Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусияга карата эки иш ачат

Гагадагы Эл аралык кылмыш соту жакын арада аскердик кылмыштар боюнча Орусияга карата эки иш ачат. Мындан тышкары бул кылмыштарга катышы бар делген бир нече адамдарды камоого ордер берет.

Бул тууралуу 13-мартта Reuters менен New York Times аты аталбаган булактарына шилтеме жасоо менен билдиришти. Азырынча расмий чечим жарыялана элек.

Эгер иш чындап эле ачылса, Украинада согуш башталгандан бери Орусияга карата көрүлгөн алгачкы соттук кадам болуп калат.

New York Times кабарлагандай, эки пункт боюнча айып тагылат: биринчиси – Украинанын жарандык инфратүзүмүн атайлап талкалоо, экинчиси – Украинадан балдары Орусияга алып чыгып кетүү. Киев өспүрүмдөргө карата жасалган мындай мамиледе геноциддин белгилери бар деп эсептейт.

Жакында Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Хан Украинага барып, кыйраган энергетикалык жана инфратүзүмдөрдү өз көзү менен көрүп кайткан. Reuters кабарлагандай, аткылоолордон жүздөгөн жарандар өлүп, суу жана электр түйүндөрүнүн талкаланганынан миллиондогон украин жашоочулары жабыркады.

Женева конвенциясы жана кошумча протоколдор согушкан тараптарды жарандык объектилер менен аскердик буталарды айырмалай билүүгө милдеттендирет. Эл аралык укук жарандык жайларды бутага алууга тыюу салат.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 13-мартта жарыялаган баяндамада айтылгандай, ата-энесинен ажыраган балдар оор психологиялык сокку алышкан. Ата-энеси барлар да алар менен жолугуу мүмкүндүгүнө ээ эмес. Украиналык айрым балдар күчтөп Орусияга чыгарылган.

Киев жана бир катар өлкөлөр орусиялык жетекчилерди жана аскерлерди жоопко тартуунун башка жолдорун да талкуулашууда.

Москва соту "Эркин Европа/Азаттыктын" Орусиядагы өкүлчүлүгүн банкрот деп жарыялады

13-мартта Москва шаарынын Арбитраждык соту Орусияда “Эркин Европа / Азаттык” медиакорпорациясынын атынан иш алып барган “РСЕ/РС” жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп тааныды. Сотко былтыр мартта Федералдык салык кызматы кайрылган.

“Чет өлкөлүк агент” мыйзамын аткарбаганы үчүн медиакорпорациянын орус тилиндеги тогуз долбооруна, анын ичинде “Азаттыктын” орус кызматына миллиондогон айып пул салыган. Корпорация аны төлөөдөн баш тартканы үчүн банкрот деп таанылды.

“Эркин Европа / Азаттык” радиосу Орусиядагы мыйзамдардын жоболорун журналисттердин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жараткан саясий цензура деп мүнөздөйт. Медиа уюм орус бийлигинин чечимдерине каршы Орусиянын башка сотторуна жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылат.

Былтыр орус күчтөрү Украинага басып киргенден көп өтпөй Роскомнадзор “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун сайттарын Орусиянын аймагында бөгөттөгөн. Медиа уюм Орусияда 1991-жылы ачылган бюросу жабылганын жана Латвиянын баш калаасы Ригада жаңы кеңсесин ачканын жарыялаган.

Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун 30 кызматкерин “чет өлкөлүк агент” деп жарыялаган. Бир катар эл аралык уюмдар орус бийлигинин “Эркин Европа / Азаттык” радиосуна басымын айыпташкан.

"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Лос-Анжелес шаарында Америка киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү. Бул – 95-ирет өтүп жаткан азем. Режиссерлор Дэн Кван менен Дэниэл Шайнерттин “Бардык жерде жана бир убакта” чыгармасы эң мыкты көркөм фильм сыйлыгына ээ болду. Тасма жети “Оскар” алды.

Дэн Кван менен Дэниэл Шайнерт эң мыкты режиссура жана эң мыкты оргиналдуу сценарий үчүн сыйлык алышты. Пол Рожерс эң мыкты мантаж үчүн байгеге ээ болду.

Эң мыкты актирса наамы Мишель Еого берилди. Экинчи пландагы мыкты аялдын ролу үчүн байгеге Жейми Ли Кертис татыды. Ке Хюи Куан экинчи пландагы мыкты актер аталды.

Режиссер Даррен Аронофскинин “Кит” фильминде ойногон 54 жаштагы Брендан Фрейзер эң мыкты актер сыйлыгын алды. Бул тасма эң мыкты грим жана чач жасалгасы үчүн да “Оскарды” жеңип алды.

Режиссер Эдвард Бергердин “Батыш фронтто өзгөрүү жок” эмгеги бул аземдин эң мыкты чет өлкөлүк тасмасы болуп калды. Картина эң мыкты оператордук иш жана оргиналдуу саундтрек үчүн да сыйлык алды.

“Аватар. Суу жолу” тасмасы эң мыкты визуалдык эффект үчүн “Оскарга” ээ болду.

Гильермо дель Торонун “Пиноккио” чыгармасы эң мыкты толук метраждуу анимациялык фильм аталды.

Канадалык режиссёр Дэниел Роер тарткан “Навальный” аттуу даректүү тасма “Эң мыкты даректүү тасма” категориясында “Оскар” сыйлыгын алды. Салтанатка режиссер менен бирге Алексей Навальныйдын жубайы, кызы жана уулу – Юлия, Дарья жана Захар да катышты.

Индиялык Гонсалвес менен Гутит Монгинин “Пил сүйүүчүлөр” картинасы эң мыкты кыска метраждуу фильм аталса, “Бала, Момолой чычкан, Түлкү жана Ат” мыкты кыска метраждуу анимациялык фильм катары “Оскарга” татыды.

 

Орустардан коркпой "Украинага даңк!" деп айтып, автоматтан ок жеп, каза болгон украиналык туткун жоокер Александр Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылды

Украинанын Коопсуздук кызматы “Украинага даңк!” деп айткандан кийин орус аскерлери атып өлтүргөн жоокердин тек-жайы аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, маркум жоокер Чернигов облусунун 119-аймактык коргонуу бригадасынын 163-батальонунун көзгө атары Александр Мациевский болгон. Ал өткөн жылы 30-декабрда атылып, сөөгү Украинага быйыл февралда кайтарылган.

12-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылганын билдирди.

Токойдо аскер кийимчен турган киши “Украинага даңк!” деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетке тараган. Украина бул көрүнүштү аскердик кылмыш деп атап, аны эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырган.

Орусия азырынча бул видео боюнча комментарий бере элек.

Сауд Аравиялык кыргыздар Мекке шаарында кыргыз элчиси менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-мартында Мекке шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинин жардамы менен Сауд Арабиянын ар кайсы шаарларынан келген 200дөн ашуун мекендештердин катышуусунда маданий жана спорттук иш-чаралар (футбол, волейбол турнирлери жана ар кандай интеллектуалдык оюндар) уюштурулду.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Элчи У.Марипов мекендештерди жана бардык катышуучуларды Мамлекеттик герб күнү жана Ак калпак күнү менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат, ошондой эле Элчилик тарабынан Сауд Арабия жана башка аккредитацияланган өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын катышуучуларына ошондой эле мамлекет башчы тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана республикабыздын чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер жана “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы” тууралуу маалымат берилди.
Бул концепциянын алкагында У.Марипов жаш муундардын кыргыз тилин, үрп-адатын, өлкөнүн тарыхын билүүнүн, ошондой эле ийгиликтүү жана өнүккөн мамлекетти курууга умтулган ар түрдүү маданий, этникалык, диний негиздердеги коомчулукту калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө майрамдык түшкү жана кечки тамак уюштурулуп, турнирлердин жана оюндардын жеңүүчүлөрү баалуу белектерге ээ болушту.
Мындан тышкары, Элчиликтин консулдук кызматкери жеринде Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды жана консультацияларды көрсөттү.

Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданды

Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданып, ири өлчөмдөгү насыяларды төлөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу “Мигрант Медиа” долбоору кабарлады.

Маалыматка караганда, шылуундар мекенине “Золотая корона” тиркемеси менен акча которгон мигранттарга телефон чалып, алардын атынан насыяларды алып алышкан. Ишенимдүү болуш үчүн алдамчылар абоненттин аты-жөнүн, акыркы акча которууларын айтып, СМС менен келе турган кодду айтууну өтүнүшкөн.

“Алгач 100 миң рубль болчу, азыр пайыздарын кошкондо 249 миңге чыгып кетти”, – деди жабырлануучулардын бири.

“Мен телефонго келген кодду айтып бергенден кийин алар “Золотая коронанын” кызматкерлери кайра чаларын билдирип, тиркемеге кирбей турушубузду эскертишкен. Алгач картамдан 30 миң рубль алышкан, азыр пайыздары менен 50 миң карыз болуп калдым”, – деди Бакыт аттуу дагы бир мигрант.

“Эң кызыгы, шылуундарда менин жеке маалыматтарым болгон. Алар мен качан, каякка жана канча акча которгонумду билишкен. Мен кодду айткандан кийин 50 миң рублдик насыя төлөшүм керек болуп калды”, – деди Максуда деген мигрант.

Мындай жол менен алдангандар жүздөп саналат. Шылуундар айрымдарынын атынан 10 миң, башкаларыныкынан 200 миң рубль насыя алышкан. Жабырлануучулардын айтымында, насыяга берилген сумма алгач алардын эсебине түшүп, кийин жоголуп кетип турган.

“Менин Кыргызстанда да насыям бар болчу. Орусияга ошону төлөйүн деп келгем. Эми бул жакта да насыя төлөшүм керек болуп калды. Кантип төлөйм билбейм”, – деди Жанарбү аттуу мигрант.

“Золотая коронанын” колдонуучуларынын жеке маалыматтары кантип шылуундардын колунда болуп калганын азыр полиция иликтеп жатат. Сервистин атынан насыя берген “Страна экспресс” микрокредиттик компаниясы ички иликтөө жүргүзгөнүн, жеке маалыматтар үчүнчү тараптын колуна тийгени аныкталбаганын билдиришти.

Москва полициясы алдамчылык фактылары боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө “Золотая корона” колдонуучуларынын жеке маалыматтарын эрежеге ылайык сактабаганы аныкталып, сот аны ырастаса, мигранттарга берилген насыялар жокко чыгарылышы керек. Болбосо мигранттар пайыздары күн сайын өсүп жаткан башка бирөөлөрдүн насыясын төлөөгө аргасыз болушат.

ФБРдин башчысы COVID-19дун чыгышына Кытайдагы лаборатория себеп болушу мүмкүн деп эсептейт

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй Fox News телеканалына берген маегинде COVID-19 кытай лабораториясынан тараган деген версияга көбүрөөк ыктап жатканын билдирди.

Апта башында АКШнын Энергетика министрлиги да коронавирус кытайлык лабораториядан келип чыккан деген жыйынтык жасаган. The Wall Street Journal басылмасы бул эки мекеменин позицияларынын дал келүүсүнө карабастан, алар мындай гипотезага түрдүү себептерден улам келишкенин белгиледи.

Кристофер Рэй Кытай өкмөтү пандемиянын себептерин иликтөө боюнча АКШнын аракеттерин токтотууга умтулганын билдирди. “Кытайдын өкмөтү АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн өкмөттөрү аткарып жаткан иштерге тоскоолдук кылып, аларды адаштыруу үчүн болгон аракетин жумшады”, – деди ал.

Буга чейин вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган. Уюмдун кызматкерлери 2021-жылы Ухандагы лабораторияга барып кеткенден кийин вирус ал жактан тарады деген ыктымалдык аз экенин билдиришкен. Бирок сынга кабылган уюм инфекция лабораториядан келип чыккан деген версияны жокко чыгаруу эрте экенин моюнга алган.

Кытай өз кезегинде андай божомолдорго “негиз жоктугун” айтып, АКШ да коронавирусту изилдегенин, вирус ошол жактан жайылганын билдирген.

Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө COVID-19га 700 миллионго жакын киши кабылып, көз жумгандар 7 миллионго чукулдады.

"Проект": Путин Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген

Орусия президенти Владимир Путин Олимпиада чемпиону Алина Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген. “Проект” басылмасынын иликтөөсүндө айтылгандай, каражат Путиндин  Кипрдеги Ermira офшорунан төлөнгөн.

Кеп Сочидеги “Королевский парк” турак жай комплексинде курулган 2600 чарчы метр аянттагы пентхаус жөнүндө болуп жатат. Анда бассейн, кинотеатр, патио, атүгүл тик учак коно турган аянтча да бар. Пентхаустун дизайны Валентин Юдашкинге таандык. 2021-жылы пентхаус “Орусиядагы эң чоң батир” деп таанылган.

“Проект” аныктагандай, 2011-жылы пентхаусту Олег Руднов өзүнө каттаткан. Кыймылсыз мүлктүн акчасы президенттик “капчыктан” – Кипрдеги Ermira офшорунан келип түшкөн. Руднов пентхаусту курулушчу белгилеген баадан беш эсеге арзан, 90 миллион рублга сатып алган.

Басылманын өз булагы Рудинов бул пентхаусту Кабаева үчүн сатып алганын ырастайт. Бул арада пентхаустун жанындагы эки батир Кабаеванын чоң энеси Анна Зацепилинга катталган.

“Проект” долбоорунун кабарчысы сатып алуучу катары бул үйдөн батирлерди саткан эки риелтор менен жолуккан. Алар пентхаус Кабаеванын жеке менчигинде экенин угушканын айтышкан.

Иликтөөчүлөрдүн эсеби боюнча Алина Кабаеванын бардык кыймылсыз мүлктөрүнүн наркы 120 миллион долларга жакындады.

Блинкен: АКШ Борбор Азияга 25 млн долларлык жардам берет

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанадагы расмий сапарында Орусиядан көз карандуулукту азайтуу үчүн Борбор Азияга жардам берүүгө убада берди.

Казакстандын борборунда чөлкөмдүн беш тышкы иштер министри катышкан С5+1 саммитинде АКШнын Мамкатчысы Вашингтон 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин кабарлады.

Орусия Украинада жортуулун улантып жаткан маалда Блинкен Кошмо Штаттар Борбор Азия элдеринин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн кубаттай турганын белгиледи.

Казакстан президентинин маалымат кызматы Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташуудагы “кошумча импульс” деп атаганын билдирди.

C5+1 дипломатиялык саммити 2015-жылдан бери бир нече жолу өттү. АКШнын Мамлекеттик департаменти 27-февралдагы билдирүүсүндө бул жолугушууну “чөлкөмдүн ичиндеги жана Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы кызматташууну бекемдөөчү саммит” деп атады.

Астанадагы маалымат жыйынында Блинкен Кытай Орусияга аскердик көмөк көрсөтсө опурталдуу болорун дагы бир сапар эскертти.

Блинкен Астанага 28-февралга караган түнү барган. Казакстандан ал Өзбекстанга сапар тартып, андан ары “Жоң жыйырмалыктын” жыйынына катышуу үчүн Индияга учуп кетет.

Түркиядагы жер титирөө: сапатсыз курулуш иштери боюнча 182 киши кармалды

Түркияда 6-февралдагы катуу зилзаладан имараттардын кыйрашы боюнча 182 киши кармалып, 400дөн ашуун киши шектүү катары эсептелип жатат.

Associated Press маалымдагандай, негизинен алар – үйлөрдү курган компаниялар, имараттардын ээлери же жетекчилери. Түркиянын юстиция министри Бекир Боздагдын айтымында, кармалгандардын арасында бир шаардын мэри да бар.

Эксперттер кыйраган имараттардын көбүндө сапатсыз курулуш материалдары колдонулуп, мамлекеттик стандарт сакталбаган болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Түрк бийлиги талоончулук фактылары боюнча да иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 200дөй киши кармалды.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 50 миңге чамалады.

Меню