Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Орусияда тажик мигранттарына бир айлык «мунапыс» жарыяланды

Орусия бийлиги тажик эмгек мигранттарына өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырып алууга бир ай убакыт берди. “Мунапыс” Орусия аймагынан соттун чечими менен депортацияланган мигранттарга тиешелүү болбойт.

Тажикстандын Эмгек, миграция жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 25-марттан 24-апрелге чейин бардык тажик жарандары үчүн Орусиянын аймагында жүрүүсүн жана эмгектенүүсүн мыйзамдаштырып алуу мүмкүндүгү түзүлүүдө.

Маалыматка караганда, эгер мигрант Орусиянын аймагында мыйзамсыз иштеп жана мыйзамсыз жүргөн болсо, бул ай аралыгында ал административдик жоопкерчиликке тартылбайт. Андан сырткары Орусияда жүрүү мөөнөтү аяктаган тажикстандыктар бир айдын ичинде миграциялык кызматка кайрылып, өлкөдө жашап турууга жана эмгектенүүгө укук берген жаңы карталарды ала алышат.

«Эгер Тажикстандын жараны анын депортацияланышына себеп болчу кандайдыр бир мыйзам бузган болсо, ал Миграциялык кызматтын бөлүмдөрүнө кайрыла алат. Бул учурда ага карата административдик чаралар көрүлбөйт», – деп айтылат мекеме билдирүүсүндө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

IFEX Назарбаевди журналист Мамайга карата куугунтукту токтотууга үндөдү

IFEX — Эл аралык сөз эркиндигин коргоо уюму — казакстандык журналист Жанболат Мамайдын камалышы жана куугунтукка алынышына тынчсыздануусун билдирди.

Уюм Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге жолдогон ачык кайрылуусунда Мамайдын Алматыдагы тергөө абагында сабалгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү иликтеп чыгууну, аны куугунтуктоону токтотууну жана иш боюнча адилеттүү соттук териштирүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган. Кайрылууда ошондой эле Мамайдын жубайына карата айтылган коркутуп-үркүтүүлөрдү иликтеп, Мамайдын жана анын үй-бүлөсүнүн мындан аркы жеке коопсуздугун кепилдөө чакырыктары жазылган.

Арызга «Адил сөз», «Артикль 19», Журналисттерди коргоо комитети, Цензура индекси өңдүү жалпысынан 29 укук коргоо уюму кол койгон.

«Саяси калам. Трибуна» гезитинин редактору Жанболат Мамай мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан уурдалган БТА банктагы акчаларды адалдаштырууга айыпталып февралдын башынан бери камакта. Мамай коюлган айыптарды четке кагууда. 2009-жылдан бери Европада жашап жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов айыптоону «абсурд» деп атап, Мамай менен эч качан жолукпаганын билдирген.

Февралдын соңунда Жанболат Мамай адвокаты Жанара Балгабаева аркылуу тергөө абагында бирге камалган адамдар тарабынан сабалганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ЕБ Орусиядагы антикоррупциялык акция маалында кармалгандарды бошотууну талап кылды

Европа биримдиги Орусия бийлигин 26-мартта өткөн антикоррупциялык акциянын кармалган бардык катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды. ЕБдин Орусияга жолдогон билдирүүсүндө полиция өлкөнүн баш мыйзамында бекитилген сөз эркиндиги жана тынч жыйындарды өткөрүү эркиндигине тоскоолдуктарды жаратканы айтылат.

Евробиримдик орус бийлигин эл аралык милдеттенмелерин толук сактоого, адам укуктарын сыйлоого жана кармалган тынчтык митингинин катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды. Орусиядагы нааразылык акциялардын катышуучуларынын кармалышын АКШ да айыптады.

Кремль ЕБ менен АКШнын билдирүүлөрүн «көңүлгө алуудан» баш тартты. Жооп катары Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Европа Кеңешиндеги милдеттенмелер өлкөнүн ички мыйзамдарын бузуу зарыл дегенди билдирбейт”, – деди.

26-мартта Алексей Навальный тарабынан уюштурулган жемкорлукка каршы акциялар Орусиянын ондогон шаарларында өткөн. Бирок алардын көбүнө жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилген эмес. Митингдердин жүрүшүндө жалпысынан бир нече миң кишинин кармалгандыгы кабарланууда. Навальныйдын өзү жана башка активисттер түрдүү айыптар менен 15 суткага камалышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкент-Дүйшөмбү багыты боюнча алгачкы аба каттамы 4-апрелге белгиленди

Ташкент — Дүйшөмбү — Ташкент багыты боюнча 4-апрелге белгиленген алгачкы каттамга билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу “Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын Тажикстандагы расмий каттоодон өткөн өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, билет баасы 1200 сомонини (140$ айланасындагы каражат) түзөт. Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча учуулар аптасына бир жолу, ар шейшемби сайын аткарылып турат.

10-февралда Ташкентте «Сомон Эйр» жана «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпанияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр өтүп, Дүйшөмбү-Ташкент-Дүйшөмбү багыты боюнча ырааттуу аба каттамын ачуу маселеси талкууланган. Анда «Сомон Эйр» Өзбекстандын Авиакөзөмөл инспекциясынан уруксат алып, 20-февралдан тарта Дүйшөмбүдөн Ташкент аэропортторуна каттамдарды аткаруу укугуна ээ болгон.

Бирок 20-февралда “Сомон Эйрдин” Ташкентке болчу каттамы аткарылган эмес – авиакомпаниядан өзбек тарап «коопсуздук маселелеринен улам» тажик учагын Ташкентте кабыл алуудан баш тартканын билдиришкен. Бирок кийинчерээк “Сомон Эйрдин” жетекчилиги өзбек тарапка тиешелүү документтердин топтому өз учурунда жөнөтүлбөгөнүн аныктап чыккан. Буга байланыштуу компаниянын коммерциялык директору Алишер Рустамов баш болгон жооптуу кызматкерлери жумуштан алынган.

Өзбекстан менен Тажикстан шаарларынын ортосундагы ырааттуу аба каттамдары 1992-жылы, Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстандык үч мигрант туулуп-өскөн айылын электр жарыгы менен камсыз кылды

Тажикстандын Хатлон облусундагы Фархор айылынын үч жашоочусу Орусияда иштеп тапкан акчасына туулуп-өскөн айылындагы көчөгө электр зымын тартып беришти.

Алардын бири Ширинбек Бозоровдун айтымында, өз көчөсүн электр жарыгы менен камсыз кылуу бала кезиндеги кыялы болгонун айтты.

«Өспүрүм кезимде атам менен бир канча жолу Дүйшөмбүгө баргам. Ошондо кийин жетиштүү акча таап калсам, сөзсүз биздин караңгы көчөгө электр алып келем деген чечим кабыл алгам», — деди ал.

Айтымында, электр зымдарын Орусиядан алып келишкен, лампаларды болсо райондун борборунан сатып алышкан.

Фархор районунун борборундагы Турсунзаде көчөсүнүн тургундары 20 жылдан бери электр жарыгысыз күн кечирип келишкен. Ооганстан менен чектешкен айылдын бул көчөсүндө райондун мечити жана чек ара мунарасы жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбек оппозициясынын лидери Мирзиёевди колдой турганын билдирди

Бийликтин басымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон Өзбекстан элдик кыймылынын төрагасы, оппозициячы Мухаммад Салих 23-мартта видеокайрылуу жасап, президент Шавкат Мирзиёевди колдой турганын билдирди.

– Мен Шавкат Мирзиёев Конституцияны бузуп президенттик ыйгарым укуктарга ээ болуп жатканда сындап чыккам. Азыр да аны туура эмес болгон деп эсептейм. Бирок анын президент катары аткарып жаткан иштеринин көбү, анын ичинде көптөгөн жылдар бою унутта калган элге кайрылып, анын көйгөйлөрүн уга баштагандыгы менде кайрадан үмүт отун жандырды. Бүгүнкү күндө өзбекстандыктар Мирзиёевден олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатат, алардын ичинде мен дагы бармын, – деди Мухаммад Салих.

Ошол эле маалда ал президент Шавкат Мирзиёевди элдин колдоосуна жана ишенимине таянып, өлкөдө саясий жана экономикалык реформаларды баштоого чакырды.

– Өлкөдө Мирзиёевдин экономикалык реформаларды жасоосуна тоскоолдук кылып жаткан топтор көп. Бирок бүтүндөй мамлекеттин күчү президенттин колунда. Ал кайраттуулук менен мамлекетти алардан тазалашы керек. Бул үчүн бир нече жыл талап кылынбайт, тез аранын ичинде башташы керек, – деди Салих.

Өзбекстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Эрк» партиясынын түптөөчүсү Мухаммад Салих 1991-жылдын декабрындагы президенттик шайлоодо Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болгон. 1992-жылы өлкөдөгү репрессияларга нааразычылыгын билдирип, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырып берген. 1993-жылы «мамлекетке чыккынчылык кылуу» айыбы менен камакка алынган. Бирок дүйнө коомчулугунун басымы менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, Ташкентен чыкпоо шарты менен бошотулган. Бирок ошол маалда Түркияга качып кетүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, бүгүнкү күнгө чейин Стамбулда жашап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Минскте дагы ондон ашык активист кармалды

Минскте ишембиде Эркиндик күнүнө карата өткөн жүрүш маалында кармалгандарды бошотууну талап кылган уруксатсыз акциянын ондон ашык катышуучусу кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» беларус кызматы билдирди.

Ишембиде оппозициянын акциясында полиция жүздөгөн адамды кармаган, арасында 20дан ашык журналист бар экени кабарланган. “Жаз” деп аталган укук коргоо борборунун кеңсесин тинтүү маалында 57 адам кармалган. Адамдардын жапырт кармалышын АКШнын Минсктеги элчилиги айыптаган. Дипломатиялык өкүлчүлүк Беларус бийлигин кармалган демонстранттарды бошотууга чакырган.

Өлкөдө 1918-жылдагы Беларус эл республикасынын түзүлгөн күнүн эскерүүгө арналган “Эркиндик күнү” жыл сайын белгиленет. Бирок быйыл анын катышуучулары “бекерпоздор салыгы” деп аталган мыйзамды чакыртып алуу талабына басым жасашты. Бул мыйзамга байланыштуу Беларуста февралдан бери нааразылык акциялары өтүп келет. Андан бери демонстрациялардын жүздөгөн катышуучулары камакка алынды. Жаңы мыйзамга ылайык, өлкөнүн расмий түрдө иштебеген ар бир жараны жылына казынага 200 еврого жакын акча төлөөгө милдеттүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Самаркандда 17 дарыгер мыйзамсыз аборт жасоого катышкан деп айыпталууда

Самаркандда кылмыштуу аборт жасоо жана бойдон алдырылган түйүлдүктөрдү өрттөө иши боюнча тергөө башталды. Облустук прокуратурадан билдиришкендей, бул иштин алкагында шаардагы №2 төрөт үйүнүн 17 дарыгери кармалды.

Маалыматка караганда, кылмыштуу аборттор жеке клиникаларда жана турак үйлөрдө жасалган. 14-мартта жеке клиникалардын биринин жетекчиси менен №2 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу турак үйлөрдүн биринде алты айлык боюнда бар келинге мыйзамсыз аборт жасашкан.

Тергөө документеринде аборттон кийин алар түйүлдүктү №2 төрөт үйүнүн крематорийине алып барып, өрттөп жиберүүгө аракет кылышкан. Иштин материалдарында жарым-жартылай күйүп калган түйүлдүктүн сүрөттөрү да бар, аны өрттөө маалында бардык тийиштүү документтер толтурулган эмес.

Эки дарыгерге карата мыйзамсыз медициналык операцияларды жасоо, документерди жасалмалоо жана кылмыштуу аборт жасоо беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынышты.

Алардан сырткары Самарканддагы №2 төрөт үйүнүн он беш дарыгери суракка алынып, шаардан чыкпоо шарты менен кое берилген. Учурда алар өз иштерин улантып жатышат.

Самарканддагы дарыгерлер кармалардан эки жума мурда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү төрөт үйлөрдүн начар абалда экенине нааразычылыгын билдирип, медицина кызматкерлери тарабынан акча талап кылуу учурларын сынга алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабад полициясы көчөдө жүргөн түгөйлөрдүн документтерин текшерүүдө

Ашхабадда көчөдө жүргөн кыз-жигиттердин документтери текшерилип, туугандык байланышы жок болсо полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө.

Борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин Максат аттуу студенти бир айдан бери шаар көчөлөрүндө жаш түйгөйлөрдүн документтери текшерилип, айрымдары кармалып жаткандыктарын билдирди. Айтымында, полиция кызматкерлери аларды суракка алып, дагы бир жолу кармалса окуудан чыгарыла турганын айтып эскертүү беришүүдө.

Ашхабаддын тургундарынын айтымдарында, полициянын жаштарды кармап, суракка алып жаткан аракеттери аларга түшүнүксүз болууда. Бул боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эч кандай түшүндүрмө беришкен жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан футболчуларынын учагы Ереванга авариялык түрдө конду

Футбол боюнча Казакстан курамасынын учагы Ереван аэропортунан учуп, бирок көп өтпөй кайра аргасыздан конду. Бул тууралуу казак командасынын медиаофицери, спорттук блоггер Ербол Каиров Twitter’гe жазды.

Маалыматка караганда, Казакстан курамасынын учагынын аргасыз конушуна шассинин түзүк эместиги себеп болгон. Футболчулар чартердик учак алмаштыргандан кийин Казакстанга учуп кете тургандыктары айтылууда.

Казакстандын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастап, бирок кеңири маалымат берген жок.

Казакстан командасы жекшембиде 2018-жылы өтчү дүйнөлүк чемпионатка тандоо мелдештеринин алкагында Армения курамасына 2:0 эсебинде утулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню