Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Украинанын чыгышында элдешүү жараяны жарыяланды

Украинанын чыгышында 1-июндан тарта кезектеги элдешүү жараяны күчүнө кирди. Ал бир суткага созулат. Күн мурун украин аскерлери курал-жарактын бардык түрүнө тыюу салынганы туурасында буйрук алышкан.

Украина тараптын билдирүүсүндө эгер Орусия колдогон жикчилдер тараптан коркунуч болсо, алар курал колдонууга даяр экени дагы айтылат.

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата жарашуу демилгесин жаатташкан эки тарап тең колдогон. Бейшемби күнү эртең менен Донбасста элдешүү жараяны дээрлик сакталган. Аскер кызматкерлеринин маалыматына караганда, түнүчүндө гана жикчилдер украин позицияларын көздөй эки сапар ок чыгарышкан. Өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган аймактын өкүлдөрү дагы украин тараптан эки сапар ок атуу болгонун кабарлашты.

2014-жылдын февралынан бери Донбасста 10 миңдей кишинин өмүрү кыйылып, 23 миңдейи ар түрдүү жаракат алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Түркмөн ишкерлери импорттук товар үчүн киргизилген жаңы талапка кабатыр

Түркмөн ишкерлери тыштан товарларды алып кирүү үчүн мамлекеттик биржадан уруксат алуу тууралуу жаңы талапка кабатыр болушууда.

Түркмөнстандагы атын атагысы келбеген ишкерлердин биринин айтымында, бул талап мыйзамсыз. Анын билдиришинче, биржа товарларды каттоо боюнча чет элдик ишкерлерден чет өлкөлүк валюта, жергиликтүү ишкерлерден манат түрүндө акы алат. Бирок чет өлкөлүктөр мүчөлүк акы төлөбөгөндүктөн, бул каражатты толуктоо жергиликтүү ишкерлерге жүктөлөт.

Импорттук товарларды бажы каттоосунан өткөрүү тууралуу жаңы талап Түркмөнстандагы коррупцияга каршы күрөштүн жаңы толкунуна туш келди.

Ишкерлердин пикиринде, биржадан уруксат алуу бюрократиялык кошумча тоскоолдуктарды жаратып, паракорчулукка жол ачат. Натыйжада расмий жана бейрасмий чыгымдар көбөйүп, сырттан келген товарлардын баасы өсүшү ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Тажикстандагы аскерий машыгууда «Искандер-М» комплекси сыноодон өттү

КМШнын Антитеррордук борборунун координациялоосу менен Тажикстанда өтүп жаткан «Дүйшөмбү-Антитеррор – 2017» аталышындагы машыгууларга Орусия менен Тажикстандын 4,5 миң аскер кызматкери катышууда. Бул тууралуу Тажикстандын Коргоо министрлигинен билдиришти.

ТАСС агенттиги билдиргендей, машыгуулардын алкагында «Искандер-М» ыкчам-тактикалык ракета комплекстери алгачкы жолу Орусиянын сыртындагы машыгууларда баллистикалык ракета менен «согушкерлерди» жок кылды.

Борбордук аскерий округдун башчысынын жардамчысы Ярослав Рощупкин ракета 100 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, жашырынган шарттуу жоочулардын машыгуу лигерин талкалаганын билдирди.

Андан сырткары машыгуулардын жүрүшүндө 201-базада жаңы түзүлгөн реактивдүү бөлүк тажик-ооган чек арасынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Харбмайдон полигонунда мыйзамсыз куралданган адамдардын тобун реактивдүү снаряддар менен аткылашты.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саидмумин Ятимов Ооганстанда абалдын курчушу КМШ өлкөлөрүн түштүк чектериндеги ыктымал коркунучтарга даяр турууга аргасыз кылып жатканын билдирди. Анын айтымында, азыркы шартта өлкө «буфердик мамлекетке» айлангандыктан, акыркы кездердеги ири машыгуулардын бардыгы тең Тажикстандын аймагында өткөрүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Казакстан шаарларында балдар параддары өттү

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Казакстандын бир катар шаарларында балдар менен өспүрүмдөр катышкан майрамдык иш-чаралар жана параддар өттү.

Алматыдагы парадга шаар мектептеринин окуучулары, аскердик окуу жайлардын курсанттары, бий жамааттары жана ансамблдердин мүчөлөрү катышып, борбордук аянттан басып өтүштү. Күн мурун шаар бийлиги «Балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачыл жамааттарынын парады» деп аталган иш-чарага даярдык көрүү иштерине байланыштуу аянттын кире беришин тосуп, коопсуздук чаралары күчөлтүлгөн.

Майрамга арналган балдардын параддары өлкөнүн башка шаарларында дагы өттү. Расмий маалыматтар боюнча Шымкент шаарындагы иш-чарага 15 миңге жакын окуучу катышты. Петропавлов шаарында парадга 1 600дөн ашык киши чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Назарбаев Казакстанда саясий куугунтуктоолор жок деп эсептейт

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө саясий куугунтуктоолор жок экенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 31-майда, Акмоло облусундагы саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелигине гүл коюп жатып айтты.

Назарбаев ал кездерде репрессияланган адамдар кармалган лагерлердеги катаал шарттарды эске салды. «Бүгүн андай нерселерди элестетүү кыйын, анткени биз таптакыр башкача мамлекет курдук. Жарандардын укуктары менен эркиндиги корголгон, Казакстанда саясий куугунтуктоолор, саясий туткундар жок», – деди президент.

Тарыхчылардын маалыматына караганда, сталиндик репрессиялар маалында Казакстанда кеминде 22 миң киши атылган. Андан сырткары жалпы өлкө боюнча атайын ачылган лагерлерге беш миллионго жакын советтик жаран жөнөтүлгөн.

Расмий маалымат каражаттары билдиришкендей, Акмолодогу эстеликке гүл коюуга репрессияланган адамдардын туугандары дагы катышты.

«Түндүк Африкада мамлекет кыйрап, эл 10-20 жыл артка кеткенин билебиз. Ал жакта кырсыктар, терроризм, адам өлтүрүү жана каракчылык өкүм сүрүүдө. Ошондуктан бизге эволюциялык өнүгүү керек, ошондо биз алдыга жылабыз, – деген Назарбаев элди өткөндү унутпай, учурдагыны баалоого чакырды.

Укук коргоочулар өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келаткан Назарбаевди жарандардын негизги эркиндиктерин жана азыркы бийлик менен макул болбогон адамдарды кысымга алууга айыптап, Казакстанда саясий негизде камалгандар бар экенин айтып келишет. Бийлик болсо саясий туткундар жок экенин белгилеп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Сириядагы ИМ позицияларын суу алдындагы кемелеринен аткылоодо

Жер ортолук деңизде жайгашкан орусиялык “Краснодар” суу алдында жүрүүчү кемеси жана “Адмирал Эссен” фрегаты төрт “Калибр” аттуу канатуу ракеталарын Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун позицияларын көздөй коё берди.
Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, бутага Пальмирадагы ИМдин объектилери алынды. Ал жерде жоочулардын бөлүктөрү жана оор техникалары жайгашкан. “Краснодар” кемеси ракеталарын суу алдынан коё берди.

Коргоо министрлиги Москва ракеталык сокку туурасында АКШ, Түркия, Израилди дароо кабардар кылганын баса белгиледи.

Орусия буга чейин кеминде бир сапар – 2015-жылы декабарда “Калибр” канаттуу рактеталарын Сириядагы ИМдин позицияларына каршы коё берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Эл аралык уюм кыйноого кабылган тажикстандыктын мекенине кайтуусуна жардам берет

Миграция боюнча эл аралык уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгү Шамсия Асаналишоеванын Сауд Арабиясынан мекенине кайтып келишине жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу уюмдун кызматкери Гүлчехра Иброхимова билдирди.

«Эгер ал бизге кайрылса сөзсүз жардам беребиз. Биз Миграция боюнча эл аралык уюм Шамсиянын үйүнө кайтып келишине жардам бере тургандыгы жөнүндө расмий кат даярдап койдук. Биз четте байкоочу бойдон калбайбыз», – деди ал.

Азырынча Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Асаналишоеванын өтүнүчү боюнча расмий комментарий бере элек. Бирок айрым маалыматтарга караганда, өлкөнүн Сауд Арабиясындагы элчилиги бул маселени карай баштады.

Тажикстандын жараны, Бадахшан телеканалынын мурдагы журналисти Шамсия Асаналишоева Сауд Арабиядагы жумуш берүүчүнүн үйүндө кыйноолорго кабылып, сабалганын билдирген.

Учурда ал Жидда шаарындагы ишке орноштуруу уюмунун кеңсесинде. Асаналишоеванын айтымында, ал тааныштары аркылуу Тажикстандын ИИМи менен Башкы прокуратурасынан жардам сураган. «Азыр мен Тажикстандын Сауд Арабиясындагы консулун күтүп жатам. Анын жардамы менен мекениме кайтып барам деген үмүттөмүн», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Эл аралык уюм кыйноого кабылган тажикстандыктын мекенине кайтуусуна жардам берет

Миграция боюнча эл аралык уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгү Шамсия Асаналишоеванын Сауд Арабиясынан мекенине кайтып келишине жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу уюмдун кызматкери Гүлчехра Иброхимова билдирди.

«Эгер ал бизге кайрылса сөзсүз жардам беребиз. Биз Миграция боюнча эл аралык уюм Шамсиянын үйүнө кайтып келишине жардам бере тургандыгы жөнүндө расмий кат даярдап койдук. Биз четте байкоочу бойдон калбайбыз», – деди ал.

Азырынча Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Асаналишоеванын өтүнүчү боюнча расмий комментарий бере элек. Бирок айрым маалыматтарга караганда, өлкөнүн Сауд Арабиясындагы элчилиги бул маселени карай баштады.

Тажикстандын жараны, Бадахшан телеканалынын мурдагы журналисти Шамсия Асаналишоева Сауд Арабиядагы жумуш берүүчүнүн үйүндө кыйноолорго кабылып, сабалганын билдирген.

Учурда ал Жидда шаарындагы ишке орноштуруу уюмунун кеңсесинде. Асаналишоеванын айтымында, ал тааныштары аркылуу Тажикстандын ИИМи менен Башкы прокуратурасынан жардам сураган. «Азыр мен Тажикстандын Сауд Арабиясындагы консулун күтүп жатам. Анын жардамы менен мекениме кайтып барам деген үмүттөмүн», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондор көбөйүүдө

Казакстанда экстремизмге жана терроризмге айыпталып соттолгондордун саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Борбор Азиядагы «Эл аралык абак реформасы» (PRI) уюмунун камактагылардын радикалдашуусу боюнча изилдөөсүндө айтылат.

Андагы маалыматтарга ылайык, 2014-жылы өлкөдө экстремизм жана терроризм беренелери боюнча 154 киши камалса, 2016-жылы алардын саны 554кө жеткен. Өткөн жылы соттолгон 554 адамдын 327си «экстремизмге» айыпталышкан.

Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү боюнча коомдук кеңештин төрагасы Марат Когамовдун белгилешинче, экстремисттердин көбүн жумушсуздар түзөт. Арасында аткаминерлер, искусство ишмерлери, ишкерлер дээрлик жокко эсе. «Бул деген мамлекеттин социалдык саясаты өнүгүүгө, жаңыланууга муктаж дегенди билдирет», – деди ал.

PRI уюму изилдөөнүн алкагында абакта жаткан 200 адамдын арасында сурамжылоо жүргүзүп, терроризм менен экстремизм боюнча камалып жаткандардын жакындары менен сүйлөшүшкөн. Уюмдун Борбор Азия боюнча аймактык директору Азамат Шабиловдун айтымында, учурда казак абактарында үч миңден ашуун динчил адамдар бар. Алардын 763ү салафизм багытын кармангандар. Ал эми 90дон ашуун адам радикал ойлорунан кайтышкан эмес.

Изилдөөдө Казакстанда радикалдуу диний идеялардын мындан ары жайылышына бөгөт кое турган жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу дин кызматкерлерине болгон суроо-талап дагы деле жогору экени айтылат. PRI көйгөйдү чечүүнүн жолдорунун бири катары Нидерландыдагыдай атайын абак имамдарын киргизүүнү сунуштоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Сот Усмановдун доосу боюнча иште Навальныйдын бардык өтүнүчүн четке какты

30-майда Москванын Люблинский райондук соту миллиардер Алишер Усмановдун арызы боюнча угуулар маалында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын адвокаттарынын бардык 16 өтүнүчүн тең канааттандырган жок.

Навальныйдын адвокаттары башка өтүнүчтөрү менен бирге сотко Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев менен вице-премьер Игорь Шуваловду чакырууну суранышкан.

Доо арыздын жазылышына Коррупцияга каршы күрөш фондунун Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөө тасмасы себеп болгон. Анда Усманов Медведевдин курсташына пара катары хан сарай бергени жөнүндө айтылган.

Усманов тасмадагы хан сарай белек кылгандыгы, вице-премьер Игорь Шуваловго пара бергендиги жана «Коммерсант» басма үйүндөгү цензура тууралуу маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

Бул иш боюнча өткөн соттун утурумдук жыйынында тараптар тынчтык макулдашуусуна келүүдөн баш тартышты.

24-майда Усманов өзүнүн экинчи видеокайрылуусун жаздырган. Анда ал Навальныйды Михаил Булгаковдун чыгармасындагы каарманга салыштырып, ага “Алексей Полиграфович Навальный” деп кайрылган. Кайрылуусун Усманов “Дагы бир жолу бетиңе түкүрдүм» деген сөздөр менен аяктаган:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню