Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

1-октябрдан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн  индексациялоо жөнүндө токтомго кол койду.

Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин «Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жана пенсионерлердин кызыкчылыгын коргоону камсыздоо максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, өткөн жылы пенсиясынын жалпы өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болгон  пенсионерлердин категориясы үчүн пенсиянын базалык бөлүгү 110%га индексацияланган. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785,4 сомду түздү.

2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 индексациялоо коэффициентине индексацияланат.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт, бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8%га жогору, же 455 сомду түзөт. Белгилесек, жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондго пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуусу тапшырылды.

Кенчилер: Кыргыз алтынын Батышка сатуу укугун калыбына келтирүү керек

Тоо-металлургия кесиптик кошууну Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын (LBMA) “Кыргызалтын” ачык акционердик коомун ишенимдүү жеткирүүчү макамынан ажыратуу боюнча чечимин жокко чыгарууга аракет көрүү зарылдыгын билдирди.

Каттын авторлору Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын чечими өлкөнүн алтын өндүрүү тармагына терс таасирин тийгизерин белгилешкен. Алардын пикиринде, “Кыргызалтын” ишканасына таандык Кара-Балтадагы заводдо алтын аффинаждоо пайдасыз болуп калгандыктан, ал банкротко кептелиши ыктымал. Кесиптик кошуун бул макамдан ажыроо экономикалык чыгымдарга гана алып келбестен, өлкөнүн кадыр-баркын түшүрүп, инвесторлордун кетишине алып келиши мүмкүн экенин айтышууда.

Кенчилердин пикиринде, парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети бул маселени карап, андан чыгуу жолдорун аныкташы керек. Тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгү экономикалык жана юридикалык талаада гана каралышы керек. Бюджетти түзүүчү тармакты саясатташтыруу анын жок болушуна алып келет“ деп айтылат билдирүүдө.

17-сентябрда Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) “Кыргызалтындын” алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотконун билдерген. Муну менен Кыргызстан өндүргөн алтынын батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажыратылган.

Буга чейин “Кыргызалтын” ишканасына таандык Кара-Балтадагы аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймалары дүйнөдөгү Good delivery (ишеничтүү жеткирүүчү) макамы менен эч тоскоолдуксуз сатылып келген. Good delivery – дүйнөдөгү алтын базарындагы белгилүү марка.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров “Кыргызалтындын” аффинаждоочу заводунун аккредитациясын жокко чыгаруу убактылуу гана иш, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн” деген. Ал башка дагы тоскоолдуктар болорун эскертип, бирок “дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун” айткан.

Орусиядагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтары чогултулат

Жогорку Кеңешке шайлоого карата Орусиядагы кыргыз жарандарынын тизмеси октябрда такталат. 4-17-октябрда ал жактагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, консулдук каттоого коюу жана башка документ иштери жүргүзүлөт.

Аны Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү ишке ашырат. Бул алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыктын алкагындагы иш-чара экенин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

21-сентябрда БШК мүчөлөрү Москвадагы элчиликте кыргыз диаспораларынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушту.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Орусияда 20 добуш берүү тилкеси ачылат.

-Москвада беш жерде;

-Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Казан, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден шайлоо тилкеси болот.

Расмий эсепте Орусияда 500 миңджен көп, бейрамий миллиондон ашуун кыргызстандык бар.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү

Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү.

Жыйынга Республикалык штабдын курамына кирген министрлик жана ведомстволордун, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Марат Иманкулов Республикалык штабдын негизги тапшырмасы – парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларын уюштуруучулук-техникалык камсыздоодон турарын белгиледи.

Ал ошол эле учурда эч кандай шылтоо менен комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол берилбесин айтты. Коопсуздук кеңешинин катчысы шайлоолорду мыйзамдарды бузуу менен өткөрүү, шайлоочуларды массалык сатып алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо бир нече жолу элдик толкундоолорго алып келгенин эске салды. Анын айтымында, бардык мамлекеттик органдар адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон күч-аракетин жумшап, шайлоо жараянынын мыйзам бузууларына өз убагында жана ыкчам реакция кылып, мыйзам бузуучуларга мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүш керек.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекеттик бийликтин органдарынын өкүлдөрү кайсыл деңгээлде болбосун, үгүт өнөктүгүнө жана шайлоо жараянына кийлигишпеши керектигин баса белгиледи.

«Мамлекеттик кызматкерлер өз ыйгарым укуктарын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү же кол алдындагыларды тигил же бул талапкердин пайдасына мажбурлоо максатында пайдаланса, анда алар ээлеген кызматына карабай иштен кетирилип, ал эми алардын аракеттеринде кылмыштын курамы болсо – кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга эч кимге уруксат берилбейт», – деп билдирди Марат Иманкулов.

Аны менен бирге ал, кайсыл бир партия жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына бийлик өкүлдөрү бюджеттик тармактын кызматкерлери – мугалим, дарыгер, социалдык кызматкерлер жана квартал башчыларын пайдаланган фактылар аныкталган учурда, укук коргоо органдары тарабынан катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди мыйзамдарды аткарууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутпоого жана өздөрүнүн дымагы, жеке кызыкчылыгы үчүн элди бөлүп-жарбоого чакырды.

Мындан сырткары ал, уланып жаткан коронавирус пандемиясынын шарттарында добуш берүү жүрүшүндө тилкелерде шайлоочулардын саламаттыгы үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоонун маанисин белгиледи. Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, саламаттыкты сактоо, тышкы иштер жана ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин жалпы элдик добуш берүүгө даярдык жөнүндөгү баяндамалары угулду.

Жыйындын жыйынтыгында берилген сунуштарды эске алуу менен республикалык штабдын иш планы бекитилди.

ЖАМК Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке какты

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке какты.

Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, бир апта мурун №47 абакка кайтканын ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 20-сентябрда билдирди.

Экс-премьер-министр аталган ооруканага сентябрдын башында жаткан. Айрым маалымат каражаттары ал омурткасынан операция болгонун жазышкан.

Жантөрө Сатыбалдиев 2020-жылдын ноябрында жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга айыпталып, жети жарым жылга камалган.

Фото - Чүй облусунун экс-губернатору Туйгуналы Абдраимовдун мыйзамсыз баюу фактылары боюнча 16 квартирасы, 5 жер тамы, 18 жер тилкеси, 16 автомашинасы, 3 дыйкан чарбасы, 2 автоунаа токтоочу жайы аныкталып, кылмыш иши козголду

КР УКМК тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү “А.Т.Д.” мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады.

Тергөө учурунда, аталган «А.Т.Д.» жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн, мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөндүгү,  легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына катталган.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, “А.Т.Д.” жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 уна токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 авто унаа, жана ошондой эле ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган.

Белгилей кетсек, “А.Т.Д.” жана анын жакын туугандары активдери, киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланган.

КР УКМК чогулткан материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктту (мыйзамсыз баюу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталып, бул иштин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

 

Экс-депутат Кубанычбек Нурматов $500.000 акчаны алдамчылык кылуу фактысы боюнча кармалды

КР УКМК тарабынан “Кыргызстан” саясий партиясынан КР ЖК мурдагы депутаты «Н.К.» тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылды.

2013-жылы “Н.К.” Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган.

2021-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип “Н.К.” кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сокулук районунда жаш өспүрүмдү тоноп кетишкен 3 каракчы кармалды

18-сентябрь күнү  Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1999-жылы туулган жаран О.С. кайрылган. Себеби 17-сентябрь күнү жашы болжол менен 25-30 чамасындагы белгисиз үч адам анын 2004-жылы туулган жашы жете элек инисин карактап тоноп кетишкендигин билдирген. Бул тууралу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталган.
Сотко чейинки  өндүрүштө милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр белгилүү болгон. Белгисиз үч жаран жашы жете элек баланы өздөрүнүн автоунасына үйүнө чейин жеткирип коебуз дешип, жолдон Военно-Антоновка
айыл жактагы айланма жолунан токтоп белгисиз тапанча менен коркутуп уюлдук телефонун жана акчасын алып, жаш өспүрүм баланы ошол жакка тыштап, белгисиз тарапка качып кетишкени белгилүү болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 1996-жылы туулган Л.Э., А.Н., 1987-жылы туулган З.Э. жана 2001-жылы туулган М.И. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Нарын милициясы телефондук алдамчылардын көбөйгөндүгүн эскертет жана сак болууга чакырат

Заманбап технологияларынын өнүгүшү менен пайда болгон көптөгөн позитивдүү көрүнүштөргө жанаша   заманбап технологиялар мейкиндигинде жана аларды колдонуу менен жазалган кылмыштуу аракеттер  өнүгүүдө.

Заманбап технологиядарды колдонуу менен ишке ашырылган кылмыштуу курамдардын бири бул- коомчулукта “телефондук алдамчылык”  аталышта белгилүү болгон, алдамчылык кылмышы жана жоругу.

Телефондук алдамчылык- алдамчылык кылмышынын жана жоругунун  заманбап түрү деп атаса болот, өз учурунда  мобилдик алдамчылык телекоммуникация чөйрөсүндөгү эң  кенири жайылган кылмыш.

Адатта  телефондук алдамчылар өзүнүн кылмыштуу  аракеттерин  ишке ашыруу үчүн интернет мейкинидигин жана   уюлдук байланышты колдонуу аркылуу, атайын тандалган же туш келген жарандын ишеничине кирип аны алдоо аркылуу өз максатына жетет.

Телефондук алдамчылыкты ишке ашыруунун көп кездешкен түрлөрү:

–        жарандарга  ар кандай утутштарга ээ болгондугу боюнча кабарлап, утушту алуу үчүн кандайдыр бир суммадагы акча каражаттарын которууга же алардын банктык карталарынын маалымат берүүгө түртүү;

–        жарандардын туугандарынын, досторунун атын жамынып, телефон аркылуу жашоодогу оор абалга кабылгандыгын, тез арада акча каражаты керек болуп жаткандыгын айтып кандайдыр бир суммадагы акча каражатын которууга мажбурлоо.

Бүгүнкү күндө телекоммуникация каражаттарын колдонуу аркылуу жазалган алдмачылык фактылары боюнча Нарын ОИИБна жарандардан  жалпы 3 (үч)  арыз-даттануулар түшүп,  алар боюнча 3 (үч) сотко чейинки өңдүрүш иштери башталган.

Ошол себептүү, Нарын ОИИБы,  Нарын облусунун тургундарынан жана конокторунан алдамчылык менен күрөшүү максатында укук коргоо органдары менен тыгыз байланышууга жана телефондук алдамчылардан сак болуп,  интернет-мейкиндигинде тараган  шектүү шилтемелерди ( ссылка) жайылтпоого жана   телефондук алдамчылардын аракеттерине кабылган учурда алар тарабынан айтылган маалыматтарды текшерүү аракетин көрүүгө (мисалы тууганынын атын жамынын, оор абалга түшкөндүгү жөнүндө билдирсе, дароо ал тууганына таандык номер менен байланышуу же анын жанында болушу мүмкүн болгон адамга чалып маалымат алуу) чакырат.

Эгерде  шек жараткан чоочун абоненттик номерлер аркылуу жүргүзүлгөн  СМС-билирүүлөр, чалуулар түшсө дароо 102 ге билдирип,   далилдерди  сактап  калып өткөрүп  берүүңүздөрдү сурайбыз.

Ысык-Көл облусунда милиция тургундарды каржы пирамидасынын жана алдамчылыктын курмандыгы болбоого чакырат

Каржы пирамидасынын жана алдамчылыктын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн алдын алуу максатында, Ысык-Көл облусунун шаардык. раондук милициянын кызматкерлери, шаардын жаштарынын активдүү катмары менен бирдикте профилактикалык иш-чараларды турмушка ашырууда. Аталган иш чаранын жүрүшүндө, шаардыктарга турмушта орун алган финансалык жана алдамчылык схемалары боюнча кеӊири маалыматтарды беришип, жарандардын акча каражаттарын  алуу үчүн  кандай алдоо жолдору бар экендигин түшүндүрүп кетишти.

Шаарды кыдыруу учурунда, иш-чаранын катышуучулары шаардыктарга, өзгөчө улгайган адамдарга каржы пирамиданын жана алдамчылыктын кандай түрлөрү өзгөчө көп кездешерин айтышып, шектүү каржы уюмдарына акчаларын аманат иретинде салбоону түшүндүрүштү. Милиция кызматкерлери белгилегендей, жаңы катышуучуларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү (пайщиктер, аманатчылар) сарпталганда, каржы пирамидасы сөзсүз түрдө жабылат. Ошол эле учурда, мындай схеманы уюштургандар акча каражаттын олуттуу бөлүгүн өздөрү ээлеп калышат. Ал эми, өз акчаларын салышкан аманатчылар, каражаттарын жоготууга дуушар болушат.

Милиция кызматкерлери эскертишкендей, жөнөкөй коопсуздуктун чараларын сактоо менен, жарандар каржы пирамидасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин таасирине алданбай, өздөрүнүн акча каражаттарын сактыкта алып калышат. Иш чаранын катышуучулары шаардыктарга алдамчылыктын курмандыгы болбоо үчүн атайын даярдалган эскертмелерди таратышты.

Ысык-Көл ОИИБгы бардыгыңыздарды сак болууга жана алдамчылардын чагымчыл аракеттерине берилбөөгө чакырат. Алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн жана аманаттарыңызды жоготпош үчүн финансылык пирамиданын негизги белгилерин эсиңиздерден чыгарбаңыздар:

№ 1 белги. Кепилденген  жогорку кирешени убада кылуу

Алдамчылдар кирешени жылдык 50, 100 жана керек болсо 200 пайыз менен оңой эле кепилдик беришет. Инвестициялоонун ишенимдүү куралы боюнча оптималдуу киреше депозиттер боюнча  чендердин жана банктын кредиттеринин орточо пайыздарынын ортосунда болушу керек. Эгерде сизге сунуштаган киреше банк кредиттеринин чендеринен жогору болсо  (Кыргызстандын рыногунда улуттук валютада 22-25%) мындай уюм финансылык пирамида болушу мүмкүн.

№ 2 белги. Продуктунун жоктугу

Эгерде сизди чакырып жаткан уюмда эч кандай продукт болбосо, бул финансылык пирамида. Жашырынган финансылык пирамидалар да болушу мүмкүн. Продуктусу бар, бирок, аларды эч ким колдонбойт: бул туристтик кызматтар (элиталык эс алуу), компьютердик сабаттуулук, чет тилдери ж.б.у.с. боюнча программалар. Бул продуктуларды сунуштаган компания улам келген адамдардын акчаларынан киреше алат.

№ 3 белги. Башка адамдарды тартуунун эсебинен киреше алуу

Эгерде сиздин негизги тапшырмаңыз башка адамдарды тартуу болсо жана сиздин кирешеңиз ошол адамдар алып келген акчалардан түзүлсө, бул керемет уюмду финансылык пирамида деп айтууга болот.

№ 4 белги. Топ менеджмент жана финансылык отчеттулук жөнүндө маалыматтарга кирүүгө болбой тургандыгы

Эгерде жетекчилик тууралуу маалыматтар жашыруун болсо, сизге финансылык отчеттуулукту бербесе, ага акчаңызды салаардан мурда терең ойлонууңуз керек. Ишенимдүү компанияларда бардыгы ачык-айкын жана жеткиликтүү болот.

№ 5 белги. Финансылык көз карандысыздыкка ишенимдүү  убада берүү

Көбүнчө финансылык пирамидалардын уюштуруучулары жаңы катышуучуларды зомбирлөөнү колдонушат. Финансылык көз карандысыздык жана эркиндик жөнүндө сүйлөшүп, ишенимдүү убадаларды беришет. Оратор катары башка адамдардын эмоцияларын башкара алган адамдар сүйлөшөт.

№ 6 белги. Жыйналыш, байгелерди ойнотуу

Жамааттык иш-чараларга, бардык байгелерди, жолдомолорду  ойнотууларга чакырууларды кабыл албагыла. Финансылык пирамидалар муну ийгиликтүү жана кирешелүү компаниянын образын түзүү үчүн жасашат.

Эң негизги кеңеш: Финансылык пирамиданын курмандыгы болбош үчүн эң эле жөңөкөй нерсе – этият болуу керек: кепилденген жогорку кирешени убада кылууларга ишенбегиле, каражаттарыңарды күмөндүү компанияларга жана адамдарга ишенип бербегиле.  Финансы рыногунун кесипкөй адамдары менен кеңешкиле.  Эмоциялардын жана убадалардын Сиздерге ээлик кылуусуна  жол бербеңиздер, өзүңүздөрдү башкара билиңиздер!

Акчаларыңарды берээрден мурун сөзсүз бардык уюштуруу жана уруксат берилген документтерин текшергиле (лицензия, күбөлүк ж.б.у.с.). Финансылык отчеттулугун жана жетекчилик тууралуу маалыматтарды сурагыла.  Компаниянын кирешеси эмненин эсебинен түзүлөөрүн, ошондой эле сиздин аманатыңыздын кайтарылуу мүмкүндүгүн билгиле  (сиздин акчаларыңыз кайда кетет).

Белгилеп кетсек, 2020-2021 жылдардын аралыгында Балыкчы шаарында жана Каракол шаарында уюшулган 8 каржы пирамидасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн улам, көптөгөн аманатчылар жабыр тартышкан. Үстүбүздөгү жылдын башынан соттун кароосуна 50 миллион сомдон ашык зыян келтирилген 870ке жакын кылмыштар жана жоруктар боюнча иштер жиберилген.

Меню