Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Прокурор Аблязовду 20 жылга соттоону сурады

Прокурор оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал БТА Банктан ири суммадагы акча уурдаган деген айып менен Алматыда сырттан соттолууда.

Бул иштин алкагында Мухтар Аблязовго кылмыштуу топ түзүү жана аны башкаруу, кызмат абалын кыянат пайдалануу, БТА Банктан акча уурдоо жана банктын каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу айыптары тагылган.

Чет өлкөдө жашап жүргөн Аблязов айыптарды четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирүүдө. Саясатчы Казакстан бийлигин андан ошол кезде активдери боюнча өлкөдөгү ири коммерциялык банк болуп турган БТА Банкты тартып алган деп айыптоодо.

Tengrinews сайтынын маалыматына караганда, прокурор соттон Аблязовго карата кошумча жаза катары банк ишмердүүлүгү менен алектенүүгө үч жылга тыюу салуу жана 300 бир айлык эсептик көрсөткүч (680 миң тенгенден ашык) өлчөмүндөгү айып төлөтүүсүн өтүндү.

Сот отурумунда БТА Банктын өкүлү Еркин Баймагамбетов прокурордун позициясын колдой турганын билдирди. Сот 15 саатка чейин тыныгуу жарыялады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда жоочулардын туугандары менен сүйлөшпөө чакырыктары жаңырууда

Тажикстандын Хатлон облусундагы Шахритус районунун айылдарында айрым жашоочулар «Ислам мамлекети» тобунун катарында Сирия менен Иракта согушуп жүргөндөрдүн туугандары менен сүйлөшүүдөн баш тартышууда. Сомниён айылында аларды райондун аймагынан башка жерге көчүрүү чакырыктары айтылууда.

Шахритус районундагы борбордук мечиттин имамы Хисомиддин Муродов бул демилгени жергиликтүү активисттер көтөрүп чыкканын билдирди. Имамдын айтымында, алар террорчулардын катарында согушуп жүргөндөрдүн туугандары менен сүйлөшпөөгө, тойлоруна, тажыяларына барбоого чакырып жатышат.

Жергиликтүү адвокат Гулом Бобоев жоочулардын туугандарын айылдан көчүрүү сунушун колдобойт. «Алардын ата-энелери менен туугандары күнөөлүү эмес. Чет өлкөлөрдө согушуп жүргөн шахритустуктар эчак эле чоң киши болушкан, өз кылгандары үчүн өзүлөрү жооп бериши керек. Бул сунуш мыйзамсыз», – деди ал.

Шахритустун 40 чамалуу тургуну, анын ичинде бир аял Ирак менен Сирияда «Ислам мамлекети» тарапта жүрөт. Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча чет өлкөлөрдөгү согуштарда райондун бир канча жашоочусу курман болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Султанзода мурдагы кызматкерлердин үйүнөн миллиондогон акча табылганын четке какты

Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Сулаймон Султанзода мекеменин мурдагы кызматкерлеринин үйлөрүндө миллиондогон акчалар жана алтын табылгандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Ал мурдагы кызматкерлердин тобу кармалганын ырастады, бирок кылмыш иши боюнча тергөө аяктай электигин жүйө келтирип, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Учурда ишти атайын түзүлгөн тергөө тобу карап жатат.

Агенттик ошондой эле мекеме башчысынын мурдагы орун басарынын ата-энесинин үйүнөн 35 млн доллар, ал эми экс-тергөөчү Фируз Холмуродзоданын үйүнөн 1,3 млн доллар жана 6 килограмм алтын табылгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү да четке какты.

Султанзоданын айтымында, мекеменин мурдагы тергөөчүсү Фирдавс Ниёзбадаловдун бункеринде капка салынган акча, алтын жана баалуу таштар табылгандыгы тууралуу маалыматтар да чындыкка дал келбейт.

Апрелдин аягынан бери Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы жана учурдагы аткаминерлери кармалууда. Булактардын маалыматына караганда, ушул күнгө чейин агенттиктин жети экс-кызматкери камалгандыгы ырасталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бердымухамедовдун уулу Татарстандын президенти менен жолукту

Түркмөнстан президентинин уулу Сердар Бердымухамедов Казанга болгон сапары маалында Татарстан президенти Рустам Минниханов менен жолукту. Ал татар жергесине Түркмөнстандын делегациясын жетектеп барган.

Түркмөнстан парламентинин Мыйзам чыгаруу жана ченемдер боюнча комитетиин төрагасы Сердар Бердымухамедов Татарстан парламентинин башчысы Фарид Мухаметшин менен жолугуп, «Орусия — ислам дүйнөсү: KazanSummit-2017» жана мусулмандардын «Изге Болгар жыены» деп аталган IX эл аралык экономикалык форумга катышты.

Түркмөнстан президентинин уулунун Татарстан мамлекеттик ишмерлери менен болгон жолугушуусу түркмөн мамлекеттик ММКларында кеңири чагылдырылды.

Сердар Бердымухамедов түркмөн парламентинин комитет башчылыгына болгону эки гана ай мурда келген. Ага чейин үч айга жакын убакыт парламент депутаты болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек ишкерлери товарларын Казакстанда 4-5 эсеге кымбат сатышты

Шымкент шаарында (Казакстан) өзбек товарларынын көргөзмөсү өткөндөн кийин Өзбекстан ишкерлеринде Казакстан менен болгон соода мамилелер жакшырат деген үмүт жаралды. Казак тараптын бийлик өкүлү болсо ички базарды коргоо зарылдыгын айтууда.

12-13-май күндөрү Шымкентте өткөн Ташкент товар өндүрүүчүлөрүнүн көргөзмөсүнө катышкан Салохиддин Зайнудиннов Казакстанда өз товарын кыйла кымбатка сатканын айтууда. «Алсак, бизде 85 миң сум (жети миң тенге же 22-23 доллар) турган азембелекти, Шымкентте 450 миң сумдан (35 миң тенге же 113 доллар) сатууга болот. Шымкенттеги көргөзмө тууралуу укканда абдан сүйүндүк. Бул бизнесибиздин өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк», – деди ал.

Өзбекстанда жол чырактарын жана жол белгилерин өндүрүү менен алектенген Сергей Трахтенберг президент Мирзиёевдин саясаты Казакстан менен соода мамилелерди жакшыртууга көмөктөшөт деген үмүттө.

Ошол эле маалда Түштүк Казакстан облусунун Ишкерлик, индустриалдык-инновациялык башкармалык жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Хикматулла Раимбеков өзбек товарларынын арзан экенин айтып, ата мекендик базарды коргоо зарылдыгын белгиледи. «Эгер өзбек товарлары казак базарына кое берилсе, анда казак товар өндүрүүчүлөрү үчүн коркунуч жаралышы мүмкүн. Өзбек товарлары кыйла арзан», – деди аткаминер.

Соода-өнөр жай палатасынын Ташкент башкармалыгынын жетекчиси Улугбек Абдуллаев тескерисинче, эркин соода мамилелерин колдойт. Ал учурдагы товар алмашуу көлөмүн «канааттандыраарлык эмес» деп баалайт. Айтымында, ушул жылдын мартында келишимге кол коюлгандан кийин Өзбекстан менен Казакстанда биргелешкен ишканаларды ачууга жаңыча көз караш пайда болду. Кыска убакыттын ичинде эки өлкө ортосундагы товар алмашуу дээрлик 30 пайызга көбөйгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёев Борбордук банктын төрагасынын тажиясына катышты

Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Файзулла Муллажанов 24-майда Ташкенттеги «Ялангач-ата» көрүстөнүндө жерге берилди.

Борбордук банктын аткаминеринин бири кабарлагандай, Муллажановду акыркы сапарга узатууга өлкө президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министр Абдулла Арипов, премьердин орун басары Рустам Азимов жана башка жогорку кызматтагы чиновниктер келишкен.

Муллажанов шейшемби күнү 67 жаш курагында көз жумган. Ал акыркы 14 жылдан бери Борбордук банктын башчысы кызматын ээлеп келген. Америкалык Global Finance журналынын версиясы боюнча, Муллажанов улуттук банктардын 2015-жылдагы мыкты башчыларынын тизмесине кирген.

Муллажанов акыркы эки-үч жылдан бери бөйрөгү ооруп, диабет менен жабыркап келген. Өткөн жылы бөйрөктөрү иштебей калгандыгына байланыштуу гемодиализ ала баштаган. Убагында оорусуна байланыштуу кыска мөөнөткө комага түшүп калганда дагы Каримов анын отставкасын кабыл алган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда бүтүрүү кечелерине тыюу салынды

Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги банкеттерге, бүтүрүү кечелерине, экзамендер үчүн акча чогултууга жана мугалимдерге белек берүүгө тыюу салды.

Окуу жылын аяктоого карата мектептерде салтанат өткөрүүгө уруксат берилди. Бирок ал акыркы коңгуроо бүтөр замат, мектепте жана мугалимдердин көзөмөлү алдында болушу керек.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл Өзбекстанда 467 миң бүтүрүүчү мектептерди аяктайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Санта-Барбарадагы» Мейсон Тажикстан менен Өзбекстанга баргысы келет

Көрүүчүлөргө «Санта-Барбара» сериалындагы ролу менен белгилүү болгон америкалык актер жана режиссёр Лэйн Дэвис Тажикстан жана анын эли менен таанышууну каалай турганын айтты. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде билдирди.

Айтымындан, ал саякаттаганды жана «Санта-Барбара» сериалын жактырган адамдар менен сүйлөшкөндү жакшы көрөт. «Ошондой эле мага башка маданияттар, салт-санаалар кызык… Мен буга чейин 8 постсоветтик өлкөдө болуп кайткам, арасында Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжан бар», – деди ал.

Лэйн Дэвис Тажикстанда боло электигин жана ал өлкөгө барууну каалай турганын белгиледи. «Тажикстанда биз көрө турган көп нерселер бар деп ойлойм», – деген актер Өзбекстанга баргысы келгенин да жашырган жок.

Дэвис ошондой эле маегинде сериалдагы ролун дагы деле жакшы көрөрүн белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Юлдуз Усманова Тажикстанга болгон сүйүүсүн билдирди

Белгилүү өзбек ырчысы Юлдуз Усманова Тажикстанды коңшу мамлекет катары эсептебей турганын айтты. Мындай пикирин ал Дүйшөмбүдөгү жеке концерти учурунда билдирди.

Ырчы Тажикстанды баалай турганын жана жакшы көрөрүн баса белгиледи.

Юлдуз Усманова эки өлкө ортосундагы мамиленин жакшырышын кубаттайт. Ырчы Өзбекстан эшигин бир эле Тажикстанга эмес, бүтүндөй дүйнөгө ачып баштаганынан кубанганын айтты.

Юлдуз Усманованын тажик акыны Орзу Исоевдин калемине таандык ыры буга чейин эки өлкөнүн угармандарынын арасында кеңири тараган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Видео - Петропавлда жол куруучулар беш айдан бери маяна алыша элек

Петропавлдагы «К-Дорстрой» компаниясынын жыйырмага жакын жумушчусу былтыр декабрдан бери маяна берилбей жатканына даттанууда. Алар тиешелүү органдарга арыз менен кайрылышканын билдиришти.

Компанияда темир уста болуп иштеген Константин Степанов иш берүүчү 20 миң теңге бересе экенин билдирди. Анын айтымында, компания маянаны апрелде берүүнү убадалап, бирок сөзүнө турган эмес.

Түндүк-Казакстан облусунун мамлекеттик эмгек инспекциясынын башчысы Кайрат Пшенбаев 20 киши арыз менен кайрылганын маалымдады. Компания Астанада каттоодон өткөндүктөн борбор калаанын эмгек инспекциясы бул ишти териштирүүсү керек.

Облустук прокуратура жумушчулардын арызы боюнча текшерүү жүргөнүн кабарлады. Маяналарды төлөө үчүн «К-Дорстрой» компаниясына 25-майга чейин убакыт берилди.

«К-Дорстрой» компаниясы жол куруу иштери менен алектенет. Ал Петропавл – Бесколь жана Петропавл аэропорттундагы жолдорду оңдоп- түзөө иштерине катышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=j0y5Fxb5CmY&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню