Menu

ЭКОНОМИКА

Кыргыз Республикасы шайлоо системасын колдоого багытталган 2,5 млн евро грант алды

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине 2017-жылдын 30-декабрында Европа Биримдигинин «Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо – секторду реформалоо боюнча грант» программасы боюнча 2,5 млн евро өлчөмүндө каражаттар келип түштү. Бул туурасында Финансы министрлигинин басма сз кыматы билдирет.

Бул программанын башкы максаты – шайлоо системасын реформалоону колдоо, ачык жана акыйкат шайлоолорду камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын демократиялык системасын бекемдөө болуп саналат. Программа өлкөдө шайлоолорду даярдап, өткөрүүгө багытталган.

Бул программаны ишке ашыруу маалында төмөнкүдөй натыйжалар күтүлүүдө: бардык этаптарда Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине аккредитацияланган байкоочулар көз салат; жарандардын ишеними кайтарылат; мурдагы жылдагы парламенттик шайлоолорго катышкан шайлоочулардын катарында жетишсиз көрсөтүлгөн шайлоочулар тобуна багытталган маалыматтык шайлоо өнөктүктөрү жүргүзүлөт; шайлоочулардын тизмелерин тескөө системасы ички мигранттар үчүн өздөрүнүн шайлоо укуктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камтыйт; Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан колдонулуучу система маалыматтарды коргоо стандарттарына дал келет жана коопсуздук эрежелерин сактайт ж.б.

2018-жылдын январына республикалык бюджеттин кассалык планы жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын январында республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгү 8 млрд 735,8 млн сом, ал эми чыгашасы 8 млрд 984,6 млн сомду түзөт. Бул туурасында ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Кассалык пландоонун негизги максаты – мамлекеттик акча каражаттарын оптималдуу пайдалануу жана потенциалдуу кассалык ажырымды жабуу боюнча өз убагында чара көрүү үчүн аларды аныктоо максатында актуалдуу кассалык планды түзүү болуп саналат.

Республикалык бюджеттин каражаттары боюнча бир айлык кассалык план өзүнө:

– айдын башына карата бюджеттик каражаттардын калдыгын;

– алдыдагы айга карата республикалык бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү боюнча көрсөткүчтөрдүн планын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерин аткаруу менен байланышкан алдыдагы айга карата чыгашалар жана төлөөлөр боюнча көрсөткүчтөрдүн планын камтыйт.

Кытайдагы эң бай аял 2018-жылдын 4 эле күнүндө дагы $2 миллиард акча тапты

Кытайлык миллиардер аял Ян Хуэйянь 2018-жылдын 4 эле күнүндө биржалардагы соодадан өзүнүн байлыгын $25,6 миллиард жеткирген. Кытайдын эң бай аялы Ян Хуэйянь Country Garden Holdings компаниясынын контролдук пакетине  ээ жана 2018-жылдын башынан бери дагы $2,06 миллиардга байыды. Бул тууралу каржылык маалыматтар боюнча Bloomberg агенттигинин эксперттери эсептеп чыгышкан

Алардын эсеби боюнча Ян Хуэйянь 2017-жылдын 31-декабрына чейин болгон $23, 6 миллиард акчасын азыр жаңы жылдын 4 күнүндө $25,6 миллиард акчага жеткирди. Bloomberg агенттигинин миллиардерлер тизмесинде  (Bloomberg Billionaires Index) Ян Хуэйянь эми 31-орунга көтөрүлдү.

Дүйнөнүн миллиардерлери 1 жылда 1 триллион долларга байышты

Ал эми Amazon.com корпорациясынын негиздөөчүсу Джефф Безос $4,71 миллиард таап бул көрсөткүч боюнча 1-орунга чыкты, анын ичинде акыркы бир күндө $1,54 миллиард пайда тапкан. Ян Хуэйяньдин байлыгы акыркы бир күндө $1,09 миллиардга көбөйүп, Zara брендинин ээси Амансио Ортего менен 2-орунду бөлүшкөн.

Кытайдын эң бай кишилеринин тизмесинде Ян Хуэйянь өлкөнүн эң жаш миллиардери болуп эсептелет жана миллиардерлердин арасында Ван Цзяньлинудан кийинки 5-орунда турат.  Forbes агенттигинин эксперттеринин эсептөөсү боюнча  Кытайдын эң бай аялы Ян Хуэйяньдин байлыгы азыр  $28, 6 миллиардга жетип,  $25,4 миллиард байлыгы бар Ван Цзяньлинудан ашып кетти.

UBS и PwC  агенттигинин эксперттеринин 2017-жылдын 31-октябрына карата эсептөөсү боюнча 2016-жылдын жыйынтыктарында Азия континентинин миллиардерлеринин саны биринчи жолу АКШнын миллиардерлеринин санынан ашып кетти.

Иштамбердини иштеткен компания кызматкерлерди иштен бошоткону боюнча түшүндүрмө берди

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттеги жолугушуу учурунда Ала-Букадагы Иштамберди кенин иштеткен “Фул Голд Майнинг” компаниясынын өкүлү Чи Шуань Тань кызматкерлердин массалык жумуштан бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди.

– “Эмгек келишимин узартуудан баш тартты” деген туура эмес. Биз сүйлөшүү жүргүздүк. Келишимдин мөөнөтү 31-декабрда соңуна чыккан. Жаңы келишимде айрым пункттар өзгөргөн, биз айрым бир пункттар боюнча орток пикир таба алган жокпуз. Бирок сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Биздин компания иштегенден бери чыгымга учурап жатат. Биздин компания бул кенге 200 млн. доллар жумшады, иштегенден бери маянага 958 млн. сом төлөп бердик. Жумушчулар аябай көп чыгым келтирип атат. Ошондуктан келишимди өзгөртүүнү чечтик. Ушул катаал учурду чогуу баштан кечиргенге жардам беришин сурайбыз. Акчабыз актала элек, банкрот болбош үчүн ушундай кадамдарга барып жатабыз.

Кытай компаниясынын өкүлүнүн айтымында, ишкана кызматкерлердин стажына кошумча акы төлөөдөн баш тартып, тамак-ашка берилчү күнүмдүк акчаны азайткан. Ошондой эле ар бир жумушчуга маянадан сырткары берилчү айына 3 миң сом акча берүүнү да токтотмокчу болгон.

Ишкананын жетекчилиги ошондой эле “Кытайдан келген жумушчуларды дагы 30% азаткан жатабыз” деди.

Ал эми жолугушуу учурунда Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундун башчысы Элдар Тажибаев компаниянын азыркы абалына тушүнүп, айлык акыны көбөйтпөгөнгө макул болуп, шартты жакшыртуу боюнча талаптарынан баш тартканын билдирди. Бирок ал стаж, тамак-аш үчүн кошумча акчаны кыскартуу мыйзамсыз экенин айтты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Улан Рыскулов “Иштемберди кенин иштетүүгө “Фул Голд Майнинг” компаниясына 20 жылга лицензия берилгенин, ошондуктан жумушчулар менен мөөнөтсүз келишим түзүлүшү керек экенин” жолугушууда билдирди.

5-январда Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен “Фул Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 370 кызматкерди жумуштан бошотконун Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуун билдирип чыккан. Маалыматтарга ылайык, компанияда 600дөй кызматкер болгон. Алардын 370и жумуштан бошотулса, калган 200ү жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылган. Алардын орточо маянасы 30 миң сомду түзөт.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде 2011-жылдан баштап иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Каримовдун күйөө баласынын дүң базарынан өзбек бюджетине $4,3 миллион түштү

Ташкенттеги «Абу Сахий» базарын кайра түзүп чыккандан кийин 15 күндө мамлекеттик бюджетке 35 миллиард (3,4 миллион доллар) сум түштү. Ага чейин бир айлык көрсөткүч 5 миллиард сум болгон. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусуна жасаган иш сапары учурунда билдирди.

Өткөн жылдын соңунда «Абу Сахий» дүң базары «Тошкент ипак йули» болуп өзгөртүлгөн.

«Абу Сахий» 2006-жылы Өзбекстандын биринчи президентинин күйөө баласы Тимур Тилляев тарабынан негизделген. Ал импорттук товарларды ташуу менен алектенген Өзбекстандагы ири компанияга айланган.

Ислам Каримовдун башкаруусу учурунда ушундай эле ат менен Ташкенттин батыш бөлүгүндө ири дүң базары ачылган. Ал өзбек борборун гана эмес республиканын бардык аймактарын импорттук товарлар менен камсыздап турган.

«Абу Сахийге» башка киши ээлик кылары тууралуу маалымат 2017-жылы 14-декабрда маалымдалган. Тимур Тилляевдин америкалык адвокаты бул кабарды тастыктаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда Кытайга мыйзамсыз алтын кенин ташыган топ кармалды

Казакстанда узак убакыт бою мыйзамсыз өндүрүлгөн алтын аралаш кенди аткезчилик жол менен Кытайга ташып жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмыштуу топ Алматы, Астана жана Степногорск шаарларындагы атайын операция маалында колго түшүрүлгөн. Алардын арасында бир кытай жараны да бар.

«Алтынкөл» станциясында жалпы салмагы 106 тоннаны түзгөн эки вагон алтын аралаш кен колго түшүрүлүп, жасалма документтер табылды. Кылмыштуу топ тарабынан алтын кенин сактоо үчүн пайдаланылган кампаларда дагы тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында анда кендин арасында алтындын бар-жоктугун аныктоочу колго салынган лаборатория бар экени аныкталды», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Учурда бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталып, бир катар экспертизалар дайындалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

КР Катардагы элчиси Катардын соода жана ѳндүрүш палатасынын Вице-президенти менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катардын соода жана ѳндүрүш палатасынын Вице-президенти Мохаммед Ахмед Туар Аль-Кавари менен жолукту. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу айтып, соода-сатык, айыл-чарба, тоо-кен, энергетика, туризм, инфраструктура багыттарында кызматташууну сунуштады. Ал кыргыз айыл-чарба продукцияларынын жогору сапатта жана арзан экендигин баса белгилѳѳ менен аларды Катар Мамлекетине экспорттоону сунуш кылды. Тараптар 2018-жылы аткарыла турган иш-аракеттерди талкуулашып, кыргыз жана катарлык ишкерлеринин ѳз ара карым-катнашын бекемдѳѳнү макулдашышты.

Финансы министрлиги Окуу борборунун 2017-жылда аткарган иши тууралуу отчёт берди

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору 6567 угуучу (алардын ичинен 3380 угуучу үчүн план боюнча, 3187 угуучу үчүн пландан сырткары) үчүн төмөндөгү темаларда окууларды уюштурду. Бул туурасында Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Өткөрүлгөн окуу, тренингдер төмөнкү темаларда уюштурулду: Бирдиктүү казыналык эсепти (БКЭ) иштетүү; “Бюджеттик каражаттарды алуучу” (БКА) төлөм картасын ачуу/жабуу жана пайдалануу тартиби; «1S.Казна.Бюджет» автоматташтырылган системасы менен интеграциялоодо мамлекеттик сатып алуулар порталында бюджеттик милдеттенмелерди каттоо тартиби; Бюджетти аткаруунун кассалык планын түзүү; Бюджеттик кодекс: Жоболор жана өзгөчөлүктөр; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишмердүүлүгүн баалоону жүргүзүү тартиби. Ошондой эле “Коррупция жана этика: мамлекеттик кызматтагы баалуулуктар жана принциптер же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторундагы кызыкчылыктардын кагылышуусун тескөө (азыркы кырдаал, көйгөйлөр, ыкмалар)” деген коррупцияга каршы тема боюнча тренинг өткөрдү.

Андан тышкары, төмөнкүдөй пландан тышкаркы тренингдер уюштурулду: “Жергиликтүү бюджеттерге, мамлекеттик сатып алууларга аудит жүргүзүүнүн негиздери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүү тартиби”; Дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорлорду даярдап, ишке ашыруу; Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга долбоорлорду тапшыруунун жана ишке ашыруунун автоматташтырылган системасы; IS Казна-Бюджетти электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталы менен интеграциялоо.

Улуттук банк коммерциялык банктардын бирине 30 миң сом айып салды

Кыргыз Республикасынын бир коммерциялык банкына 30 миң сом жана дагы бир башка коммерциялык банктын эки кызмат адамына 7 миң сомдон административдик айып салынды. Бул туурасында Улуттук банктын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, айып пулдар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн салынган.

Маалыматта кайсы банктарга айып салынгандыгы жазылган эмес.

2018-жылдын 1-январынан тартып КР Бюджеттик классификациясы күчүнө кирди

2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы күчүнө кирди. Бул туурасында Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган Бюджеттик классификация Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №161-Б буйругу менен бекитилген жана кирешелердин, операциялык чыгашалардын, бюджетке түшүүлөрдүн жана мамлекеттик (муниципалдык) финансылык жана финансылык эмес операциялар жана милдеттенмелер менен байланышкан операциялык чыгашалардын тобун принципиалдуу жана методологиялык жактан чагылдырат.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын түзүмү 2001-жылдагы Мамлекеттик финансылардын статистикасынын стандарттарына ылайык иштелип чыккан, ошондой эле бардык ресурстарды бюджетке эсептөө жана бардык чыгашаларды Бирдиктүү казыналык эсептен жүргүзүү боюнча жол-жоболорду ырааттуу тартипте ишке ашырууну көздөйт.

Бюджеттик классификациянын коддорун колдонууга карата бирдей ыкманы колдонуу максатында анын ар бир түрү кирешелик жана чыгашалык операцияларды эсепке алуунун бирдиктүү эрежелерин белгилей турган ошол түрдүн коддорун колдонуу боюнча көрсөтмөлөр менен коштолот.

Жаңы Бюджеттик классификация Кыргыз Республикасынын бюджет системасынын бюджеттеринин салыштырылышын камсыз кылуучу отчётторду натыйжалуу түзүү боюнча жаңы концептуалдуу милдеттерден улам, ошондой эле бюджеттик статистиканын формаларын жана алардын эл аралык стандарттар менен салыштырылышын бирдейлештирүү максаттарында бекитилген.

Мындан тышкары, Бюджеттик классификация Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун жана Социалдык фонддун каражаттарын классификациялоо жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн коддор каралган.

Меню