Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Абаев: Астанадагы пантеон бардык казакстандыктар үчүн жеткиликтүү

Майдын соңунда Казакстан өкмөтү Улуттук пантеон тууралуу жобону бекитти. Ага ылайык, атайын жайдын аймагына белгилүү, кайсыл бир тармакка эмгеги сиңген адамдардын сөөктөрү коюлат.

Өлкөнүн маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаевдин билдиришинче, алардын арасында Казакстандын президенттери, өлкө башчынын үй-бүлө мүчөлөрү, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик сыйлыктарга ээ адамдар бар. Андан сырткары пантеонго «Казакстан президентинин өзгөчө уруксаты менен башка жарандардын дагы сөөктөрү коюлушу мүмкүн».

«Мындай пантеон сөзсүз керек, бул дүйнөлүк практика. Мен аны толугу менен колдойм. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон адамдардын элесин түбөлүккө калтыруунун жолдорунун бири. Мен мындан жаман эч нерсе көргөн жокмун. Бул жакка Казакстандын бардык жарандарынын сөөктөрү коюлушу мүмкүн экенине ишенем. А албеттте, белгилүү бир критерийлердин негизинде», – деди Абаев.

Пантеон Астанада жайгашкан. 29-майда бекитилген документке ылайык, миң гектарга жакын аянтты ээлеген пантеон өз ичине мемориалдык имаратты, музейди, административдик жана чарбалык курулуштарды, мүрзө үстүнө коюлчу эстеликтерди камтыйт. Алгач айрым жарандар болжол менен 79 миллиард теңгеге (254 миллион доллардын тегерегиндеги сумма) бааланган бул комплекстин курулушуна каршы пикирлерин айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажик куткаруучулары ирандык альпинистти издөөнү токтотту

Ирандык эки альпинист, Махди Аббоси менен Хумаюн Манучехри Памирдин түштүк-батышындагы Карл Маркс чокусун багындыруу боюнча ийгиликсиз аракетинен кийин Дүйшөмбүгө кайтып келишти. Экспедициянын үчүнчү мүчөсү, 58 жаштагы Ахмад Некбаён тоодон кулап каза болду.

Ахмад Некбаёндун өлүмү тууралуу биринчилерден болуп Ирандык ММКлар өлкөнүн Тажикстандагы элчилигине шилтеме кылып билдиришти. Элчилик өкүлүнүн айтымында, окуя 19-майда, ирандык үч альпинисттен турган топтун Карл Маркс чокусун багындыруу аракети маалында болгон – Ахмад Некбаён кулап кетип, төмөн жактагы муздун жаракасына тыгылып калган.

Альпинист Махди Аббосинин айтымында, ал да анча терең эмес жердеги муздун жаракасына кулап кеткен, бирок колу-буту соо экенин сезген соң досторунун жардамын күтө турууну чечкен.«Мен өзүм дагы кыйналып атып араңдан зорго чыктым. 150-200 метр баскан соң терең жаракадагы Ахмаддын баш кийимин көрдүм. Биз Хумаюн экөөбүз караңгыда ага жардам бере алган жокпуз. Эртең менен барсак жок экен, жаракага түшүп кетиптир», — деди ал.

Тажик куткаруучуларынын аракетинен майнап чыккан жок — альпинисттин денеси жетүүгө оор болгон жерге тыгылып калган. Майдын аягындагы катаал аба ырайына жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу куткаруу иштерин токтото туруу чечими кабыл алынды. Эми ирандык альпинисттин сөөгүн алып чыгуу иштери Памир тоолорунда күн жылыгандан кийин башталат.

Махди Аббоси, Хумаюн Манучехри жана Ахмад Некбаён буга чейин Эльбурсту, Килиманжарону жана Араратты бирге багындырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан дипломаттарга Овадан Депе абагынын эшигин ачат

Жакынкы убактарда чет өлкөлүк дипломаттар негизинен саясий туткундар кармалган Түркмөнстандын Овадан Депе абагына кирүүгө мүмкүндүк алуулары мүмкүн. Бул тууралуу «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» сайты ИИМдеги өз булагына шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, дипломаттар абакка жакынкы 2-3 айдын ичинде киргизилиши мүмкүн. Мындай кадам ушул жылы күзүндө Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына жакын эл аралык коомчулук алдында өлкөнүн имиждин жакшыртуу максатында жасалып жатканы кабарланууда.

Сайттын булагы билдиргендей, учурда абактын кызматкерлери даярдык көрүп жатышат. Комиссия камералар менен санитардык түйүндөрдүн, ашкананын жана азык-түлүк кампаларынын абалы менен таанышууда. Андан тышкары камактагылардын саламаттыгы текшерилип, алар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

«Аларды тирүү бойдон көрсөткүлө» деп аталган укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, Овадан Депеде саясий негизде соттолгон 80ден ашык киши дайынсыз жоголгон. Укук коргоо уюмдары Эл аралык Кызыл чырым, БУУ жана ЕККУнун өкүлдөрүнүн «Овадан-Депеге» кирүүсүнө мүмкүндүк берүү маселесин бир канча жолу көтөрүп чыгышкан. Бирок Түркмөнстан бийлиги тарабынан оңгулуктуу жооп болбой келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Шавкат Мирзиёев өзүнүн веб-сайтын ачты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев president.uz. дареги менен катталган өзүнүн жеке веб-сайтын ачты.

Сайтка жаңылыктар, баяндамалар, жарлыктар, токтомдор, буйруктар жана өкмөт түзүмүнүн өзгөрүшү тууралуу маалыматтар жарыяланат. Ошондой эле анда президенттин виртуалдык кабылдамасы дагы бар.

Президенттин сайтынын дизайны өлкө башчы тууралуу жаңылыктар чыгып турган press-service.uz сайтына окшош. Эки сайттагы жаңылыктардын мазмуну дагы бири-бирине жакын.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёев банкирлерди "бекерпоздор жана паракорлор" деп атады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев банкирлерди жана финанситтерди “бекерпоздор жана паракорлор” деп атады. Тармакта көзөмөлдүн жоктугу үчүн ал премьер-министрдин орун басары Рустам Азимовду күнөөлөдү.

Шавкат Мирзиёев банк кызматкерлери айлык эле эмес, пара дагы алышарын айтып сындады. Президенттин пикиринде, алар жарандарды үймө-үй кыдырышы керек. Себеби банктар элди ишкерликке тартууга милдеттүү.

Өзбекстан президенти эгер Рустам Азимов бул маселени катуу көзөмөлгө алганда, мындай болмок эмес деп эсептейт. “Биз экономикалык комплексти ушундай абалга өзүбүз жеткирдик. Бул жерде кожоюн жок! Аларды иштөөгө мажбурлоо керек. Эл эмнеге нааразы? Себеби бул финанситтер иштебейт. Насыя алууну сунуштап, үйлөрдү кыдырган киши эч качан эл душманы болбойт. Эч качан!”,- деди президент.

“Сен экономикалык комплекстин башчысысың, банкирлерди абийирдүүлүккө чакырышың керек эле. Эмнеге антпейсиң?! Себеби сен дагы Каржы министрлигинен коркосуң. Себеби Ташкентте отурган адам райондордугу чиновниктерди кызматтан алат. Чындыгында мен сени жумуштан бошотушум керек! Мен райондогу финансисттердин 50 пайызын иштен алам, себеби алар бекерпоздор! Абийири жоктор эмнеге жооп беришет?!”- деди Шавкат Мирзиёев.

https://www.youtube.com/watch?v=DkRUF1HMT6Q&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казак журналисти Мамайдын камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды

Казакстанда сот «Трибуна. Саяси калам» гезитинин башкы редактору Жанболат Мамайдын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга – 10-июлга чейин узартты.

Сот бул чечимин БТА Банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовго чыккан өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө кире электиги, буга байланыштуу Мамайдын иши азырынча каралбай турганы менен түшүндүргөн.

Сотко журналисттин тарапташтары, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана ММК өкүлдөрү келишти. Аларды имараттын ичине киргизишкен жок.

Оппозициячыл журналист Жанболат Мамай 10-февралдан бери камакта. Ал гезиттин редакциясы аркылуу мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан уурдалган делген БТА банктагы акчаларды адалдаштырууга айыпталууда. Бирок алар экөө тең бул айыптарды четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун айтып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан 2018-жылдан тарта умрага 10 миң киши жөнөтүшү мүмкүн

Өзбекстан 2018-жылдан тарта кичи ажылык үчүн орундарды 6 минден 10 миң кишиге чейин көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Өзбекстандын дин иштери боюнча комитети билдирүүдө.

Маалыматка караганда, келерки жылы ажылык сапарга 7200 киши, умрага 10 миң киши жөнөтүү максаты коюлууда.

Учурда Өзбекстандын ажылык үчүн 5 миң, умра үчүн 6 миң квотасы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия молдовалык беш дипломатты өлкөдөн чыгарарын билдирди

Орусия расмий Кишинёв менен Таллиндин орус дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечимине жооп кылып, беш молдовалык жана эки эстониялык дипломатиялык кызматкерди “персона нон грата” деп жарыялады.

Орус тышкы иштер министрлиги бул дипломаттарга Орусиядан чыгып кетүү үчүн үч күн убакыт берилгенин билдирди. Дипломатиялык кызматкерлердин аты-жөнү так айтылган жок.

Дүйшөмбүдө Молдованын Тышкы иштер министрлиги беш орус дипломатын “персона нон грата” деп жарыялап, аларга өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 72 саат убакыт берген. Эстония болсо 26-майда Нарва шаарындагы Орусиянын башкы консулу Дмитрий Казённов менен консул Андрей Сургаевди өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган.

Молдованын президенти Игорь Додон дипломаттар чырын Орусиянын президенти Владимир Путин менен бул аптада Санкт-Петербургдагы жолугушууда талкууларын айтты. Бул окуя Молдовада өткөн жылы шайланган орусиячыл президент Додон менен батышчыл өкмөт ортосунда чыңалуу күчөгөн маалда болду.

Өкмөттүн орус дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечими “молдовалык депутат орус дипломатына жашыруун маалыматтарды берди” деген кабар чыккандан кийин кабыл алынды. Бирок Молдованын Тышкы иштер министрлиги өз чечиминин себебин так түшүндүргөн жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстандын «Шуроб» көмүр кенинде иш токтоп калды

Электр энергиясынын өчүрүлгөнүнө байланыштуу  Тажикстандын түндүгүндөгү “Шуроб” ири көмүр кенинде иш токтоду.

Ишкана мамлекеттик компанияга 2 миллион 500 миң сомони (300 миң доллардын тегереги) карыз. Буга байланыштуу 23-29-май аралыгында электр энергиясы берилген эмес.

«Шуробдун» башкы инженери Хусейн Зоировдун айтымында, эгер көмүр кени электр энергиясынан бир күн ажыратылса, ишти калыбына келтирүү үчүн 10 күн талап кылынат. Учурда эки желдетүүчү аппарат иштен чыкты, адистер аларды калыбына келтирүү аракетинде.

Электр энергиясы өчүрүлгөн күндүн эртеси бул ишке премьер-министрдин орун басары кийлигишүүгө аргасыз болуп, жарык калыбына келтирилген. Ага карабай, ишкана көмүр казуу боюнча планды аткара алаган жок.

«Шуроб» кени негизинен Тажикстандын түндүк бөлүгүндөгү билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздайт. Ишканада жумуш калыбына келе элек, 300дөй адам маяналарын ала албай жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БУУнун Жогорку комиссары Мирзиёевге ыраазычылык билдирди

БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хусейн Ташкенттеги ачык дискуссия үчүн Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирди.

Өзбекстан ТИМинин маалыматы боюнча, Зейд Раад аль-Хусейн Мирзиёевге өлкөдөгү адам укуктарын коргоону жактагандыгы, анын ичинде соттук-укуктук реформалар, өлкөдөн чыгуу визасын жоюуга ниеттенгендиги үчүн ыраазычылык билдирген.

БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары сапар учурунда Өзбекстандагы адам укуктарын коргоону ишке ашыруудагы чакырыктар жана кыйынчылыктарды түшүнүүгө, бийликке, жарандык коомчулукка жана улуттук укук коргоо мекемеси менен эл аралык коомчулукка жардам берүү тармактарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.

Зейд Раад аль-Хусейн Өзбекстанга 10-12-майда расмий сапар менен барган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Меню