Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Видео - Түркмөнстанда мурдагы башкы прокурор камакка алынды

Түркмөнстанда экс-башкы прокурор Аманмырат Халлыев жана прокуратура, ички иштер органдарынын мурдагы элүү кызматкери камакка алынды.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин 4-майдагы жыйынында Халлыевди жемкорлукка каршы күрөш жүргүзбөй жатат деп айыптаган. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы экс-башкы прокурор менен анын кол алдындагы кызматкерлер Азия оюндарын каржылоо үчүн ишкерлерден акча чогулта албагандыгы үчүн жумуштан алынгандыгын билдирген.

Түркмөнстан борбору V Азия оюндарын өткөрүү укугуна 2010-жылдын декабрында ээ болгон. Энергетикалык ресурстарга болгон баалар төмөндөгөн азыркы шартта өлкө экономикалык каатчылыкты башынан өткөрүүдө. Буга байланыштуу бийлик ишкерлерди ири спорттук иш-чараны өткөрүүгө каражат жагынан көмөк көрсөтүүгө чакырган.

Бүгүнкү күнгө карата Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына 8 миллиард долларга жакын каражат жумшалды. Анын 5 миллиарддан ашыгы Олимпадалык шаарчанын, 2,3 миллиарды жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна сарпталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажик студенттери Сауд Арабияга окууга бара албай жатышат

Сауд Арабиянын светтик окуу жайдарында билим алууга квота берилген 50 тажик студенти окууларына бара албай жатышат. Окуу жылынын аяктап калганына карабастан маселенин качан чечилери дагы деле белгисиз бойдон калууда.

Студенттердин бири 2016-жылдын августунда Тажикстандын Билим берүү министрлигинин сынагынан өткөнүн жана ушул жылдын январында Эр-Риядга учуп кетиши керек болгонун билдирди. Айтымында, андан бери беш ай өткөнүнө карабастан ал дагы деле Дүйшөмбүдө калууга аргасыз.

Тажикстандын Билим берүү министрлигинин алдындагы Эл аралык программалар борборунан билдиришкендей, бул маселе 9 айдан бери чечилбей келет. «Сауд Арабиясы 50 тажик студентинин ар бирин текшерип, алардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген. Маселе Тажикстандын тышкы иштер министри менен Сауд Арабиянын Дүйшөмбүдөгү элчисинин ортосунда да талкууланган. Бирок азырынча студенттердин окууга качан кете тургандыгы белгисиз бойдон калууда», – деди борбордун директору Исматулло Шодиев.

2017-жылы январда Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Сауд Арабиясына болгон сапары маалында падышачылык светтик университеттеринде окуу үчүн тажик студенттерине квота бөлүп берүүгө макул болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Астанада Назарбаевдин сүрөтү чапталган үй түрттүрүлдү

Астанада үйүнүн дубалына өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөттөрүн чаптап алган Несипкүл Уябаеванын тамы түрттүрүлдү. Маалыматтарга караганда, жергиликтүү бийлик үйдүн жашоочуларын көчүп кетүүгө көндүргөн.

Астана акимчилигинин алдындагы «Шаардык кыймылсыз мүлк» ишканасынын жетекчиси Александр Строчков билдиргендей, сот тарабынан аныкталган компенсация төлөнүп берилгенче, үйдүн тургундары жатаканада жашап турушат.

Несипкүл Уябаева акимчиликтин бул чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын, бирок бийликке каршы туруудан чарчаганын билдирди.

Астана бийлиги шаарды кеңейтүү иштеринин алкагында өткөн жылдан бери соттун чечими менен Уябаевдердин үйүн бузууга аракет кылып келген. Бирок үй ээлери төлөнүп берилчү компенсация көлөмүн аз деп эсептеп, көчүп кетүүгө макул болбой келишкен.

21-апрелде «ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсүнө даярдык көрүү маселелери талкууланып, анда Нурсултан Назарбаев Астанада эски үйлөрдүн бар экенин жана алар шаардын көркүн бузуп жатканын айтып ачууланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек укук коргоочулары диний себептер менен соттолгондордун абалына тынчсызданууда

Өзбекстанда диний себептер менен соттолгон адамдардын абактагы абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу 12-майда өлкөнүн көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгелүү тобунун төрагасы Сурат Икрамов билдирди.

Анын маалыматына караганда, абактагы үч бир тууган Мирзаевдер кыйноого алынып, аларга карата Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө беренеси боюнча негизсиз айыптар тагылган.

Алардын бири Абдукарим Мирзаев 2009-жылы февралда 8 жылга соттолгон. Ал диний экстремисттик жана сепаратисттик уюмду түзүү менен конституциялык түзүлүшкө кол салууга айыпталган. 2017-жылдын январында, камактагы мөөнөтүнүн аяктарына бир ай калганда Абдукаримге карата чачын туура эмес алдыргандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, үч жылга эркинен ажыратылган.

Анын бир тууганы Ахмадилло Мирзаев болсо 2006-жылдын майында 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок камактагы мөөнөтүнүн бүтөрүнө 4 ай калганда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, 6 жылга соттолгон. 2017-жылдын январында экинчи мөөнөтү аяктап калганда Мирзаевге үчүнчү кылмыш иши козголгон. Бул жолкусунда ага төшөнчүсүн жыйнаган эмес деген айып тагылып, 4 жыл 7 айга кесилген.

Бир туугандардын үчүнчүсү Абдувохид Мирзаев 2006-жылы экинчи жолу 11 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылдын апрелинде камактагы мөөнөтү аяктаган, бирок туугандары учурда анын каякта экендигин билишпейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Атамбаев Кытайда жолго байланыштуу долбоорлорду талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев Бээжинге жасаган иш сапарынын алкагында Кытайдын Жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча мамлекеттик корпорациянын төрагасы Лу Шан менен жолукту.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмүнөн кабарлагандай, тараптар “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелерин талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргызстандык делегация Кытайга 13-майда барды. Алар учурда Бээжиндеги “Бир алкак – бир жол” форумуна катышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Евровидениеде сахнага чуркап чыккан адам 5 жылга камалышы мүмкүн

Түз эфирде Евровидение сынагынын финалдык бөлүгү көрсөтүлүп жаткан маалда көчүгүн жылаңачтап сахнага чуркап чыккан адам беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков билдирди.

«Ал бейбаштыкка айыпталып, 72 саатка камалды. Баш коргоо чарасы 15-майда каралат. Эгер бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, анда ал айып төлөп же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн», – деп жазды Аваков «Фейсбуктагы» баракчасына.

Австралиянын желегин жамынып сахнага чуркап чыккан адамдын украиналык пранкер Виталий Седюк экендиги аныкталды. Ал бул аракетин «бейрасмий түрдө чагымчыл журналист болуп иштей тургандыгы» менен түшүндүрдү.

14-майга оогон түнү Киевде Евровидение музыкалык сынагынын финалы болуп, анда португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеңишке жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бычак жеген казак журналисти жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулат

Кечээ поездеги кол салууда жаракат алган жарандык активист жана журналист Рамазан Есергепов жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулат.

Жамбыл облусунун саламаттыкты сактоо департаменти Есергеповдун абалы туруктуу экенин жана ал эсине келгенин билдирди. Активисттин жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага бүгүн кечке чейин которулары күтүлүүдө.

ИИМ Есергеповго кол салуу боюнча иштин тергелиши боюнча комментарий берген жок.

«Оор абалдагы журналисттер» фондунун төрагасы Рамазан Есергепов 14-майда, поезд менен Алматыдан Астанага бараткан маалда бычак жеп, Жамбылдагы ооруканага жеткирилген. Анын кесиптештеринин айтымында, активист Астанага февралда камалган оппозициялык журналист Жанболат Мамайдын жана өзүнүн мурдагы иши боюнча Евробиримдик өлкөлөрүнүн элчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен жолугушуу үчүн бараткан.

2009-жылы августта жергиликтүү сот Есергеповго карата айыптоо өкүмүн чыгарган. Бирок ал БУУнун адам укуктары боюнча комитетине даттанып, уюм өкүмдү мыйзамсыз деп тапкан. Ал кезде журналист көз карандысыз «Алма-Ата Инфо» гезитинин башкы редактору болуп иштеп келген. Бул талаштуу айыптоо боюнча ал үч жыл абакта отуруп чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда иттерди атуу өнөктүгү күч алды

Ашхабадда коммуналдык кызматкерлер жолбун иттерди атуу боюнча иштерин жандандырышты.

Маалыматтарга караганда, шаардын абалы менен таанышуу үчүн президент Гурбангулы Бердымухамедов апрелдин соңунда Ашхабадды тик учак менен кыдырып чыккандан бери иттерди атуу өнөктүгү күчөгөн.

Ашхабад шаарынын жашоочуларынын айтымында, коммуналдык кызматкерлер учурда кызгылт-сары түстөгү атайын унаа менен жүрүшөт. Жолбун иттерди кармоо үчүн алар арматура жана союлдарды дагы колдонушууда.

Жергиликтүү активисттер шаарды “тазалоо” аракетин 17-27-сентябрда өтө турган Азия оюндарынын жакындоосу менен байланыштырышууда.

Түркмөнстан Азия оюндарынын талисманы катары алабай породасындагы итти тандаган болчу. Жаныбарлардын укугун коргоочулар спорттук оюндардын тумарына жасалган катаал мамилени кескин сынга алышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда айрым аткаминерлер ысырапкорчулук үчүн иштен алынды

Тажикстанда балдарынын билимине жана тарбиясына жакшы көңүл бөлбөгөндүгү үчүн ата-энелер жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле салтанаттарды өткөрүүнү көзөмөлдөөчү мыйзамдарды аткарбагандыгы үчүн бир нече аткаминер иштен алынды.

Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмон 13-майда Хатлон облусунун активдери менен болгон жолугушуусу маалында билдирди. Бирок мамлекет башчы конкреттүү адамдардын аттарын атаган жок. «Бир нече адам иштен алынды. Эми мындай иштер дагы да катаал жүргүзүлөт», – деди Рахмон.

Ал мыйзамдар элдин кызыкчылыгы үчүн жана коомдогу туруктуулукту камсыздоо максатында кабыл алынганын, бирок айрым аткаминерлер менен ишкерлер ысырапкорчулукка барышып, туугандары коомдук тартипти бузуп жаткандыгын билдирди.

Эмомали Рахмон өкмөттүн 27-апрелдеги жыйынында мамлекеттик кызматкерлер, өкмөттүн жана парламенттин мүчөлөрү шаан-шөкөттүү салтанаттарды уюштурарын айтып, алардын балдары жол эрежелерин бузуп, окуу жайга автоунаалар менен барып жатканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбекстан менен Кытай 23 млрд долларлык келишимге кол коюшту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга жасаган сапары учурунда 23 миллиард долларга тете 105 документке кол коюлду.

Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, энергетика, мунайды кайра иштетүү, электростанцияларды модернизациялоо, айыл чарба жана транспорт тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга 13-майда кеткен. Ушул тапта ал Пекиндеги “Бир алкак –бир жол” аттуу эл аралык форумга катышууда.

Кытай учурда Өзбекстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 4,2 миллиард долларды түзгөн. Шавкат Мирзиёев Пекиндеги сапарынын жыйынтыгында 2017-жылы өзбек-кытай ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетерин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню