Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Видео - Сот Усмановдун доосу боюнча иште Навальныйдын бардык өтүнүчүн четке какты

30-майда Москванын Люблинский райондук соту миллиардер Алишер Усмановдун арызы боюнча угуулар маалында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын адвокаттарынын бардык 16 өтүнүчүн тең канааттандырган жок.

Навальныйдын адвокаттары башка өтүнүчтөрү менен бирге сотко Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев менен вице-премьер Игорь Шуваловду чакырууну суранышкан.

Доо арыздын жазылышына Коррупцияга каршы күрөш фондунун Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөө тасмасы себеп болгон. Анда Усманов Медведевдин курсташына пара катары хан сарай бергени жөнүндө айтылган.

Усманов тасмадагы хан сарай белек кылгандыгы, вице-премьер Игорь Шуваловго пара бергендиги жана «Коммерсант» басма үйүндөгү цензура тууралуу маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

Бул иш боюнча өткөн соттун утурумдук жыйынында тараптар тынчтык макулдашуусуна келүүдөн баш тартышты.

24-майда Усманов өзүнүн экинчи видеокайрылуусун жаздырган. Анда ал Навальныйды Михаил Булгаковдун чыгармасындагы каарманга салыштырып, ага “Алексей Полиграфович Навальный” деп кайрылган. Кайрылуусун Усманов “Дагы бир жолу бетиңе түкүрдүм» деген сөздөр менен аяктаган:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөн окуучулары «Азиадага чейин 100 күн» иш-чарасына катышууга мажбурланууда

Түркмөнстанда мугалимдер менен мектеп окуучуларын Азия оюндарынын башталышына 100 күн калганын белгилөө иш-чараларына катышууга мажбурлап жатышат.

Ашхабаддагы байкоочу Аманмырат Бугаевдин айтымында, мугалимдердин көбү эмгек өргүүсүнө кеткени менен, жетекчилерине иш-чараларга катыша тургандыктары жөнүндө тилкат жазып беришкен.

Андан сырткары сынактар өтүп жатканына карабастан иш-чараларга катышууга мектеп окуучулары менен студенттер дагы милдеттендирилди.

Бугаев бул окуучулар менен мугалимдер үчүн «чоң сыноо» экенин айтат. «Көлөкөдөгү абанын температурасы 40-45 градуска чейин жетип жаткан мындай ысыкта бул сыяктуу иш-чаранын эмне кереги бар? Же болбосо ага спорт тармагында эмгектенген кызматкерлерди тартуу керек» – деди ал.

Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, өлкө президенти Азиаданын башталышына жүз күн калганын коомчулуктун кеңири катышуусунда белгилөөнү тапшырган.

Бул күн Азия оюндарына даярдануунун акыркы баскычы катары белгиленип, өткөн жылы майда Азиадага 500 күн калганда башталган ат жүрүшүнө туура келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстандын биометрикалык паспортторун Орусия менен Казакстан тааныды

Кыргызстандын 2017-жылкы ID-карталары Орусия менен Казакстанга барууга жарактуу документ катары таанылды.

Бул Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандардын визасыз кирип-чыгышы тууралуу 2000-жылы коюлган келишим, ошондой эле Кыргызстан, Орусия жана Казакстан тышкы иштер министрлери кол койгон ноталык макулдашуунун негизинде мүмкүн болууда.

Кыргызстанда биометрикалык паспортторду берүү 2-майда башталган. Жаңы документте жарандар тууралуу 19 маалымат, анын ичинде үй-бүлөлүк абалы менен улуту электрондук форматта чипке жазылат.

Биометрикалык паспорттор жарандарга жыл соңуна чейин бекер берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Эл аралык уюм кыйноого кабылган тажикстандыктын мекенине кайтуусуна жардам берет

Миграция боюнча эл аралык уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгү Шамсия Асаналишоеванын Сауд Арабиясынан мекенине кайтып келишине жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу уюмдун кызматкери Гүлчехра Иброхимова билдирди.

«Эгер ал бизге кайрылса сөзсүз жардам беребиз. Биз Миграция боюнча эл аралык уюм Шамсиянын үйүнө кайтып келишине жардам бере тургандыгы жөнүндө расмий кат даярдап койдук. Биз четте байкоочу бойдон калбайбыз», – деди ал.

Азырынча Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Асаналишоеванын өтүнүчү боюнча расмий комментарий бере элек. Бирок айрым маалыматтарга караганда, өлкөнүн Сауд Арабиясындагы элчилиги бул маселени карай баштады.

Тажикстандын жараны, Бадахшан телеканалынын мурдагы журналисти Шамсия Асаналишоева Сауд Арабиядагы жумуш берүүчүнүн үйүндө кыйноолорго кабылып, сабалганын билдирген.

Учурда ал Жидда шаарындагы ишке орноштуруу уюмунун кеңсесинде. Асаналишоеванын айтымында, ал тааныштары аркылуу Тажикстандын ИИМи менен Башкы прокуратурасынан жардам сураган. «Азыр мен Тажикстандын Сауд Арабиясындагы консулун күтүп жатам. Анын жардамы менен мекениме кайтып барам деген үмүттөмүн», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда GM Uzbekistan унаалары кымбаттады

Өзбекстанда GM Uzbekistan компаниясынын унааларын улуттук валютада гана сатуу чечими кабыл алынгандан кийин алар 20 пайызга кымбаттады.

Компаниянын өкүлү 1-июндан тарта бардык автосалондордо унаалар сум менен сатыла баштай турганын билдирди. Мындай чечим президенттин тиешелүү токтомунан кийин кабыл алынган.

Ошол эле маалда ал бул чечимдин унаа баасына канчалык таасир эткени тууралуу так маалыматтары жок экенин билдирди. «Менде 1-июндан кийин унаалардын баасынын канча боло тургандыгы жөнүндө маалыматтар жок. Бирок учурда калган унааларды каттоо жүрүп жатканын айта алам», – деди ал.

Автосалондордо машиналарды сатуу убактылуу токтотулгандан кийин GM Uzbekistan унааларына болгон баа орточо 20 пайызга жогорулап кеткен. Унаа сатып иштеген ташкенттиктердин бири айрымдар 1-июндан кийин унаа кымбаттайт деп машиналарын сатпай тургандыктарын айтты. «Буга байланыштуу унааларын азыр сатып жаткандар бааны 20-30 пайызга жогорулатып жиберишти», – деди ал.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-июнунан тарта GM Uzbekistan компаниясынын бардык үлгүдөгү автоунаалары ички базарда жалаң гана улуттук валютада сатыла баштайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

СNN: «Орусиялыктар Тармптын адамдарына карата компроматы бар экенин айтышкан»

CNN телеканалы атайын кызматтын ардагерлери жана Конгресстеги өз булагына шилтеме кылып билдиргендей, өткөн жылкы президенттик шайлоонун алдында Орусия өкүлдөрү Республикалык партиядан талапкер Дональд Трампка жана анын шайлоо штабынын кызматкерлерине карата компроматы бар экенин билдиришкен.

Орусиялыктардын сүйлөшүүлөрү америкалык контрчалгын мекемеси тарабынан жаздырып алынып, «Орусия администрацияга таасир эте алат» деген божомолдордун жаралышына себеп болгон.

Булактардын биринин маалыматы боюнча кеп болуп жаткан компромат каржылык мүнөзгө ээ болгон. Ошол эле маалда талдоочулар орусиялыктардын ал билдирүүлөрү шайлоо өнөктүгүндө дүрбөлөң чыгаруу үчүн «апыртылган же ойдон чыгарылган болушу мүмкүндүгүн» эскертишүүдө.

CNN орусиялыктар сөз кылган Трамптын шайлоо штабынын бир дагы кызматкеринин аты-жөнүн атаган жок. Өткөн жылкы шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан ФБР орус тараптын ал билдирүүлөрүнүн текшерилген-текшерилбегендиги боюнча комментарий бере элек.

Президенттин өзү Twitter баракчасына: «Орусия бийлигиндеги адамдар Кошмо Штаттарга күлүп жатышса керек. Жалган маалыматтардын каналына айланган ММКлар жеңилүүсүн актоо үчүн демократтар тарабынан ойдон чыгарылган болбогон түшүндүрмөлөрдү таратып жатышат», — деп жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Сот Усмановдун доосу боюнча иште Навальныйдын бардык өтүнүчүн четке какты

30-майда Москванын Люблинский райондук соту миллиардер Алишер Усмановдун арызы боюнча угуулар маалында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын адвокаттарынын бардык 16 өтүнүчүн тең канааттандырган жок.

Навальныйдын адвокаттары башка өтүнүчтөрү менен бирге сотко Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев менен вице-премьер Игорь Шуваловду чакырууну суранышкан.

Доо арыздын жазылышына Коррупцияга каршы күрөш фондунун Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөө тасмасы себеп болгон. Анда Усманов Медведевдин курсташына пара катары хан сарай бергени жөнүндө айтылган.

Усманов тасмадагы хан сарай белек кылгандыгы, вице-премьер Игорь Шуваловго пара бергендиги жана «Коммерсант» басма үйүндөгү цензура тууралуу маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

Бул иш боюнча өткөн соттун утурумдук жыйынында тараптар тынчтык макулдашуусуна келүүдөн баш тартышты.

24-майда Усманов өзүнүн экинчи видеокайрылуусун жаздырган. Анда ал Навальныйды Михаил Булгаковдун чыгармасындагы каарманга салыштырып, ага “Алексей Полиграфович Навальный” деп кайрылган. Кайрылуусун Усманов “Дагы бир жолу бетиңе түкүрдүм» деген сөздөр менен аяктаган:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек бийлиги ресторандарда ифтар уюштурууга тыюу салган жок

Өзбекстан бийлиги быйылкы Рамазан айында коомдук тамактануу жайларынын мусулмандар үчүн ифтар уюштуруусуна тыюу салган жок.

Ташкенттеги бир катар кафе жана ресторан өкүлдөрү ооз ачыруулар үчүн чектелбеген санда буйрутмаларды кабыл ала тургандыктарын айтышууда. «Биз 100 адамга чейин катышкан жамааттык ифтарларды тейлөө боюнча буйрутмаларды кабыл алабыз. Ооз ачыруу аштизмесине биринчи жана экинчи тамак кирет», – деди Ташкенттеги кафелердин биринин администратору.

Ташкенттин тургуну Тошбек өткөн жылы кафелер менен ресторандарда ифтар өткөрүүгө толугу менен тыюу салынганын белгиледи. «Азыр бизде бонустук ооз ачыруу аштизме пайда болду. Аларга бекер суу, жүзүм, дарбыз жана курма кирет», – деди ал.

Ал ортодо мечиттерде мурдагыдай эле ифтар өткөрүүгө тыюу салынган. Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Абдулазиз Мансур орозо кармагандар кафе-ресторандарда эмес, өз үйлөрүндө ооз ачыруусу керек экенин айтты.«Биз мусулмандарга үйдө ооз ачырууну сунуштайбыз. Мечитте ифтар өткөрүү ашыкча болуп калат. Мечиттер жамаат менен тамак ичүү үчүн эмес, намаз окуу үчүн курулган», – деди ал.

Өзбекстандын калкынын 90 пайыздан ашыгын мусулмандар түзөт. Өлкө жарандарынын көбү жыл сайын Рамазан айында орозо тутушат. Мурдагы жылдары бийлик ресторан жана кафелерде ифтар уюштурууга тыюу салып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан бийлиги жарандарын Орусияга барбай турууга чакырууда

Тажикстан бийлиги жарандарын 12-июлга чейин Москва, Санкт-Петербург, Казань жана Сочи шаарларына барбай турууну сунуштоодо.

Орусия президентинин жарлыгына ылайык, FIFA 2017 оюндарынын алдында чет өлкөлүк жарандарды каттоо тартиби күчөтүлдү.

Тажикстандын Эмгек жана миграция министрлиги маалымдагандай, Орусияга барбай туруу өтүнүчү бир эле мигранттарга эмес, бул шаарларда 24 сааттын ичинде каттоого турууга мүмкүнчүлүгү жок бардык жарандарга тиешелүү.

2013-жылдан бери Тажикстан жарандары 15 күн ичинде каттоого туруу керек деген милдеттен бошотулган. Бирок Орусия президентинин акыркы жарлыгы менен каттоого туруу боюнча мурдагы тартиптер убактылуу жокко чыгарылды. Жарлык кош жарандыгы барларга жана мыйзамдуу негизде аталган шаарларда иштеп жүргөндөргө тиешелүү эмес.

Орусия ММКларындагы маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары Москва шаарын легалсыз мигранттардан “тазалоо” ишин баштады. Полиция кызматкерлери автобекет, базар, курулуш объектилери жана жатаканаларда мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды кармашса, дароо депортациялашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда эт экспортуна салынган тыюу жокко чыгарылды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев этти экспорттоого салынган тыюуну жокко чыгарды. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка 4-майда кол койгон.

Жарлыкка ылайык, эт жана эт азыктарын эми президенттин же өкмөттүн уруксаты менен экспорттоого болот.

Буга чейин үй канаттууларынын этин экспорттоого гана уруксат болгон. Эттин калган түрүн чет өлкөгө чыгарууга тыюу салынган.

Өзбекстанда майдын башынан бери эт 10-15, айрым аймактарда 20 пайызга чейин кымбаттаганы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню