Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Волгограддагы Курандын өрттөлүшүнө каршы Чеченстанда митинг өттү

Сүрөттө Волгоградда Куран өрттөгөн 19 жаштагы Россия жараны Никита Журавель

Чеченстандагы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери менен студенттер Куран китебинин өрттөлүшүнө каршы Грозный шаарында өткөн митингге катышууга милдеттендирилген. Бул тууралуу “Кавказ.Реалии” басылмасы калаа тургундарына шилтеме кылып кабарлады.

Волгоград шаарындагы мечиттин алдында мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Куран китебин өрттөө учуру тартылган видео социалдык түйүндөргө 19-майда жарыяланган.

Грозный шаарындагы митингде сүйлөгөн Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудов “мусулмандардын сезимине акаарат келтирген” акцияны Украинанын жана Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтары каржылаганын билдирди. Ошол эле маалда ал бул сөздөрүнө эч кандай далилдерди келтирген жок.

Чечен бийлигинин маалыматына караганда, митингге жалпысынан 60 миң киши катышты. Алар колдоруна Рамзан Кадыровдун сүрөттөрүн жана “Ыйык китепке тийбе!”, “Менин диним – менин жашоом!” деген жазууларды кармап турушту.

Грозный шаарында окуган студенттердин бири “Кавказ.Реалии” сайтына билдиргендей, окуу жайдын жетекчилиги алардан түшкү саат экиге калаанын борборуна чогулууну талап кылган. Тургундар өлкөдөгү мамлекеттик мекемелер менен мектептер да жогору жактан ушундай тапшырма алышканын билдиришти. Алар митигге бир нече адамдан жөнөтүүгө милдеттендирилген.

Жергиликтүү ЖМКлар кабарлагандай, 23-май күнү эртең менен “Чеченстандын жүрөгү” деген мечитке да миңдеген тургун чогулуп, Курандын өрттөлүшүнө нааразылык билдиришкен.

“Динге ишенген адамдардын сезимине акаарат келтирүү” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Волгограддын 19 жаштагы тургуну Никита Журавель кармалган. Ал күнөөлүү деп табылса үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дүйшөмбү күнү жергиликтүү сот аны эки айга – 20-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Сотто Журавель мусулмандардан кечирим сурап, өз кылганын “өтө жаман иш” деп атаганы кабарланган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Журавель Куранды украин атайын кызматынын тапшырмасы менен 10 миң рубль үчүн өрттөгөн. Мындан тышкары ал шаардагы аскердик объектилерди видеого тартканын да мойнуна алган.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин бул ишти Чеченстандын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү тууралуу буйрук чыгарды. Анын айтымында, буга “Чеченстандын тургундарынан аларды жабырлануучу деп таануу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келгени” себеп болду.

Сингапурдун президенти Ташкентке катардагы аба каттамы менен учуп барды

Сингапурдун президенти Халима Якуб 23-майда Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды.

Маалыматка караганда, Якуб Астанадан Ташкентке Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын катардагы каттамды аткарган Airbus A320 учагы менен барды. Ташкент аэропортунда аны Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Зулайхо Махкамова, тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жана Ташкент мэринин милдетин аткаруучу Шавкат Умурзаков тосуп алды.

Сингапур президенти 25-майга чейин созула турган сапарынын алкагында Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев баштаган бир катар расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, эки өлкөнүн бизнес-форумуна катышат деп күтүлүүдө.

Быйыл январда Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Сингапурга барып келген.

“Википедиядагы” маалыматка ылайык, адатта Сингапурдун президенти, премьер-министри жана башка расмий адамдары чет өлкөлүк сапарларга катардагы аба каттамдары менен учуп барышат.

Орусияда ОМОН 100дөн ашык тажикстандык студентти сабады

Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында билим алып жаткан тажикстандык студенттер ОМОН тарабынан катуу сабалганын билдиришти.

Азырынча бул окуя боюнча Орусия менен Тажикстандын бийлик органдары эч кандай комментарий бере элек.

Студенттердин айтымында, окуя 19-май күнү эртең менен Техникалык университеттин жатаканасында болгон.

“ФСБ кызматкерлеринин коштоосунда келген ОМОНчулар алгач жатаканадагы видеобайкоо камераларын өчүрүп, андан соң эч кандай мыйзам бузбаган студенттерди ур-токмокко ала башташты. Алар беткап кийип, тапанча жана электр шокерлер менен куралданган. Колдоруна кастет сыяктуу атайын колкаптарды кийип алышкан. Жатаканада башка улуттагы студенттер да бар болчу, бирок эмнегедир тажикстандыктарды гана сабашты. Кийин баарын тизип алып документтерин текшеришти”, – деди тажикстандык студенттердин бири.

Ал ОМОНчулар алты тажик студентин кармап кетип, сурактан кийин кайра кое беришкенин билдирди.

“Ур-токмоктон улам 15 студент олуттуу жаракаттарды алды. Алардын айрымдарына операция талап кылынууда”, – деп кошумчалады ал.

Студенттер 20-майда Тажикстандын Орусиядагы элчилигине телефон чалып, жардам сурашкан.

Буга чейин “Озоди” радиосу акыркы апталарда Орусияда тажик мигранттарына карата рейддер күчөгөнүн кабарлап, аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканы тартылган бир нече видеотасманы жарыялаган.

Өткөн жумада Москва облусундагы Котельники шаарынын тургундары мигранттардын “ээн баштыгын” токтотуу өтүнүчү менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасашкан. Алар шаарда “тажик анклавы” түзүлгөнүн жана “жашоо кооптуу болуп калганын” айтышкан.

19-майда Президентке караштуу улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөн Путин мигранттар Орусиянын эрежелери менен салт-санаасын сыйлашы керектигин айткан.

Орусияда эмгек мигранттарына каршы күч колдонгон "рейддер" көбөйдү

Санкт-Петербург полициясы шаардагы “Лахта борбордун” курулуш талаасында иштеп жүргөн мигранттардын тобун кармап кетти.

Окуя 19-майда түшкү тыныгуу маалында болгон.

“Тажикстандык жана өзбекстандык мигранттар тамактануу үчүн сыртка чыгышкан. Ошол учурда полиция кызматкерлери келип, 15-20 кишини кармап кетишти. Мигранттардын колу-бутун кайрып, начар мамиле кылышты. Бирок албетте алардын эч кимиси полицияга каршы даттанбайт, баары коркуп турушат. Эгер даттанса депортация болуп же иштен кетип каларын жакшы билишет”, – деди аты-жөнүн айткысы келбеген мигранттардын бири.

“Озоди” радиосу жарыялаган видеотасмада мигранттарды автобуска салып жаткан полиция кызматкерлери алардын бирин жерге кулатып, колун кайрып жатканын көрүүгө болот. Топтолгон мигранттар анын бардык документтери жайында экенин жана полициянын бул аракети мыйзамга каршы келерин айтып, нааразылык билдиргенде гана аны тургузуп, автобуска салып кетишкен.

Орусиянын бийлиги “Газпром” корпорациясына таандык “Лахта борбордо” иштеген мигранттардын кармалышы боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Бул акыркы күндөрү Орусияда мигранттар кармалган алгачкы учур эмес. Буга чейин Екатеринбург шаарында “Мыйзамсыз мигрант” деп аталган рейд жүргүзүлгөнү кабарланган. Шаардык полиция бөлүмүнөн анын максаты – “миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоо” экенин билдирген.

Орусияда иштеп жүргөн тажик жарандары да акыркы кездери мигранттардын документтерин текшерүү жана кармап кетүү фактылары көбөйгөнүн билдирүүдө. Алардын бири “Озоди” радиосуна 19-20-май күндөрү Котельники шаарындагы мигранттарды кармап кетүү учуру тартылган видеотасманы жөнөткөн.

Тажикстандык укук коргоочу Мухаммаджон Собиров акыркы күндөрү ага мигранттардын кармалганы боюнча бир нече кайрылуу болгонун билдирди. “Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарды кармоо учурлары көбөйдү. Кармоолор 19-майда Тынчтык проспектисинде жайгашкан мечиттеги жума намазынан кийин башталды. Мындай көрүнүштөр башка мечиттерде да болгону кабарланууда. Азыр Орусияда абал оор. Бийлик түрдүү шылтоолор менен мигранттарды кетирип, алардын ордуна өз жарандарын ишке орноштурууга аракет кылып жатат”, – деди укук коргоочу.

Собировдун айтымында, 20-майда мындай “рейддердин” биринде “бардык документтери жайында болгон жана эмгек келишимдери бар” бир нече мигрант кармалган. “Биз эки тажик жаранынын иши боюнча доо арыз бердик. Жыйынтыгында аларды камакка алуу тууралуу төмөнкү баскычтагы соттун чечими жокко чыгарылып, мигранттар кое берилди”, – деди укук коргоочу.

Буга чейин Орусиянын бийлиги 17-майда Москва облусунун Котельники шаарындагы мечит жабылып, калаада иштеген мигранттарга каршы 34 административдик протокол түзүлгөнүн билдирген. Буга мигранттардын “ээн баштыгын” токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болгон. Алар шаарда “тажик анклавы” түзүлгөнүн жана “жашоо кооптуу болуп калганын” айтышкан.

Өткөн жылы Москва шаарынын өзүнөн эле 400 миңге жакын мигрант өз мекендерине депортацияланганы кабарланган.

Си Цзиньпин: Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө коопсуздук тармагындагы дараметин бекемдөөгө жардам берүүгө даяр

Кытайдын лидери дүйнөгө туруктуу, өнүккөн жана күчтүү байланыштары бар Борбор Азия керек экенин билдирди. “Синьхуа” агенттиги кабарлагандай, Си Цзиньпин бул тууралуу 19-майда “Кытай – Борбор Азия” саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Кытайдын лидери Бээжин Борбор Азия өлкөлөрүнө укук коргоо органдарынын коопсуздук жана коргонуу тармактарындагы дараметин бекемдөөгө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөө тууралуу айтып, Бээжин аймактагы өлкөлөрдүн “эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн” колдой турганын билдирди. Мындан тышкары Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнө энергетика жана атомду тынчтык максаттарда пайдалануу тармактарында кызматташууну сунуштап, Кытайга мунай жана газ экспортун көбөйтүүгө чакырды.

Сиань шаарында өтүп жаткан “Кытай – Борбор Азия” саммитине Борбор Азиядагы беш мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери катышууда.

ТИМ кыргызстандыктарды Пакистанга барбай турууга чакырды

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Пакистанга барбоого чакырат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сунуш Пакистандагы ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу. Министрлик Пакистандагы нааразылык акцияларында кыргызстандыктардын жабыркаганы жөнүндө маалымат жоктугун билдирди.

Пакистандын мурдагы премьер-министри, оппозициялык “Адилеттүүлүк үчүн кыймылы” партиясынын төрагасы Имран Хан 9-майда Исламабадда камакка алынган.

Имран Хан кармалгандан бери өлкө боюнча нааразылык толкундоолору башталып, кеминде жети киши набыт кетип, эки миңдейи кармалды. Хандын тарапташтары Пешаварда радионун имаратын, Лахордо генералдын резиденциясын өрттөп жиберишти. Ошондой эле бир катар аймактарда мамлекеттик мекемелерди талап-тоношту.

Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф Исламабадга жана Хандын кичи мекени Пенжабга армия киргизүүгө аргасыз болгонун билдирди. Бир нече провинцияда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Имран Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген. Пакистандын парламенти ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мурдагы өкмөт башчыга элүүдөн ашык кылмыш иши козголду. Арасында паракорчулук жана террорчулукка байланышкан беренелер да бар.

FT: Европадан Кыргызстанга, Казакстанга, Арменияга жөнөтүлгөн 1 миллиард долларлык товар Россиянын аймагында эле "жок болуп кеткен"

2022-жылы Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга, Казакстанга жана Арменияга жөнөтүлгөн 1 миллиард доллардан ашык суммага бааланган товарлар Орусия аркылуу өткөндө “жоголуп кеткен”. Бул тууралуу Financial Times (FT) басылмасы жазды.

Ачык маалыматтарга ылайык, Орусия Украинага бастырып киргенден бери ЕБ өлкөлөрүнөн транзит деген шылтоо менен Орусияга 2 миллиард долларлык товар кирген. Ошол эле маалда басылма Евробиримдиктен Орусияга мындай жол менен жөнөтүлгөн экспорттун чыныгы көлөмү кыйла жогору экенин белгилөөдө.

“Мисалы, Орусияга экспорттоого тыюу салынган учактын тетиктери, оптикалык жабдыктар жана газ турбиналары өңдүү товарлар Орусиянын аймагынан транзит катары өтөрү көрсөтүлүп, чындыгында ЕБден түз эле Орусияга жеткирилип турган”, – деп жазды Financial Times.

Ошол эле маалда Евробиримдиктен Орусияга коңшулаш жайгашкан өлкөлөргө айрым товарлар өтө көп көлөмдө импорттоло баштаган. Бул товарлар кийин Орусияга жеткирилген деп болжолдонууда.

Буга чейин Евробиримдик санкциялык товарларды Орусияга көмүскө алып кирүүгө каршы күрөшөрүн бир нече жолу билдирген. Майдын башында ЕБ мындай товарларды Орусиянын аймагы аркылуу алып өтүүгө тыюу салган.

Бул арада ЕБ санкциянын 11-топтомун жарыялап, ага Казакстан, Түркия, Кытай жана Өзбекстан дагы кирери жөнүндө маалыматтар айтылып жатат. Санкциялардын кезектеги айлампасы жакынкы күндөрү кабыл алынат. Ага Орусиянын дагы 72 жараны менен 31 компаниясы кирет.

Батыш мамлекеттери тыюу салынган техника Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Орусияга кирип жатат деп күмөн санашат.

Орусияга каршы жаңы санкциялар Өзбекстан менен Казакстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн

Европа Биримдигинин (ЕБ) санкцияларынын 11-топтому үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстан менен Казакстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киевге жасаган сапарында билдирди.

Анын айтымында, санкциялардын жаңы топтомунда үчүнчү өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирилип жаткан тыюу салынган товарлардын тизмесин кеңейтүү каралган.

“ЕБ бүгүнкү күндө мындай жолдор менен санкцияларды кыйгап өтүүнү токтото турган жаңы ыкмаларды түзүүнү пландоодо. Эгер европалык товарлар үчүнчү өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирилип жатканын көрсөк, анда ЕБ өлкөлөрүнө ал товарлардын экспортуна санкция салууну сунуштайбыз”, – деди фон дер Ляйен.

Санкциялардын жаңы топтомундагы экспорттук чектөөлөр биринчи кезекте технология жана авиациялык индустрия тармактарындагы товарларга тиешелүү болот деп болжолдонууда.

DPA агенттиги өз булактарына таянып кабарлагандай, ЕБдин тизмесине Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө көмөктөшүп жаткан өлкөлөр катары Казакстан, Армения жана Бириккен Араб Эмираттары киргизилген.

Буга чейин америкалык Bloomberg агенттиги өз булактарына шилтеме кылып, бул механизмдин “алгачкы бутасы” Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Күн мурун Politico басылмасы санкциялардын 11-топтомунун документтери менен таанышып чыкканын жана анын “эң ыктымал бутасы” Казакстан менен Өзбекстан экенин жазган.

Урсула фон дер Ляйендин Киевге сапары ЕБде Европа күнү белгиленип жаткан күнгө туш келди. Буга чейин Владимир Зеленский Украинада да 9-майда Европа күнүн белгилөө тууралуу буйрук чыгарган. Эми Украина башка көптөгөн Европа өлкөлөрүндөй эле Жеңиш күнүн 8-майда майрамдайт.

Украина КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы парадга барышын айыптады

Украинанын Тышкы иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы Жеңиш парадына барышын –  “өзүнүн жашоосу жана эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан украин элине карата карасанатай кадам” деп атады.

Билдирүүдө парадда Украинага каршы агрессивдүү согушка катышып жаткан орусиялык аскердик техника көрсөтүлгөнү айтылган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Орусия президенти Владимир Путин “украиндердин өлтүрүлүшүн, Украинанын шаарлары менен айылдарынын талкаланышын, украиналык балдардын уурдалышын жана оккупацияланган украин аймактарынын тургундарына каршы репрессияларды актаганы ” белгиленген.

“Иш-чаранын алдында Орусия Украинага 25 канаттуу ракетасын кое берүү менен дагы көп курмандыктарга жана кыйроолорго тушуктурду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө Борбор Азия жана Кавказ элдери 78 жыл мурда нацизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкону айтылат.

9-майда Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул жолу Москвадагы парадга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышты. Беларустан Александр Лукашенко да барды. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган 2014-жылдан кийин Жеңиш парадына чет элдик лидерлер көп барбай калган. Былтыр кошуна өлкөсүнө каршы агрессия баштаганда Москвадагы парадга бир да чет өлкөлүк жетекчи барган эмес.

Мамдума депутаты согушка "борбор азиялыктардын армиясын" мобилизациялоого чакырды

Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Матвеев Орусия айрым Борбор Азия өлкөлөрү менен кош жарандуулук системасынан баш тартып же эки өлкөнүн жарандыгы бар адамдарды согушка мобилизациялоо эрежелерин өзгөртүү керектигин билдирди.

“Жыл сайын “борбор азиялыктардын бүтүндөй бир армиясы”, биринчи кезекте тажиктер орус жарандыгын алып жатышат. Бирок алар ушундай эле активдүүлүк менен фронто барган жок, Ата Мекен үчүн Орусиянын жергиликтүү калкы, негизинен орустар өлүп жатат”, – деп жазды Матвеев Telegram-каналына.

Депутаттын айтымында, “Аскердик милдет тууралуу” мыйзамда орус жарандыгын алган адам эки аптанын ичинде аскердик комиссариатка катталышы керектиги жазылган жана алар согушка мобилизацияланышы керек.

“Алар эмнеге мобилизацияланбай жатат? Кана тажик батальондору? Согуш уланууда, Орусияга аскерлер керек… Борбор азиялыктардын “армиясы” аткычтар менен минометчулардын эмес, куруучулардын, таксисттердин жана короо шыпыруучулардын полкторуна кошулуп жатат”, – деп жазды Матвеев.

Депутат борбор азиялыктардын согушка тартылбай жатышына кош жарандуулук институту себеп болууда деп эсептейт.

“Мыйзамдарды карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор даярдайм. Эгер маселе чынында эле кош жарандуулукта болсо, анда ага тыюу салыш керек же андай адамдарды мобилизациялоо тартибин өзгөртүү зарыл”, – деп кошумчалады Матвеев.

Орус жарандыгы бар канча тажикстандык Украинадагы согушка мобилизацияланганы боюнча так статистика жок. Бирок бүгүнкү күнгө карата 20га жакын тажикстандык орус түрмөлөрүнөн Украинага жөнөтүлүп, ал жакта каза болгону белгилүү.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл үч айдын ичинде Тажикстандын 45 миңге жакын жараны орус жарандыгын алды. Эки өлкөнүн ортосунда кош жарандуулук тууралуу макулдашуу бар.

Меню