Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Си Цзиньпин: Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө коопсуздук тармагындагы дараметин бекемдөөгө жардам берүүгө даяр

Кытайдын лидери дүйнөгө туруктуу, өнүккөн жана күчтүү байланыштары бар Борбор Азия керек экенин билдирди. “Синьхуа” агенттиги кабарлагандай, Си Цзиньпин бул тууралуу 19-майда “Кытай – Борбор Азия” саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Кытайдын лидери Бээжин Борбор Азия өлкөлөрүнө укук коргоо органдарынын коопсуздук жана коргонуу тармактарындагы дараметин бекемдөөгө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөө тууралуу айтып, Бээжин аймактагы өлкөлөрдүн “эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн” колдой турганын билдирди. Мындан тышкары Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнө энергетика жана атомду тынчтык максаттарда пайдалануу тармактарында кызматташууну сунуштап, Кытайга мунай жана газ экспортун көбөйтүүгө чакырды.

Сиань шаарында өтүп жаткан “Кытай – Борбор Азия” саммитине Борбор Азиядагы беш мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери катышууда.

ТИМ кыргызстандыктарды Пакистанга барбай турууга чакырды

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Пакистанга барбоого чакырат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сунуш Пакистандагы ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу. Министрлик Пакистандагы нааразылык акцияларында кыргызстандыктардын жабыркаганы жөнүндө маалымат жоктугун билдирди.

Пакистандын мурдагы премьер-министри, оппозициялык “Адилеттүүлүк үчүн кыймылы” партиясынын төрагасы Имран Хан 9-майда Исламабадда камакка алынган.

Имран Хан кармалгандан бери өлкө боюнча нааразылык толкундоолору башталып, кеминде жети киши набыт кетип, эки миңдейи кармалды. Хандын тарапташтары Пешаварда радионун имаратын, Лахордо генералдын резиденциясын өрттөп жиберишти. Ошондой эле бир катар аймактарда мамлекеттик мекемелерди талап-тоношту.

Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф Исламабадга жана Хандын кичи мекени Пенжабга армия киргизүүгө аргасыз болгонун билдирди. Бир нече провинцияда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Имран Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген. Пакистандын парламенти ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мурдагы өкмөт башчыга элүүдөн ашык кылмыш иши козголду. Арасында паракорчулук жана террорчулукка байланышкан беренелер да бар.

FT: Европадан Кыргызстанга, Казакстанга, Арменияга жөнөтүлгөн 1 миллиард долларлык товар Россиянын аймагында эле "жок болуп кеткен"

2022-жылы Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга, Казакстанга жана Арменияга жөнөтүлгөн 1 миллиард доллардан ашык суммага бааланган товарлар Орусия аркылуу өткөндө “жоголуп кеткен”. Бул тууралуу Financial Times (FT) басылмасы жазды.

Ачык маалыматтарга ылайык, Орусия Украинага бастырып киргенден бери ЕБ өлкөлөрүнөн транзит деген шылтоо менен Орусияга 2 миллиард долларлык товар кирген. Ошол эле маалда басылма Евробиримдиктен Орусияга мындай жол менен жөнөтүлгөн экспорттун чыныгы көлөмү кыйла жогору экенин белгилөөдө.

“Мисалы, Орусияга экспорттоого тыюу салынган учактын тетиктери, оптикалык жабдыктар жана газ турбиналары өңдүү товарлар Орусиянын аймагынан транзит катары өтөрү көрсөтүлүп, чындыгында ЕБден түз эле Орусияга жеткирилип турган”, – деп жазды Financial Times.

Ошол эле маалда Евробиримдиктен Орусияга коңшулаш жайгашкан өлкөлөргө айрым товарлар өтө көп көлөмдө импорттоло баштаган. Бул товарлар кийин Орусияга жеткирилген деп болжолдонууда.

Буга чейин Евробиримдик санкциялык товарларды Орусияга көмүскө алып кирүүгө каршы күрөшөрүн бир нече жолу билдирген. Майдын башында ЕБ мындай товарларды Орусиянын аймагы аркылуу алып өтүүгө тыюу салган.

Бул арада ЕБ санкциянын 11-топтомун жарыялап, ага Казакстан, Түркия, Кытай жана Өзбекстан дагы кирери жөнүндө маалыматтар айтылып жатат. Санкциялардын кезектеги айлампасы жакынкы күндөрү кабыл алынат. Ага Орусиянын дагы 72 жараны менен 31 компаниясы кирет.

Батыш мамлекеттери тыюу салынган техника Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Орусияга кирип жатат деп күмөн санашат.

Орусияга каршы жаңы санкциялар Өзбекстан менен Казакстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн

Европа Биримдигинин (ЕБ) санкцияларынын 11-топтому үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстан менен Казакстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киевге жасаган сапарында билдирди.

Анын айтымында, санкциялардын жаңы топтомунда үчүнчү өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирилип жаткан тыюу салынган товарлардын тизмесин кеңейтүү каралган.

“ЕБ бүгүнкү күндө мындай жолдор менен санкцияларды кыйгап өтүүнү токтото турган жаңы ыкмаларды түзүүнү пландоодо. Эгер европалык товарлар үчүнчү өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирилип жатканын көрсөк, анда ЕБ өлкөлөрүнө ал товарлардын экспортуна санкция салууну сунуштайбыз”, – деди фон дер Ляйен.

Санкциялардын жаңы топтомундагы экспорттук чектөөлөр биринчи кезекте технология жана авиациялык индустрия тармактарындагы товарларга тиешелүү болот деп болжолдонууда.

DPA агенттиги өз булактарына таянып кабарлагандай, ЕБдин тизмесине Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө көмөктөшүп жаткан өлкөлөр катары Казакстан, Армения жана Бириккен Араб Эмираттары киргизилген.

Буга чейин америкалык Bloomberg агенттиги өз булактарына шилтеме кылып, бул механизмдин “алгачкы бутасы” Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Күн мурун Politico басылмасы санкциялардын 11-топтомунун документтери менен таанышып чыкканын жана анын “эң ыктымал бутасы” Казакстан менен Өзбекстан экенин жазган.

Урсула фон дер Ляйендин Киевге сапары ЕБде Европа күнү белгиленип жаткан күнгө туш келди. Буга чейин Владимир Зеленский Украинада да 9-майда Европа күнүн белгилөө тууралуу буйрук чыгарган. Эми Украина башка көптөгөн Европа өлкөлөрүндөй эле Жеңиш күнүн 8-майда майрамдайт.

Украина КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы парадга барышын айыптады

Украинанын Тышкы иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы Жеңиш парадына барышын –  “өзүнүн жашоосу жана эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан украин элине карата карасанатай кадам” деп атады.

Билдирүүдө парадда Украинага каршы агрессивдүү согушка катышып жаткан орусиялык аскердик техника көрсөтүлгөнү айтылган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Орусия президенти Владимир Путин “украиндердин өлтүрүлүшүн, Украинанын шаарлары менен айылдарынын талкаланышын, украиналык балдардын уурдалышын жана оккупацияланган украин аймактарынын тургундарына каршы репрессияларды актаганы ” белгиленген.

“Иш-чаранын алдында Орусия Украинага 25 канаттуу ракетасын кое берүү менен дагы көп курмандыктарга жана кыйроолорго тушуктурду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө Борбор Азия жана Кавказ элдери 78 жыл мурда нацизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкону айтылат.

9-майда Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул жолу Москвадагы парадга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышты. Беларустан Александр Лукашенко да барды. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган 2014-жылдан кийин Жеңиш парадына чет элдик лидерлер көп барбай калган. Былтыр кошуна өлкөсүнө каршы агрессия баштаганда Москвадагы парадга бир да чет өлкөлүк жетекчи барган эмес.

Мамдума депутаты согушка "борбор азиялыктардын армиясын" мобилизациялоого чакырды

Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Матвеев Орусия айрым Борбор Азия өлкөлөрү менен кош жарандуулук системасынан баш тартып же эки өлкөнүн жарандыгы бар адамдарды согушка мобилизациялоо эрежелерин өзгөртүү керектигин билдирди.

“Жыл сайын “борбор азиялыктардын бүтүндөй бир армиясы”, биринчи кезекте тажиктер орус жарандыгын алып жатышат. Бирок алар ушундай эле активдүүлүк менен фронто барган жок, Ата Мекен үчүн Орусиянын жергиликтүү калкы, негизинен орустар өлүп жатат”, – деп жазды Матвеев Telegram-каналына.

Депутаттын айтымында, “Аскердик милдет тууралуу” мыйзамда орус жарандыгын алган адам эки аптанын ичинде аскердик комиссариатка катталышы керектиги жазылган жана алар согушка мобилизацияланышы керек.

“Алар эмнеге мобилизацияланбай жатат? Кана тажик батальондору? Согуш уланууда, Орусияга аскерлер керек… Борбор азиялыктардын “армиясы” аткычтар менен минометчулардын эмес, куруучулардын, таксисттердин жана короо шыпыруучулардын полкторуна кошулуп жатат”, – деп жазды Матвеев.

Депутат борбор азиялыктардын согушка тартылбай жатышына кош жарандуулук институту себеп болууда деп эсептейт.

“Мыйзамдарды карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор даярдайм. Эгер маселе чынында эле кош жарандуулукта болсо, анда ага тыюу салыш керек же андай адамдарды мобилизациялоо тартибин өзгөртүү зарыл”, – деп кошумчалады Матвеев.

Орус жарандыгы бар канча тажикстандык Украинадагы согушка мобилизацияланганы боюнча так статистика жок. Бирок бүгүнкү күнгө карата 20га жакын тажикстандык орус түрмөлөрүнөн Украинага жөнөтүлүп, ал жакта каза болгону белгилүү.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл үч айдын ичинде Тажикстандын 45 миңге жакын жараны орус жарандыгын алды. Эки өлкөнүн ортосунда кош жарандуулук тууралуу макулдашуу бар.

Bloomberg: экинчи даражадагы санкциялардын бутасы Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн

Евробиримдик өлкөлөрү экинчи даражадагы санкциялардын механизмин түзүүдө. Бул Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген өлкөлөгө чектөөлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Механизмдин биринчи бутасы Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги окуядан кабардар жашыруун булактарына таянуу менен билдирди.

“Бул куралдын негизги максаты – үчүнчү өлкөлөрдүн Орусияга жардам беришин чектөө жана Москва колдоно турган соода каналдарын жабуу болот. Эгер бул ишке ашпаса, альянс экинчи кадам катары максаттуу чектөөлөрдү киргизе алат”, – деп билдирди Bloomberg.

Агенттик Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялар киргизилгенден кийин бул өлкөгө Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн бир катар товарлар, атап айтканда, “жарым өткөргүчтөр, интегралдык микросхемалар жана башка технологиялардын импорту кескин көбөйгөнүн белгиледи.

ЕБ Орусия бул компоненттерди дрондорду жана ракеталарды иштетүү үчүн керектеп жатканын ырастоодо.

Агенттиктин маалыматына караганда, 19-21-май аралыгында Жапонияда өтө турган “Чоң жетилик” саммитине чейин ЕБ ичинде механизмди макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кайсы товарлар жана өлкөлөр экинчи даражадагы санкциялардын тизмесине кирери боюнча чечимди шаркеттин мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышы керек.

Агенттик бул механизм жакынкы келечекте Кытайга каршы колдонулушу күмөн экенин, бирок анын “негизги багыты” Борбор Азия мамлекеттери жана “Орусиянын түз коңшулары” болорун жазган.

Орусия жанкечти дрондор менен Одесса жана Киевге сокку урду

Орусия 4-майга караган түнү  Украинага дрон жана ракеталар менен чабуул жасады. Киевде бардык дрондор атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Одессада 15 учкучсуз учактын 12си жок кылынса, калган үчөө шаардагы окуу жайлардын биринин жатаканасына тийген. Бул өрттүн чыгышына себеп болгон. Украин тараптын айтымында, кол салуулардан жабыркагандар жок.

Киев шаардык аскер администрациясынын башчысы Сергей Попко Украинанын борбору да баллистикалык ракеталар менен атылып, алардын мизи кайтарылганын билдирди.

Украин тарап Одессага тийген учкучсуз учактардын куйруктарында “За Москву” жана “За Кремль” деген жазуулар болгонун кабарлады.

3-майга караган түнү “эки украиналык дрон Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына сокку урууга аракет кылганын” Кремлдин басма сөз кызматы шаршембиде кабарлаган. Украина окуяга тиешеси жок экенин билдирген.

Казакстан менен Кытай Орусиянын Украинага каршы агрессиясы жөнүндө айтылган БУУнун резолюциясын колдоду

Казакстан менен Кытай БУУнун Башкы Ассамблеясында Орусиянын Украинага карата агрессиясы жөнүндө жазылган резолюцияны колдоп добуш берди.

Буга чейин бул өлкөлөр мындай документтер боюнча добуш берүүгө катышпай келишкен.

“БУУ менен Европа Кеңешинин ортосундагы кызматташтык” деп аталган резолюция боюнча добуш берүү 26-апрелде өтүп, аны 122 өлкө колдогон. Алардын арасында Орусия “дос өлкө” деп атаган Армения, Индия жана Бразилия да бар.

Орусиянын Украинага каршы агрессиясы, анын буга чейинки Грузияга жасаган агрессиясы жана “жабыр тарткандарга зыяндын ордун толтуруп берүү” жөнүндө жазылган резолюцияга Орусиянын өзүнөн башка дагы төрт өлкө – Беларус, Түндүк Корея, Никарагуа жана Сирия каршы болгон. Борбор Азиядагы Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан добуш берген эмес.

Документ талкууланып жатканда Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн дипломаты резолюцияны андагы Орусия жөнүндө айтылган бөлүмү үчүн колдобой турганын билдирди. “Тексттин бул бөлүгүндө жазылган айыптоолордун резолюциянын проблематикасына тиешеси жок жана ал саясий мүнөзгө ээ”, – деди Орусиянын өкүлү.

Бул резолюциянын негизги темасы Украинадагы согуш эмес. Андыктан Кытай менен Казакстандын берген добуштары алардын Украинадагы согуш боюнча позицияларынын өзгөргөнүн билдирер-билдирбеши белгисиз.

Европа Кеңеши – Европа Биримдигинин түзүмүнө кирбеген эл аралык уюм болуп эсептелет. Анын максаты – курамындагы 46 өлкөнүн ортосундагы адам укуктарын коргоо, демократия, мыйзам үстөмдүгү жана маданият тармактары боюнча кызматташуусун өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп эсептелет.

ТИМ: Россияда бычактап кетишкен мекендешибиздин абалы жакшырууда

Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарына чыккан “В России подростки изрубили тесаком уроженца Кыргызстана, который заступился за сына” аталышындагы маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсеси, Саха (Якутия) Республикасынын Мирный шаарындагы “Достук” кыргыз диаспора уюмунун жетекчисинин маалыматына ылайык,  төмөндөгүнү билдирет.
“Достук” кыргыз диаспора уюмунун өкүлдөрү менен  жергиликтүү  ыйгарым укуктуу мекемелердин, анын ичинде тергөө кызматынын жетекчилери менен жолугушуулар жүргүзүлгөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
Болуп өткөн окуя боюнча кылмыш иши Саха (Якутия) Республикасынын баардык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө.
“Достук” уюмунун жетекчисинин айтымында, жабырланган мекендеш А.У. Россия Федерациясынын жараны болуп эсептелет. Азыркы учурда анын ден соолугунун абалы жакшырууда.

Меню