Menu

Кыргызстан-АКШ

Кыргызстан АКШдан туристтик визанын мөөнөтүн узартууну суранды

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушууда кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, элчи АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визаны беш жылдык эмес, 10 жылдык мөөнөткө узартуу зарылдыгын белгиледи.

Брайн Стимлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде виза алууга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын себептерин иликтеп, жообун берүүнү убада кылды.

“Жолугушуу учурунда Бакыт Аманбаев АКШнын Оруссияга карата киргизген эл аралык санкцияларынан улам айрым кыргызстандык ишканалардын акчасы америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын белгилеп, аны чечүү боюнча сунуштарын ортого салды. Натыйжада, тараптар аталган маселени жакынкы келечекте чечүүнү тездетүү максатында АКШнын жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты”, – деп жазылган маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттар АКШга виза алууга жазылуу үчүн 2023-жылга чейин орун жок экенин жазышкан. Муну АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Нолен Жонсон Limon.kg басылмасына курган маегинде COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынганда виза алууну каалагандардын агымы көбөйгөндүгү менен түшүндүргөн.

USAID Кыргызстанга 15 млн сомдук медициналык жабдууларды берди

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын башкы ооруканаларына COVID-19 жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө көмөк катары заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Жабдууларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 16-августта, КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевадын катышуусунда өттү.

КР Улуттук госпиталы бейтаптардын жогорку дем алуу жолдорунда диагностикалык жана дарылоо манипуляцияларын аткарууга мүмкүнчүлүк бере турган жогорку технологиялык мобилдик видеобронхоскопго ээ болду. Чүй областтык ооруканасы чектелген шарттарда  диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк береген мобилдик рентген-аппарат алды, ал эми Ош шаардык ооруканасына шейшептерди жана бейтаптардын буюм-тайымдарын дезинфекциялоо үчүн атайын камералар берилди. Жабдуулардын жалпы наркы 15 млн сомду (190 миң АКШ доллары) түзөт.

«Бул жабдуулар Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтөт жана биздин өлкөбүздүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого түрткү берет», –  деп айтты Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева.

Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Каи Адамстын айтымында, керектүү жабдууларды алып берүүгө жардам көрсөтүүдөн тышкары, USAID медициналык кызматкерлерди керектүү билимдер жана көндүмдөр менен колдоого багытталган. «Биз Саламаттык сактоо министрлиги менен бүт өлкө боюнча жүздөгөн дарыгерлер, медайымдар жана башка кызматкерлердин билимдерин жогорулатуу үчүн иштөөнү улантабыз», – деп белгиледи Адамс.

«Коронавирус пандемиясын башталган учурдан баштап, USAID Кыргыз Республикасына 10 млн АКШ долларынан ашык акча бөлүп берди. Анын ичинде, 1,4 млн АКШ долларына кычкылтек концентраторлору жана лабораториялык жабдуулар сыяктуу медициналык жабдуулар алынды. Бул жабдуулар бир гана ковид-19 эмес, башка жугуштуу оруулар менен күрөшүүдө да жардам берет деп ишенебиз”

Бул жардам USAID «Саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун чыңдоо» долбоорунун алкагында берилди.

АКШ элчилиги: Аймактарда өткөн жайкы окуу жана математика лагерлери балдардын билим алуусуна жана көңүл ачуусуна шарт түздү

Июнь айында 30 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучулары USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган жайкы окуу жана эсеп лагерлерине катышышты. Кыргыз Республикасында мындай лагерлер 600дөн ашуун мектептерде жана 43 коомдук китепканаларда уюштурулду. Лагерлерде жайкы каникул мезгилинде балдардын функционалдык сабаттуулук көндүмдөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон кызыктуу жана практикалык окуу көнүгүүлөр сунушталды.

“Биз күнүнө эки саат убакыттын ичинде жаңы китептерди окуу, талкууларды уюштуруу жана окурман театрлары сыяктуу түрдүү ишмердүүлүктөрдү өткөрдүк. Балдар чыныгы жашоодогу кырдаалдардан алынган маселелерди чыгаруу менен да алектеништи. Лагерь алкагында окуучулар бийлеп, ар кандай оюндарды ойногонго да мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чаралардын бардыгы окуучулардын командада жана өз алдынча иштөө, угуу жана тез жооп берүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет,”- деп Жалал-Абад областынын  Сузак районунун башталгыч класс мугалими Айнагүл Раззакова ой бөлүштү.

Айнагүл эжекей окуу жана эсеп лагерлерин уюштуруу боюнча окутууга катышкан 1 200 мугалимдердин бири. USAID класстан тышкаркы окуу иш-чаралары боюнча колдонмону иштеп чыгып, аны менен мугалимдерди камсыз кылды. Колдонмодо окуу жана математика боюнча ар кандай деңгээлдеги көндүмдөрдү өрчүтүүгө жардам берген оюндар жана иш-чаралар боюнча нускамалар келтирилген.

“Ар бир бала ушундай лагерге катыша алса жана мындай лагерлер жыл сайын өткөрүлсө сонун болот эле! Биз жергиликтүү китепканага барып, күн сайын китеп окуйбуз. Балдар менен таза абада көп ойнойбуз, таштардын жана асфальттын бетине сүрөт тартабыз. Жайында үйдө отургандан көрө, лагерге катышкан сонун!”- дейт Нарын шаарында 4-класста окуган Даткайым Бейшенкулова.

“Биздин негизги максатыбыз – башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүү. Биз Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте балдар үчүн жыл бою билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн, өлкө боюнча жайкы лагерлер сыяктуу инновациялык окутуу усулдарын ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз,”- деп Кая Адамс, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын директору кошумчалады.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын (1-4) окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуу жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган беш жылдык долбоор. Долбоор окуу жана математика сабактарын окутуунун сапатын жакшыртууга, мектептен тышкаркы билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана башталгыч билим берүү системасын бекемдөөгө багытталып, Кыргыз Республикасындагы 1 686 максаттуу мектептер менен иш алып барат.

Бишкектин Novotel мейманканасында "Америка ыр сынагынын" финалы өтөт

Эртең, 6-июлда саат 16:00дөн 18:00гө чейин Novotel мейманканасында Кыргызстандын орто мектептеринин окуучуларынын жана ЖОЖдун студенттеринин арасында “Америка ыр сынагынын” финалы өтөт. Сынак “Америка ыр сынагынын” расмий Youtube каналында да түз эфирде көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын орто мектептеринин арасында өткөрүлгөн сынакты жеңип келген 15 финалисти жана Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларынын ЖОЖдорунун арасындагы университеттик сынактын 6 финалисти катышат.

Ошондой эле, финалдык этаптын программасында “Америка музыкасы чет өлкөлөрдө” долбоорунун алкагында Ош, Кант жана Бишкек шаарларынын Access программасынын окуучулары АКШдан келген музыканттар менен биргеликте жазган ырын аткарышат.

Катышуучулардын аткаруулары компетенттүү жана көз карандысыз калыстар тобу тарабынан бааланат. Калыстар тобунун курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин өкүлдөрү кирет.

Сынак жыл сайын АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен “Sun People”  коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп келет.

Сынактын максаттары: англис тилин окутууда чыгармачылык мамилени жайылтуу, студенттердин арасынан таланттуу жаштарды аныктоо жана АКШнын музыкалык маданияты менен тааныштыруу.

Жыл сайын Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген катышуучулар америкалык артисттердин жана авторлордун ырлары аркылуу өздөрүнүн вокалдык таланттарын жана англис тилин үйрөнүүдө ийгиликтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул сынак жыл бою өткөрүлүп, бир нече этаптан турат, андан кийин атайын калыстар тобу сынактын жеңүүчүлөрүн тандайт.

Сынак үч этаптан турат жана www.americansongcontest.kg сайтында онлайн режиминде өткөрүлдү.

I этап – Аймактарда квалификациялык сынак

II этап – Жарым финалдык сынак

III этап – Финалдык сынак

2022-жылдын Америка ыр сынагына 90 орто мектептин 9-11-класстарынын 400дөн ашык окуучусу, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы 12 университеттен 70тен ашык студенттер катышты.

АКШ өлкөсү Кыргызстанга 450 миң доза Pfizer вакцинасынын жаңы партиясын алып келди

24-январь, 2021-жыл – БИШКЕК – 22-январда Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын тапшырды. Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк кө катары берип жатат.

«Коопсуз жана эффективдүү вакциналар биздин иммундук системабызга COVID оорусунун оорлошуна туруштук берүүгө жардам берет. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын элине вакциналар менен камсыз кылууну жана алардын өлкө боюнча жеткиликтүү болушун үчүн каржылоо аркылуу колдоону улантат», – деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери Кыргыз Республикасына Pfizer компаниясынын COVID-19 вакцинасынын 450 миң дозасын тапшырды.

“АКШ өкмөтүнүн жана башка эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен вакциналар Кыргызстанда бардыгына жеткиликтүү. Мен бардык кыргызстандыктарды оорунун оор агымынан өзүн жана жакындарын коргоо үчүн мүмкүн болушунча эртерээк эмдөөгө чакырам. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, эмдөө – COVID-19 менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири”, – деди Бектурганов Улук-Бек, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Расмий статистикага ылайык, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен 40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өтүп, 62 миңден ашуун кыргызстандык бир дозасын алган.

Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

АКШ Кыргыз Республикасына 250 миңден ашык Pfizer вакцинасын тапшырды

27-октябрь, 2021-жыл – БИШКЕК – Бүгүн Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 259,740 дозасын тапшырды. Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк көрсөтүү катары берип жатат.

“Биз COVID-19га каршы чабуулду бирге улантышыбыз керек”, – деп АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер деп расмий жыйында билдирди. Вакцинаны тапшыруу аземи министрлер кабинетинин төрагасыАкылбек Жапаров, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бешеналиев, Жапония, Швейцария, Улуу Британия жана Европа Биримдиги сыяктуу COVAX демилгесинин катышуучуларынын катышуусу менен өттү. Pfizer вакцинасын сактоо үчүн зарыл болгон атайын өтө төмөн температурадагы тоңдургучтарды жана тиешелүү шприцтерди жеткирүү үчүн COVAX демилгесинин эл аралык колдоосу абдан маанилүү болгон.

“Ар бир каалоочу коопсуз жана натыйжалуу вакцина ала алыш керек. Ошондуктан, АКШ бул вакциналарды тапышырып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн COVID-19-га каршы эмдөө аракеттерине каржылык колдоо көрсөтүп келет”, – деди Соната Коултер.

“Биз COVID-19га каршы күрөшүү программасынын алкагында берилген вакцина үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун кызматташтыгын жана жардамын жогору баалайт”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. 

Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшүү үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берди. USAID жана АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) аркылуу берилген каражат COVID-19-ду алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдууларды алуу жана техникалык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Андан тышкары, бул көмөктөшүү жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эмдөө иштерине багытталды.

АКШ COVID-19 пандемиясын токтотуу, анын терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин жумшартуу жана келечектеги эпидемияларга туруштук берүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү улантат.

АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын башчысы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасына сапары менен келди

Бүгүн, 29-сентябрда АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын генерал-адъютанты, генерал-майор Питер Хронек, 2021-жылдын 25-29-сентябрында Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары учурунда, АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Култердин коштоосунда, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, ошондой эле тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугушту. Генерал-майор Хронек, ошондой эле, генералдык штаб башчысы генерал-майор Уларбек Шаршеев, Чек ара кызматынын жетекчиси жана башка кыргыз расмилери менен биргеликте Кой таш бригадасына  Коргоо министрлигинин машыгуу жерлерине байкоо жүргүзүү үчүн барып келди. 

Бул жолугушууларда генерал-майор Хронек АКШ өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна, көз карандысыздыгына, суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүн эзелтен колдоп келээрин ырастады. Ал ошондой эле Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 25 жылдан ашуун уланып келген өнөктөштүктү баса белгиледи жана АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өзгөчө кырдаалдарга даярдык, гуманитардык жардам жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү каалоосун баса белгиледи.

 

АКШ элчилиги жана жергиликтүү өнөктөштөр 11-кылымдагы Бурана мунарасын сактоо жана коргоо боюнча долбоордун башын ачууда

Бүгүн, 24-сентябрь АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Коосуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин жетекчилери катышты.  “Кыргызстандагы 11-кылымдагы Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо” долбоорунда АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунан (AFCP) 200,000 доллардан ашуун көлөмдөгү каржылоо каралган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө кыргыз маданиятына болгон урмат-сыйды баса белгилеп: “Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң бекем турат деп үмүттөнөбүз. Бүгүн биз кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз-АКШ өнөктөштүгүн өнөктөштүк белгилеп жатабыз,” — деди. Иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн, анын ичинде Шоро компаниясынын колдоосу менен өттү.

Директор Чолпон Турдалиева жетектеген Музейдик Демилгелер Коомдук Биримдиги Борбору бул долбоорду Кыргызстандын Маданият министрлиги, Эл аралык эстелик фондунун америкалык эксперттери жана Борбордук Азиядан келген жергиликтүү эксперттер менен биргеликте ишке ашырат. Адистер Бурана мунарасынын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдарын жер титирөөдөн коргойт. Долбоор ошондой эле Маданият министрлигинин жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин кызматкерлери, кураторлор жана реставраторлор үчүн семинарларды жана мастер-класстарды камтыйт. Санарип медиа кампаниясы Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтып, көбүрөөк конокторду тартуу үчүн маалымат жайылтууну жогорулатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2001-жылы адамзаттын жалпы маданий мурасын белгилөө үчүн AFCPни түзгөн. AFCP аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уникалдуу маданий мурастарды коргогон долбоорлорду каржылайт. AFCP каржылаган Кыргыз Республикасындагы буга чейинки долбоорлорго Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоо кирет. Бурана мунарасын калыбына келтирүү гранты менен АКШ өкмөтү AFCP аркылуу Кыргыз Республикасындагы маданий жайларды сактоого 500,000 доллардан ашуун салым кошуп келет.

USAID Жалал-Абадда сарымсак өндүрүшүн кеңейтип, экспортту көбөйтүүгө колдоо көрсөттү

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сарымсакты кайра иштетүүчү ишкананы кеңейтүүдө колдоо көрсөттү. USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында Капарова Жаңылай жетектеген ишканага жапайы сарымсакты кургатуу жана кесүүчү жабдуу тапшырылды. Натыйжада ондогон жаңы жумуш орундары түзүлүп, Өзбекстанга сарымсактын экспортунун көбөйүшү күтүлүүдө.

Жаңы жабдуулардын жардамы менен ишкананын өндүрүмдүүлүгү дээрилик үч эсеге өсүп, сезонуна 30 тоннадан 80 тоннага чейин жетиши күтүлүүдө. Натыйжада Өзбекстанга экспорт гана көбөйбөстөн, сарымсак менен алек болгон жергиликтүү фермерлер да пайда көрүшөт. Буга чейин ишкана 15 дыйкандан сарымсак алып келсе, келе жаткан сезондо ал 220 фермер менен иштөөнү пландап жатат. 

«Мен ишканабызга көбүрөөк адамдарды жалдай алабыз деп үмүттөнөм. Учурда ишканада 10 адам туруктуу иштейт. Жаңы жабдуулар иштей баштаганда, дагы 60 адамды жумушка алабыз», – дейт Ж. Капарова.

Жапайы сарымсак – дыйкандан чоң чыгымдарды талап кылбай, жаан сууга өсөт. Андыктан дыйкандар алыс аймактарда мурда пайдаланылбаган жерлерди иштете алышат. Жаңыл айым өндүрүш стандарттарына жооп берген жапайы сарымсак өстүрүү үчүн аны менен иштөөгө кызыккан дыкандарды үйрөтүүгө да жардам берет.

«Мындай ишканаларды колдоо айыл чарбанын көп жагына: жеке фермерлерге, же иштетүүгө, соода жана экспортко, жаңы жумуш орундарын түзүүгө оң таасирин тийгизип жатканына кубанычтабыз. Биздин негизги максат – кыргызстандыктар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жашоону жакшыртууга салым кошуу», – дейт USAIDдин экономикалык өнүктүрүү кеңсесинин директору Джошуа Темплтон.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы «Агросоода» долбоору Кыргызстандын айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Өзбекстан менен соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу Кыргызстанда жумуш орундарын жана кирешелерди жогорулатуу багытында иш алып барат.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Ж. Блинкендин Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн жана Америка элинин атынан Кыргыз Республикасынын элин Эгемендик күнүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм.

Биз акыркы отуз жыл ичинде Кыргыз Республикасы менен жетишкен өнөктөштүгүбүз менен сыймыктанабыз жана жалпы демократиялык баалуулуктарга умтулуу тарыхыбызды улантып, алдыдагы жылдары да мамилелерибизди кеңейтүүгө үмүттөнүп келебиз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тыгыз кызматташтык элдерибизге гана пайда алып келбестен, климаттын өзгөрүшү жана эл аралык уюшкан кылмыштуулук сыяктуу жалпы глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн чогуу иштөөгө мүмкүндүк берет. Америка Кошмо Штаттары ошондой эле COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасы менен бирге болуп, COVID-19га каршы беш миллион доллардан ашуун нарктагы жардам көрсөттү. Мындан тышкары, биз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдоо жолунда бекем турабыз.

Бул чоң майрамдын белгиленишине байланыштуу, мен Кыргыз Республикасынын элине эң жакшы тилектеримди жана каалоолорумду жолдойм.

Меню