Menu

Россия-Украина согушу

Идрис Кадыркулов, элчи: "Украина тарапта согушка катышып жаткан кыргызга аскердик иш-аракеттерге катышпоо керектиги бир нече жолу эскертилген"

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов бул өлкөдөгү согушка катышканы айтылган кыргызстандык жаран тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

Ал элчилик Украинанын аймагындагы кыргызстандыктар тууралуу кабардар экенин, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иш козгогон адам тууралуу да толук маалымат бар экенин белгилеген.

“Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен. Бирок ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Ал жаран аймактык коргонуу кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөнү билинген. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген”, – деп жазган элчи.

УКМК кыргызстандык жарандын Украинадагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармактардагы баракчасын тапканын 14-майда маалымдаган. Атайын кызмат аккаунттун ээси 2021-жылы Украинага эмгек миграциясына чыгып кеткен Кыргызстандын К.у.А. аттуу жараны экени такталганын жана ага карата кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышканы же террористтик акт жасоого даярдыгы”) кылмыштын негизинде Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Киев орус күчтөрү 24-февралда Украинага басып киргенден бери Орусия 25 миңден ашуун аскерин жоготконун кабарлаган. Москва оор жоготууларды моюнга алганы менен өлгөндөрдүн так санын атай элек.

Согуш башталгандан бери Украинанын аймагында Орусиянын жарандыгын алып, армияда кызмат өтөгөн үч кыргызстандык каза болду. Алардын сөөгү Кыргызстанда орус желеги менен жерге берилгени коомчулуктун сынына кабылган.

Иманкадыр Рысалиев: Украина сабактары

Биз Укранинадагы абалга сүңгүп кирип карабай эле коелу, анткени биздин өлкө нейтралитет шартында жашап, иштеп, күнүн көрүп жатат. Биз таасир эте албаган азыркы мындай шарт-жагдайлар менен эсептешип жашашыбыз керек болуп турат. Андан көрө өзүбүздүн көйгөйлөрүбүз тууралуу сүйлөшөлүчү… Украинада болуп жаткан окуялар бүт дүйнө жүзүнө жана өзгөчө бизге армиянын өзгөчө ролун жана маанилүү экенин көрсөтүп койду. Тажикстан менен болгон биздин чек арада болуп жаткан кагылышуулардан улам, биз дайыма аскердик даярдыкта турууга аргасыз болуудабыз.

Мындай кырдаалда биз кандай аракеттенишибиз керек жана  эмне кыла алабыз?

Россия менен Украинанын ортосундагы курчуп бараткан абал жана анын масштабдары күчөгөндөн күчөп, учурда сен жок кылбасаң, сени жок кылат! деген миң жылдык согуш логикасы иштеп баштады. Россия 40 өлкөдөн турган коалиция менен күрөшүп жатат, бул өлкөлөр өздөрүнүн демократиялары, өз жашоо мүнөздөрү үчүн жана эки дүйнөлүк согушту башынан өткөрүү менен жеткен дүйнөлүк тартиби үчүн күрөшүп жаткан, эң бир өнүккөн өлкөлөр болуп саналат. Же ушундай жагдай түзүлүп калдыбы, же эки славян өлкөсүнүн саясатчыларынын амбицияларынанбы, айтор, азыр батыш жамааты Россия менен Украинанын аймагында согушуп жатат, анын жарандары  курмандыкка чалынып жатат. Украинага уламдан улам көптөн берилип жаткан курал-жарак аны Россиянын чектерине улам жакындап бараткан чөкпөс кемеге айландырып койду. Эгерде НАТО Украинадан орустарды сүрүп, аны коргоп кала алса, анда калп эле коргоочу деп аталган альянстын ракеталары Россиянын борбор аймактарына тез арада эле учуп жете турган жакындыкта жайгаштырылып калышы ажеп эмес. Мындай каршылаш жагдайда андай же мындай деш кыйын, анткени согушуп жаткан тараптар кайта турган чектен өтүп кетип, ядердик согуштан баш тарта албай, ал эмес андан ары дүйнөлүк ядердик апокалипсисти да токтото албай калышы мүмкүн болот …

  • Украина учурда 40 өнүккөн өлкөнүн экономикасы колдоп турган регионалдык аскердик державага айланып калды, эми бул жагдайда коррупцияга аралашып калган армия – бул ишенимсиз коргоочу, ишке жарабай турган жоокер болуп калаарын моюнга алыш керек.

Биринчи сабак: биздин кичинекей өлкөбүздө армияда коррупция болсо, анда Кыргызстан мамлекет катары жок болот дей бериңиз! Бул маселе өтө орчундуу орунда туруп, ага жараша армияда коррупциянын болбошу үчүн эң катаал чаралар көрүлүшү кажет. Азыр геосаясаттык дүйнө тез арада эле өзгөрүлүп, жаңы дүйнөлүк тартип орноп жатканын эске алсак, айрым мамлекеттерди башкалары жутуп алып, алардын жок болуп кетиши – бул эзелтен келе жаткан тарыхый практика болуп эсептелет. Биринчи кезекте бийлик институттарын жана күч түзүмдөрүн коррупция баскан мамлекеттер урап, жок болот.

  • Анализдер көрсөткөндөй, азыркы учурда биз да, үй-бүлөлүк клан башкарган Тажикстан да Афганистан менен болгон чектерибизде россия дивизиясына ишенбешибиз керек, алар кубаттуулуктарын каалаган маалда Украинага жөнөтүп жиберсе, Американын аскери жыйырма жыл күрөшүп жеңе албаган афган Талибандары менен өзүбүз жекеме – жеке калып кетебиз. Учурдагы абалда афган Талибанынын идеологиясы жана мамлекеттик түзүлүшү эч бир кыйынчылыксыз эле Тажикстанга кирип келет. Мунун себептери эң жөнөкөй, үй-бүлө кланынын башкаруусу кандай болбосун мамлекеттин пайдубалын бошоңдотуп коет. Бул тенденция бизге да түздөн-түз тиешелүү…

Талибандын күчү эмнеде?

Коррупциянын жоктугунда, адилеттүүлүккө болгон ишенимдин күчтүүлүгүндө жана катаал аскердик тартипте. Биз буга каршы эмнебизди кое алабыз? Талибанга бир гана нерсе каршылык көрсөтө алат, ал: армия менен элдин биримдиги. Эгерде тажик Талибаны кол сала турган болсо, биз аз убакыттын ичинде окутулуп, даярдалган элибизди мобилизациялоого жана куралдандырууга жетише алгыдай чараларды мамлекет иштеп чыгып берүүгө милдеттүү. Демек, бизде аскердик окууларды гана өткөрбөстөн, резервисттер менен тынымсыз иш алып баруу кажет.

Армия бул мамлекеттин кузгүсү, жүзү, өзүндүн армиянды камкордукка алып, бага албасан, бирөөнүкүн багууга туура келет. Бул элдик накыл кылымдар бою тастыкталып келген, а бүгүн болсо болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турган чагы.

Садыр Жапаров Россия-Украина окуяларын согуш деп атап, калыстык позициясын билдиргендин эртеси Тажикстан Кыргызстанды көздөй ок атты

Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.

Окуя болгон жерге тажик чек арачыларына башка да аскерлери жардамга келгени, натыйжада алар көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракет кылышканы, бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени маалым болду.

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, атышуу башталып, 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү дароо телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, аскерлерди окуя болгон жерден алууну жана кошумча күч-каражат тартпоону макулдашышты. Сүйлөшүү уланууда.

Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келерин билдирди.

Ал ортодо “Озоди” радиосу Исфарадагы өз булактарына таянып, чек ара окуясынан курман болгондор бар экенин кабарлады. “Окуя нөөмөттөгү тажик чек арачылары алмашып жаткан учурда болду. Нөөмөткө жаңылар келгенде кыргыз чек арачылары аларды кемсинтип, эскертүүсүз эле биз тарапты көздөй ок атышты. Жыйынтыгында бир тажик чек арачысы каза болуп, бир дыйкан жаракат алды”, — деп билдирген булак.

“Озодинин” билдирүүсүндө бул маалыматты Исфара шаардык ооруканасынын дарыгерлери да ырастаганы айтылган. Азырынча Тажикстандын расмий бийлиги чек арадагы курал колдонулган бул окуя боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ 9-мартта КР Президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө “бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип атканын көрүп жатабыз…  Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек”, – деп билдирген.

Садыр Жапаров Кыргызстан орус-украин тирешинде калыс позицияны карманарын билдирди

Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кумтөр маселеси талкууланган жыйында билдирди.

“Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз, согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт, ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек”.

Президент доллардын куну көтөрүлүп, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасы кымбаттап баратканын, мындай абалда амбицияларды артка калтырууга, негизсиз сын-пикирден карманууга чакырды.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда.

Москва кошуна өлкөгө басып кирген 14 күндөн бери БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси 400дөн ашуун карапайым кишинин каза болгонун каттады. Кеңсе ошол эле маалда жоготуулар мындан эселеп көп болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Эң оор абал Кара деңиздеги Мариупол шаарында түзүлдү. Бир нече күндөн бери калк таза суу, жылуулугу жок отурат, канализация системасы керектен чыкты. 430 миң калкы бар калаанын жарымынан көбү чыгып кетүүгө аракет көрүүдө.

Киевдин жака белиндеги Ирпендин тургундарын да коопсуз жерге көчүрүү аракети уланууда. Жергиликтүү тургундар шейшембиге караган түнү катуу аткылоого дуушар болгонун айтып беришти.

Меню