Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Түркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган төрт адамды тапты

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Түркиянын зилзала болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулар жалпы төрт адамды урандылардын арасынан тирүү алып чыкты.

Маалыматка ылайык, 12-февралда саат 22:00 чамасында урандылардын арасында тирүү калган адам бар экени аныкталып, алты жарым сааттай тынымсыз казуу иштеринин кийин 50 жаштар чамасындагы эркек киши аман-эсен куткарылган.

Андан алдын, 7 жаштагы баланы уранды алдынан аман таап чыкан. 11-февралда кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөнүн алтынчы күнүндө 22 жаштагы кош бойлуу келинди, 16 жаштагы өспүрүмдү уранды алдынан алып чыккан эле.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстан кечээ 80 куткаруучу жана алты дарыгер жиберди. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.

80 куткаруучу жана алты дарыгер 12-февралда жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 33 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

Түркия менен Сирияда зилзаладан өлгөндөрдү саны 34 миңден ашты

Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 29,5 миңден ашты. Al Jazeera маалымдагандай, Сирияда зилзаладан төрт жарым миңден ашуун киши мүрт кетти.

Эки өлкөдө жаракат агандардын саны 80 миңден көп. Жүз миңдеген кишилер үй-жайынан ажырады.

Урандылар арасында иштөө уланууда. Ага 70 өлкөнүн куткаруучулары жана медиктери катышууда. Азыркыга чейин урандылардын алдынан тирүү адамдар табылып жатат, арасында балдар да бар.

Түркияда имараттардын кыйрашы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Шектүү 100дөн ашуун адамды кармоо боюнча токтом чыкты. Дагы 50дөй киши талоончулук үчүн кармалды. Өлкөнүн президенти Режеп Эрдоган алар жазадан кача албай турганын айтты.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.

Түркияда үч айга өзгөчө абал жарыяланды.

Кыргызстан Түркияга дагы 50 куткаруучу жиберди

Кыргызстан 12-февралда катуу жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алар жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

“Калган куткаруучулар, боз үйлөр жана керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи”,-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан буга чейин Түркияга дагы 100 куткаруучу, 100 боз үй жөнөтөрүн кабарлаган.

Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук департамент Бишкектен Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген. Анда жардам жүктөлгөн учак 12-февралда Газиантеп шаарына конору болжолдонуп жатканы, бул аймакка Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев барганы айтылган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан келчү боз үйлөрдү тигүү үчүн Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардын ыктыярчылар тобу түзүлүп, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү.

Кыргызстан Түркияга зилзаланын алгачкы күнүндө эле 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.

Түркиядагы зилзалада кыргызстандык келин мерт болгону кабарланды

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында зилзаладан Кыргызстандын бир жараны каза тапканы кабарланды.

Аталган провинциянын Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганын 9-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы кыргызстандык келин хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болгонун консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган.

Консулдуктун кызматкерлери учурда мигрант келиндин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иш жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Азырынча маркумдун тек-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек.

Буга чейин социалдык тармактарда Хатай шаарында иштеп жүргөн М.Б. аттуу кыргыз жараны апаат болгон түндөн бери байланышка чыкпай жатканы тууралуу кабарлар тараган.

6-февралдагы катуу зилзаладан кийин Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Түркиянын жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарындагы кыргыз жарандары үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстандын Стамбулдагы жана Антальядагы башкы консулдуктарынын кызматкерлери Хатай шаарындагы байланышка чыкпай жаткан кыргыз жарандарын издөө иштерин жүргүзүүдө.

Түркияда жана Сирияда дүйшөмбү күнү болгон удаалаш жер титирөөлөрдөн набыт кеткендер 20 миңге жакындады. Курмандыктардын 17 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа 9-февралда кечке жуук кабарлады. Кыйратуучу зилзаладан өлгөндөрдүн 37% дал ушул Хатай аймагынын тургундары. Түрк бийлиги он миңдеген адамдар жаракат алганын билдирүүдө.

Адана: Зилзалада онго жакын кыргызстандык кыз-келин үй-жайсыз калды

Түркиядагы зилзала учурунда Адана шаарында иштеген он чакты кыргызстандык кыз-келин үй-жайсыз калды. Аларга жардам берүү үчүн атайын топ жолго чыгып кеткенин Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов журналисттерге билдирди.

Түрк бийлиги зилзаладан 10 шаар – Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адияман, Малатя, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис зыян тартканын билдирди.

6-февралда кечке жуук таратылган расмий маалыматта айтылгандай, набыт кеткендер Түркияда 1500дөн ашса, Сирияда 800гө жакындады. Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жаткандыктан, бул сандар өсүшү ыктымал. Айрым маалымат каражаттары тирүү табылгандар тууралуу жазып жатышат.

Дүйшөмбүдө Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зилзаладан жабыркаган Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөтүп жатканын кабарлаган.

“Куткаруучулар тобунун арасында психологдор, дарыгерлер да болот. Түркияга барчу кызматкерлерибиз Оштон дагы келе жатат. Эгер үлгүрсө, алар бүгүн, 6-февралда жөнөп кетишет, болбосо калгандары эртең учат. Куткаруучулар атайын борт менен тамак-ашын, чатырын, болгон шаймандарын кошо ала барат. Алардын арасында кинолог эки ити менен учат”,-деген министрликтин басма сөз катчысы Алим Токторов.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө кайталанган.

Канада парламентинин төмөнкү палатасы Шинжаңдан 10 миң уйгурду кабыл алуу резолюциясын колдоду

Канада парламентинин төмөнкү палатасы өкмөттү эки жылдын ичинде Кытайдын Шинжаң аймагынан 10 миң уйгур качкынын кабыл алууга чакырган резолюцияны жактырды.

Сунуш берүү мүнөзүнө ээ жана өкмөттү аткарууга милдеттендирбеген резолюцияны палатадагы 322 депутаттын баары бир добуштан колдоду.

Документте Канада өкмөтүн Шинжаңдан үчүнчү өлкөлөргө качууга аргасыз болгон уйгурлар жана башка түрк тилдүү элдер Кытай бийлигинин басымы менен коркутууларга туш болуп жатканын таануу чакырыктары жазылган.

Reuters агенттиги белгилегендей, резолюция милдеттүү түрдө аткарылышы керек болбосо да анын бир добуштан кабыл алынышы — чечим кабыл алууда премьер-министр Жастин Трюдонун өкмөтүнө басым жасоочу фактор болушу мүмкүн.

“Канада коргоого муктаж адамдарга жардам берүүгө ар дайым өз салымын кошот. Мен палата жактырган резолюциядагы чараларды ишке ашыруу үчүн бардык партиялардын мүчөлөрү менен иштешүүгө даярмын”, – деди Канаданын иммиграция министри Шон Фрейзер.

Укук коргоо уюмдары Бээжинди 2017-жылдан бери ислам динин тутунган уйгур, казак жана кыргыз өңдүү Шинжаңдагы улуттардын миллиондон ашык өкүлүн түрмөлөргө жана “кайра тарбиялоочу лагерлерге” камаган деп айыптап келишет. 2021-жылы февралда Канада парламентинин төмөнкү палатасы Кытай бийлигинин Шинжаңдагы түрк тилдүү мусулман элдерге карата мамилесин геноцид деп тапкан. Ага чейин январь айында АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Майк Помпео да Шинжаңдагы көрүнүштөрдү геноцид деп атаган.

Кытай бийлиги дарегине айтылган бардык айыптоолорду четке кагып, Шинжаңдагы аракеттерин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш деп атап келет.

Былтыр алты айда 11 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алды

2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 10 632 киши кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта жазылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.

Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Алты ай ичинде 74 160 тажикстандык, 21 647 казакстандык, 13 099 өзбекстандык, 1 549 түркмөнстандык атуул Орусиянын жарандыгын алган.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда жашап-иштеп жүрөт.

ДССУ COVID-19 пандемиясы аяктады деп жарыялоодон баш тартты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 пандемиясы аяктады деп жарыялоодон баш тартып, ага байланыштуу эл аралык маанидеги өзгөчө абал макамы каларын билдирди. Тиешелүү чечим ДССУ комитетинин 30-январда өткөн чукул жыйынында кабыл алынды.

Бул жыйын COVID-19 пандемиясынын башталганынын үч жылдыгына арналып өткөрүлдү – уюм коронавирусту 2020-жылы 30-январда глобалдык коркунуч деп жарыялаган.

Жыйындын жүрүшүндө пандемияны аяктады деп жарыялоо керекпи-жокпу деген маселе талкууланды. Комитет мүчөлөрү COVID-19га каршы күрөштөгү көрүнүктүү ийгиликтерди белгилеп, бирок пандемиянын аяктаганы жөнүндө айтуу азырынча эрте деген чечимге келишти. Буга жакында эле Кытайдагы карантиндик чектөөлөрдүн көбү алынгандан кийин коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйгөнү себеп болду.

COVID-19га чалдыккандар тууралуу алгачкы кабарлар 2019-жылы декабрда Кытайда пайда болгон. Көп өтпөй вирус тездик менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жайылган. Акыркы үч жылдын ичинде коронавирус 670 миллион кишиге жугуп, алардын 6,8 миллиону көз жумду. Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө COVID-19га каршы 5 миллиард киши эмдөөдөн өттү.

Орусияда абакта отурган кыргызстандык Украинада согушта каза болду

Кыргызстандын жараны, Ноокен районундагы Рахманжан айылынын 30 жаштагы тургуну Аян Алишеров Украинадагы согушта каза болгонун апасы Рахатай Абдивалиева журналисттерге ырастады.

Ал Орусияда абакта отурган баласы кантип Украинадагы согушка барып калганы түшүнүксүз болуп жатканын билдирди.

“Балам жок жерден жалган жалаа менен камалып кеткен. Мен сотуна да барып, катышып турчу элем. Акыркы сотунда өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, мага ыйлаган эле. Жети жылга кесилип, Мордовияда түрмөдө мөөнөтүн өтөп жаткан. Телефондон сүйлөшүп турчубуз. 2-октябрда мага телефон чалып, “апа мен Кыргызстанга кете турган болдум, буюрса алты айда бошонуп чыгам. Анан үйлөнөм, той кылабыз” деген эле. Ошондо ал мени кыжалат болбосун деп, согушка баратканын айтпай койгон окшойт”, – деди Рахатай Абдивалиева.

Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза тапкан 30 жаштагы Аян Алишеровдун сөөгү 23-январда Кочкор-Атага жеткирилип, жерге берилди.

Маркум 2019-жылы Москвада “адам уурдоо” жана “опузалап акча талап кылуу” беренелеринин негизинде шек саналып, камакка алынган. Апасы Аян Алишеровду мекенине экстрадициялоону өтүнүп, Кыргызстандын Москвадагы элчилигине бир нече жолу кайрылганын айтты.

Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо чечими, аны ишке ашыруу болгон-болбогонун тактап, Башкы прокуратурага кайрылдык. Көзөмөл органынын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов жеке адамдар тууралуу маалымат журналисттерге берилбей турганын билдирди.

Жогорку Соттун сайтында Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш соттук кароого коюлганы тууралуу жазылган. Бирок иш каралганы, кандай чечим чыкканы тууралуу маалымат жок.

“Вагнер” компаниясы жалдаган миңдеген согушкер Украинадагы урушка тартылган. Компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин жалданмалардын майдандагы эрдигин таанууну талап кылып Орусиянын аскер жетекчилигине ачык талап койгон. Путиндин “ашпозчусу” деген каймана аты бар олигархтын орус түрмөлөрүн кыдырып, жаза өтөп жаткандарды согушка азгырып жүргөн видеолору тараган.

Бул кыргыз жаранынын орус армиясынын катарында Украинадагы согушка барып каза тапкан биринчи учуру эмес. Өткөн жылы жай айында орусиялык армиянын катарына кошулган эки кыргыз жараны – Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Украинада окко учканы белгилүү болгон.

Андан тышкары Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган бир нече аскердин сөөгү кичи мекенине жеткирилген.

Алишер Усманов Орусиянын ишкерлер биримдигинен чыгууга арыз берди

Бизнесмен, Forbes журналынын версиясында Орусиянын эң бай адамдарынын бири Алишер Усманов Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин мүчөлүгүнөн чыгууга арыз берди.

Ал муну “пенсияга чыкканы жана ишмердигин токтотуп жатканы” менен түшүндүргөн. Бул тууралуу РБК агенттиги аталган бирикмедеги булакка таянуу менен билдирди.

Усмановдун Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу башкармалыгынын бюросуна жазган арызынын скриншотун “Короче” Телеграм каналы жарыялады.

Маалыматтарга караганда, арыз 25-январда каралат. Усманов же анын өкүлдөрү азырынча комментарий бере элек.

Forbes журналынын 2022-жылдагы маалыматына ылайык, теги өзбекстандык миллиардер Алишер Усмановдун байлыгы 16,3 миллиард долларга барабар.

Путинге жакын деп сыпатталган Усманов Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыштын санкциялык тизмесине илинген.

Ноябрда Өзбекстандын өкмөтү Евробиримдиктен ага салынган санкцияларды алып салууну суранганын Британияда чыккан Financial Times гезити жазган.

Меню