Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 12 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Алардын айтымында, райондун “Водохранилище – Шекафтар – Пап” жолунун 12 чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Учурда жол тегиздөө иштери жүрүп, ага 18 атайын техника тартылган.
Жумуш аткарууну “Амантур-Сервис Строй” ЖЧКсы тендер аркылуу утуп, анын жалпы баасы 124 миллион сом деп бааланган. Сарпталуучу каражат райондун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.
Асфальттоо иштери бүткөрүлсө Ала-Бука районун 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек жана Чаткал районунун Сумсар айылдарынын 30 миңден ашуун калкынын райондун борборуна баруучу каттамы жеңилдейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ