Menu

Кумтөр

Улуттук банкта 46,7 тонна алтын сакталып турат

Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу 28-февралдагы маалымат жыйынында мекеменин атайын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Ал бул 2021-жылдан бери казылып алынган жана өндүрүлгөн алтын экенин, аларды Улуттук банк сатып алганын белгиледи.

Карабаеванын айтымында, Улуттук банктын эл аралык алтын-валюта резервиндеги 16 тонна алтыны 87,3 млрд сомго барабар. Мындан тышкары запастагы алтын 138,5 млрд сомго тете.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда Кумтөр кени Кыргызстанга өткөн эки жылдан бери 45 тонна алтын жана 8 тонна күмүш чогулганын, алар Улуттук банкта сакталуу экенин айткан.

Убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кумтөр кенине барышты

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барды.

Иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту.

Эл өкүлдөрүнө ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды өндүрүүнүн технологиялык чынжырчасынан уурдоо жана алтынды кенден тышкары уруксаатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди.

«Алтындын ар бир граммы көзөмөлдө», – деп белгиледи ишкананын жетекчилиги.

2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган.

Акылбек Жапаров 2022-жылдагы үч маанилүү окуяны атады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде өткөн жылдагы маанилүү үч окуя катары Кумтөрдүн мамлекетке алынышын, Кемпир-Абад жана Баткендеги чек ара маселелерин атады.

Ал Кумтөрдүн толугу менен мамлекетке өтүшү экономикалык эле эмес, руханий жактан да утуш болгонун, муну “элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуусу, өз күчүнө ишенбөөчүлүк менен жеңүү” деп баалаган.

Кемпир-Абад боюнча да туура чечим кабыл алынганын, бул маселени шылтоо кылып, бийликке келүүнү көздөгөндөр болгонун айткан.

“Баткен аскердик конфликт катары эл, мамлекет үчүн чоң жана чыгашалуу сыноо болду. Биз андан татыктуу өттүк. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекет керектүү каражаттарды табууга жетишти”, – деди Акылбек Жапаров Баткен тууралуу айтып жатып.

Ал былтыр бюджеттин кирешеси көбөйгөнүн, куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү иштерин жана айлык, пенсиялардын жогорулаганын өкмөттүн жетишкендиги катары белгилеген.

  • Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
  • Президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын чогуу пайдалануу тууралуу эки мыйзамга кол койгон. Суу сактагычтын жеринин берилишине каршы чыккан 20дан ашуун адам ушу тушта “төңкөрүш жасоого аракеттенген” деген жүйө менен камакта отурат.
  • Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы масштабдуу жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандар арасында балдар бар

Кумтөрдөн түшкөн акча маселеси парламентте көтөрүлдү

Кыргызстандын ири каржы булактарынын акчасынын максаттуу пайдаланылышы тууралуу маселе 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Эмил Токтошев абанын булганышын алдын алуу долбоорун каржылоого мамлекеттен жардам керек болуп жатканын белгилеп, Кумтөрдүн акчасы боюнча айтты:

“Профессор Арстанбек Асанов үч-төрт жылдан бери долбоор көтөрүп жүрөт Кара-Кеченин көмүрүн байытып берейин, брикет кылалы, ошону сатсак газ чыкпайт деп. Ага көңүл бурган киши жок. Ошол заводдун 50 миң тонналык көмүргө эсептелген биринчи этабына болгону 3-4 миллион доллар акча керек экен. Мына, Кумтөрдүн акчасын эмне кылдык? “Улуу көчмөндөр мурасынын” миллиард сомунун изи чыкпай жатат. Улуттук банк валюта кармайм деп 500 миллион долларга чейин чачып жиберди. А биз ден соолук үчүн ушул 3-4 миллионду таппай жүрөбүз”.

Соңку күндөрү Бишкекте ыш маселеси кайра күчөп, борбор калаа дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын үчилтигине кирди.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди быйыл август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана “Кыргызалтын”, Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан.

Президент Садыр Жапаров “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин былтыр жыл аягында түзгөн, ал бир жылга жетпей жоюлду. Депутат Дастан Бекешев холдингдин айынан Кыргызстан 700 миллион сом чыгашага учураганын айтып чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча түшүндүрмө берип “Бул акчанын баары эле кайра биздин бюджетке келип түшөт” деп айтты.

"Кумтөр" быйылкы 9 айдын ичинде 12 тонна алтын өндүрүп, казынага 26,78 млрд. сом салык төлөдү

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы быйылкы тогуз айда жасаган иштеринин жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Кумтөр алтын кенинде жыл башынан 30-сентябрга чейин 389 357 унций же 12 110,3 килограмм алтын өндүрүлгөн.

Маалыматка караганда, 2022-жылы алтын өндүрүү былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйгөн. 2021-жылы тогуз айда 292 970 унций же 8,5 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Көлөмдүн көбөйүшү фабрикага жеткирилген кендин курамында алтындын көп өлчөмдө болушу жана металлды кенден бөлүп алуу коэффициентинин арбышына байланыштуу”, – деп жазылган маалыматта.

2022-жылдын тогуз айында ишкана 379 551 унций же 11 805,37 кг алтынды сатып, мындан жалпы 679,8 млн. доллар киреше алган.

Жыл башынан бери 26,78 млрд. сом салык, социалдык фондго жана башка милдеттүү төлөмдөргө төлөнгөн.

Кыргызстандагы Кумтөр кени Борбор Азиядагы эң ири алтын кендеринин бири. Кендеги өндүрүш башталган 1997-жылдан бери 14,1 млн. унций же 399,729 тонна алтын өндүрүлгөн.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.

Садыр Жапаров: "Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, "Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур", - деп жалаа жабууга аракеттене башташканда депутаттык комиссия түздүрдүм

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине Кумтөр жана Кемпир-Абаддын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу маек курду.

– “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Бул комиссия сиздин демилге менен түзүлдү деген кептер тарап жатат. Эмне үчүн демилге көтөрдүңүз?

– Ооба депутаттык комиссия түзүлдү. Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, “Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур”, – деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, “депутаттардан турган комиссия түзгүлө” деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. “Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. “Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер” дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур.

Мейли кимиси болсо да, “Кумтөргө” барышсын, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин.

Биз “Кумтөрдү” кайтарып алган күнү эле тааныш-билиштерибиз “жумушка киргизип койсоңор” деп эшик кага башташты. Мен бардык туугандарымды чогултуп алып: “Кумтөргө” жолобогула, бир дагы кишини жумушка киргизбегиле. Кийин ар кандай болуп “Кумтөр” иштебей калса, “мына, силер адис эмес адамдарды киргизип атып, иштете албай калдым” деген сөзү болот”, – деп айттым. “Жоопкерчилик Теңгиз мырзанын өзүндө болсун. Бошогон орундар болсо, өзү кызматка алып, өзү жооп берсин” деп Теңгиз мырзанын өзүнө толук укук бергем. “Бир килограмм эт, бир килограмм картошка дагы сатпагыла. Кыскасы, жакындашпагыла” дегем.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин бир дагы жакын тууганым “Кумтөр” менен иш кылбайт. Теңгиз Бөлтүрүккө биринчи күндөн баштап какшап айтып келдим. “Теңгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. “Кумтөр” мамлекеттик ишкана болот. Каражаттарды оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Буга чейин “Кумтөрдөн” жеп келгендердин оозун тигиңиз. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз”, – деп “Кумтөрдүн” бир тыйынына да аралашкан жокмун.

Ошондон баштап эле “таза иштеп атам” деп, бизди ынандырып келген. Биз болсо “Кумтөр” Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жибербей турдук. Анан “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, 3 ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Теңгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Биз элден эч нерсе жашырбайбыз. Балким Эсеп палатасы же мамлекеттик органдар көрбөй-билбей калган кемчиликтери болсо депутаттык комиссия билип келеттир. Андан мамлекетке эч кандай зыяны жок, пайда гана болот, кемчиликтери болсо, оңдоп алабыз дегендей.

Булак: Kabar

Өлкөдө 19 тонна алтындын чет өлкөгө чыгарылып кетиши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Кыргызстандан алтынды башка мамлекеттерге чыгарып кетүүнүн чоо-жайын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган. Бул тууралу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын курамына Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев жана Максат Сарбагышев кирди.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алып, ишкананы сырттан башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Аны 13-сентябрда Башкы прокуратура Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу айыптап, камакка алынган.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачыкталбай турганын билдирген. Ал “Кумтөр” баштаган бардык кендердин алтынын “Кыргызалтын” аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында “Кумтөрдөн” таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Кийин Инстаграммдагы kg_novosti баракчасына президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровго окшош адамдын алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

Садыр Жапаров 8-сентябрда агасы алтын иштери боюнча Түркияга барганын тастыктап, мындан чуу жаратуунун зарылдыгын көрбөй турганын айткан.

Башкы прокуратура "Кумтөрдөн" 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгенин билдирди

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдады.

25-августта Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилген. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу “Кумтөр” компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Башкы прокуратура “Кумтөрдү” текшере баштаганын 24-августта ырастаган. Мекеме 13-сентябрда ишканага байланыштуу үч кылмыш иши козголгонун билдирди.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.

Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калды.

Генпрокуратура: "Кумтөрдөгү" коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча Теңиз Бөлтүрүк камакка алынды

Бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты, тергөө улантылууда.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча бир катар кылмыш иштери козголгон.
Мында алдын ала эсептөө боюнча аталган коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган.

Оппозиция: КР Жогорку Кеңеши аткаруу бийлигинин башчысы Садыр Жапаровдун Күмтөр боюнча отчетун уксун

2022 жылдын 27 августунда КР Президенти Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде, төмөнкү маселелерге токтолду:
1. Күмтөрдөгү экологиялык зыян жөнүндө: “Экологиялык зыянды “ормон опуза” кылып, абадан алып эле жазып койдук, аны эсептеп чыккан эч ким жок”. Эсептеп чыкчу методикабыз дагы так эмес экен” деп айтты. Демек 2012 жылы (С.Жапаров жетектеген), 2012 жылы (Т. Сариев жетектеген), 2021 жылы (А.Жапаров жетектеген) мамлекеттик комиссиялар тарабынан такталган экономикалык, экологиялык зыяндар эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017 жылы оппозицияда жүргөндө “колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 млрд. доллар түзөт”, бийлик тарабынан бизге берилбей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 млрд. доллардан ашат, деп билдирүү жасаган. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек? Ушунча жыл методикасыз саналган зыяндарды өлчөп жүргөн комиссиялардын башчылары жана мүчөлөрү жоопкерчилике тартылабы? Методикасыз, эрежесиз, “ормон опуза” аркылуу эсептелген экономикалык, экологиялык зыяндарды, КР соттору бийликтин кысымынын негизинде мыйзамдаштырып келгенби? Ошондо, акыркы 10 жылдан ашуун убакытта Садыр Жапаров оппозицияда жүрүп айткан сөздөрү калп, жалган болуп, “ормон опуза” аркылуу бийлике келгенби?

2. Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү жөнүндө: Президент Садыр Жапаров “Центеррадагы” 26 % үлүшүбүз, (баасы 500-600 млн. доллар) жөн эле кагаз болуп калган, 30 жылда 30 тыйын дивиденд бербеген акциянын эмне кереги бар” деди. Ошол эле учурда 2021 жылдын жыйынтыгы боюнча ошол акциялардан түшкөн 11 млн.доллар дивидендтерди төлөттүк деп өзү билдирди. Эгерде жылына ушундай өлчөмдө дивиденд алып турсак, анда 30 жылда ал киреше канча болгонун эсептеп алгыла. Жөн эле кагаз болсо, эмнеге Кыргыз Алтындын жетекчиси Кыргызстандын үлүшүн бербейли деп аракет жасады? Торонто биржасынын маалыматы боюнча, 2022 жылдын январ айында Кыргызстандын 26 % акциясынын баасы 656 млн. 366 миң доллар болчу. Эмнеге 656 млн. доллар турган акцияларды сатып же Кыргызстанга калтырганга аракет жасаган жок? Ар кайсы өлкөлөрдөн бюджетти колдоо үчүн тилемчилик кылып жүргөн өкмөтүбүзгө, кантип 656 млн. доллар “жөн эле кагаз” болуп калган?

3. Күмтөр боюнча билдирүүлөрү жөнүндө: Садыр Жапаровдун, Акылбек Жапаровдун, Теңиз Бөлтүрүктүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын бир бирине карама-каршы келген билдирүүлөрүнун кайсынысына жана кимисиникине ишенишибиз керек?

4. Күмтөрдүн иштеши жөнүндө: Бийлик Күмтөрдө коррупция орногон деп, Теңиз Бөлтүрүктү расмий түрдө кызматтан алды. Күмтөрдүн ичинде ири коррупциялык процесстер жүруп атканын, экологиялык маселелер чечилбей, андан оор жагдайларга баратканын, ачык-айкын эффективдүү башкарууга барбаганын, Күмтөрдүн өндүрүшүнүн баардык тармактары кескин начарлаганын Бириккен демократиялык кыймыл буга чейин эле эскертип келген, азыр деле баса белгилейбиз.

Биз азыркы Президенттин жана өкмөттүн Күмтөр боюнча жүргүзгөн саясаты алдамчылык жана шылуунчулуктун негизинде жүргүзулүп жатат деген тыянакка келип, төмөндөгүлөрдү талап кылабыз:

1. Акыркы кол коюлган “Центерра” менен Кыргызстандын тынчтык келишиминин толук текстин коомго ачыктагыла. “Центерра” тараптан ким, Кыргызстан тараптан ким кол коюшканын жана кандай шарттар менен кабыл алынганын эл билсин.

2. Өкмөттүн токтому менен 2022 жылдын 15 апрелинде дайындалган эл аралык “Ernest & Young” аудиттик компаниясынын корутундусун элге ачыктагыла.

3. 2022 жылдын 10 майында карьердин бортторунун жылышы боюнча өкмөттүн чечими менен түзулгөн, мамлекеттик атайын экологиялык комиссиясынын жыйынтыктарын коомго жарыялагыла.

4. КР Жогорку Кеңеши жайкы тыныгуудан кийинки, алгачкы отурумунун ачык жыйынында, аткаруу бийлигинин башчысы Садыр Жапаровдун Күмтөр боюнча отчетун уксун.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Күмтөр элибиздин үмүтү да, чыры да, ыйы да, болуп келди. Өткөндөн сабак алып, мамлекетибиздин жана өсүп келе жаткан муундардын келечеги үчүн, Күмтөрдүн мурунку тагдырынын кайталануусуна жол бербешибиз керек!

29.08.2022 ж. Бириккен демократиялык кыймыл (БДК)

Меню