Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК: Чүй облусунун прокуратурасынын кызматкери $20.000 пара алып жаткан жеринен кармалды

Мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК КР Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал  арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган. 

Ушул жылдын 24-июнунда кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Кытай Иран аркылуу Өзбекстанга товар жеткире баштады

Кытайдын Сямынь портунан чыккан алгачкы контейнер поезд Өзбекстанга жетти. Бул тууралуу “Узтемиржолконтейнер” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө тиричилик техникалары жүктөлгөн 40 футтук 39 контейнер 14 күндөн кийин, 25-июнда Ташкенттеги Сергели станциясына жеткени жазылган.

Маалыматка караганда, контейнерлер Кытайдан деңиз аркылуу Ирандын Бандар-Аббас портуна жеткирилип, андагы темир жол платформаларына жүктөлүп, Түркмөнстан аркылуу Өзбекстандын аймагына кирген.

Буга чейин Өзбекстандын Транспорт министрлиги Кытайдын Ланжоу станциясынан Ташкентке блок поезди жөнөтүлгөнүн, бул каттам “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” транспорт коридору аркылуу жүк ташуу максатында башталганын айткан.

Евгений Пригожин куралдуу козголоңдон кийинки алгачкы кайрылуусун жарыялады

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин “адилеттик жүрүшү” аяктагандан кийинки алгачкы аудио кайрылуусун жарыялады.

Анын телеграм-каналына жарыяланган 11 мүнөттүк кайрылуусу качан жана кайсыл жерде жазылганы, ошондой эле учурда Пригожин өзү каякта экени белгисиз.

Билдирүүдө ал “вагнерчилер” орус өкмөтүн кулатуу үчүн эмес, өздөрүн сактап калуу үчүн Москваны көздөй бет алышканын белгилеген. “Биз жүрүштү адилетсиздиктин айынан баштадык”, – деген Пригожин.

24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “адилеттик жүрүшүн” баштаганын жарыялаган. Пригожин өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

“Вагнерчилер” Орусиянын Украинадагы согушунда жигердүү күчкө айланып, миңдеген кишиси набыт болду.

Анын “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени кабарланды. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан берки Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.

Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулбай эле ФСБ тергөөнү улантып жатканы тууралуу 26-июнда орус басылмалары Башкы прокуратурадагы булактарына таянып кабарлады.

Жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, “ал Беларуска кетерин” билдирген.

Пригожинге “Куралдуу козголоң уюштуруу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын дүйшөмбүдө орусиялык бир канча басылма жазган.

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Россиядагы "Вагнер" жоочуларынын аскердик козголоңу тууралу пикирин билдирди

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстан Орусиянын бийлиги менен өлкөдөгү соңку окуялар боюнча сүйлөшө электигин билдирди.

Ал 26-июнда журналисттердин менчик аскердик компаниялардын тобокелдиктери тууралуу суроолоруна жооп берип жатып мындай деди:

“Жеке менчик аскердик компаниялар түзүлсө да алар мыйзам менен көзөмөлдөнүшү керек. Мисалы, АКШда, Кытайда да ушундай компаниялар бар. Алар кайтаруу жана башка иштер менен алек болот. Менин билишимче Орусияда алардын ишин жөнгө сала турган мыйзам да жок болушу керек. Жеке менчик аскердик ишканага бардык күчтү берип койгон болбойт. Анын жетекчисинин Евгений Пригожиндикиндей саясий амбициясы болсо, аны ким токтото алат? Алардын танктары, учактары, абадан коргонуу системалары бар. Бир чоң армиянын курал-жарагы бар. Макул, ал бүгүн мамлекетке иштесин, эртең бийликти алам десе кандай болот? Ошондуктан алар кандай учурда иштейт жана кайсы убакта ишин токтотот, мыйзам менен аныкталышы керек. Ал эми бизге окшогон чакан мамлекеттерге андай компаниялардын кереги жок”.

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов депутаттар жеке аскердик уюмдардын ишин тескеген мыйзам долбоорун жаза баштаганын айтканын кабарлашты.

Орус президенти Владимир Путиндин узактан берки жакын санаалаштарынын бири деп саналып келген “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин күчтөрүнүн армия жетекчилерине каршы Москвага багытталган жүрүшү 24-июнда кечке маал токтогон.

УКМК: Транспорт министрлигинин көзөмөл кызматкерлери 30 тоннадан ашык жүк жүктөгөн унааларды токтотпогондугу үчүн айыпка жыгылышты

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын 30-декабрында Лейлек районунун Кулунду айылында Кыргыз Республикасынын  И.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы, уруксаат берилген чектен ашып, 30 тонна минералдык жер семирткичтердин үрөөнүн жүктөп алган “Вольво FH” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган. 

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын негизинде, жогорудагы транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык көзөмөл пунктунун (ТКП)  жооптуу кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кыя – Кулунду” каттамы боюнча жол берилген салмактык жүктөмдү ашыра аткаргандыгы үчүн техникалык салмактык көзөмөлгө алынбаганы аныкталган. Бул боюнча ТКПнын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси “Шалаакылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 13-июнунда Кадамжай райондук сотунун өкүмү менен КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы ТКПнын кызмат адамдары Н.И., А.И., А.К., И.Э.уулу жана А.Н.  КР Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 50 миң сомдон айып салынган. Ошондой эле, И.А. тарабынан жолдун катмарына келтирилген 96 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурган. 

Кыргыз Республикасынын УКМКсы КР мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүү жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Облустук телекомпаниялардын маяна маселеси чечилди

Облустук телерадиокомпаниялардын кызматкерлеринин маяна ала албай жаткан маселеси чечилди. Кечээ 23-июнда Улуттук телерадиокорпорациясынан (УТРК) билдиришкендей, үч айлык маяна толук төлөнүп берилди.

Акча 12-июнда түшкөнү, ошол замат бардык кызматкерлердин апрель, май жана июнь айлары үчүн айлыгы төлөнүп берилгени маалымдалды.

Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. 7-июнда парламенттин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков “Үч ай мурун облустук компаниялар маданият министрлигинин карамагынан алынып, УТРКга өткөрүлүп берилген. Үч айдан бери журналисттер, операторлор, жалпы жамааты маянасын ала албай жатат. Батирде жашаганы, насыя алгандары бар, көпчүлүгү карыз болуп баратат. Реформа кылабыз деп айлык маянасын токтотуп коюу орчундуу маселе. Ушуга көңүл буруу керек”, – деп айткан.

Айлык көйгөйү жаралып жатканын кызматкерлер өзүлөрү да айтып чыгышкан.

Мурда облустук каналдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине баш ийчү, кийин УТРКга өткөн.

"Чет өлкөлүк агенттер" тууралуу мыйзам долбоору 27-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде каралат

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 27-июнда 1-окууда карайт.

Парламенттин сайтындагы маалыматта комитет жыйынында мыйзамдын демилгечиси жана автору Надира Нарматова баяндама жасай турганы жазылган.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Мыйзам долбооруна ылайык, “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.

“Чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан каржыланган жана чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандагы саясий иштерге катышкан бейөкмөт уюм эми чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм” деп аталат.

Демилгеленип жаткан мыйзам долбоору Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектейт деген жүйө менен бир катар эл аралык уюмдар, элчиликтер, медиа уюмдар, бизнес коомчулугу жана жарандык коом бийликти мыйзам долбоорун четке кагууга чакырып, кайрылуу-билдирүүлөрдү жасаган. Апта башында Кыргызстандагы коомдук уюмдар жана жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну талап кылган петицияга кол топтой баштаган.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган “чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

ИИМ: Бишкекте АКШдан «гашиш майы» баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан КР Финансы Министрлигине караштуу Бажы кызматы менен бирдикте Америка Кошмо Штаттарынан почта жөнөтмөлөрү аркылуу «гашиш майы» баңги каражаттарын жеткирүүнүн туруктуу каналын жөнгө салган трансулуттук баңги топторунун ишине бөгөт коюлду.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген предметтердин контрабандасы) жана 282-беренеси (сатуу
максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө трансулуттук баңги
топторунун ишине бөгөт коюлган.
Ошентип, 2023-жылдын 11-май күнү Бишкек шаарында баңгизатын алып жаткан 1992-жылы туулган И.Р. борбор калаанын тургуну кармалган.
Учурдагы ыкчам маалыматтарга ылайык, Америка Кошмо Штаттарынын жөнөтүүчү системалуу түрдө азык-түлүк жамынып баңги каражаттарды жөнөттү.
Жыйынтыгында, таңгакталган түрдө алынган баңги каражаттарынын жалпы салмагы 970 гр түздү.
Ошондой эле, бул «гашиш майы» баңги каражаттары электрондук тамекилерге жана вапаларга куюуга арналганын белгилей кетүү керек. Кара базарда баасы 1 гр. «гашиш майы» баңгизаты толтурулган капсуласы 100 АКШ
долларын түзөт.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Садыр Жапаров сомду Кыргызстанда басып чыгаруу башталарын билдирди

Президент Садыр Жапаров 9-июнда Бишкекте улуттук валютанын – сомдун киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Анда бул жылдар аралыгында кыргыз сому “мамлекеттүүлүктүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын негизги элементи болуп келди”,-деп билдирди. Ал жакынкы арада сомду өлкө ичинде басып чыгаруу башталарын айтты.

“Кыргызстандын каржы системасы, улуттук төлөм, банк системасы дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистердин таасирине карабастан, өзүнүн бекемдигин көрсөтүп, өнүгүп келе жатат. Мында Улуттук банктын ордун жана анын жүзөгө ашырып жаткан акча-кредиттик саясатын, ошондой эле каржы рыногунун кызматкерлеринин ишине жасаган ак ниет жана кесипкөй мамилесин, ишке болгон жоопкерчилигин баса белгилеп айтып кетишибиз абзел. Жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштайт. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынды. Биз аны сөзсүз ишке киргизебиз”,-деди Жапаров.

Президент ушул жылдын башында Кыргызстан паспорт менен сомду өзү басып чыгара баштарын билдирген. Анда мамлекеттин казынасына кеминде 3 миллиарддай сом түшүп турарын айткан.

Сомдун 30 жылдыгына карата 10-майдан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун жаңы, бешинчи сериясы жүгүртүүгө чыгарылган.

Улуттук валюта 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген.

Бишкек-Ташкент: Тез бузула турган азык-түлүккө "жашыл коридор" ачуу сүйлөшүлдү

8-июнда Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушуп, тез бузула турган азыктарга “жашыл коридор” ачууну сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле жолугушууда коңшу эки өлкөнүн айыл чарба товарын сыртка чыгарууну биргелешип өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз компанияларын импортёрлор реестрине киргизүү тууралуу да сөз болду.

Наркобилов өзбек тарап сүт, эт, балык азыктарын өндүргөн ишканаларды импортёрлор реестрине тез арада киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Элчи Жаманбаев Ветеринария комитетинин диагностикалык борборуна барып, эт, сүт, балык, дан, жашылчаларды лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүү процесси менен таанышты.

Мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга барып, бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырган. Эки өлкө ортосунда экономика, айыл чарба багытындагы кызматташтык, биргелешкен ишканаларды иштетүү тууралуу “жол картасы” кабыл алынган. Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстандагы ар түрдүү долбоорлорго болжол менен 70 млн. доллар инвестиция салууга даяр экени маалым болгон.

Меню