Menu

Видео – Ошто сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап алууга шектелген сот аткаруучуну кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, жакында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык
башкармалыгына кызмат адамы тарабынан коррупциялык багыттагы мыйзамга каршы иш-аракеттеринин жасалып жатканы жөнүндө маалымат келип түшкөн. 30 жаштагы А.Б. аттуу
жаран арыз менен кайрылып, Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты боюнча  топтолгон материал КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан КРнын Жазык кодексинин 326-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын жана  атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында белгиленген 50 000 сом акча каражаты табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: