыз дагы бар. 50дөй адам ар түрдүү жаракат алды.

Каза тапкандардын кеминде төртөөнү ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен шамал кулаткан дарактар басып калган.

Электр зымдары үзүлгөндүктөн Москва облусунун аймагында кеминде 7 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калган.

Шамал шаардын транспорт системасына да таасирин тийгизип, поезд каттамдары убактылуу токтотулган.

Маалыматтарга караганда, Орусия ӨКМи жашоочуларды алдыдагы коркунуч тууралуу эскерткен эмес.

javascript:;

Өзбекстан президенти Конституцияны өзгөртүп, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтти

Өзбекстан Олий Мажлис Сенаты (парламенттин Жогорку палатасы) Конституциянын төрт беренесине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Сенаттын сайтындагы маалыматтарга караганда, Олий Мажлис президенттин сунушу менен Жаратылыш комитетинин төрагасын дайындоо жана кызматтан бошотуу, отчетун угуу боюнча ыйгарым укуктарынан ажыратылды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Конституциялык сотту президенттин көрсөтмөсү менен Олий Мажлис Сенаты шайлайт. Конституциялык соттун ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралууда. Мыйзамдарды, эл аралык макулдашууларды Конституцияга шайкеш келтирүү, нормативдик-укуктук актылар боюнча кайрылууларды кароо жана өлкөдөгү конституциялык мыйзамдуулук боюнча Олий Мажлис менен Өзбекстан президентине жыл сайын маалымат берүү милдеттери жүктөлдү.

Парламенттин Жогорку палатасы бул өзгөртүү жана толуктоолор өлкөдөгү демократиялык жараяндардын бекемделишине шарт түзөт деп ишенет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан Азербайжан банкынан каражаттарды кайтаруу боюнча атайын өкүл дайындады

Казакстан премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Бирдиктүү пенсия топтоо фондунун Азербайжан эл аралык банкына салынган каражаттарын кайтаруу боюнча атайын өкүл дайындалганын билдирди.

Майдын ортосунда Бирдиктүү пенсия топтоо фонду 71,3 миллиард теңге актив салган (225 миллион долларга жакын ) Азербайдан эл аралык банкы дефолтко учураганы маалым болгон.

Сагинтаев өкмөт жарандардын пенсиялык активдерин сактоого кызыктар экенин жана бул үчүн атайын өкүл дайындалганын баса белгиледи. Ал Азербайжандын өкмөт башчысы менен сүйлөшкөнүн, азери бийлиги карыздарды кайтаруу боюнча көмөк көрсөтүүнү убадалаганын билдирди.

Казак премьер-министринин айтымында, 23-майда Казакстандын Улуттук банкынын жана өкмөт өкүлдөрү менен Лондондогу чет өлкөлүк насыя берүүчүлөрдүн жолугушуусу учурунда карызды кайтаруунун шарттары айтылган.

Казакстандыктардын айлык акыларынын 10 пайызы Бирдиктүү пенсия топтоо фондуна которулат. Пенсия активдерин башкаруу милдети Улуттук банкка жүктөлгөн. Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев өткөн аптада фонддун каражатын Азербайжан эл аралык банкына салуу чечими мурдагы жетекчилик тушунда кабыл алынганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан президентинин кайниси мэрлик кызматтан бошотулду

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кайниси Амирулло Асадулло “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” Курган-Төбө шаарынын мэри кызматынан бошотулду.

Маалыматтарга караганда, Шахритус районунун төрагасы Абдуалим Исмоилзода Курган-Төбө шаардык администрациясынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Амирулло Асадуллону мэрлик кызматтан бошотуу тууралуу президенттин жарлыгы расмий сайтка жарыялана элек. Ошол эле маалда Тажикстан мамлекет башчысынын кайниси мындан ары эмне иш менен алектенери дагы белгисиз.

Амируллои Асадулло Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун жубайы Азизамо Рахмонованын иниси. Ал Курган-Төбө шаарынын администрация башчысы болуп 2014-жылы февралда дайындалган. Буга чейин ал Жалолиддин Балхи районунун администрация башчысы жана «Рушди Хатлон» корпорациясынын жетекчиси болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москва дипломаттарды чыгарган Молдовага катаал жооп кайтарууну убадалады

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Молдованын беш орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимине Москва катаал жооп кайтарарын айтты.

“Жооп сөзсүз болот. Ал абдан катаал жооп болот”, – деди Карасин 29-майда. Кишинев беш орус дипломатын “нон-грат персоналары” деп атап, алардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө 72 саат берген.

“Бул абдан олдоксон чагым. Орусия менен эки тараптуу алаканы жакшыртуу үчүн иштеп жаткан президент Игорь Додон башында турган күчтөргө каршы сокку”, – деди Карасин орусиялык маалымат агенттиктерине жасаган билдирүүсүндө.

Дипломатиялык карама-каршылык өткөн жылдын соңунда шайланган президент Додон менен батышчыл өкмөт ортосунда чыңалуу күчөгөн маалга туш келди. Ага Молдова парламентинин мурдагы депутаты мамлекеттик сырларды орус элчилигинин кызматкерине ачыктап салды деген сөздөр түрткү болгон. Мурдагы депутат Юрий Болбочан орус элчилигинин аскерий атташеси менен болгон жолугушуусу тууралуу видео жарыяланып кеткен соң, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, март айында камалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан: Франция элчилигинин кызматкери парапландан кулап каза болду

Өткөн дем алыш күндөрү Ташкенттин четиндеги тоодо Франциянын элчилигинин коопсуздук кызматынын башчысы парапландан кулап каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Ооба, парапланда учуу маалында биздин элчиликтин кызматкери каза болду. Ал Франциянын жараны, элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштечү», – деп билдирди элчиликтин өкүлдөрүнүн бири.

Агенттиктин маектешинин айтымында, азырынча курман болгон адамдын сөөгү Ташкентте, учурда өлкө бийлиги аны мекенине жеткирүү маселесин талкуулап жатат.

«Франциянын Өзбекстандагы элчилиги аймактык коопсуздук кызматынын башчысы, биздин кызматкер майор Франсис Делеганын кокустуктан улам каза болгонун терең кайгыруу менен кабыл алды», – деп жазылган элчиликтин сайтындагы билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Атырау шаарындагы түрмөлөрдө орозо кармоого тыюу салынды

Атырау шаарынын УГ-157/9 абагында соттолгондорго орозо кармоого тыюу салынганы кабарланууда.

Укук коргоочу Асел Нургазиеванын айтымында, мунун менен жарандардын дин тутуу эркиндиги боюнча укуктары бузулууда. «Бүгүн орозо кармаган төрт соттолуучуну ички тартипти бузду деген жүйө менен карцерге отургузушкан. Бирок алар орозолорун улантышууда. Абактын катаал шартында орозо кармоо оңой эмес», – деди ал.

Атырау облусундагы түрмөлөрдө жана УГ-157/9 абагында орозо кармоого тыюу салынганын ИИМдин жазаларды аткаруу системасынын облустук департамент башчысы Жасталап Басаров ырастады. Анын айтмында, орозо кармоого колониянын ички тариптери жол бербейт.

«Ал жерде карцерге камалгандар тууралуу маалымат келип түшкөн жок, биз текшерип жатабыз. Камактагылардын баары эле мусулман эмес. Сегиз сааттык уктоо эрежесин бузуу – башкалардын конституциялык укуктарына шек келтирет», -деди подполковник Жасталап Басаров.

Бул колонияда 412 соттолгон жаран бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда "гүленчилерге" тиешеси бар деген шек менен 50дөн ашуун киши камалды

Түркмөнстандын Лебап районунда бир айда 50дөн ашуун киши “гүленчилер кыймылына” тиешеси бар деген шек менен камалды.

Түркмөнстандын укук коргоо органдарындагы булак кабарлагандай, атайын кызмат түрк лицейлеринин мурдагы бүтүрүүчүлөрүн жана мугалимдерин кармап кетишкен.

Маалыматты бийлик өкүлдөрүнө жакын дагы бир булак тастыктады. Анын айтымында, 23-апрелден бери Лебапта “гүленчилерди” камоо боюнча бир нече рейд жүрдү. Негизиген ишкерлер, түркмөн-түрк билим берүү мекемелерине тиешеси бар колунда бар жарандар бутага алынды.

“Гүленчилерди” камоо башталганы, алардын көбү бизнесмен экени алгач ирет былтыр октябрда кабарланган. Жалпысынан 150дөн ашык киши суракка алынып, кийинчерээк көбү бошотулган. Бирок ондогон адам узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Селден улам Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген жол жабылды

Тажикстандын Ляшх районундагы (мурдагы Жергетал району) селден улам Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген жолдун бир бөлүгү суу алдында калды.

Табият кырсыгы 28-май эртең менен Сугат айылында болгон. Жергиликтүү тургундардын бири билдиргендей, жекшембиде Тажикстан менен Кыргызстанды бириктирген эл аралык жолдун жарым чакырымга жакын бөлүгүн суу каптап, транспорт кыймылы токтотулган.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинен Ляхш районунун Сугат айылында сел жүргөнүн ырасташты. Мекеменин маалыматына караганда, жолдун болгону 10-15 метри гана зыянга учураган. «Табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери уланып, келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда. Жеринде куткаруучулар иш алып барууда, олуттуу тынчсызданууга негиз жок», – деп билдирди комитет кызматкери.

Айдын башында Ляхш районунун Алга айылындагы үч үй-бүлө жер силкинүүлөрдөн кийин Кыргызстан тарапка өтүп, анда калып калуу ниеттерин билдиришкен. Алардын турак-жайлары жер титирөөдөн жабыркап, жашоого мүмкүн эмес абалга жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда Аралды өнүктүрүү боюнча эл аралык форум өтөт

30-31-майда Казакстандын Кызылордо шаарында Аралды өнүктүрүү боюнча эл аралык форум өтөт. Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн, БУУнун, ЕККУнун жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышат.

Аралды сактоо фондун жетектөө укугу быйыл үч жылга Өзбекстандан Түркмөнстанга өттү. Өткөн жылга чейин фонддун аткаруу дирекциясын Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов жетектеп келген.

Борбор Азиянын мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын изилдөө борборунун өкүлчүлүгүнүн директору Нариман Кипшакбаев акыркы жылдары Арал боюнча иштер токтоп калганын белгиледи. Айтымында, бул үч жыл мурда Аралды сактоо боюнча фондду Өзбекстан жетектеп баштагандан бери даана байкалууда.

«Түркмөнстан Сырдарьянын суусун пайдаланбайт, Амударьянын нугунда жайгашкан. Бул жагынан алганда Түркмөнстан Сырдарьянын бассейнинде жайгашкан Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга өзүнүн негиздүү сөзүн айта алды көрүнөт. Адатта, фондду бир дарыянын нугунда жайгашкан өлкөлөр башкарганда таптакыр башкача суроолор пайда болуп, кийин алар сооданын предметине айланчу. Мында Түркмөнстандын ыйгарым укуктары кеңири», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню