Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Видео - Астананын жашоочусу үйүн президенттин сүрөттөрү менен коргоодо

Астананын жашоочусу Несипгүл Уябаева түрттүрүлө турган үйлөрдүн катарына кирип калган турак-жайын сактап калуу үчүн анын дубалдарына өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөттөрүн чаптап чыкты. Буга чейин шаар бийлиги үй “мамлекеттик зарылчылыктан улам” бузуларын билдирген.

Уябаева өлкө башчынын 91 сүрөтү үйүн түрттүрүү үчүн келген куруучуларды токтотот деген ишенимде.

«Аткаминерлер Кудайдан да коркушпайт, жок дегенде президенттен коркушсун. Мамлекет башчыбыз элибиз жакшы жашасын, келечегибиз жакшы болуп, бардыгы жогорку деңгээлде болсун деген саясатты карманат. Чиновниктер болсо жеке тилкебизди тартып алып, талаага кууп чыкканы жатышат», – дейт Уябаева.

Үйдө сегиз киши жашайт, алардын экөөсү жаш балдар. Үй ээси алгач ага компенсация катары $400 сунуштап, кийинчерээк аны 4,7 миллион тенгеге көбөйтүшкөнүн, бирок бул сумма да жаңы турак-жай сатып алууга жетпей турганын айтууда.

21-апрелде «ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсүнө даярдык көрүү маселелери талкууланып, анда Нурсултан Назарбаев Астанада эски үйлөрдүн бар экенин жана алар шаардын көркүн бузуп жатканын айтып ачууланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан: Башкы прокурор Азиадага акча чогулта албагандыгы үчүн иштен алынды

Түркмөнстандын башкы прокурору Аманмырат Халлыев ишкерлерден Азия оюндарын каржылоого акча чогулта албагандыгы үчүн кызматтан алынды. Аны менен бирге прокуратуранын бир нече кызматкеринин дагы иштен айдалганы айтылууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, ушундай эле себеп менен ИИМ башчысына катуу сөгүш жарыяланды. Андан сырткары Азия оюндары үчүн акча берүүдөн баш тарткан ондогон ишкерлер камалып, айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Маалыматка караганда, буга чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, ири суммадагы акчалар табылган. Ошол эле маалда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун Азиадага каражат тартуу боюнча көрсөтмөсү аткарылган эмес.

«Абал өтө начар, буга байланыштуу президент жеке өзү ири ишкерлерге кайрылып, Азия оюндарын өткөрүүгө акча жагынан жардам берүүлөрүн өтүнгөн. Кийин прокуратура жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринде накталай миллиондогон доллар акча бар экени аныкталды», – деп билдирген булак.

Бүгүнкү күнгө карата Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына 8 миллиард долларга жакын каражат жумшалды. Анын 5 миллиарддан ашыгы Олимпадалык шаарчанын, 2,3 миллиарды жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна сарпталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ысык-Көлгө Ташкенттен жана Новосибирсктен учактар каттайт

Өзбекстандын саякат агенттиктери билдиргендей, 5-июлдан 30-августка чейин Ташкенттеги Ислам Каримов атындагы аэропорттон Тамчыдагы Ысык-Көл эл аралык аба майданына түз рейстер каттайт.

Diplomatic VIP and Travel Service компаниясынын маалыматына караганда, “Өзбекстан аба жолдору” шаршемби сайын 190 орундуу Боинг–757-231 учагы менен Ташкент–Тамчы–Ташкент каттамын аткарат. Учуу убактысы – бир саат 20 мүнөт. Барып-келүү жол киренин баасы 340 доллар.

Андан тышкары Сибирдин эң ири шаары Новосибирсктин “Толмачёво” аэропортунан Ысык-Көлгө авиакаттамдар ачылат. S7 airlines компаниясы шаршемби жана жума күндөрү 78 орундуу Эмбраер–170 учагы менен Новосибирск–Тамчы–Новосибирск каттамын аткарарын маалымдады. Учуу убактысы – эки саат 50 мүнөт.

Аны менен бирге салттуу болгон Астана–Тамчы–Астана, Алматы–Тамчы–Астана жана Шымкент–Тамчы–Шымкент эл аралык рейстери жанданары күтүлүүдө. Ал эми Ош–Тамчы–Ош авиакаттамы 30-июндан тарта 99 орундуу Бритиш Аэроспейс–146-200 учагы менен жума жана жекшемби күндөрү каттайт деп кабарланган. Үч жыл мурда токтогон Жалал-Абад–Тамчы–Жалал-Абад авиакаттамын жандандыруу да каралууда.

Учуу жадыбалдары июнда толугу менен бекитилип, билеттер сатыкка чыгаары күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ардагерлерге 15 миң сом берип мактансак, Казакстанда 1500 доллардан төлөндү

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата мекендик согуштун 640 ардагери жашайт. Алардын ар бирине 9-май Жеңиш майрамына карата бир жолу берилүүчү 15 миң сомдук жөлөк пул республикалык бюджеттен берилип, бул сумманы өлкө башчысы өтө эле мактанып айтты. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына бир жолку төлөм берүү боюнча коңшулаш Казакстан быйыл Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен лидер аталды. Астанада ар бир ардагерге 1570 доллардан берилди.

Булак: “Азия Ньюс”

Өзбекстанда Каримовдун мыкты сүрөтү үчүн сынак жарыяланды

Өзбекстан Сүрөт академиясы өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун эң мыкты сүрөтүнө сынак жарыялады.

Академиянын сайтындагы маалыматтарга караганда, сынакка адискөй сүрөтчүлөр, графика менен иштегендер катыша алышат, чыгарманын көлөмүнө чектөө жок. Сынак 31-августка чейин уланат. Жеңүүчүлөргө Өзбекстан Сүрөт академиясынын атынан сыйлыктар тапшырылат.

Буга чейин маркум президент Ислам Каримовдун эң мыкты айкелин жаратуучуларга дагы сынак жарыяланып, Ильхом Жаббаров жеңүүчү болгон. Каримовдун тушунда куугунтукка алынган скульпторго Ташкент, Самарканд жана Карши шаарында Каримовдун эстелигин тургузуу вазыйпасы жүктөлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Түндүк-Казакстан облусунда 234 үйдү суу каптады

Түндүк-Казакстан облусундагы суу ташкындын кесепетинен 234 үй суу алдында калып, дагы тогузу жарактан чыкты. Жазгы суу ташкындары башталгандан бери жалпысынан аймактын 17 калктуу конушундагы 380 үйдү суу каптаган.

Облус акиминин орун басары Антон Федяевдин айтымында, дем алыш күндөрү суу Долматов айылына жетип, бир канча үйдү каптаган. Андан соң Прибережное, Тепличный, Соколовка жана Борневка айылдарындагы турак-жайларды зыянга учураткан.

Акимдин орун басары аймакта суунун кирүүсү азайганын, жаңы ташкындардын болуу ыктымалдыгы төмөн экенин айтты.

Учурда эки эвакуациялык пункка 40 киши жайгаштырылган. Бийлик азык-түлүк жана кийим-кечеден турган гуманитардык жардам селден жабыркаган 341 үйгө жеткирилгенин билдирүүдө. Аларды ыктыярчылар эвакуациялык пункттардагы адамдарга да тарткатып жатышат.

Жергиликтүүлөр суу ташкынынан улам жарыксыз жана байланышсыз күн кечиришүүдө. Видео (4-май, 2017-жыл):

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда массалык мушташ болду

Өткөн аптанын соңунда Ашхабадда массалык мушташ болду. Мир кичи районундагы мушташты Хитровка деген аталыш менен белгилүү кичи райондон келген 100гө жакын киши баштаган. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Мир кичи районунун тургундарынын бири кол салган адамдардын көбү 16-25 жаштагы адамдар болгонун билдирди. Айтымында, көбү мас же маңзат чегип алышкан.

Ал кичи райондун качып кетүүгө үлгүрбөй калган тургундары токмок жешкенин айтты. «Алар алдынан чыккандардын бардыгын сабап, жыгылып калгандарды тепкилешти. Андан тышкары короолордо турган автоунааларды да жөн коюшкан жок. Ондогон машиналарды талкалап кетишти», – деди ал.

Маалыматтарга караганда, мушташ жарым саатка созулган. Полиция менен тез жардам кызматы кол салган адамдар таркап кеткенден кийин келген. Азырынча жабыркаган адамдардын саны, окуянын келип чыгуу себептери белгисиз бойдон калууда.

Окуя боюнча укук коргоо органдары эч кандай комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда ийрүү фабрикасы төрт айлык тыныгуудан кийин иштей баштады

Тажикстандын Согди облусундагы «Спитамен – Текстайлз» ири ийрүү фабрикасы төрт айлык тыныгуудан кийин кайра иштей баштады.

Ишкана ишин керектүү чийки заттардын жоктугуна байланыштуу токтоткон. «Спитамен-Текстайлздын» директору Абдулкодир Бакоев фабрика өндүрүштү калыбына келтиргени менен анын туруктуу иштеши чийки заттын бар-жогуна жараша болорун айтты:

— Азыр биз 150 тонна пахта буласын алдык. Чийки зат эч жерде жок болуп атат, ар кайсыл жерден аз-аздан сатып алдык. Албетте алардын баалары да ар башка болду.

Анын айтымында, өткөн жылдын соңунда пахта буласынын тоннасы 1 300 доллар болсо, учурда 1 600 долларга чейин жогорулап кеткен. «Чийки пахтанын тартыштыгы 7 ай — февралдан сентябрга чейин сезилет. Бул айларда өкмөт ички өндүрүш ишканаларын чийки заттардын запасы менен камсыздап бериши керек эле. Бул ата мекендик ишканалар үчүн чоң колдоо болмок», – деди Бакоев.

Учурда жергиликтүү фабрикалар пахта буласын дүйнөлүк баада сатып алып жатышат.

«Спитамен-Текстайлз» ийирүү ишканасы 2009-жылы иштеп баштаган. Ал жылына 3500 тоннага чейин пахта буласын кайра иштетип чыгарууга кудуреттүү. Жалпысынан Согди облусунда 7 ийирүү фабрикасы бар.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Шавкат Мирзиёев Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 11-13-май күндөрү мамлекеттик сапар менен Кытайга барат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.
Өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Жавлон Вахабовдун билдиришинче, Мирзиёевдин Кытайга болчу алгачкы сапарында соода, инвестициялар жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуу жана коопсуздук маселелери талкууланат.

Сапардын негизги максаты — Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өөрчүтүү, ошондой эле расмий Пекин менен бир катар маанилүү документтерге кол коюу болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтүүдө

Тажикстанда көп жылдан бери биринчи жолу Өзбекстан маданият күндөрү өтүүдө.

Делегацияны Өзбекстандын маданият министринин орун басары Минхожиддин Хожиматов жетектөөдө. Өзбек өнөрпоздору концерт берет жана Дүйшөмбү, Турсунзада жана Курган-Төбөдө маданий программаларды тартуулашат.

Тажикстан маданият министри Шамсиддин Орумбековдун билдиришинче, Өзбекстандын маданият күндөрү бүгүн, 10-майда Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында башталат. “Бул эки коңшу өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөдөгү маанилүү кадам”, -деп белгиледи ал.

Тажикстан менен Өзбекстан өнөр жаатында кызматташууга 1998-жылы кол коюшканы менен көп жылдар бою алака болгон эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню