Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Кыргызстан “патриоттору” аялдарды коркутууда

Кыргызстанда чет элдиктер менен жолуккан аялдарды мазактаган видеолор кайталанууда.

Ал тасмаларда эркектер тобу аялдарды чечинтип, уур-токмокко, суракка алып, зордуктоого чейин барууда. Ушундай кыйноодон кийин кыздардын бири бир жумага чыдабай өмүрүн кыйды.

Ушундай мыкаачылык кылган топтор өздөрүн “патриоттор” деп аташат. Бири дагы жасалган кылмышына жоопкерчиликке тартылган жок. Мамлекеттик органдар мындай жумуштар менен алектенбейт, ошол үчүн “патриоттор” өзүн жасасыз сезишет. Бир эле жолу полиция бул топтун “ишмерлигине” кийилигишкен. Күзүндө Москвада 28-жаштагы кыргызстандык кармалып, ага карата кылмыш иши ачылган.

Маалым болгондой, “патриоттордун” аракеттерин колдогондор аз эмес. Улутчул бирикмелердин мүчөлөрү айткандай, мындай роликтерди чыгарбаса жарандар такыр эле бузулуп кетишет. Адистердин айтымында, Кыргызстан патриархалдык өлкө, бул жакта эркектер аялдарды инсан катары көрүшпөйт.

Мурдагы советтик президенттер Орусиянын саясатын сынга алышты

Мурдагы союздун курамындагы мамлекеттердин 12 экс-президенттери Владимир Путин жетектеген учурдагы Орусиянын саясаты совет бийлигинин аракеттерин эске салат деген пикирде.

“Эркин Европа-Азаттык” үналгысынын “Орусия жана мен” аттуу жаңы долбоорунун алкагындагы маектер топтому 18-февралда жарыяланды. Анда мурдагы советтик мейкиндиктеги республикалардын жетекчилери Орусиянын саясаты тууралуу ойлорун ортого салышкан. Алардын маектерин “Азаттык” үналгысынын белорус кызматынын кабарчысы Анна Соусь жарым жыл бою чогулткан. Мурдагы президенттердин айрымдары Москванын кадамдарына кыжырдануусун, кээ бирлери колдой турганын билдиришкен. Бирок дээрлик баары азыркы Орусиянын саясаты көбүнесе Советтер союзунун аракеттерин эске салууда деген пикирлери менен бөлүштү.

Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук Орусия Киевди өзүнө көз каранды болууга тийиш деп ойлой турганын, аны өз алдынча өлкө катары эсептебей турганын айтты. Ал союз ыдырагандан кийин Украинаны колдон чыгарбоо үчүн Москва бийлиги тарабынан басым болуп турганын, иш жүзүндө эгемендик алган мамлекеттер эркин болбой эле, Орусиянын айтканын айткандай аткарып турганын эскерди.

Экс-президенттердин көпчүлүгү Путиндин бийликке келиши менен Михаил Горбачевдун аракетинин натыйжасында Орусия эркин жана демократиялык мамлекетке айланат деген үмүт үзүлгөнүн да белгилешти.

Орусия тууралуу ойлорун Аскар Акаев, Витаутас Ландсбергис, Нино Бурджанадзе, Роберт Кочарян, Петром Лучинский, Станислав Шушкевич, Виктор Ющенко жана башка мурдагы жетекчилер билдиришкен.

(Долбоорду бул жерден көрүүгө болот: “Орусия жана мен. Кремлдин көлөкөсүндө” http://www.svoboda.mobi/a/27557211.html).

КР биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларын (судьялык стажы жок) квалификациясын жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын иштерин жүзөгө ашыруу максатында, 2016-жылдын окуу Планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) биринчи инстанциянын судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасын баштады.

Комплекстик окуу программасы 2013-жылы 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеӊешинин Төрагасы тарабынан бекитилген.

Окуу программасы материалдык жана процессуалдык укукту терең изилдөө, сот көндүмдөрү жана этико-деонтологиялык блоктордон турат. Окуу программасынын узактыгы 20 окуу күн, 8 академикалык саат күнүнө. Окуунун аягында модулдук тестирлөө өткөрүлүп, жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеӊешинин Эксперттик-окуу комиссиясына жиберилет.

Комплекстик окуу программанын графиги: I топ: 15-февраль – 15-март;

II топ: 22-март – 19-апрельIII топ: 25-апрель – 25-май.

Окуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунда өтүп жатат.

 

19-февралдан 23-февралга чейинки аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 19-февралынан 23-февралына чейинки аба ырайы

Бишкек шаарында 19-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Сыдырым жел  жүрөт.  Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° суук, күндүзгү жогорку температурасы  10…12° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 19-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Сыдырым жел жүрөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° жылуу болушу күтүлөт.

19-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Сыдырым жел  жүрөт.

20-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-февралы күнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон  шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

22-февралы күнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

23-февралы күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры: "Эртең Таласта өтө турган форум бийликке каршы нааразычылык акциясына айланып кеткени турат"

“Эртең, 19-февралга укук коргоочу Серен Бейшенов демилгелеп өткөрө турган калктын социалдык абалы тууралу төгөрөк столду бузуу үчүн Таластын губернатору Байыш Жуманазаров менен анын орун басары Данияр Кеникеев кийлигишип, аны Экономикалык форум деп жарыялап жиберишти, бирок алардын мындай айлакердигине ачууланган жарандар эртең обладминистрациянын алдына нааразычылык акциясына чыгууга даярданып жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 18-февралда Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Таластан Апрель Баатыры, КСДПчы Төлөгөн Наралиев.

“Эл бүгүнкү бийликтин саясатына нааразы жана Нарындыктар менен Аксылыктарды колдоого даярданып жатышат. Таластыктар негизинен бийликке 3 талап коюп жатышат. Биринчиден, төө буурчактын баасынын негизсиз төмөндөшүн көзөмөлдөп бааны көтөрүү. Экинчиден, электрэнергиясына болгон бааны төмөндөтүү. Үчүнчүдөн, Жерүй алтын кенин казууга мораторий жарыялоо. 2013-жылы төө буурчакка баа көтөрүлүп, 1 килосу 100 сомго чыкканда Атамбаев Таласка жетип келип, “бааны биз көтөрдүк, Максим Бакиевди кууп жибердик эле коррупция жоюлуп, Бакиевдин учурунда 1 килосу 50 сом турган төө буурчактын баасы өзү эле көтөрүлүп, 100 сомдон ашты” деп мактанган. Эми былтыр 30 сомго түшсө да, быйыл 17 сомго түшсө Атамбаев оозуна суу уурттап алгансып унчукпайт. Эмне, Максим Бакиев Кыргызстанга кайра келдиби? Же Атамбаевдин балдары Сейит менен Семетей да Максимге окшоп төө буурчак менен иштей башташтыбы? Атамбаев төө буурчактын баасынын түшүшүнө Бакиевдер күнөөлүү дебеди беле? Электрэнергиясынын баасын Бакиевдерге караганда эки эсе көпкө көтөрдү. Эми апрелден баштап дагы көтөрөт экен. Биз мындай коррупциялык иш-аракеттерге каршыбыз. Атамбаев электр арзан болот деп элди алдап кетти. Эл эртең бийликтин алдына мына ушул талаптарды койгону жатат”, – деди Таластан Апрель Баатыры, КСДПчы Төлөгөн Наралиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Криминалдык хроника: 18-февраль

Биринчи Май райондук  ички иштер  баркармалыгынын    кылмыш  иликтөө  бөлүмүнүн кызматкери  тарабынан ууру кармалды

2016 жылдын      16 февралында  Бишкек шаарынын  тургуну Д. А. милицияга арыз менен кайрылган, анда 15 февралдан 16 февралга   караган түнү белгисиз адамдар арыз ээсинин үйүнүн жанында токтоп турган “Тойота-Авенсис” маркасындагы автоунаанын  арткы терезесин сындырып, ичинен баасы 8000 сом   турган норка тумагын уурдап кетишкен. Биринчи Май райондук  ички иштер  баркармалыгынын   кылмыш  иликтөө  бөлүмүнүн кызматкери  тарабынан Чүй обласынын тургуну  М.  Э. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Тергөө жүргүзүлүүдө.

 Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын  6- шаардык милиция  бөлүмүнүн кызматкери тарабынан зордуктаган адам кармалды

 2016  жылдын 17 февралында    К.  Б. аттуу   Бишкек  шаарынын тургуну  милицияга арыз  менен  кайрылган, анда    17 февралда саат 01-00  чамасында  Көк-Жар  конушунда чала тааныш жигит   арыз  ээсине  күч  колдонуп, зордуктап салган. Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын  6- шаардык милиция  бөлүмүнүн кызматкери тарабынан изи сууй электе  Жалал-Абад обласынын   тургуну А.И.  кармалган. Тергөө жүргүзүлүүдө.

 Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан  банги зат менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды

2016 жылдын 17 февралында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Горький-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде, саат 17-40 чамасында Бишкек шаарынын  тургуну  В. С. кармалган, анда  текшерүү учурунда 2 даана шеренкенин ичинде күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар кара курай жытанган чыйыры “гашиш” табылган. Салмагы 18 граммды түзгөн. Тергөө жүргүзүлүүдө.

  Бишкек шаардык милициянын пресс-кызматы

 

 

 

Ак үйдөгү “шоопурдун” эшик ырчы гезити же “Фас” дегенде бир орунда тура албаган “Тайгандарына” жооп

“ПолитКлиника” гезитиндеги  Акбата Чырпыков деген менин дарегиме сын айтып жаткан  соң жооп берүү менин милдетим. Ал балабы, жоолук салынган кызбы кызыгы деле жок. Гезиттин журналистти деп жазууга колум  барбады. Гезиттин паспортунда Чырпыков деген фамилиянын “Ч” деген тамгасы да жок. Андыктан анын жообун Ак үйдүн жетинчи кабатынан, ажонун маалымат кызматынан  жазылган жооп катары кабыл алам.  Анткени, ал жигит убагында Бакиевдин чыныгы басма сөз жоокери болгон. “Кандектерге” жооп деп өткөн жумада дагы менин макалам боюнча жазган сынына жооп бергем. Ошол жообума ал дагы өз жообун узатыптыр. Жооп болорун күткөм. Анткени, менин президент Атамбаев жана бүгүнкү система тууралуу жазганым анын “шефтеринин” талуу жерине тийе турган. “Чын чычалайт” деп коёт кыргызда. Чындыкты айтса чычалаган Чырпыковго менин жообум.

Чала сабаттардын түшүнүгү пайда болду, бийликтин жакшы иштерин жазгандарды кошоматчы , кол алдындагы журналисти катары саноо деп жообуңду жакшы баштаптырсың. Эгер бийлик эл үчүн алгылыктуу иштерди жасап жатса журналист аны мыкты деп айтышы керек. Бирок, кемчилигин көрүп туруп, аны өз учурунда айта албай, айткан кишини “өткөндүн калдыгы” деп сындоо чыныгы чала сабатсыздык Чырпыков. Менин макаламды негизсиз жазылган макала деп, берген жообго буту күйгөн тооктой “чукулуктап” жиберди дептирсиң. Мен жазган макала биринчиден сен тууралуу жазылган эмес. Экинчиден, буту күйгөн тооктой болуп мен чукулуктап жибербей, сен өзүң пок чукуп жеген, күрп болгон тооктой биринчи чукулуктап, чындыкка чычалап чыкпадыңбы.  Менин макалама негизсиз деп сен баа бере албайсың! Экөөбүздүн кимибиз чындыкты айтып жатканыбызды эл гана баалайт. Мени Бакиевчил деп “өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү таптакыр көрө албай жатсаң, анда же ал көздөрдү Бакиевдер тараптан келаткан акчалар тосуп калган, же таптакыр эле көрө билүү деген түшүнүгүң жок” деп айтыпсың. Өткөн жообумда да айткам азыр да кайталайын “Бакиевге терең ыраазымын…” деген сөздү мен эмес, бүгүн өлкөнү башкарып жаткан, сен чаң жугузбай мактаган, Ак үй алдында окко учкан балдардын арбактарынан коркпогон Алмазбек Атамбаев өз оозу менен айткан. Буга да ишенбесең 2007-жылы ноябрь айындагы КТРК, “Кыргыз Туусу” гезиттеринин архивин аңтарып көр. Менин көзүмдү Бакиевдер тараптан келаткан акчалар тосуп жаткан болсо, ошол акчаларды сен өзүң өз колуң менен мага алып келип бердиң беле? Алып келип жүргөн адамдай жазыптырсың. Эртең сен акча берген деген Бакиевдер далилдеп бер десе, кайсыл далилиңди алып барасың? Мен сага окшоп Бакиевди да, Атамбаевди да мактаган эмесмин. Ошол макаламды көзүңдү чоң ачып дагы бир жолу окуп чыксаң аңдаарсың. Өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү эгер мен эле көрбөй жатсам, кайсыл өзгөрүү болгонун санап бербейт белең! Ал тууралуу эки ооз сөз да жараганга жарабаптырсың го. Эгер чоң өзгөрүү болуп жатса эл эмне үчүн пикет, митингдерди өткөрүп жатат? Жыргал жашоодон зериккениненби Чырпыков? Казынага акча батпай кеткен болсо, карапайым калкты кыйнап, Өкмөт электр энергиясынын баасын көтөрөт беле? Ушул сен айткан өзгөрүү! А балким, Дилбарка айым, Ак үйгө кошомат кылбай, мен жазган макалага терикпей, чычалабай, Баткендин толуп жаткан проблемаларын көтөрүп чыксаң, элдин үнүн сиз жетектеп жаткан гезит аркылуу үнүн угузсаңыз пайдалуу болмок.

Президент шайлоого аралашкан эмес деп ал кишини актаганга катуу аракет жасапсың. Муну менен “ыргытылган жиликти” актоого жасаган кудуретиң деп түшүндүм. Шайлоо учурунда эл менен жолукканда ажо кандай сөздөрдү сүйлөгөнүн жакшы билээрсиң. Ошол айткандарын “жиликти” жеп бүткүчө дагы бир сыйра карап чык. Кайсыл партиялар, кимдер тууралуу сөз болгонун анализдейсиң. Мен сага окшоп курулай сөздөр менен жооп кайтарбагам. Президенттин партияларга  “добро” бергенин экс-депутаттын айтканын мисал кылып келтиргем. Бул факты эмей эмине? Дагы сага кандай фактыны айтыш керек?  Президентти мактап жүрүп жардан алыс түртчүлөр мага окшогондор эмес, сага окшоп “оту менен кирип, күлү менен чыккандар”.

Сөз эркиндиги тууралуу сөз кылып, “Вечерканын” мурунку ээси чындыкка жеткенин, мен ал иштин чоо-жайын билбеген кишидей иликтеп алуумду өтүнүпсүң. Эгер “Вечерканын” мурунку ээси чындык таппай жүргөн болсо, ошол учурда анын таламын неге талашып чыкпадың? Же сен ким майлуу жерди ээлегендерди гана мактаган адамсыңбы? “Дайырбек Орунбековду журналистика журтчулугу журналист катары эмес,  “беш өрдөкчү” катары эсептешет” деп кайсыл журналисттердин атынан жазып жатасың байболгур! Ак үйдүн “жугундукору”, “эшик ырчысы” болбосоң сүрөтүң менен “ПолитКлиника” гезитине чыгып койчу. Жүзүн ачкан Гүлчөтөй болуп. Кошоматчы жүзүңдү эл көрсүн. Дайырбекти “беш өрдөкчү” деп атайт экенсиң, сени ким деп айтабыз анда? Сага окшогондор кыргыз журналистикасынын түбүнө жете турган болду. Уран Ботобековду Түркияга өзү качып кетти, эгер бийлик кааласа 2-3 сааттын ичинде алып келип коёт деп мактаныпсың. Уран Ботобеков жүргөн Түркияда Ош окуясынын негизги күнөөкөрү Кадыржан Батыров да жүрөт. Бийлик аны неге 2-3 сааттын ичинде алып келе албайт андай болсо? Өлөт деп чыгарып жиберген Азиз Батукаев андан да жакын жерде эркиндикте жүрөт. Аны неге алып келе албайт? Буларга да жооп даярбы Дилбар Чырпыкова

Жообуңдун аягында “Наралы мырзанын макаласы баштан-аяк эле Бакиевдин дооруна кусалык артылгандай жазылыптыр. Кыязы ал үчүн канкор Бакиевдин бийлиги өз элинин канын суудай агызганы эч кандай эсепке алынбай турган окуя окшойт” депсиң. Кургурум ай, Бакиевдин кеткенине 6 жыл болду. Аны сен менен сенин шефтериң эле унута албай койдуңар. Арт жагыңардан катуу жел чыгып же ичиңер өтүп кетсе да Бакиевден көрөт окшойсуңар. Бакиевдин дооруна кусалык арткыдай мен ал кезде министр, премьер-министр болбогом. “Алтын киши турбайбы” деп мактаганда эмесмин.  Бакиевдин тушунда студент болсом да саясаттын туура эместигин сындагам. Сага окшоп ал кезде коюу чырпыктын арасында жашынып жатпагам. Эгер сен ачуу чындыкты айкың келсе, ошол учурда Бакиевге неге сын айткан эмессиң?  Мен апрель окуясында канын төккөн азаматтардын ой-максаты качан аткарылат деп күйүп жатам. 6 жылдан бери бул окуяга чекит коюлбай, ким күнөөлүү экенин эл билбей олтурбайбы. Же муну дагы Бакиев Минскиде олтуруп алып чечип атабы?  Атамбаев жаш балдардын каны менен келгенден кийин ошол азаматтардын ой-тилегин аткаруу үчүн күнү-түнү Ак үйдө жатып алып иштеши керек болчу. Ошондо гана Кыргызстанда өзгөрүү болмок. Атамбаев не кылды? Түшкө жакын Манас проспектисинде МАИ кызматкерлеринин коштоосу менен жумуш деп нары-бери чапкылып жүргөн унаалардын митингги кылып ишке келет. Ушул сен үчүн өлкөдөгү өзгөрүүбү? Мен кээ бир журналист кыздарга окшоп, президентти мактай коюп, анын колунан сыйлык алгым келбейт. Эл каатчылыктан кыйналып турганын көрүп туруп, сага окшоп жыргал жашоо биздин өлкөдө, “Жашасын биздин президент” деп ырдабайм. Ага адамдык абийир да жол бербейт. Эл арасында Дилбарды атактуу “ШУМАХЕРДИН” өрүкзаарда чоңойгон карындашы деп билишет экен. Заказ макала жаза бербей элдин көйгөйүн жазсаңар, чындыкты жооп жаздырып жатканга аргасыз кылып жаткандарга жеткизсеңер элдин АК БАТАсын аласыңар. Президент да, “шоопур” да бир күнү кызматтан кетет. “Фас!” деген кожоюндун буйругун күтүп олтура бербей элди ойлогулачы. Болбосо ээси таштап кеткен “кандекке” окшоп көчөдө каласыңар…

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

 

Фото - Акын, журналист, маркум Орозалы Карасартовдун "Нөшөр" ырлар жыйнагынын бет ачаары болуп өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, акын, жазуу, журналист жана коомдук ишмер, “Аймак” коомдук саясий гезитинин негиздөөчүсү Орозалы Карасартов атындагы “Журналисттик чеберчилик жана практика” каанасы жана анын “НӨШӨР” аталышындагы ырлар жыйнагынын бет ачаары болуп өттү.

Бүгүн, 18-февралда акын, жазуучу, белгилүү журналист Орозалы Карасартовдун бул дүйнөдөн өткөндүгүнүн 1 жылдыгына карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинде О.Карасатов атындагы практикалык жана журналисттик чеберчилик” каанасы ачылды. Аны менен кошо акындын “Нөшөр” аттуу китебинин бет ачаары болуп, ага О.Карасартовдун калемдеш кесиптештери, жергиликтүү депутаттар, маданият кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын ректор-проректорлору жана бир туугандары менен шакирттери катышты.

Мындагы аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын жетекчиси Гүлжамал Рыскулова О.Карасартовдун чыгармачыл өмүрү жаш муундарга чоң таасир берээрин белгиледи.

-Белгилүү журналисттин чыгармачыл өмүрү, басып өткөн жолу, артына калтырган изи биздин студенттерге өзгөчө дем берип, журналисттик кесиптин такшалган ээлери болушуна көмөк берет. Чындыктан тайбаган, чыгармачыл инсандын артындагы изи катары каана ачып, анын экинчи өмүрү болгон чыгармачылыгын студенттерге жайылтуу биз үчүн сыймык,-дейт Г.Рыскулова.

Кечеде студенттер тарабынан О.Карасартовдун калемине таандык ырлар окулуп, аңгемелери сахналаштырылып коюлуп, анын өмүр жолу көрүүчүлөргө чагылдырылып берилди. Бул учурда акындын калемдеш замандашы, “Дил” гезитинин башкы редактору Самидин Стамбеков анын көрөгөч инсан болгондугун эскерди.

-Кимдер гана тааныбаган Орозалы Карасартов журналисттик кесибинде өзүнүн көрөгөчтүгү менен башкалардан өзгөчөлөнүп турчу. Ошону үчүн да анын көзү өткөнү менен экинчи өмүрү уланып жатканы көпчүлүктөн айырмаланган  инсан экендигинин далили. Мен бир гана нерсеге өкүнүп жатам, ушундай таланттуу, чыгармачылык жан дүйнөсү ашкан инсан жалаң гана чыгармачылыкка, тагыраагы өмүрүн чыгарма жазууга арнаганда дагы далай жолу калеминен не деген гана саптар, не деген гана чыгармалар жаралмак, аттиң,-дейт калемдеш агасы С.Стамбеков.

С.Стамбековдун мындагы пикирин улай эле, Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Куттумидин Базаркулов О.Карасартов жашоого жаңы реформа жасаганын билдирип, кеченин алкагында акынга арнап жазган прозасын көрүүчүлөргө тартуулады.

-Кызгалдак гүлдөрдүн арасынан дагы эле аралап жүрөт, арасынан сулуу кыздарды тандап. Аттиң, карачы ошол кездеги ден-соолуктун бекемдиги.Кызгалдак гүлдү карасам дагы эми жыттап, кармай албайм. Сулуу кыздарды көз артып көргөнүм менен көктөмдүү гүлдү суна албайм. Демек, тийишпей бирок жаным  угуп турат…,-деп жазылат кыскача прозада.

Кеченин алкагында О.Карасартовдун бир гана чыгармачылык жаатта эле мыкты эмес, саясий тармакты да мыкты өздөштүргөн журналист экени Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Сайдулла Чимбердиев тарабынан айтылды.

-Орозалы Карасартовдун журналисттик эле чеберчилигинде эмес, саясий жактан дагы күчтүү, көрөгөч, чынчыл киши болчу. Мени шаардык кеңештин депутаты кылган дагы дал ушул О.Карасартов болгон. Өз заманынын алпы жаны чындыктын атасы болчу. Биздин жадыбызда дагы ошол бойдон кала берет,-дейт депутат С.Чимбердиев.

Эскерүү сөздөрүнүн жүрүшүндө О.Карасартовдун жалаң гана жакшы жактары айтылып, коомдогу орду жогору турган, дүйнөдө чанда жаралчу адамдардын катарында экендиги белгиленип, эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубунун “Ардактуу” мүчөлүгүнө кабыл алынып, төш белгиси тапшырылды.

Жогоруда белгиленген иш-чарага жана  замандаштары тарабынан айтылган жылуу пикирге ыраазы болгон О.Карасартовдун жубайы, шакирти, өзү түптөп кеткен “Аймак” коомдук саясий гезитинин директору Анара Алимова акындын өмүрү уланып жатканын билдирди.

-Артында уул, кыздары, калемдеш замандаштары, өлбөс-өчпөс чыгармалары, өз колдору менен түптөгөн “Аймак” гезити турганы үчүн Орозалынын өмүрү улана берет. Ал бир келген жашоодо аз жашаганы менен саз жашады деп эсептейм. Өз өмүрүнүн акырына чейин тирүүлүк менен күрөшүп,  артына таштаган изи бизге дем-күч берип, ишин улантуубузга өбөлгө болот,-деген жубайы А. Алимова уюштуруучуларга өзгөчө ыраазычылыгын билдирип өттү.

Кеченин аягы О.Карасартовдун арбагына багышталган куран окуу менен аяктады.

Орозалы Карасартов8

Орозалы Карасартов7

Орозалы Карасартов6 Орозалы Карасартов5
Орозалы Карасартов Стамбеков

Орозалы Карасартов2

Орозалы Карасартов4

Орозалы Карасартов3

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”

Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев принял Посла России в Кыргызской Республике Андрея Крутько

Вчера, 17 февраля 2016 года, Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев принял Чрезвычайного и Полномочного Посла Российской Федерации в Кыргызской Республике Андрея Крутько. Об этом сообщает пресс-служба ПКР.

В ходе встречи обсуждены актуальные вопросы кыргызско-российского сотрудничества.

Главой Правительства было отмечено, что ПАО «Газпром» выполняет все договоренности по обеспечению населения природным газом, а также реализует социальные проекты в Кыргызстане.

Премьер-министр также отметил важность реализации Протокола 18-го заседания Межправительственной кыргызско-российской комиссии по торгово-экономическому, научно-техническому и гуманитарному сотрудничеству.

В управлении образования столичной мэрии прошло совещание по противодействию коррупции

17 февраля 2016 года, Управлением образования мэрии Бишкека в рамках реализации Плана мероприятий по противодействию коррупции, было проведено совещание с участием директоров районных центров образования, представителя 5-го Управления ГУВД города Бишкек.

На совещании был рассмотрен вопрос об исполнении приказов Управления образования столичной мэрии  «О запрете незаконных денежных и иных сборов в образовательных организациях», «О порядке уведомления о фактах коррупционных правонарушений» и об организации качественного питания в образовательных организациях.

Теперь особое внимание будет уделено вопросам приема детей в первый класс и прозрачной отчетности общественных фондов и объединений.

Меню