Menu

Зордуктоо

Таласта 14 жаштагы кызды зордуктаган 22 жаштагы тургун кармалды

Талас облусунун Арал айылында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-мартта Арал айылынын тургуну быйыл 27-январда 14 жаштагы небересин айылдашы күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз жазган.

“Бул факты боюнча “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну кармалды. Азыр тергөө иштери уланып жатат” – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу болгон.

Ички иштер министрлиги былтыр сексуалдык зомбулук боюнча жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн билдирген. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өткөн. Үч кылмыш иши токтотулуп, дагы 11и боюнча тергөө уланууда.

Өзбекстанда күйөөсү Орусияга иштөөгө кеткен 39 жаштагы аялды 4 кошуна киши сабап, бычак, балта менен коркутуп зордукташкан

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкент облусунун Бостандык районунда жашаган аялдын зордукталганы тууралуу маалыматты тастыктады.

Башкы прокурордун басма сөз катчысы Хает Шамсутдиновдун айтымында, окуя былтыр 28-декбарда болгон.

Мурдараак блогер Акида Ханум Фейсбуктагы баракчасына эки балалуу, 39 жаштагы аялды төрт кошунасы зордуктаганын жазган. Маалыматка караганда, келиндин күйөөсү Орусияга иштөөгө кеткен.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, төрт киши аялды сабап, балта жана бычак менен коркутуп, андан соң зордукташкан.

Аларга карата “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары уланууда, онго чукул соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалды.

Орус аскерлери өздөрү басып алган украин аймактарында 154 кыз-келиндерди зордукташканы аныкталды

Орусия Украинага кол салгандан бери Башкы прокуратура орус аскер кызматкерлери украин кыз-келиндерине карата сексуалдык зомбулук көрсөткөн 154 фактыны аныктады. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар орус аскерлери басып алган украин аймактарында жасалган.

Тергөөчүлөр Херсондо орус аскер кызматкерлери төрт ай бою жергиликтүү аялды зордуктап келгенин аныкташкан. Марттан баштап орус аскерлери херсондук дагы бир аялды маал-маалы менен жылаңач чечиндирип, кыйнап, денесине кайнак суу куюшкан.

Тергөөчүлөр орус аскерлери украиналыктардын жыныстык органдарына электр тогун өткөрүү менен кыйнаган 30 фактыны ачыкка чыгарышкан.

Июлда БУУнун сексуалдык зомбулук маселелери боюнча атайын өкүлү Прамила Паттен Украинада 124 сексуалдык зомбулук учуру катталганын кабарлаган. Ал бул айсбергдин учу гана экенин жана согуш шартында сексуалдык зомбулуктун чыныгы масштабын чагылдырбай турганын белгилеген.

Кадамжайда 14 жаштагы кызды өлтүргөнгө шектелгендердин экөөсү абактагы ажатканада асынып алышкан

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов Ош шаарындагы №5 тергөө абагында шектүүлөрдүн өлүмү боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди.

Анын айтымында, камакта жаткандардын экөө 4-декабрга караган түнү саат экилерге жакын дааратканада шейшептерине асынып алган.

“Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери боюнча материалдар катталып, текшерүү иштери башталды. Биринчи кароо жүргүзүлүп, каза болгондордун денесинен эч кандай залал аныкталган жок. Денелери таза. Соттук-медициналык экспертиза да жүргүзүлүп жыйынтыгы чыгарылат”, – деди Камолидинов.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган төрт айыпталуучунун үчөө Кадамжай райондук сотунун чечими менен 1-декабрда Оштогу №5 тергөө абагына которулган. Буга алардын сот иши башталганы негиз болгон. Ал эми шектүүлөрдүн дагы бири Жалал-Абад облусундагы жашы жете электер кармала турган мекемеге өткөрүлгөн.

Быйыл 5-сентябрда Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Кадамжай районунун Исхак-Полотхан (ред: мурдагы Халмион) айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 8-сентябрда кыздын өлүмүнө байланыштуу жашы жете элек дагы бир адам кармалган.

Ноябрь айында алардын камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 4-январына чейин узартылган.

Тергөө абагында каза болгондордун жана азыр камакта жаткан эки шектүүнүн адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.

Депутаттар балдарды зордуктагандарга өлүм жазасын киргизүүнү демилгелишти

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш үчүн өлүм жазасын караган мыйзам долбоорун демилгелешти.

Тиешелүү документ парламенттин сайтында жарыяланды жана коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде балдарга зомбулук көрсөтүүгө байланышкан оор кылмыштар көбөйүп баратканы белгиленген. Документтин демилгечилери көптөгөн жарандар депутаттардан жашы жете электерге зомбулук көрсөткөндөргө катаал чара көрүүнү көп жолу сурашканын айтышкан.

“Балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштардын күндөн күнгө өсүп баратканын, балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн тагдыры талкалап, өмүрлөрү кыйылып жатканын көңүлгө алуу менен ушул Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Конституциясында өзгөчө жаза чарасы катары – өлүм жазасын кароо сунуш кылынат”, – деп белгиленген документте.

Өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 60тан ашуун депутат демилгелеген. Арасында Мирлан Самыйкожо, Надира Нарматова, Балбак Түлөбаев, Тазабек Икрамов, Шаирбек Ташиев, Искендер Матраимов жана башкалар бар.

Ички иштер министринин орун басары 2022-жылдын алгачкы 7 айында балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 кылмыш иши тергелип жатканын айткан.

Улуттук Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылы балдарга карата жасалган 3034 кылмыш фактысы катталган, 500дөй иш сексуалдык зомбулук менен байланышта болгон.

Улуттук гвардиянын эки аскери кыз зордуктоого шектелип кармалды

Аскер прокуратурасы Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн эки аскерди зордуктоого шек санап кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Б.У аттуу кыз 4-сентябрда түнкү саат 04:30 чамаларында Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер күч колдонуп, машинеде зордуктаганын айтып, арыз менен кайрылган.

Аскер прокуратурасы бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 154-берене (“Зордуктоо”) менен кылмыш ишин козгоп, 11-сентябрда Улуттук гвардиянын эки аскери У.А жана А.Тны шектүү катары камакка алды. Алардын бөгөт чарасы бүгүн, 12-сентябрда каралат.

Буга чейин социалдык тармактарда эки бала зордуктоого айыпталып жатканы жөнүндө кабар тараган. Улуттук гвардия – Кыргызстандагы барктуу аскер бөлүгү болуп эсептелет.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.

5-сентябрда Баткен милициясы 14 жаштагы кыз киши колдуу болгонун кабарлады. Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышына милиция кызматкерлеринин айыпталганы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.

Кадамжайдагы өспүрүм кыздын зордукталып өлтүрүлүшүнө төртүнчү шектүү болуп өспүрүм бала камакка алынды

Кадамжайдагы өспүрүм кыздын зордукталып өлтүрүлүшүнө төртүнчү шектүү болуп өспүрүм бала камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-сентябрда жашы жете элек, 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунун жашы жете элек тургуну суракка алып келинген. Ал жактоочунун жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек өспүрүм өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайда олтурат. 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган өспүрүмгө карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-сентябрда Баткен облусунун милициясы Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылганын билдирген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

13 жашар кызды зордуктаган эки милиция кызматкери 15 жылга кесилди

Кечээ, 30-августта Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары ар бир айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди.

“Биз жабырлануучунун ата-энеси менен кеңешип сүйлөшкөнбүз. Бүгүнкү чыккан өкүмгө нааразы эмеспиз. Бул биз сураган айыптоо беренелеринин санкцияларында көрсөтүлгөн максималдуу жаза”, – деди жабырлануучу тараптын адвокаты Тимур Султанов.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон эки милиция кызматкерине 15 жыл, дагы бир айыпталуучуга 13 жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны максималдуу түрдө берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышы боюнча соттук жараяндар жабык өттү.

Maryotel мейманканасында жашы жете элек кызды зордуктоого катышкан дагы бир жаран кармалды

7-августта Аламүдүн РИИБнө арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 2022-жылдын 6 августтан 7-августка караган түнү Лебединовка айылындагы Maryotel мейманканасында кызы 2005-жылы туулган О.А. менен тааныш болгон “Алтын казына” кафесинин кызматкерлери эркине каршы жыныстык катнашта болгонуна байланыштуу чара көрүүнү суранган. Бул боюнча Чүй обустук милициясынан билдиришти.
Аталган окуя боюнча Аламудун РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, айыбы угузулуп бөгөт коюу чарасы камакка алуу тандалган.

Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен  бул кылмышка 1996-жылы туулган Т.М. дагы катыштыгы бар экендиги такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө уланып жатат.

Жашы жете элек кызды зордуктаган “Алтын казына” ресторанынын администратору кармалды

Бишкектин четиндеги “Алтын Казына” ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 20 жаштагы жигит облустук милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

8-августта “Алтын казына” ресторанында администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын 325и кыскарганы белгиленген. Кыргызстанда жашы жете электерди сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары соңку мезгилде кызуу талкууланып келет. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.

Меню