Menu

Кыргыз-тажик чек арасы

Ташиев: Ворухка жол курууга уруксат берүү маселеси жакында каралат

Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде каралат.

Анын жыйынтыгынын негизинде гана иш жүрөрүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январда билдирди. Анын айтуусунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия бул маселени жакынкы күндөрү карайт.

“Бүгүн эки тараптуу жумушчу жолугушуу болду. Эки жарым саат бардык маселелерди талкууладык. Негизинен делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу, 27-январдагы куралдуу жаңжалдын себебин иликтөө тууралуу сөз болду. Өкмөттөр аралык комиссиянын иши Ворухка жол куруу маселесине келгенде токтоп калган болчу. Эми кайра ошол жерден уланат. Эгер комиссия кайра дагы бир пикирге келе албай, талаштуу суроолор жаралчу болсо, тажик УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов экөөбүз кайра жолугушуп, талкууламак болдук. Бүгүнкү сүйлөшүүдө биз чек арадагы куралдуу жаңжалдар чек ара толугу менен чечилмейинче токтобой турганына толук ынандык. Чечимдерди кабыл алууда эки мамлекеттин элинин кызыкчылыгына ылайык иш болот деп сүйлөштүк”.

Ташиевдин айтуусунда Ворухка карай курулуучу жолдун макамын мамлекеттик келишим менен аныктоо №39 протоколдо жазылган. Макамды аныктоо иштери өкмөттөр аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

2021-жылдын 1-майында эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кол коюлган №39 протоколдо тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканын Тажикстан тарап расмий кабарлаган. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Тажикстандын “Ховар” улуттук жаңылыктар агенттиги мындай чечим Тажикстандын жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын билдирген. Бул жолдун курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын тактоо иштери жыйынтыкталганга чейин башталышы керек.

Ал эми кыргыз бийлиги бул протоколго ылайык, Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жол куруларын ырастаган. Бирок бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин маалымдаган.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Былтыр апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.

Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кырдаал жана тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу. Тараптар окуянын себептерин иликтөө боюнча биргелешкен комиссия түзүүнү, чыр-чатактын чыгышы менен үйлөрүн таштап кеткен жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну, тиешелүү чек ара сызыгынан аскердик түзүмдөрдүн бардык бөлүктөрүн чыгарууну, бардык жолдордун ачылышын, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну макулдашты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тийиштүү коомдук коопсуздукту, эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келүүсүн, инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана облустун башка муктаждыктарына зарыл финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын аймагындагы бардык турак-жайларды мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак боюнча тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү

Ушул жылдын 28-январында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Кыргызстандын делегациясын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев жетектөөдө. Делегациянын курамына Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев, УКМКнын ЧКнын директору жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери кирди. Тажик тараптан Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Согди облусунун төрагасы, Чек ара аскерлеринин колбашчысы жана УКМКнын төрагасынын орун басары, ошондой эле башка официалдуу өкүлдөр болушту. Тараптардын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун тиешелүү аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери да кирди. 

Жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү чечишти:

  1. биргелешкен комиссияга тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштурууну;
  2. чыр-чатактын башталышында үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну;
  3. аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарылшын;
  4. бардык тосулган жолдорду, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну;

5. Тараптардын бийлик органдары келечекте чек ара, суу жана жер жаңжалдарын алдын алуу жана болтурбоо максатында чек ара аймагында тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылууну.

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтейт

Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде, чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийин билдирди.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээки окуядан улам үйлөрүнөн качкан жарандарды кайра алып келүү тууралуу тапшырма берилди. Алар бүгүн кече чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Чек арага жакын алынып келген күч түзүмдөрүн кайра өздөрүнүн бөлүктөрүнө кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Чек арада бир гана Чек ара кызматынын жана коомдук тартипти сактоо үчүн милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери гана калат”.

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ убактылуу көчүрүлгөндөр зарыл каражаттар менен камсыз болгонун билдирди.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу окуясы боюнча түшүндүрмө берди

УКМКнын Чек ара кызматы 22-декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы курал колдонуу менен коштолгон окуя боюнча түшүндүрмө берди.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз жараны Лейлек районунун Максат — Жаштык жолунда КамАЗ үлгүсүндөгү унаа менен кетип бара жаткан. Жол кыргыз-тажик чек арасын бойлой жайгашкан. Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон маалда анын жанына Тажикстандын үч чек арачысы келип, унаага отуруп, андан Тажикстандын аймагына өткөрүүнү талап кылышкан. Айдоочу жолун үчөө менен улантып бара жатып башка автоунаанын жолун тосуп, кыйкырганга жетишкен. Чек арачылар КамАЗдан түшүп, айдоочу андан ары жолун улап кеткен. Бирок тажик чек арачылары автоунааны үч ирет атышкан. Ок чыгаруудан айнектер сынып, ал сыныктардан айдоочу жаракат алган”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул окуя боюнча Лейлек районунун жана Тажикстандын Ганч районунун чек ара өкүлдөрү жолугууда.

Бүгүн Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы Максат айылына жакын жерде – Арка – Максат жолунда бараткан автоунаага “ок атылды” делген тасма соцтармактарга тараган эле.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез эле ар кандай мүнөздөгү жаңжалдар катталып келүүдө. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Кыргыз-тажик транзиттик жолундагы окуя боюнча териштирүү жүрөт

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы транзит жолдо катталган окуя боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн 6-ноябрда билдирди. Эки күн мурда Баткенде, Тажикстандын Ганч айылы менен чектеш тилкеде тажикстандык аскерлер кыргызстандык чек арачынын машинесине таш ыргытышкан.

Чек ара кызматынын Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Абдиев билдиргендей, окуя 4-ноябрда Лейлек районунда, Арка-Борбордук автожолунун транзиттик тилкесинде, “Бостон” май куюучу бекеттин жанында болгон:

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкери өзүнө тиешелүү “Хонда аккорд” үлгүсүндөгү автоунаасында ал жерден артка кайрылып жаткан. Ошол учурда Тажикстандын беш аскер кызматкери автоунааны ташбаранга алышкан жана кыргызстандык чек ара кызматкерин кармап алуу аракетин көрүшкөн. Чек ара кызматкери жабыркаган эмес, бирок анын машинесинин айнектери сынып, зыян келтирилди. Бул факт боюнча териштирүү жүргүзүлөт. Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганч багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү пландалууда”.

Тажикстандын расмий органдары окуя тууралуу маалымат бере элек.

Чек ара сызыгы толук такталып бүтө элек болгондуктан бул аймакта түрдүү чыр-чатактар токтобой келет. Быйыл жазында Баткен жана Лейлек райондорунда куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. Кыргызстан чек арасын бир тараптуу жаап койгон.

4-ноябрдагы окуя Кыргызстан чек арадан кирип-чыгуу тартибин кайра жеңилдетип баштаган жана өкмөт жетекчилери ортосунда кызматташтык тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлгөн учурга туш келип олтурат.

 

 

 

Эрбол Султанбаев: Президенттин чек ара тууралуу айтканын бурмалап жатышат

Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандарын айрым кызыкдар тараптар бурмалап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, социалдык тармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда. Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет”, – деп белгиледи Султанбаев.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроого жооп берген. Анда чек ара маселесин чечүүдө негизги төрт көйгөй бар экенин белгилеп, Тажикстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы айрым жерлер боюнча позициясын Кыргызстан эч качан кабыл албай турганын билдирген.

Президент маалымат жыйынында Тажикстандын Мургаб району тууралуу да айтып өткөн.

Мындан кийин буга Тажикстандын демократиялык партиясынын (ТДП) билдирүүсүн коңшу өлкөнүн бир катар басылмалары жарыялады. Партиянын лидери Саиджафар Усмонзода журналисттерге комментарий берип, президент Жапаровдун сөзүн “чек ара маселесин чечүүдөгү басым” катары баалаган.

Быйыл 28-30-апрелден 1-майга чейин уланган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Лейлек: Жийделик айылына баратып тажиктер тарабынан кармалган кыргыз жараны бошотулду

26-сентябрда Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен делген Лейлек районунун Жаштык айылынын 26 жаштагы тургуну Орозбек Мирзаев “Кулунду” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Бул маселе Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилигинин сүйлөшүүсүнөн кийин чечилген.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 26-сентябрь күнү түштөн кийин Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну келинчеги менен Тажикстандын этникалык кыргыздар жашаган Жийделик айылына бараткан учурда автобустан Тажикстандын күч кызматтары кармап кетишкен.

Бул окуя боюнча тажик тарап расмий билдирүү бере элек.

23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер алып кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин тургундар бошотулган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар байма-бай катталып турат. Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган, жүздөгөн имараттар кыйраган. Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Тажик күч органдары кармаганы айтылган Лейлектин тургунун бошотуу аракети көрүлүүдө

Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун кайтаруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн бүгүн, 27-сентябрда билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 26-сентябрь күнү түштөн кийин Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну келинчеги менен Тажикстандын этникалык кыргыздар жашаган Жийделик айылына бараткан учурда жүргүнчү ташыган автобустан Тажикстандын күч кызматтары кармап кетишкен. Бул маселе боюнча Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облус жетекчилиги да телефондон сүйлөшкөнү маалым болду.

Бул окуя боюнча тажик тарап расмий билдирүү бере элек.

23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер алып кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин тургундар бошотулган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар байма-бай катталып турат. Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган, жүздөгөн имараттар кыйраган. Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында окуучулар сабалды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкун Жоробаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, окуя 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон.

“Алдын ала маалымат боюнча кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу кыргыз балдарын токмоктоп койгон. Кыргызстандык окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилди. Абалы жакшы”., — деди Жоробаев.

Бул окуядан кийин Баткен районунун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн, атайын кызматтын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Тажикстандын Исфара районунун башчысы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолукту. Жыйынтыгында эки тарап чек ара аймагында жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзам бузгандарга чара көрүү тууралуу макулдашууга келди. Чек ара аймагында абал тынч.

Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Меню