Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Жанарбек Надырбеков, Апрель Баатыры: "Аксыда 22-февралга белгиленген митинг өткөрүлбөйт, бизге стабилдүүлүк керек"

Аксы районунун Кербен шаарында үстүбүздөгү жылдын 22-февралына белгиленген митинг өткөрүлбөйт. Бул тууралуу аталган райондун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты, Апрель элдик революциясынын баатыры Жанарбек Надырбеков Жалал-Абад шаарындагы “Көк-Арт инфо” маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 10-февралда митинг өткөрүшүп, ага 300гө жакын адам катышкан. Анда бийликке 5 талап коюлган. Эң негизгиси, соцфонддун төлөмдөрү элди көбүрөөк кыйнап жиберди, төлөмдөр азайтылсын, мүмкүн болсо мурдагы калыбына келтирилсин – деген катуу талап коюлган.

“Экинчи талабыбыз, мамлекет тарабынан берилип жаткан жөлөк пулдар жаш ата-энелерге берилбей жатат. Балдардын ырыскысын кеспей, мүмкүн болсо тегиз берилсин. Үчүнчү талабыбыз, электр энергиясынын баасы мурдагы калыбына келтирилсин, тактап айтканда арзандатылсын, түшүрүлсүн. Төртүнчү талабыбыз  камсыздандыруу жөнүндө, бешинчиси чек ара маселелерин тездетип чечип берүү боюнча жогорку бийлик органдарына жөнөткөнбүз. Президент А.Атамбаев тарабынан соцфонддун төрөгасы М.Абылгазиев кабыл алынып, элдин нааразычылыгын пайда кылган мыйзам кайрадан кылдат изилденип, элдин көйгөйүн чечүүгө ылайыкташтырылып, соцфонд төлөмдөрү кайра кайтарылды. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин комитеттеринде электр энергиясынын баасы боюнча маселе каралып жатат. Анда 700 кВт/сааттан кийинки кошумча менимче алынат”, – дейт Ж.Надырбеков.

Ошондой эле, Аксы районунда акимчилик менен социалдык коргоо кызматкерлери айыл өкмөттөрдү кыдырып, жөлөк пулдар боюнча көнүл буруулар болуп жатат.

“Чек ара меселеси бүгүн же, эртең чечилип кетет дегенден  алысмын. Жакынкы аралыкта чечилип кетет деп бийликке ишеним артып отурабыз. Азыркы убакта өкмөт тарабынан элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүгө багытталган бир топ иштер башталды. Биз ага шарт түзүп, эл расында стабилдүулүктү сактоого чакырып кетебиз. Анткени көтөрүлгөн социалдык маселелер бир гана Жалал-Абад жергеси үчүн эмес, өлкөбүздүн бардык региондоруна тиешелүү экени баарыбызга маалым. Ошондуктан жалпы журтубузду  сабырдуулукка  чакырабыз!”, – дейт Ж.Надырбеков.

Анархан Жаңыбаева,

“Кабар инфо” маалымат борбору

Болгарияда өткөн эл аралык «Sofia Trophy» муз үстүндөгү бий турниринде Медина Кутманова коло медалга ээ болду

2016-жылдын 11- февралында Болгариянын София шаарында Эл аралык “Sofia Trophy” муз үстүндө бий мелдеши өттү. Муз үстүндөгү бий мелдешине дүйнөнүн 27 мамлекетинин спортсмендери катышышты.

Кыргызстандын атынан Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин “Сейтек” башталгыч мектебинин окуучусу Кутманова Медина катышты. Бардык топтогон упайларынын жыйынтыгы менен биздин окуучубуз коло медалга ээ болду.

Медина Кутманова мурун дагы көптөгөн муз үстүндөгү бий мелдештерине катышып келген. 2014- жылдын мартында Казакстанда  болуп  өткөн  Азия  мамлекеттеринин  ортосунда  болгон “Муз  үстүндөгү  бий”  мелдешинде дагы  3-орунду  алып келген. Ошондой эле, 2015- жылдын декабрында Кыргызстанда өткөн муз үстүндөгү бийи менен биринчи орунган ээ болгон. Ал 5 жашынан баштап муз үстүндөгү бий менен машыгып келет.

Азыркы ханыбыз Манас боло албады. Кыргыздын шоруна бүткөн бүгүнкү Абыке менен Көбөштөр

Шордуу эл окшойбуз кыргыздар. Эгемендүү эл болгондон бери жакшы ажого жарыбай койдук. Төрт президент өлкөнү башкарса да арабабыз алдыга карай жылбады. Арабаны тартчу өгүздөрүбүз өзүнүн, жакындарынын курсагы тойгонуна карт болуп, арабада олтурган шордуу кыргызды такыр ойлободу. Акаевди, Бакиевди деле башында президент кылып шайлап, бийлик башына алып келгенде мактаганбыз. Топчубек Тургуналиев авабыз ак калпагын кийгизген. Эми башкача жашоо болот деп арабаны араң кылдыратып жүргөн кыргыз элинде азгына болсо да үмүттүн шооласы жанган. Анан экөө тең Теңирден тескери кетишти. Алар өздөрү үй-бүлөөсүнүн айтканынан чыга албай, азыркы кейпин кийди деп айтуу туурадыр. Бирок, колуна кол, бутуна бут болуп, чырмоок чөптөй чырмап алып, “Сизден өткөн акылман башкаруучу жок” деп мактап жанында жүргөндөрдүн салымы Максим менен Айдардын кылыгынан ашса ашат, такыр кем калбайт. Ошол адамдар азыр деле ошол ишин улантып, бүтүндөй мамлекеттик кызыкчылыктан өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын жогору коюп, ажону айга-күнгө теңеп эт чайнап жүрүшөт. Жакын арада өз жазаларын алаары да күмөн. Кептин баары ушунда…

Манас каза болгондон кийин апасы Чыйырды менен аялы Каныкейди чүрпөсү Семетей менен кошо жеринен кууп чыгып, башка жакта тентитип, мал-мүлкүн талап алган айкөлдүн бир туугандары Абыке, Көбөштөр эмес беле. Алар кыргызды ойлогон эмес, бийликти гана эңсеген. Элди ойлогонго ал адамдардын аң-сезими жетмек да эмес. Тескерисинче, элдин эсебинен жыргап жашайбыз дешкен. Бүгүн да кыргыз эли ошол Абыке менен Көбөш башкарган заманга туш болуп, булардан бизди качан куткарат деп Семетейди күтүп олтурабыз.

Экс-президенттер албетте Манас эмес. Алар деле бир дүнүйөкор, өз элинин ырыскысын чачкандан кайра тартпаган, акча дегенде өлкөсүн саткан ажо экенин көрүп-билбедикпи. Атамбаев президент болгондо дагы дүнүйөкорлордон, саткындардан кутулдук, элди ойлогон ажо келди деп кубанган элдин көпчүлүгү. Ошол кубаныч азыр бир да жандын жүзүндө байкалбайт. Кайрадан эле Абыке менен Көбөштүн башкаруусунда жашап калгандай, мүңкүрөп, кыйчылдаган арабасын сүйрөп жүрөт. Бул бийлик деле ошол Абыке менен Көбөштүн урпактары тура, атүгүн. Булар каатчылыктан кыйналып турган кыргыз элин аяп койчу, жонунан кайыш тилгенин токтотчу түрү жок. Суук колдорун элдин капчыгына салгандан коркпой калышты. Ажо болгон Атамбаев элди аралап, чыныгы жашоо кандай экенин билгиси да, көргүсү да келбегендей. Кетээр күнүн санап, аман-эсен кетсем экен дегенсип эптеп өткөн күнүнө тобокел келтирип олтурат. Ушунун өзү Абыке менен Көбөштүн жүргүзгөн саясатынан ныпым айырмаланбайт.

“Манас” эпосунда Каныкей эмчектеги баласы менен  биздин ажобуз айткандай “Таластыктар эл болбойт” деп өз атасынын үйүнө качат. Азыр бизде “Өлкөбүз оңолбой калды, келечеги жок” деп мекендештерибиз Россияны көздөй жалгыздап эмес, оптом качып жатышат. Бул бүгүнкү Абыке менен Көбөштүн жүргүзгөн “эл үчүн” деген саясаты. Көртирилик кыйындап, өз жеримде ачка олтургандан көрө, бөтөн жерде көчө шыпырсам курсак тоёт деген эл электр энергияга, жылуулукка болгон бааларды көтөрүп, үйүң менен алдыңдагы машинаңды камсыздандырбасаң айып пул төлөйсүң, биометрикадан өтпөсөң шайлоого катышпайсың, балдарыңа туулганы тууралуу күбөлүк албайсың, ооруганда эч жерге көрүнө албайсың деп коркутуп-үркүтүүдөн кийин айласы жок иш издеп тентүүгө аргасыз болуп жатат да. Же алар керемет жашоодо жашап, кыларга иши жок зеригип дүйнө кыдыргысы келген туристтерби бүгүнгү Абыке менен Көбөштөр? Өткөн макаламда электр энергиясына болгон бүгүнкү баа акыркысы эмес, аны мындан да көтөрүүгө аракет кылышат деп айттым эле. Бир жума өтпөй жатып электр энергиянын баасы апрелден баштап дагы көтөрүлөт деген сөзүн бийлик өкүлдөрү айтышты. Бүгүнкүлөрдүн бул жүрүшү өз темпинен жазбаса, көтөрүлгөн баа дагы акыркысы эмес. Бул бийлик бааларды көтөрүү менен кыргыздан Нескаранын өчүн алгандай эле болуп жатат. Баалардын көтөрүлүшү жөнүндө бийликтин лөктөрүнүн бири “Мен келечек муундун, балдардын жарык жашоодо жашашын каалайм. Биз келечекти ойлоп атабыз. Бакиев “Северэлектрону” менчикке өткөзүп, андан кийин бааны көтөргөн. Андан түшкөн акча баласы Максимдин капчыгын кампайтчу. Азыр эч ким менчиктеп алган жок. Баалар өлкөнүн казынасына түшүп жатат” деп айтты. Капырай, кана өлкөнүн казынасына түшүп жаткан акча? Казынага элдин акчасы түшүп жатса, эмне үчүн кайра эле элдин өзүнө жумшалбайт? Жантөрө Сатыбалдиев айткандай, азыр казына “пустой” болуп турбайбы! Электр энергияны коңшу өлкөлөрдөн сатып алабыз деп бааларды көтөрүп жатышпайбы. Казынада акча болсо ошол акчага сатып алып, элге мурунку тариф менен берсе неге болбосун? Же сөзсүз элден акча чогултуш керекпи?

Мурун бийликтин Абыкеси-Жогорку Кеңеш, Көбөшү-соттор болуп, аталары Акаев менен Бакиевди балдары Айдар, Максимди чалчактатса, азыр Абыкеси-Жогорку Кеңеш, Көбөшү-Өкмөт менен соттор, атасы Атамбаевди ошондой эле чалчактатып келет. Акаев менен Бакиевдин кылмыштуу иштерин мыйзамдаштырып берген дал ушул Абыке-Жогорку Кеңеш болуп келген. Аны эч ким тана албайт. Президентибиз Алмазбек Атамбаев да муну чындык деп санайт болуш керек. Ошондуктан, ошол кездеги системаны кош колдоп, президенттин айтканынан чыга албай, кыргыздын келечегине каршы иш кылган депутаттар, парламенттин төрүндө олтурган төрагалар да элдин алдында жооп берүүгө тийиш. Ошол эле Үзөңгү-Кууш, ошол эле Каркыра, ошол эле Кумтөр кенинин келишимдери, ГЭСтерди күрөөгү коюу боюнча мыйзамдар, ЦАРИИнин түзүлүшү, деги койчу Акаев менен Бакиев кандай “былык” иштерди жасаса, Жогорку Кеңеш мыйзам менен бекитип берип жатпадыбы. Анан Абыке болбогондо ким, булар? Балким андан да ашкан суу тумшук адамдардыр! Эгерим, жакшы сөз айтууга арзыбайт. Бүгүн деле ошол абал. Андан ашты, такыр кем калган жок. Атамбаевге Конституцияда көрсөтүлбөгөн укуктардын баарын “Сиз алыңыз!” деп учаа тарткандай тартуу кылып олтурат. Бийлик бутактарын президентке сунулган учадан кийинки жилик сымал бөлүштүрүп алышты. Президент тараптан кандай сунуш келсе баарына макул, өз пикирин айтууга дарамети да жетпейт. Шайлоого  атасынан “добро” алып партиянын тизмесине кирип жатса, кантип каршы пикир айтканга жарамак эле кургурлар. Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндей эрке-талтаң мамлекеттик орган чанда кездешет болуш керек бул дүйнөдө. Өзүлөрүнө ылайыктап мыйзам жазышат, регламентин бекитишет, бюджетин кабыл алышат. Мамлекет үчүн кылган иши билинбегени менен, мамлекеттин эсебинен олчойгон каражат алышып жүрүшкөнүнө жол болсун. Айрым фракция лидерлери өздөрүн Кудаяр хан сезип алышкан. Айтканым айткандай, дегеним дегендей болот деп, өзүнө жакпаган депутаттарды четинен мандатынан ажыратып атат. Элге берген убадасы азыр онунчу орунда, мандатты эптеп пулдасам деген максат алдыга чыкты. Соода жагынан парламент “Дордой” базарынан кем калбады. Бүгүн ырынан чыры көп, өтө саясатташкан бул органды “кесип” ташташ керекпи деген ой келбей койбойт. Себеби, чырдын баары ушул жерден башталып, ушул жерден бүтүп жатат. Мамлекеттик органдардын туруктуу иштешине кедергисин тийгизгенин айтпа. Куудулдарды соттош керек дегенден башка проблема жокпу, Жогорку Кеңеште? Айтор, эл өкүлдөрү майдаланып, мыйзам чыгаруучулар эмес, соодагерлер болуп кетти. Негизи парламенттин мыйзамын коомчулук, интеллигенция жазыш керек. Мына ошондо “өзүн өзү билген” Жогорку Кеңешке чек коюуга болот. Бүгүнкү башаламандыкты токтотууга парламенттин күчү да, укугу да жетмек. Анткени, эл шайлаган депутаттардан көкүрөгү таза, саясий соодерликтен алыс болуп, улут үчүн күйгөн патриоттор көп болгондо, азыркыдай абалга барбайт эле. Тилекке каршы, андайлар саналуу гана болуп, көпчүлүгү Абыкенин урпактары болуп олтурат.

Кыргыздын соттору “үй кызматчысындай” эле бийликтин кызыкчылыгы үчүн иштеген көз карама орган болуп келбедиби. Анан кантип, Көбөш деп айтпайбыз? Кыргыз балдарынын кулагын кесип ойногон Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотулсун деген чечимди кыргыз соту чыгарып берди да. Андай чечим атанын буйругу жок чыгышы да мүмкүн эмес болчу. Атага жакпай калган саясатчыны заматта соттоп жиберген да кыргыздын “гумандуу” соттору. Мындайларды Көбөш деп айтпаганда ким деп айтабыз анан? Өкмөт болсо карыз алып, казынасын толтура албай элдин шоруна айланган камарканаларды кайра ачууну пландап, соцфонд төлөмдөрүн көбөйтүп, салыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таап олтурат. Азыр жарык дүйнөгө келген кыргыздын ымыркайы мойнунда карызы менен төрөлүүдө.  Бүгүн өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашып кетти. Бул Кыргызстан өнүкпөй эле жарды мамлекетке айланып баратканынын белгиси. Өткөн жылы эле тышкы карызыбыз 169 млн доллар болуптур. Жалпылап айтканда азыр тышкы карыз 3,6 миллиард доллардан ашса, ички карыз 15,5 миллиард сом. Эл аралык тажрыйбада тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн элүү пайызынан ашып кетсе, улуттук экономикадагы коркунучтуу чек катары каралат. Тышкы карызын төлөй албай калган өлкөлөр дефолт деп жарыяланып, аны менен соода-экономикалык алака кылуу тобокелчиликтүү деп табылат.Мындай өлкөгө инвестор келиши да күмөн.  Ички дүң продукциянын көлөмү киши башына эсептегенде 1214 долларды түзөт экен. Ал эми Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча ИДПсы киши башына 1036 доллардан төмөн мамлекеттер өтө жакыр мамлекеттердин катарына кирет. Анан биздикилердин өнүгүп жатабыз деп айтканына ким ишенсин? Өкмөт дагы деле карыз алабыз дегенден кайта элек. Ал карызды Сариев, Атамбаев же азыркы депутаттар өздөрү төлөбөйт, кыргыздын мойнуна иленген карыз болуп кала берет.

Шекербек Калыков деген журналист бар. Мен ал кишини “шеф” деп коём. Анткени, журналистиканын өйдө-төмөнүн ошол киши үйрөткөн. Менин шефим жакында эле “Шапа акенин жоруктары” деген китебин чыгарды. Шапа аке айылда жашаган эле карапайым кыргыздын образын ачыптыр. Ошол Шапа аке кыргызга боору оруп “Эми, Манас туулбай калды окшойт” деп күйүптүр. Таңгөрү, бүгүнкү ажобузда Манастын эркиндей эрк, баатырлык болгондо гана. Азыр өлкөдөгү абал такыр башкача болмок да. Манас барда кыргызга көзүн кызарткандар пысып жүрүшчү эле го. Атамбаевди көргөндө дагы кыргыздын капчыгына, өлкө казынасына суук колдорун салышып, келечегине балта чапкысы келгендер куйруктарын чатына кысып, бир жерин пысып калышканда ажобуз бүгүнкүнүн Манасы болбойт беле.  Тилекке каршы азыркы ханыбыз Манас боло албады. Шапа аке кейигендей жакынкы убакта эми Манас чыкпай калды окшойт.

 Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

Бүгүн Ош облусунун жума окулган 182 мечитинде “Коомдун радикалдашуусунун алдын алуу, Ханафий мазхабынын негизинде” деген жума хутбалары айтылат

Бүгүн, 19-февралда Ош облусунун жума окулган 182 мечитинде “Коомдун радикалдашуусунун алдын алуу, Ханафий мазхабынын негизинде” деген тематикада жума хутбалары айтылат. Бул боюнча Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 2016-жылдын 10-февралындагы буйругунун негизинде райондордун баш имам хатибдерине жана жума мечиттеринин имам-хатибдерине тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле жума окулган мечиттердин имамдары Муфтияттан бекитилип берилген жума хутбаларын айтууну канчалык деңгээлде ишке ашырып жаткандыгы боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Мындан сырткары жогоруда айтылган Муфтияттын №51 буйругунун алкагында КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2014-2020-жылдарга КРнын Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” жарлыгынын чегинде облус аймагындагы жума мечиттерде элге түшүндүрүү, эскертүү жана профилактикалык иш чараларын жүргүзүү боюнча иш-пландар бекитилип жүзөгө ашырылмакчы.

Эскерте кетсек, КМДБнын фатва бөлүмү тарабынан Кыргызстандагы жума мечиттерде элге түшүндүрүү, эскертүү жана профилактикалык иш чараларынын планына ылайык 2016-жылдын 5-февралынан 2017-жылдын 27-январына чейин 52 жумага ылайыкташтырылган бирдиктүү жума хутбалары бекитилип берилген.

Жанарбек Надырбеков, Апрель Баатыры: "Аксыда 22-февралга белгиленген митинг өткөрүлбөйт, бизге стабилдүүлүк керек"

Аксы районунун Кербен шаарында үстүбүздөгү жылдын 22-февралына белгиленген митинг өткөрүлбөйт. Бул тууралуу аталган райондун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты, Апрель элдик революциясынын баатыры Жанарбек Надырбеков Жалал-Абад шаарындагы “Көк-Арт инфо” маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 10-февралда митинг өткөрүшүп, ага 300гө жакын адам катышкан. Анда бийликке 5 талап коюлган. Эң негизгиси, соцфонддун төлөмдөрү элди көбүрөөк кыйнап жиберди, төлөмдөр азайтылсын, мүмкүн болсо мурдагы калыбына келтирилсин – деген катуу талап коюлган.

“Экинчи талабыбыз, мамлекет тарабынан берилип жаткан жөлөк пулдар жаш ата-энелерге берилбей жатат. Балдардын ырыскысын кеспей, мүмкүн болсо тегиз берилсин. Үчүнчү талабыбыз, электр энергиясынын баасы мурдагы калыбына келтирилсин, тактап айтканда арзандатылсын, түшүрүлсүн. Төртүнчү талабыбыз  камсыздандыруу жөнүндө, бешинчиси чек ара маселелерин тездетип чечип берүү боюнча жогорку бийлик органдарына жөнөткөнбүз. Президент А.Атамбаев тарабынан соцфонддун төрөгасы М.Абылгазиев кабыл алынып, элдин нааразычылыгын пайда кылган мыйзам кайрадан кылдат изилденип, элдин көйгөйүн чечүүгө ылайыкташтырылып, соцфонд төлөмдөрү кайра кайтарылды. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин комитеттеринде электр энергиясынын баасы боюнча маселе каралып жатат. Анда 700 кВт/сааттан кийинки кошумча менимче алынат”, – дейт Ж.Надырбеков.

Ошондой эле, Аксы районунда акимчилик менен социалдык коргоо кызматкерлери айыл өкмөттөрдү кыдырып, жөлөк пулдар боюнча көнүл буруулар болуп жатат.

“Чек ара меселеси бүгүн же, эртең чечилип кетет дегенден  алысмын. Жакынкы аралыкта чечилип кетет деп бийликке ишеним артып отурабыз. Азыркы убакта өкмөт тарабынан элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүгө багытталган бир топ иштер башталды. Биз ага шарт түзүп, эл расында стабилдүулүктү сактоого чакырып кетебиз. Анткени көтөрүлгөн социалдык маселелер бир гана Жалал-Абад жергеси үчүн эмес, өлкөбүздүн бардык региондоруна тиешелүү экени баарыбызга маалым. Ошондуктан жалпы журтубузду  сабырдуулукка  чакырабыз!”, – дейт Ж.Надырбеков.

Анархан Жаңыбаева,

“Кабар инфо” маалымат борбору

Болгарияда өткөн эл аралык «Sofia Trophy» муз үстүндөгү бий турниринде Медина Кутманова коло медалга ээ болду

2016-жылдын 11- февралында Болгариянын София шаарында Эл аралык “Sofia Trophy” муз үстүндө бий мелдеши өттү. Муз үстүндөгү бий мелдешине дүйнөнүн 27 мамлекетинин спортсмендери катышышты.

Кыргызстандын атынан Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин “Сейтек” башталгыч мектебинин окуучусу Кутманова Медина катышты. Бардык топтогон упайларынын жыйынтыгы менен биздин окуучубуз коло медалга ээ болду.

Медина Кутманова мурун дагы көптөгөн муз үстүндөгү бий мелдештерине катышып келген. 2014- жылдын мартында Казакстанда  болуп  өткөн  Азия  мамлекеттеринин  ортосунда  болгон “Муз  үстүндөгү  бий”  мелдешинде дагы  3-орунду  алып келген. Ошондой эле, 2015- жылдын декабрында Кыргызстанда өткөн муз үстүндөгү бийи менен биринчи орунган ээ болгон. Ал 5 жашынан баштап муз үстүндөгү бий менен машыгып келет.

Жалал-Абадда таштанды төгүүчү жайда көйгөй жок

Айрым көзөмөлдөөчү органдар Жалал-Абаддагы таштанды төгүүчү жай калктуу конуштарга экологиялык коркунуч келтирип жатканы тууралуу маалымат таркатышкан. Бирок, ал таптакыр чындыкка туура келбейт, – деп билдирет “Жалал-Абад тазалык” муниципалдык ишканасы.

Муниципалдык ишкананын жетекчиси Төлөнбек Бакировдун айтымында, Жалал-Абаддагы таштанды төгүүчү жайы шаардан 17 чакырым алыстыкта, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Курук-Сай участкасындагы калктуу конуштары жок адырлардын ичинде жайгашкан. Ошондуктан, таштанды төгүүчү жай калктуу конуштарга, элге экологиялык коркунуч келтирип жатат деген маалымат чындыкка жакындашпайт.

-Таштанды төгүүчү жайдын аянты 9 гектар, 1,5 гектары рекултивация болуп, топурак менен көмүлгөн. Ал жерде таштанды төгүүчү жайды иретке келтирип, Т-130 маркасындагы трактор дайыма иштеп турат. Бизге таштанды төгүүчү жайдын абалы боюнча айылдык бийликтерден же тургундардан эч бир арыз-даттануулар, нааразылыктар келип түшпөгөн. Себеби санитардык эрежелерге ылайык, таштанды төгүчү жай калктуу конуштардан 1 чакырым алыстыкта турушу керек. А биздин таштанды төгүүчү жай 17 чакырым алыстыкта турат, – дейт ал.

Эске сала кетсек, “Жалал-Абад тазалык” ишканасында 22 атайын техника, 15 даана атайын автоунаа, МТЗ-82 үлгүсүндөгү эксковатор жана башка бир топ техникалар шаар тазалыгын камсыз кылып турушат.

Темир Сариев, премьер-министр: Жаныбарларга паспорт берүү (идентификацияоо) боюнча ыкчам чаралар көрүлөт

Кечээ, 17-февралда, Кыргыз  Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы иш-чараларды жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экологиялык жана региондук өнүктүрүү комитетинин мүчөлөрү катышты.

Премьер-министр Темир Сариев бул маселе орчундуу экенин белгилеп, малды идентификациялоо иштери создугуп жатканын билдирди. Премьер-министр малды идентификациялоо боюнча конкреттүү иштерди баштоо мезгили келгенин билдирип, бул өнөктүктү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы  Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция аныктоо боюнча токтомго кол койду.

Темир Сариев аталган орган эки жума ичинде идентификациялоо боюнча деталдуу план даярдап чыгып, бул жааттагы иштерди кечиктирбестен баштоо тапшырмасын берди.

Темир Сариев жаныбарларды идентификациялоону ишке ашырууда Өкмөттүн алдындагы  Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги жеке жоопкерчилик тартаарын кошумчалады.

Сузакта мал уурулар кармалды

Сузакта 2015-жылдын 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер жергиликтүү тургундун үйүнүн короосунан үч баш коюн уурдап кетишкен. Окуядан бир жумадан кийин 14-сентябрь күнү ошол эле айылдын Маматалиев көчөсүнүн 5-үйүнүн короосунан белгисиз кылмышкерлер бир баш кочкорун уурдаган. Андан кийин 18-сентябрга караган түнү Сузак районунун Орто-Азия айылынын Эгембердиев көчөсүнүн 7-үйүнүн короосунан бир баш кочкорун уурдап кетишкен.

Натыйжада жабырлануучуларга жалпысынан 43000 сомдук зыян келтирилген. Аталган факт боюнча КЖКнин 165-беренесинин (Мал уурдоо)  2-пунктунун (адамдардын тобу тарабынан) негизинде кылмыш иши козголуп, “Бродяга” рейдинин жүрүшүндө ОИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, мал уурулук менен шуулданып жүргөн топ 21-22-февраль күндөрү кармалды. Алар Сузак районун Лавдан-Кара айылынын 2 жараны (Ш.Б, К.Н) жана Орто-Азия айылынын тургуну (Ж.А.) экендиги аныкталып,тергөө иштери жүрүүдө.

Адахан Мадумаров, оппозиционер: Кечээ кучакташып жүргөн депутаттар, бүгүн соттошууда

Кечээ эле кучакташып, айылына барып калса козу союшуп достошуп жүргөндөр, бүгүн соттошуп жатышат. Бул мандат чыры 5 жыл уланат. Анткени ар бир депутаттын өз кызыкчылыгы бар. Мамлекеттик кызыкчылык эмес. Муну менен Жогорку Кеңештин кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй түшөт. Кадыр-барктын түшүүсү менен мыйзамга болгон сый-урмат да кетет.

Парламенттеги мандат чыры VI чакырылыш өз ишин баштагандан бери кызуу уланып жатат. Биринин артынан бири сала мыйзамдуу да мыйзамсыз да депутаттык мандаттан ажыраган эл өкүлдөрүнүн саны азыр дагы суюлбай келет. Алардын алды соттошуп жатып беттегенинен тайбай мандатын кайрып алса, айрымдарынын мандаты бир сот отурумунда сакталып, экинчи сот ишинде ал өкүм жокко чыгып калууда. Мандат чыры жакында токтобосун саясаттын чордонунда жүргөндөр кеп кылышууда. Мына ушул VI чакырылыштагы депутаттардын жүрөк үшүн алчудай болгон “Мандатгейт” маселесинин алкагында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров менен маек курдук.

VI чакырылыштын депутаттарынын арасында мандаттан кол жуугандар же соттошуп жүрүп мандаттын кайтарып алгандар болууда. Буга карата жетиштүү добуш ала алган эмес деген жүйөнү айтып жатышат. Чындыгында добуш маселеси турабы же бул жерде башка мандем барбы?

Бул жерде көп маселе кездешет. Жетиштүү добуш ала албай калгандар да бар. Эгерде добуш ала албай калса анда эмнеге тизме түзүлдү? Эмне үчүн ал талапкерди тизменин алдына койгон? Мында бир топ себептер бар. Балким каражаты менен киргендир. Каражаты кетип анан мандаттан кол жууп калгандар күйүп жатат. Кечээ күнү эле кучакташып, айылына барып калса козусунун союп достошуп жүргөндөр, бүгүн соттошуп жатышат. Мындагы негизги маселе башында кайсы максатта бириккенинде жатат. Эгерде башында мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бириккенде мынчалыкка барбайт болчу. 

Эптеп Жогорку Кеңешке кирип калуу негизги мүдөө болгонбу?

-Албетте. Кар улуу жаап калган учурда жайкы керемет чокоюн чечип коё туруп, өтүгүн кийип өтүп кетет да, андан соң чокойду чечип ыргытып, кайра өзүнүн бут кийимин кийип алып кете берет. Парламент базарга айланып бүттү. Ошол эле Борбордук шайлоо комиссиясы ачык эле базарга айланды. Эртең менен кимдин категориясы кандай, түштөн кийин ким келет, саат алтыга чейин “күтөм жигит” дегенге өттү.

VI чакырылыштын депутаттарынын шайлоо алдын ала арыз жаздыруу өзгөчөлүгү менен өттү. Бул өзгөчөлүктүн мандеми эмнеде?

-Бул деген бири-бирине ишенбөөчүлүк. Бири-биринен шектенүүчүлүк. Шектенүү менен кантип бир партияда болот? Ошондуктан өсө элек туруп саясий партиянын кажети жок болчу. Биз бул деңгээлге жете элекпиз. Биздин маданиятыбызда, аң-сезимибизде ал нерсе болгон эмес. Ошондуктан бир мандаттууга келиш керек. Ошондо эле кимдин-ким экенин билет. Азыр партиянын курамында кимдер бар экенин эл билбейт. Кечээ күнкү соттолгондор, уруулар жүрөт. КРнын жараны эмес экен дегендер болууда.

-Азыр партиялардын идеологиясы, партияга болгон фанатизм жоголду деп айтууга болобу? 

-Жоголду. Бүгүнкү күндө бийлик абдан люмпенизацияга кептелди. Люмпенизация бул билимсиз, маданиятсыз, адискөй эмес, начар бир коом. Азыр мына ушундай болуп калды. Президенттин, өкмөттүн, министрдин сөзү сөз эмес. Ал эми ЖКтеги депутатардын айткандарын угуп жатып кулак тажайт.

-Азыркы “Мандат чыры” парламентке кандай шек келтирип жатат?

-Парламентке шек келмек тургай, шекке көмүлүп бүттү. Мындай ишенимди жаратпаган парламент өзү тарап кетүүсү керек. Же саясий жетекчилик күчтүү эрк менен таратып, кайрадан шайлоо өткөрүүсү зарыл.

Айрымдар, “убактылуу депутаттары көп”. Мандар чыры дагы уланып, мандаттан ажырагандар дагы болот деп айтып жатышат. Бул айтылгандар жүйөлүүбү? 

-Мандат маселеси 5 жыл уланат. Бул токтобойт. Анткени ар бир депутаттын өз кызыкчылыгы бар. Мамлекеттик кызыкчылык эмес. Муну менен Жогорку Кеңештин кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй түшөт. Кадыр-барктын түшүүсү менен мыйзамга болгон сый-урмат да кетет.

-Азыркы депутаттарга мандат маселеси боюнча кайрылганда, пикир билдирүүдөн качышат. Бул депутаттыктан кол жууп калуу коркунучунанбы же фракция лидеринин диктатуралык режимиби? 

Буга айтылган эки себептин таасири бар. Ошондой эле, болуп көрбөгөндөй сабатсыздык болууда. Депутат болуп алып, АКШнын парламентинде канча партия бар деп сурап жатышат. Бул суроону 7-класстын баласы берет. Конститутциялык түзүлүш деген эмне, мамлекеттик башкаруу системалары кандай болоорун билбей туруп, кантип ал мыйзам жазат.  

-Азыркы депутаттар менен парламенттин өмүрү канчалык? 

-Бул элдин пейилине жараша. Эл чыдаса жашай берет. Кыргызстандын тагдыры элдин пейлине жараша болот. Эгерде байлыктын артынан кете турган болсо, анда эч ким байлыктын түбүнө жеткен эмес. Жок, биз руханий, улуттук кызыкчылык керек десе, анда башка чечим болот. 

-Рахмат. Маегиңизге ыраазычылык. 

Гүлназ Мамытова

Булак: maralfm

Меню