Menu

Мирлан Бакиров, вице-спикер: “Баткенде бийиктиги 85 метрлик дамба курулган, ал сел учурунда бир саатка чыдаган эмес”

Бөлүшүү:

Баткен облусунда бийиктиги 85 метрлик дамба курулган, ал сел учурунда бир саат да тура алган эмес. Мындай пикирди бүгүн, 6-майда парламенттин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

Вице-спикер бир жылда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иш-чараларына бюджеттен канча сом бөлүнөөрүн сурады.

Замирбек Аскаров: “400 миллион сомдун тегерегинде”,- деп жооп берди.

Мындан тышкары Бакиров “Бир гана Исфанада келтирилген зыян 55 миллион сомду түздү. 85 метрге созулган дамба сапаты начар болгондуктан бир саатка да тура алган жок. Бул туурабы?”,- деп сурады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынан.

“Ооба, туура айтасыз, мындай дамба курулган. Анын жарымы эле бузулду, бирок өзүнүн коргоочу функциясын аткарды”, – деп жооп берди министр.

“Ушунчалык көп акча жумшалып ал бир саатка турду. Мен буга кандай баа берүүнү билбейм”, – деп жооп берди вице-спикер.

Ал эми Махабат Мавлянова мындай сапатсыз объектти курган компания кандай жоопкерчиликти тартарын сурады.

“Буга чейинки сел жүргөн жерлерде алдын алуу иштери болгонда. Эми бул жерде суроо жаралып жатат. Алдын алуу иштери болсо эмне себептен туруштук бере алган жок? Ал кандай күч менен келет эле, проект ошого жараша жасалышы керек болчу. Жасаган компаниялардын жоопкерчилиги болобу же жокпу, бул жагы кандай болот?”,- деди ал.

“Исфанада жээкти коргоо иштери болгон. Компания тендерден утуп, объектти курушту, бирок ал селге туруштук бере албай калды. Сел кумду жана цемент тосмону алып кеткен, бирок бул объект коргоочу функцияны аткарды. Биз ошого карабастан салган компанияны чакырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларга биз дамбанын сапаты начар жасалгандыктан, кайрадан өзүңөрдүн эсебиңерден жасайсыңар деген талаптарды коюп жатабыз”,- деди Замирбек Аскаров.

Мавлянова бул ишти укук коргоо органдарына тапшыруу керектигин белгиледи. Ал эми Аскаров буга макул болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: