Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

ИИМ: Жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, 5 жаранды $21500 акчага алдап кеткен шектүү кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон Бишкек шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Ж.К.  кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жаран Ж.К. Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары жалган тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, акча каражаттарын алдоо жолу менен алгандыгы, жарандарга жалпы суммасы 21 500 АКШ долларында чыгым келтирилгендиги аныкталды.

Аталган фактылар боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жаран Ж.К. Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Ж.К. башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Кармалган жаран Ж.К.дан жабыркаган жарандар болсо же ал боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билишсе, 0702-20-40-70,  0705-00-88-08 телефон номурларына  кабарлашса болот.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынан сак болууну суранат жана жер тилкелерин сатып алууда  бардык документтерди дыкат текшерүү керектигин, ошондой эле текшерүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кайрылууну эскертет.

Кыргызстан тажик студенттерине өлкөгө кирүүгө уруксат берген жок

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) билим алып жаткан 100дөн ашык тажикстандык студенттин өлкөгө киришине уруксат берилген жок.

Студенттер буга чейин окууларын тажик ЖОЖдорунда улантуу тууралуу Тажикстандын Билим берүү министрлигинин сунушуна макул болбой, өлкөгө киргизүү өтүнүчү менен кыргыз тарапка бир нече жолу кайрылышкан.

Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетинде окуп жаткан Мухаммадюсуф аттуу тажикстандык студент Бишкекке келе алган жок. Жаңы окуу жылы башталарда ал кыргыз-тажик чек арасына келип, бирок кыргыз чек арачылары аны өткөрүшкөн эмес.

Анын айтымында, ага окуусун Тажикстандагы университетте улантуу сунушу болгон, бирок ал буга макул болгон эмес. “Мага жаңы ачылган атайын университетте окууну сунушташты. Мен Кыргызстанда стоматология факультетинде окучумун, а бул жерден мага таптакыр башка адистикке окууну сунушташты. Эгер мени Душанбедеги медициналык университетке кабыл алса макул болмокмун”, – деди Мухаммадюсуф.

Ал Кыргызстанда медицина тармагында билим алып жаткан 62 тажик студенти Абуали Сино атындагы медициналык университетке которула алышканын, бирок мындай мүмкүнчүлүк баарына эле берилбегенин кошумчалады.

Абубакр Кыргызстанга кире албай калган дагы бир студент. Ал Бишкек медициналык университетинен чакыруу алганына карабастан, чек арадан өтө алган эмес.

Ошол эле маалда өз коопсуздугун ойлоп, Кыргызстанга келүүнү каалабаган студенттер да жок эмес.

Тажик бийлиги чек ара бир тараптуу жабылганын, студенттерди өткөрүү өтүнүчү менен кыргыз бийлигине бир нече жолу кайрылганын билдирүүдө. Тажикстандын Билим берүү министрлигиндеги өз булактар алар Кыргызстандын бийлиги менен Тышкы иштер министрлиги аркылуу байланышканын, бирок жооп болбогонун айтышты.

Кыргызстан быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жапкан. Анда кыргыз бийлиги чек ара Тажикстан менен чек ара маселеси чечилмейинче жабык болорун билдирген.

Быйыл кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. Мындан тышкары дагы 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Космоско учкан туристтер аман-эсен кайтып келишти

Inspiration4 деп аталган экипаж НАСАнын Кеннеди борборунан 15-сентябрда космоско учкан. Сапар толугу менен автоматташтырылган.

Буга чейин июль айында миллиардерлер Ричард Брэнсон менен Жефф Безос өздөрүнүн компаниялары жасаган кемелерде космоско көтөрүлүшкөн.

Inspiration4 экипажын болсо миллиардер Жаред Айзекман каржылады жана биринчилерден болуп космос бардык адамзат үчүн ачык болууга тийиштигин иш жүзүндө көрсөттү.

Айзекман 38 жаштагы тажрыйбалуу учкуч. Анын космоско учуу үчүн SpaceX компаниясына канча каражат төлөгөнү белгисиз. Ал башында турган төрт кишилик экипажда геолог Сиан Проктор, АКШ Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Крис Семброски жана дарыгер Хейли Арсено болду. Булардын ар бири өзүнчө төрт баалуулуктун: лидерликтин – миссиянын башчысы Айзекман, бала кезинде рак оорусун жеңген Хейли – үмүттүн, геолог Сиан Проктор – гүлдөп өнүгүүнүн, ал эми мурдагы аскер кызматкери Крис Семброски – айкөлдүктүн символу катары белгиленген.

Inspiration4 экипажы отурган капсула орбитага 575 чакырым көтөрүлдү. Бул Эл аралык космос станциясынан жогору аралык.

Учуу толук автоматташтырылган болсо да, космостук туристтер сапарга алты ай даярданышкан.

Адамзат Жер орбитасынан тышкары космоско алгачкы жолу ХХ кылымда, 1961-жылы, 12-апрелде көтөрүлгөн. Советтер Союзунун жараны, учкуч-космонавт Юрий Гагарин космостогу 108 минуталык учуудан кийин Жерге аман-эсен келип конгон.

 

COVID-19: Британия Кыргызстанды коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди

Улуу Британия бийлиги жарандарына Кыргызстанга барууга уруксат берди. Мындай чечимди 17-сентябрда британ Тышкы иштер министрлиги кабыл алып, Кыргызстанды коронавирус пандемиясынан улам барууга кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарганы расмий сайтына жарыяланды.

Кыргызстан Британиянын эпидемиологиялык кооптуу өлкөлөр тизмесинен чыккан Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды.

Британ бийлиги кыргызстандыктар үчүн да айрым чектөөлөрдү алып салды. Мындан ары коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алган кыргыз жарандары Англияга барганда тест тапшырбай жана карантинде отурбай эле койсо болот.

Сот "Ата-Мекенчи" экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди Кумтөрдөгү коррупция боюнча 30-сентябрга чейин камакка алды

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр” алтын кениндеги коррупция фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрда кармалган “Ата-Мекен” партиясыныны мүчөсү, экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди 30-сентябрга чейин тергөө абагына камакка алды.

Жоомарт Оторбаев “Ата-Мекен” партиясынын Саясый кеңешинин мүчөсү катары 2010-жылдагы парламенттик шайлоого аталган партиянын тизмесинин курамында катышкан. Шайлоодон соң  жеңүүчү партиялардын бири катары “Ата-Мекен” партиясына бир нече министрлик жана вице-премьер-министрлик кызматтары бөлүнгөндө Жоомарт Оторбаев 2011-2012-жылдарда вице-премьер, биринчи вице-премьер кызматтарын аркалаган.

2014-2015-жылдары Жоомарт Оторбаев Ата-Мекен” партиясынын атынан КР Премьер-министри болуп шайланып, кыргыз өкмөтүн башкарган.

Ошол жылдары КСДП жана “Ата-Мекен” партияларынын тымызын колдоосу менен Канадалыктарга Кумтөрдөгү Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалоого парламент аркылуу мыйзам өткөрүп, жол ачып беришкен.

Сот КР ЖКнын "Кыргызстан" фракциясынын экс-депутаты Руслан Чойбековду тергөө иши бүткүчө камакка алды

КР ЖК мурдагы депутаты “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү “Ч.Р.” тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи Май соту тергөө иши бүткүчө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы жана алынган далилдердин натыйжасында, “Ч.Р.” аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо $300 000 акчага алдамчылык кылган Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, учурда Нарын шаарынын мэри “Б.С.” Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча жогоруда аталган алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелип, КР УКМКнын тегөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Фото - Бишкек шаарында Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун аймагында курулган жаңы 5 кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн расмий ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысына жаңы балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү тууралуу маалымат берилди. Анын курулушу жана бардык зарыл жабдуулар менен камсыздоо, анын ичинде долбоордук-сметалык документациясы, эмерек жана жабдыктарды сатып алуу «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган.

Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү биринчи жолу  балдардын атайын клиникасынын шартында ачылды. Ал 70 жатуучу орундан туруп, анын 10у интенсивдүү терапия палатасына карайт. Ошондой эле, жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар. Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган.

Балдар онкологиясындагы өлүмдөрдүн көпчүлүгү терапиянын татаалдашынан жана балдарды дарылоо шарттарынын жоктугунан болгондугунан улам. Эми балдар онкологиясынын колунда биринчи жолу өздөрүнүн гемодиализ үчүн аппараты менен реанимациясы болот. Баш мээсинде залал шишиги бар бейтаптарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Андай бейтаптар бардык оорулуулардын 30% түзөт. Тар багыттагы адистер менен консультация жүргүзүү мүмкүндүгү менен жилик чучугун трансплантациялоого шарттар түзүлдү. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, балдар онкологиясын атайын балдар клиникасына которгондон кийин гана, жалпы балдар онкокызматын өнүктүрүүдө оң жылыштар жана өлүм санын азайтуу мүмкүн.

Жаңы бөлүмдүн ачылыш аземине Кувейт, Катар жана Сауд Арабиясынан меймандар катышты.

Өз сөзүндө Президент бүгүнкү иш-чаранын өлкөбүздүн саламаттык сактоо тармагынын тутуму үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, азыркы тапта онкологиялык оорулар көбөйүп, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да бул боюнча кырдаал курч бойдон турат.

Садыр Жапаров акыркы жылдарда балдардын онкологиялык ооруларынын көбөйүшү байкалып жатканына тынчсыздануусун билдирип, бул кырдаалды

дартка даба болуучу дарыларды сатып алуу жана тиешелүү ооруканаларды керектүү технологиялар менен жабдуу көйгөйлөрү, онколог-дарыгерлердин жетишсиздиги курчутуп жатканын кошумчалады.

Президент белгилегендей, залалдуу шишиктерден каза болуулардын санын илимий изилдөөлөргө негизделген максаттуу программаларды иш жүзүнө ашыруу менен төмөндөтүүгө жетишүүгө болот.

«Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун атайын клиникасынын базасында балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн ачылышы балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүдө чоң кадам болуп саналат. Аталган бөлүм аркылуу алдын ала дарылоо жана кичинекей бейтаптарыбыздын жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жакынкы келечекте ийгиликтүү жүзөгө ашарына ишеним артабыз», — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле, залал шишикти дарылоонун кийинки баскычтарында иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Ар бир муктаж балага кол сунуп, алардын өмүрү үчүн күрөшүүдө колубуздан келгендин баарын жасашыбыз керек! Ал үчүн заманбап медициналык технологияларды тартып, жаңы ыкмаларды пайдаланып, илгери үмүт жана терең ишеним менен балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүгө милдеттүүбүз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров калктын саламаттыгын сактоо багытындагы жүргүзгөн ишмердиги жана кайрымдуулугу үчүн, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммад Абдурахман Аль-Шаяга Кыргыз Республикасынын ардакт грамотасын тапшырды.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы жаңы имаратты карап чыгып, орнотулган атайын жабдуулар менен таанышып, медицина кызматкерлери менен баарлашты.

Мындан сырткары, Президент Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун курулушу 1995-жылдан бери бүтпөй турган балдар кардиохирургиясынын имараты менен таанышты.

Улукбек Марипов Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембиликке катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча өтүп жаткан экологиялык акцияга Президенттин Администрациясынын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери катышты.

Иш-чара алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Президенттин Администрациясынын кызматкерлери парктын аймагын таштандылардан тазалады.

«Бүгүн эң сонун күн болууда. Министрлер Кабинети парктарды жана башка коомдук жайларды таштандылардан тазалоого багытталган акцияны колдоого алды жана экологиялык акция бүтүндой өлкө боюнча өтүүдө. Ар бир жаран жаратылышты таза кармап, айлана-чөйрөгө камкор жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу тийиш. Өсүп келе жаткан муунду жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүүбүз зарыл. Канчалык жаратылышка аяр мамиле кылсак, ал бизге ошончолук мээримин төгөт», – деди Улукбек Марипов.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөн, мунун өзү экология жаатындагы маселелер мамлекет үчүн маанилүү экендигин айгинелейт.

Иш-чара алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Э.Гареев атындагы Ботаникалык багы илимий-изилдөө институтунун иши менен таанышып чыкты, ошондой эле катуу турмуш-тиричилик жана кооптуу калдыктарды кайра иштетүү тармагында иштеген уюмдардын өкүлдөрү, экология жаатындагы активисттер менен жолугушту.

Улукбек Марипов Ботаникалык бактын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул маселеде мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле донордук уюмдардын күч-аракетин бириктирүү зарыл.

Ошондой эле ал Министрлер Кабинетинин экологиялык ишмердүүлүктү жана экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы жарандык активисттердин жана волонтерлордун коомдук маанилүү демилгелерин колдоого алаарын белгиледи.

Өзгөн шаарында «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестиваль болуп өттү

Кечээ, 17-сентябрда, Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына арналган «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестиваль болуп өттү.

Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттыр, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери жана чет элдик меймандар: Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы өкүлү, кластердик бюронун директору Криста Пикат катышты.

Мамлекет башчысы кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын этно-жарманкесин көрдү. Андан соң көрүүчүлөгө «Өзгөн менин жүрөгүмдө» театралдык прологу тартууланды.

Андан соң, Мамлекет башчысына сөз берилип, ал ата-бабалардын тарыхый жана маданий мурастарын, алардын бири болгон «Өзгөн» комплексин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Өзгөн» тарыхый комплексин 2025-жылга чейин киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле, Президент «Өзгөн-Мунара-2021» иш-чарасынын уюштуруучуларына алардын элдин руханий, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн  чоң ыраазычылык билдирди.

Андан соң, профессор Мустафа Джеват Акшит Садыр Жапаровго имам Сарахсинин адамзатынын баалуулуктары жана дүйнөтаанымы тууралуу түрк тилине которулган «Аль-Мабсут» 31 томдук эмгегин тапшырды.

Иш-чара Кыргызстандын бардык облустарынан этно-фестивальга катышуу үчүн келген манасы жана төкмө акындарды сыйлоо аземи менен аяктады.

Меню