Menu

Баткен

Баткендеги чек ара жаңжалында кыйраган 60 үй курулуп бүттү

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараксыз абалга келген 140 үйдүн 60ы бүткөрүлүп, 15ине үй ээлери киргизилди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 29-июлдагы отурумунда Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Рыскелди Момбеков Баткенде салынып жаткан үйлөрдү бүткөрүү кечигип жатканын сынга алды.

Министрдин орун басары Иманалиевдин айтуусунда жеңил конструкция менен салынчу Түркиядан келген үйлөр жана аны салган инженерлердин кечигүүсүнөн убакыт созулуп кетти.

Буга чейин 21-июлда үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жатканына нараазылык билдирген жыйырма чакты тургун Баткендеги акимчиликтин алдына чогулган.

2-июлда Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган 29 үй жаңыдан курулуп бүтүп, ээлерине тапшырылган. Тажик бийлиги куруп берген ар бир жаңы үйгө кеминде 130 миң сомони (11 миңден ашык АКШ долларын) сарпталган.

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кырдаал жайгарылды

24-июлда Баткендин Көк-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымат таратып, кырдаал жайгарылганын билдирди.

Расмий маалыматта, Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде эки тараптан тең чек арачылар ок чыгарганы айтылат. Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон.

“Учурда абал туруктуу, жеринде эки тараптын чек ара кызматтары, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Жараат алгандар жок”, – деп айтылды облустук бийлик тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткендин Кум-Мазар жеринде тажик жарандары кыргыз тарап менен макулдашпастан тазалоо иштерин жүргүзүп баштаганда чатак чыгып кеткенин кабарлады.

“Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барышкан. Тажик тургундары кыргыз тараптын иш-чараларды токтотуу талабына көнгөн эмес. Эки тараптын кайым айтышуусу мушташ, бири-бирине таш ыргытууга жеткен. Кыргызстандын чек арачылары ок чыгарып, ага жооп катары тажик чек арачылары ок аткан. Кыргыз тарапта жаракат алгандар жок”, – деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү окуядан кийин жолугуп сүйлөштү. Жолугушууга эки тараптын жергиликтүү бийлик башчылары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы катышкан.

“Кыргызстандын Кум-Мазар жана Тажикстандын Сомоньен жерлеринде кандайдыр бир чарбалык иштерди жүргүзбөө тууралуу макулдашылды”, – деп айтылды Чек ара кызматы тараткан билдирдүүдө.

Чатактарды алдын алуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары менен күч кызматкерлери биргеликте иш алып бармай болду.

Баткен милициясы: "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак болгондугуна байланыштуу КР ИИМи кайтарууга алып, толук көзөмөл жүргүзүп турат, абал туруктуу

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы “Головной” участкасындагы суу бөлүштүрүүчү жайга тажик тараптын видеобайкоо коюлду деген маалыматына төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.
Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан атайын кайтарууга алынган. 2021-жылдын 28-апрель күнү кыргыз тажик ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал жерге орнотулган видеокөзөмөлдөр таш ыргытуудан улам талкаланып, жараксыз абалга учураган.
Бүгүнкү күндө жабыркап, талкаланган жерлер кайрадан калыбына келтирилип, эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушкан.
Азыркы учурда аталган аймакты Кыргыз Республикасынын ИИМи кайтарууга алып, толук көзөмөл жүргүзүп турат, абал туруктуу.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды.

Эки күндүк сапар алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Жалал-Абад облусуна барат.

Сапардын жүрүшүндө Улукбек Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышып, табийгат кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушат.

Буга чейин тийиштүү мамлекеттик органдарга тийиштүү авариялык-калыбына келтирүү иштерин кыска мөөнөттө жана толук көлөмдө жүргүзүүсү тапшырылган.

Мындан тышкары, сел кырсыгынын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык көмөк көрсөтүлмөкчү.

Кыргыз тарап чек арадагы атышуу тууралуу маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышууга тажик чек арачылары себепкер деп билдирди.

“Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районундагы чек ара аймагында жайгашкан Наумин ашуусунда атчан баратып, Чашмагилдан тилкесинде Тажикстандын чек арачыларынын чабуулуна кабылган. Натыйжада, эки тараптан тең ок атылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Ага ылайык, Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Эки тараптан тең бул окуя териштирилип жатканы маалым болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу 8-июлда, саат 16:00 (Тажикстандын убактысы боюнча 15:00) чамасында болгону маалымдалган. Окуяны Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери талкуулап, анын себебин чогуу иликтөөнү чечкенин кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсү 1 млн сомдон, жабыркаган 67 үй-бүлө 24 млн сом кенемте алышты

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсү бир миллион сомдон кенемте алды.

Чатакта жабыркаган дагы 67 үй-бүлөгө тарткан зыянына жараша 50 миң сомдон бир миллион сомго чейин акча төлөнүп берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев 6-июлда басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, кенемте үчүн жалпысынан бюджеттен 51 миллион сом каралган.

Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө тең кылмыш иштери козголгон.

Чек ара: Эл аралык кылмыш соту кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады

Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокуратурасы кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады. Бул тууралуу юрист, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды иликтеген жарандык коомдун өкүлү Сания Токтогазиева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Юристтер Кыргызстандын жай тургундарына каршы Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен 6-июнда Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кат жолдошкон.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланган.

Видео - Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Баткенден келген балдар менен кезигишти

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана туристтик милициянын кызматкерлери «Кырчын» жана «Барчын» балдар лагерлеринде болушуп, 28-30-апрель күндөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун балдары менен кезигишти.
Балдардын эң белгилүү фольклордук ырларынын бири болгон “Ай чыкты карачы” ырын, жолугушуунун катышуучулары балдар лагеринин сахнасында ырдашып, булутсуз балалык сезимин, аларга болгон тилектештигин жана балдар Кыргызстандын сыймыгы экендигин даңазалашты. Ал эми туристтик милициянын кызматкерлери балдарды келечекте укук коргоо органдарында иштөөгө кызыктыруу максатында, өздөрүнүн кызматы жөнүндө айтып беришти.
«Бул акция менен биз жаш муундарды тарбиялоодо чоңдордун маанисин баса белгилегибиз келет. Ал эми ыр адамдар үчүн эӊ бир чоӊ мотивация болуп саналат, бул жашоодон ырахат алууга, жакшы маанайда болууга жана башкаларга жылмаюу тартуулоого жардам берет», – деп белгиледи Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев.
Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери балдарга жайкы каникул учурунда негизги коопсуздук эрежелерин эскертип, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча сунуштарын беришти. Коштошуп жатып, балдар жайкы каникул күндөрү эч кандай окуясыз өтүшү үчүн, формачан келген меймандарга бардык коопсуздук эрежелерин сактоолору боюнча убадаларын беришти.

УКМК: Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо жана берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып бөгөт коюлду

УКМК ГКНБ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын системасындагы кызмат адамдарына расмий документтерди жасалма жол менен берүү жана каттоо үчүн туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Натыйжада 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасалма документтердин негизинде Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилген.

Такталгандай, Баткен шаарынын мурдагы мэри «С.С.» Баткен шаарынын жасалма токтому менен ар жер тилкесин 40 миңден 70 миң сомго чейинки акча каражатына берип турган. Ошол эле учурда, Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары “Э.К.”, ушул жасалма токтомдордун негизинде 100 сомдон 200 миң сомго чейинки акчага жер участокторун бөлүп берүү үчүн архитектуралык документтерди даярдаган. Өз кезегинде, тиешелүү документтердин аткарылышы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси «Н.Б.» тарабынан жүргүзүлүп ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турганы аныкталды.

Баткен шаарынын тургундары “С.Ж.” жана УД, ортомчу болушуп, кардарларды таап бергендиги үчүн 60 миңден 100 миң сомго чейин алып турушкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «С.С.», «Э.К.», «Н.Б.», «С.Ж.»  жана «У.Д.» кармалып Баткен областтык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалымат үчүн, бүгүнкү күндө бир жер тилкенин орточо баасы 400 миң сомго жакын экендиги белгиленди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өзбекстан Баткендин Самаркандек айылына жаңы мектеп салып берет

Өзбекстан Баткен облусунун Самаркандек айылындагы жатак мектептин ордуна жаңы мектеп салып берет. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы кабарлады.

Маалыматка караганда, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Базаров баштаган делегация менен жолугушкан.

Жетекчилер эки тараптуу алаканы арттырууну макулдашкан.

Жолугушуу учурунда Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилери 70 жылдык тарыхы бар, эскилиги жетип турган гимназиянын имаратын заманбап мектеп катары салып берүүнү убадалаган.

23-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчылары Ферганада жолугушуп, үч мамлекеттин ишкерлеринин бизнес-форуму өткөн.

Ага Кыргызстандан Баткен облусунун мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражобий Ахмодзода, Өзбекстандын Фергана дубанынын губернатору Хайрулло Бозоров баштаган делегация катышкан.

Сүйлөшүүлөрдө экономикалык кызматташтык талкууланганы айтылган.

Меню