Menu

КООМ

Сирияга согушка аттанган кыргыз жарандары азайды

Күч органдарынын маалыматына караганда, 2016-жыл Сирияга кетип жаткан кыргыз жарандарынын агымы тартылып калганын көрсөттү. Бул жылы кан күйүп жаткан өлкөгө жөнөгөн кыргыз жарандары жыйырма адамдын гана тегерегинде болду. Бирок, муну биздин түшүндүрүү иштеринин натыйжасы болду дебейбиз. Себеби геосаясий кырдаал өзгөрдү.

Күч органдары буга чейин Кыргызстандан Сирияга жихадчылардын катарына кошулуп, согушуп жаткандардын саны жалпысынан беш жүздөн көп деп жатышкан. Эми Сирияда жана Иракта «Ислам мамлекети» алсырап, чегинип бара жаткан чакта анын катарында согу­шуп жүргөн кыргыз жарандарынын айрымдары мекенине кайтып келүүнү каалашы мүмкүнбү?

«Биздин анализдер көрсөткөндөй, кеткендердин баары идеологиялык көз караш менен кеткендер. Булар фанаттар. Алар кайтыш үчүн эмес, ошол жакта калыш үчүн кеткендер» дейт Эрлан Бакиев.

Кеткендердин 85 пайызы өзбек тектүү кыргыз жарандары болгон. Мунун себебин 2010-жылдагы өлкө түштүгүндө болгон кандуу окуялардын кесепети ка­тары карагандар бар. Бирок, жүргүзүлгөн атайын изилдөөлөр Сирияга баргандардын басымдуу бөлүгүнүн мындай жолду тандап алышынын башкы себеби диний көз караш же ишеним менен байланыштуу экенин көрсөткөн.

Атайын кызматтар февраль айында эле Ош шаарынан кыргыз жарандарын Си­рияга диверсиялык-террордук максатта согушка азгырып жиберип жаткан кылмыштуу каналдын бети ачылганын билдиришкен.

Башкы прокуратура өз кезегинде өлкө ичинде «Ислам мамлекети» атыккан экстремисттик күчтөргө жан тартып, тымызын жардам берген бир катар экс­тремисттик жана террордук топтор бар экенин эскертип келатат.

Ошондуктан мамлекеттик органдар диний радикализмдин алдын алуу үчүн өлкөнүн ичинде ар кандай иш-аракеттерди көрүп жатканын байма-бай билдирүүдө. Анын ичинде мектептерге дин таануу сабактарын киргизүү, диний окуу жайлардын программасына светтик сабактарды киргизүү, казыларды, имамдарды текшерүүдөн өткөрүү, чет өлкөдөгү диний окуу жайларга жиберүүнү көзөмөлгө алуу сыяктуу иштерди атаса болот.

Булак: “Азия ньюс”

Жалал-Абадда Баткен согушунун катышуучулары антитеррордук иш-чара өткөрүшөт

Жалал-Абад шаарында 1999-2000-жылдары болуп өткөн Баткен согушунун катышуучуларынын Жалал-Абад областтык жана шаардык кеңеши антитеррордук иш-чара өткөрүүгө камынып жатат. Бул тууралуу Баткен согушунун катышуучуларынын областтык жана шаардык кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракулов билдирди.

Анын айтымында, 25-март күнү Жалал-Абад шаарынын чоң жыйындар залында антитеррордук темадагы семинар уюштурулуп, ага областтагы жана шаардагы Баткен согушунун катышуучулары катышмакчы.

-Биз бул иш-чараны уюштуруу менен Баткен согушуна катышып, эгемен Кыргызстанды сырткы жоодон коргогон эр-азаматтарыбызга бүгүнкү күндөгү терроризм, анын дүйнөлүк кесепеттеринин кулач жайып баратышы, ага каршы туруунун жолдору тууралуу кеңири сабактар өтүлмөкчү. Окутуу үчүн Бишкектен, Оштон дасыккан адистер келишет. Окуунун жыйынтыгы менен анын катышуучуларына сертификаттар берилет. Биз бүгүнкү тынчтык күндөрүндө элибизде, жерибизде тынчтыктын сакталышы боюнча өз салымдарыбызды кошууга аракет кылабыз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, мындай иш-чара буга чейин Ош шаарында болуп өткөн. Мындан ары да өлкөнүн башка аймактарында ал улантыла бермекчи.

Жалал-Абадда кургак учук оорусуна каршы “Тегерек стол” жыйыны өттү

Бүгүн, 23-мартта  Жалал-Абад шаарындагы “Мөлмөл” мейманаканасынын конференц залында “Калктын кургак учук оорусу туурасында  кеңири маалымат алуусун жакшыртуу жана облус аймагында кургак учук менен ооругандарга жардам көрсөтүү” деген аталышта “Тегерек стол” жыйыны болуп өттү. Анын ишине облустук саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери, айылдык ден соолук кеңештеринин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  катышты. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Кургак учук оорусуна каршы күрөшүүгө арналган “Тегерек стол” жыйынын Жалал-Абад облусттук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиева ачты. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова мамлекет тарабынан кургак учук оорусунун алдын алуу, бул дарт менен жабыркагандарга мамлекеттик кепилдик программасына ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди.

“Тегерек стол” жыйынынын катышуучуларына кургак учук оорусунун Жалал-Абад облусундагы эпидемиологиялык абалы туурасында Жалал-Абад шаарындагы Р.Г. Бауэр атындагы облустук кургак учук оорусуна каршы борборунун директору Бурулкан Кадырова кеңири баяндама жасады.

–    Облустук кургак учук оорусуна каршы борборунда 1983-жылы 500 койка керебет болсо азыркы мезгилде 373 керебет койка иштеп жатат. Мындан сырткары Чаткал районунун Шакафтар айылында 60 орундуу, Токтогул шаарчасында 40 орундуу кургак учук оорусуна каршы ооруканалар иштеп жатат. Сузак менен Ала-Бука районунда кургак учук оорусуна каршы диспансерлер жабылып, Базар-Коргон районундагы 35 орундуу кургак учук диспансери облустук борборго карап калды. 2015-жылы 868 кургак учук оорусу менен ооругандар аныкталган болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 981 оорулууга өскөн. 2015-жылы кургак учук оорусунан 61 адам каза болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 9 адамга азайган. Облус аймагында кургак учук оорусу менен ооругандардын көбөйүүсүнө сырткы жана ички миграциянын тийгизген таасири чоң болууда. Атап айта турган болсок, 2016-жылы 981 адам кургак учук оорусу менен ооруп катталган болсо, мунун ичинен 224 адам ички жана сырткы мигранттардын эсебинен болгон. 2015-жылы кургак учук оорусунан 2 бала каза тапса, 2016-жылы кургак учук оорусунун туруктуу формасына өтүп кеткен 9 бала аныкталган. Облус аймагында кургак учук оорусунун туруктуу түрлөрү көбөйүүдө. Алсак, 2015-жылы 232 адам кургак учук оорусунун туруктуу түрүнө кабылган болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 250 адамга өскөн. Анын натыйжасында кургак учук оорусунун туруктуу түрүнөн каза болгондор көбөйүүдө.

Жалал-Абад облустук кургак учук оорусуна каршы борборунда Германия өндүрүшүнөн чыгарылган уникалдуу рентген аппарат 2016-жылы бузулуп иштебей калды. Бул маселе боюнча германиялык адистерге кайрылсак, “Аппарат 15 жыл иштептир, эми анын иштөө мөөнөтү бүттү” деген тыянак жоопту беришти. Учурда алып жүрүүчү портативдик рентген апаратын алып иштетип жатабыз. Ал болгону өзүбүздө жатып дарыланып жатышкан бейтаптарды тейлөөгө гана мүмкүнчүлүгү бар. Анан калса бизде иштеген дарыгерлердин 70 пайызы пенсия курагындагы дарыгерлер. Жаш дарыгерлерди бул жерге чакырып иштетүү кыйын болуп жатат. Ошого карабастан 2016-жылы 5 жаш дарыгерлерди ишке чакырып, алар бизде туруктуу түрдө иштеп калышты. Биздеги негизги көйгөйлөрдүн бири кургак учук оорусу менен ооругандардын жогорку деңгээлде кармалып туруусу жана дарыга туруктуу кургак учуктун көбөйүүсү болуп калууда,- деди Жалал-Абад облустук кургак учук оорусуна каршы борборунун директору Бурулкан Кадырова.

“Тегерек стол” жыйынында “Кургак учукту жеңебиз” USAID долбоору тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында аталган долбоордун максаттары жана аткарылып жаткан иштер жагдайында долбоордун адистери Чолпон Ибраимова жана Дильшат Хаитов кеңири маалымат беришип, “Тегерек столдун” катышуучулары тарабынан берилген суроолорго ынанымдуу жоопторду беришти.  Кургак учук оорусунан айыгып кетүүгө толук мүмкүн болсо да, бул оору саламаттыкты сактоо тармагынын учурдагы олуттуу көйгөйү болуп келүүдө. Кыргызстанда кургак учук оорусу менен күрөшүү боюнча “Кургак учукту жеңебиз” USAID долбоорунун 5 жылга эсептелген долбоорунун башкы максаты кургук учуктун оорчулугун жеңилдетүү болуп саналат. Эң башкысы дарыга туруктуу болуп калган кургак учуктун жайылышын басаңдатуу, кургак учук боюнча сапаттуу медициналык кызматтар жана жардамдар менен калктын аярлуу топторун жалпы жана бирдей камтууга жетишүү болуп саналат. ВОЗдун статистикалык маалыматына таяна турган болсок, жыл сайын дүйнөдө кургак учук менен 9 млн. адам ооруйт. Ал эми Кыргызстанда жыл сайын 5 миң адам кургак учук оорусун жугузуп алат. Кыргызстанда 3 миңден ашуун көп дарыларга туруктуу кургак учук менен жабыркаган оорулуулар катталат.

Бүгүн жарандык коом "Азаттык" форумун өткөрөт

23-мартта жарандык коом “Азаттык” форумун өткөрөт. Иш-чараны “Сөз эркиндигин коргоо комитети” менен «Конституциялык кенешме» кыймылы уюштурууда. Анда Кыргызстандагы саясий кырдаал жана сөз эркиндигинин абалы талкууланат.

Аталган коомдук уюмдар билдирүү таратып, Кыргызстанда саясий укуктар жана сөз эркиндиги катуу кысымга кабылганын, көз карандысыз маалымат каражаттары менен журналисттердин кесиптик ишмердик укуктары бузулуп жатканын белгилешкен. Мындан тышкары күч кызматтары мыйзамга эмес, бийликке иштеп, түздөн-түз анын саясий каршылаштарын куугунтуктоо жана жазалоочу куралга айланды деп айтылган. Активисттер бул абалды өзгөртүү үчүн кайдыгер болбогон жарандар биригүүчү мезгил келди деп билдиришкен кайрылуусунда.

Башкы прокуратура “Азаттык” радиосу менен “Заноза” басылмасын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн “президенттин аброюна шек келтирди” деген негизде марттын башында сотко берген.

14-мартта Ленин райондук соту “Азаттык” радиосунун жана Zanoza.kg сайтынын банк эсептерин камакка алуу тууралуу аныктама да чыгарган. Бул тууралуу 22-мартта белгилүү болду. Өткөн аптада ушундай эле аныктама Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова менен журналист Нарын Айыптын мүлктөрүнө карата да чыгарылган болчу.

18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүштө беш киши кармалып, беш суткага камалган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

«Кыргызаэронавигацияга» көз кызартып, сугун арткан кимдер?

Өлкөбүздө мамлекеттик ишканалардын эмгек жамааттарында моралдык-психологиялык климатты бузган, элдин нааразычылыгын пайда кылган жана кадрлар арасындагы тирешүүлөрдү жараткандар бузукулар менен ушакчылар. Бүгүнкү күнү «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын жамааты транспорт жана жол министрлигинен ишкананы ар түрдүү кийлигишүүлөрдөн сактоонун чарасын көрүүсүнө муктаж.

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасында бүгүнкү күнү мурдагы жетекчилик тарабынан кетирилген кемчилдиктерден арылып, соңку төрт жылдан бери өндүрүштүк иш бир кылка жүрүүдө. Азыркы учурда өлкөбүздө стабилдүү иштеп жана динамикалуу өнүгүп келе жаткан мекемелердин бири да “Кыргызаэронавигация”. Акыркы төрт жылда эле ишкананын таза кирешеси төрт эсеге жакын көбөйгөндүгү буга далил. Бирок, ишкананын эмгек жамааты жана профсоюз уюму мекеменин ичинде ушак сөздөрдү таратып, айрым кишилердин интрига жүргүзгөн аракеттерине тынчсызданып жаткан учуру. Анткени, ишкана жамааты ички-тышкы жагымсыз кийлигишүүлөрдү каалабайт.

2016-жылдын жай айынан тартып эле С. Жоробаевдин «ишкананын жетекчилигине мен келем, маселе чечилген», — ​деген сөзү авиация тармагында таркап келген. 2016-жылдын аягында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун мурда жок, атайын ал үчүн түзүлгөн орун басарлык кызматына келгенде, мурдагы ушак-айыңдардын ишке аша баштаганы билинген. Анын жок орунду түздүрүп келиши эле эмгек жамаатына моралдык-психилогиялык жактан терс таасирин тийгизип, тынчсыздануусун жараткан. Жок орунду жаратып, асмандан түшүп келгендей эле бир киши заматта олчойгон орунга олтуруп калса баары эле таң калат да.

Ушак-айың Сатыгул Жоробаевдин ишканага келиши менен андан бетер күчөгөн. Жоробаев Сатыгул деген ким? Ал милициянын мурдагы кызматкери. 2007–2013-жылдары «Кыргызстан» авиакомпаниясы ачык акционердик коомунун Үрүмчүдөгү (КЭР) өкүлү болуп иштеп турганда, анын ишиндеги айрым бир себептери менен кайра чакыртып алышып, «Эйр Кыргызстан» ОАОсынын ички режими жана коопсуздугу бөлүмүнүн начальнигине коюшкан. Бүгүнкү күнү бул компания банкрот абалында, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду тарабынан сатыкка коюлуп жатканы белгилүү.

Штаттык расписаниеде жок орунду түздүрүп, артык баш чыгымды жаратып, анын келишинин себеби кокусунан эместир. Көрсө, Жоробаевдин Транспорт жана жолдор министри Ж. К. Калиловко жердешчилик гана эмес, жакын тууганчылык жайы да бар деген сөздүн чындыгы бар окшойт. С. Жоробаев Генералдык директордун зарылчылыгы жок орун басары кызматына келгенинин жоопкерчилигин бир аз дагы сезип койгон жок. Тескерисинче анын келиши менен эмгек жамаатында интригалык оюндар күч ала баштады.

Кызматкерлер арасында «жогорку кызмат адамдарынан байланышым бар»-, деп жогорку жетекчилердин айланасындагылардын атын атоо менен ал жакында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын генералдык директору болорун ачык эле айтып, мактанып келгенин ишкананын кызматкерлери тартынбастан айтып берет. Ал тургай бул маселени «Гавайи» кафесинде сый көрсөтүп, өзүнө тааныш болгон суйкайган сулуу адамды ортомчу кылуу жолу менен чечип койгондой сөз жүргүзчү тура. Муну дагы ишканадагы кызматкерлер айтып жүрүшпөйбү. Мунун чын-жалганын өзү эле билбесе, биздин билгенибиз ал ушундай түр көрсөтүү ыкмасын жакшы өздөштүргөндөй.

Ушундай эле жол менен 2011-жылы «Кыргызстан» авиакомпаниясынын Кытай эл республикасынын Үрүмчүдөгү өкүлү болгонун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы менен кол телефонго чогуу түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, жакын байланышта экенин кеп кылып жүргөн деп айтышат. Тааныш-билиш менен кызмат орунду, башка маселени чечкенди өтө жогору баалап, өндүрүштү жана жамааттын моралдык-психологиялык абалын эске албаган немени кантип министрлик колдоого алды экен?! Абада учууда адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылган өтө маанилүү иш тууралуу бир дагы түшүнүгү жок, аэронавигациялык-өндүрүштүк маселелерди козгоодо компетентсиз, авантюризмге, интригалык оюндарды уюштурууга ык койгон адам ушундай жооптуу кызматты аркалоого татыктуубу?!

Ишкананын эмгек жамааты мамлекетибиздеги коррупцияга каршы күрөшүү саясатын чын дилден колдойт. Тилекке каршы, өкүнүчтүүсү С. Жоробаев сыяктуу кокусунан келип калган кадрлар тармакты талкалаары бышык.

Ошондуктан, аэронавигациянын эмгек жамааты Жоробаев Сатыгулдун катышуусу менен ишканадагы интриганы токтотууну талкуулаган жыйын өткөрүшкөн.

Талкуу учурунда сөз сүйлөгөн кызматкерлердин айрымдарынын пикирин берели.

Бутабаев К. Ш. «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун 1-орун басары:

— Биздин жамаатта 700 адам эмгектенет. Өндүрүш абдан татаал жана олуттуу. Жоробаев Сатыгул мен сени жакшы билем. Сен тармак боюнча адис эмессиң. Үчүнчү орун басарды атайын сен үчүн ачышканда эле бизде «эмне үчүн ачылды?» деген суроо пайда болгон.

Жакыпбаев М. А. Генералдык директордун орун басары:

— Авиация чөйрөсүндө өткөн жылдан тартып эле «Генералдык директорлукка бирөө келет имиш» деген ушак сөз таркалган. Сатыгул Базарбаевич, сиздин мекемеге кызматка келишиңиз менен ушак сөз жөн жерден айтылбаганы ачыкталды. Эмгек жамаатта силердин келишиңер менен интригалар жана жагымсыз моралдык-психологиялык кырдаал күчөдү. Генералдык директордун кызмат орду мамлекеттик мыйзамдардын, ишкананын Уставынын негизинде, жамааттын пикирин эске алуу менен жогорку мамлекеттик органдар тарабынан чечилет.

Илипаев К. Б, Учууну радиотехникалык камсыздоо борборунун начальниги:

— Жамаатын нервине тийген жагдайдын түзүлүшү өкүнүчтүү. Анткени, бул иштин сапатына терс таасирин тийгизет. Мен жана жамааттын көпчүлүгү сиз тууралуу начар билебиз. Ошондуктан, эл менен таанышып, кайсы бир мезгилге чейин иштесеңер болмок.

Бобков А. Д, башкы инженер:

— Туруктуу иштеп жаткан жетекчиликти алмаштыруунун кандай кызыкчылыгы бар? Турмуштук тажрыйбаман билем, жетекчини негизсиз алмаштыра берүү өндүрүшкө терс таасир берерин айткым келет.

Ишкананын келечекте өнүгүүсү боюнча программалары, пландары түзүлгөн. Ошонун негизинде иштеп жатабыз. Бизге жетекчибиздин алмашуусунун кереги жок.

Мамбеталиев Б. Д, Профсоюз комитетинин төрагасы:

— Сизди жок кызмат орунду түзүп дайындаганда эле жогорку кызмат адамдары менен байланышыңыз бардыгы сезилген. Ошол күндөн эмгек жамаатында моралдык-психологиялык кырдаал бузулган. Ырас, бул кызматка келген соң жулкунбайлык, өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү үчүн жок дегенде 1–2 жыл иштөөңөр керек эле.

Атакуев Т. М, Бишкектеги аба кыймылын тейлөө борборунун начальниги:

— Мен 40 жыл иштеген ишкананын тагдырына кайдыгер карай албаймын. Кандай гана эмгек жамааты болбосун, андагы моралдык-психологиялык абал чоң мааниге ээ. Кайсы бир адамдын келиши менен эмгек коллективди кара булут каптап, интиригалык оюндар, ушак-айыңдар жүрсө, ал адамдын ким экендигин айгинелейт. Ушунун бардыгы Жоробаев Сатыгул менен байланышып турат.

Исмаилова К. К, кадрлар бөлүмүнүн начальниги:

— Жоробаев Сатыгулдун бул кызматка дайындалышы Транспорт жана жолдор министрлигинин аброюн төмөндөттү. Анткени, дайындоодон башта анын кесипкөйлүгүн, компетенттүүлүгүн жана башка сапаттарын карап көрүш керек эле. Биздин ишканада кызмат орундарына татыктуу адамдар иштеп келүүдө. Азыркы иштеп жаткан жетекчилик бизге өз ишин билгендиги менен жагат.

Акматов К. И, Нөөмөттүн начальниги:

— Мен үчүн Жоробаев Сатыгулдун бул кызматка келиши түшүнүксүз болгон. Билишимче, мамлекеттик ишканаларды башкарууну жакшыртуу боюнча өкмөттүн токтомуна ылайык ишкананын штаттык бирдиктери кыскартылыш керек эле. Тескерисинче, аэронавигация боюнча түшүнүгү жок, кесипкөй эмес кишинин 3-орун басар болуп дайындалышы көп суроолорду жараткан. Жогорку жетекчи органдардагы жетекчилердин келиши менен ишкана-мекемелердеги жетекчилеринин кадрдык алмашуусу баш-аламандыкка алып келүүдө. Учуулардын жана адамдардын коопсуздугу үчүн жооп берген биздин мекеме үчүн мындай башаламандыкка жол берүү кечиримсиз.

Жогорудагы талкууда сүйлөгөн 20дан ашык кызматкер ушундай эле ойлорун айтышкан. Негизинен, алардын пикирлерине караганда, азыркы иштеп жаткан жетекчи ишканада моралдык-психологиялык абал туруктакташтырып жана өндүрүштүк-финансылык көрсөткүчтөрдүн өсүшүн жаратып келген. Ошондуктан, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын азыркы жетекчисин алмаштыруунун зарылдыгы жоктугун жогорку органдардын жетекчилери эске алат деп ишеним артышат.

Булак: “Жаңы ордо”

Кытайбек Раманов , коомдук ишмер, журналист: "Биз кантип Кыргызстанды мамлекет, Атамбаевди президент деп айтабыз?"

Мен колума калем кармаардан мурун көпкө ойлондум. Ары толгондум, бери толгондум. Жазсамбы, жазбасамбы дедим. Акыры жазайын деп колума калемсап кармадым. Жазбасам болгудай эмес. Жазбай, айтпай, унчукпай жүрө берсек Кыргызстанды жоготуп алчудайбыз. Ушу менин башымдан өткөн кичинекей окуя эле мамлекетке ахвалдын өтө оор экендигинен кабар берет.

Эмесе баштайлы, мен жумушума Жибек Жолу көчөсү менен келип Орозбеков көчөсү менен өйдө көтөрүлөм. Орозбеков көчөсүнүн оң жагында (күн батыш жагы) № 8 ГОМ, сол жагында “Кыргызэнергохолдинг” компаниясы жайгашкан. Мына ушул жерде көбүн эсе ушу эки мекеменин кызматкерлеринин жеңил машиналары токтоп турат. Алар жолдун аркы өйүз, берки өйүзнө бир катардан турса бул жол менен машиналар эки тарапка өтө алышат, жол жүрүү коопсуз болот. Эгерде токтоп турган машиналар жолдун бир жагында 2 катар туруп алса, анда жүрүп бара жаткан машиналар кайчы өтө албай бири өтсо, бири токтоп турууга туура келет да жол жүрүү өтө кыйындап, адамдын өмүрүнө коркунуч келет. Мына ушул адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиргендин копчүлүгү милиционерлер менен таксисттер экендигин Мен башымдан өткөн окуядан кийин билдим.

Күндөгүдөй эле Жибек Жолу менен келип, Орозбеков көчөсү менен оңго бурулдум. Бир аз жүрүп, жүрбөй өйдө жактан ылдый карай мени көздөй чоң ылдамдыкта келе жаткан рулунда жаш кыз отурган Ленд Круизер машинасы мени тебелеп кетчүдөй болуп келе жатты. Себеби сол жакта II-катарга Фольксваген Гольф‑3 машинасы туруп алыптыр. Жан таттуу экен мен таштанды салынган контейнерлер койчу жердин бир жагына кире качтым. Ленд Круизер мага тиер тийбес болуп өтүп кетти. Мен өзүмө келип, келбей Фольксвагенди көздөй чуркадым. Үрөйү учкан Фольксвагендин шоферу “Клиент мени ушул жерге токтотуп, 5 мүнөттө келем” деп кетти эле деп актанып жиберди. Мен ага бир эки нааразычылык сөзүмдү айтсам керек, ылдый жакты карасам бир майор, эки-үч милийса менен сүйлөшүп туруптур. Жандарында экинчи катарда С маркасындагы кызыл Мерседес турат. Мен майорго эй майор мынабул таксистти алып барып камачы, алдагы жерден мерседести да камагын деп кыйкырдым. Майордун жини келип кетти окшойт “Ал менин мерседесим, сен менин машинамды камагандай ким экенсиң” деп мага басып келди дагы Мени курдан алып, ГОМдун ичине сүйрөп кирип, аябай сабады. Анан дежур судьялары бар окшойт “Мени 1-май райондук сотуна алып барды. Ал жерден сотту 2–3 саат күттүк.

Ишти 1-Май райондук сотунун судьясы А. Э. Боромбаев карап, Мага 5-айлык расчёттук көрсөткүчкө барабар штраф салды. Боромбаевдин бул токтомун Бишкек шаардык сотунун судьялары Момуналиев А. Ж., Есекеев К. С., Чериков Н. Клар карашып, 22-июль 2016-жылынын аныктамасы менен күчүндө калтырышты. Эми бул судьялардын кайсы фактылардын, мыйзамдардын негизинде мени айыпка жыккандыгын карап көрөлү.

Боромбаевдин 2016-жылдын 28-июндагы Соттогу Заседаниянын Протоколу менен таанышсак. Анда судья Боромбаев мени И. Изюмов деп атап, окуя 30-июнда болгондугун тастыктайт. Окуя 30-июнда болсо, судья 28-июндагы окуя менен аныктама чыгарса, аны окубай туруп эле шаардык соттун судьялары бул аныктаманы бекитип беришсе, биз Кыргызстанды кантип мамлекет деп, Атамбаевди президент деп айтабыз. Себеби Кыргызстанда сотторго Президенттен башканын алы жетпейт. Соттор көз карандысыз. Ошондуктан убагында эки премьер министр (Ф. Кулов, Ө. Бабанов) “Кыргызстанга сотторду Англиядан же Америкадан алып келели дешип”, чоң эле жыйналышта шолоктоп ыйлашпады беле. Бирок биздин президент бирде Кишиневго, бирде Стамбулга уча берип, сотторго көз салганга убактысы жетпейт окшойт, бир дагы судья Кыргызстанда туура эмес чечим чыгаргандыгы үчүн эгемендүулүкүн чейрек кылымдык убагында жоопко тартылыша элек. Соттордун проблемасы жөнүндө өзүнчө чоң талкуу өткөрсөк жакшы болоор эле, ошондуктан өз окуябызга кайра келели.

Элди тартипке чакырсаң, милиция менин машинемди жолдон ал дейсиң деп сени сабаса, соттор сага штраф салса, биз кантип Кыргызстанды мамлекет деп, Атамбаевди Президент деп айтабыз. Бул бардак. Бул болгондо да атайлап жасалып жаткан бардак. Бирок бул бардакты колдобой мыйзамды сыйлап, тартипти талап кылгандар да арбын. Мына ушулардын күчү менен Кыргызстан деген мамлекет сакталып турат.

Ошентип мен айлам кетип, амалым түгөнгөндө чындык издеп, Жогорку Сотко келдим. Жогорку Сотто жумуш көп себеби, Кыргызстанда башталган араздашуунун 90–95% Жогорку Сотко жетет. Ал эми мыйзам жолго коюлган Батышта, Америкада арыздардан 10–20%ти эле Жогорку Сотко жетет. Мына ушунун өзү эле Кыргызстандагы сот адилетүүлүгүнүн өтө төмөндүгүн көргөзүп турат. Ахвалдын эмне үчүн мындай экендигин талкуулоо көп талаш-тартыштарды жаратат жана өтө узун териштирүүнү талап кылат. Мына ошондуктан менин Мент, таксист менен болгон чатагыма кайра келели.

Белгиленген күнү Жогорку Сотко келдим. Жогорку Соттун судьялары К. А. Бокоев, Б. Б. Бактыгулов, А. Б. Темирбековдор Менин “Тентек” кылган ишимди карашты. Алар көргөн көздөрүнө, уккан кулактарына да ишенишкен жок окшойт. Токтоо 70ке барып калган симпатичный чалдын жөн жерден эле көрүнгөндү жакалап, оозунан ар кандай сөздөр чыкканына дени таза адамдар ишенбейт деп ойлоймун. Мен болгону мамлекетте болуп жаткан баш аламандыктан пайдаланып, адам өмүрүн 5 сомдон ылдый койгон шоферду, мамлекет берген чексиз бийликке ыңсыраган ментти тартипке чакырсам аны үчүн сот жообуна тартылсам бул мамлекетти кантип мамлекет деп айтууга кимдин оозу барат. Бул мамлекеттеги болуп жаткан бардактын жыйынтыгы гезит окубаган башы ооган жакка уча берген президенттин мамлекет башкара албай калгандыгынан болуп жатат.

Бирок, Кыргыздын уучу кур эмес экен, жогоруда аты аталган Жогорку Соттун судьялары соттук иликтөөнү абдан дыкаттык, жогорку профессионалдык тактык менен изилдөө жүргүзүшүп, соттук ишке тиркелген материалдардан мени жоопко тартуучу фактылардын жоктугуна карабастан мени Рамановду кайдагы бир Изюмовго теңеп, райондук, шаардык соттордун мени 5 айлык акыга айыпка жыккан чечимдерин мыйзамсыз деп табышты. Жонуман бир чоң оор жүк алып салгандай эле болду. Мен 5 айлык айыптан кутулганыма сүйүнгөн жокмун. Мен Жогорку Соттун 3 судьясы мамлекетти сактап калганына кубанып жатамын. Оо жараткан! Кыргызымдын уучу куру эмес экен. Эгерде Жогорку Соттун судьялары дагы Ментти колдошсо эмне болот эле. Анда Кыргызстанда зордук зомбулукка жол ачылмак. Бул Кыргызстандын мамлекет катары кулай башташынан алгачкы белгиси болмок. Бирок Кыргыз мамлекетинин кулай башташынын белгилери райондук, шаардык соттордон башка Кыргыз мамлекетинин башка фискалдык органдарында ачык эле көрүнө баштады. Акаев менен Бакиевдин мезгилдеринде мындай көрүнүштөр байкала элек эле. Ал эми Атамбаевдин убагында мыйзамды көзөмөлдөөчү органдарда (прокуратурада) атын оңдуу жаза албагандар пайда болду. Бул жетекчи кызматтарга Атамбаевдин 6-класс билим барларды коё баштагандан да өтө коркунучтуу. Себеби мында нааразы болгондордун талабын так текшерип, мыйзамдуу туура чечим кабыл алып, жооп жазуу керек. Бирок иш жүзүндө райондук масштабда жарандардын кайрылуусуна тыңдап жооп жаза албаган райондун прокурорлору пайда боло баштады. Эмесе окурманым угуп тур.

Бишкектин чок ортосунда Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында тири шумдуктай адам укугун бузуу бар экендигин күбөөсү болдум. Бул жерге 2015-жылдын жарымында ректор болуп А. Т. Насыров келет. Ал келээри менен эле Академиянын бардык кызматкерлери менен убактылуу кызматка алуу келишимдерин түзө баштайт. Бул барып турган зөөкүрлүк, мыйзамды каратып туруп эле бузуу, өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем дегендик. Ал эми мыйзамды бузгандыгы үчүн эмне болот? Мыйзамды атайлап бузган адам түрмөгө отурушу керек. Бул жөнүндө КР кылмыш жаза кодексинин 143-статьясында ачык эле жазылып турат. Мыйзамда кызматкерди мыйзамсыз жумуштан кубалоо жана эмгек жөнүндө мыйзамды одоно түрдө бузуу жетекчини 50 расчеттук көрсөткүчкө айыпка жыгуу же 5 жылга жетекчилик кызматтан кетирүү жазасын колдонсо болот.

Мен А. Т. Насыров тарабынан Университетте массалык адам укугун бузуу фактылары боюнча шаардык прокуратурага кайрылам. Шаардык прокуратура менин арызымды Бишкек шаарынын 1-май райондук прокуратурасына жөнөтөт. Урматтуу окурман менин жазган арызым менен 1-май райондук прокуратурасынын жообуна өзүңүздөр күбөө болуп жыйынтык чыгарыңыздар.

Менин прокуратурага жазган арызымды бирге бир кайталоонун деле кереги жок. Мен өз арызымда академиянын ректору А. Т. Насыров адам укугун бузуп, университетте өз мыйзамын киргизип, өзүм билемдик кылып, баардык мугалим кызматкерлер менен убактылуу кызматка алуу келишимин күчтөп түздүрүп жатканы жөнүндө прокуратурага билгизип ректорго мыйзамга ылайык чара көрүүнү талап кылдым эле. Урматтуу окурманым эми 1-май районунун прокурору Мага берген жообун сөзмө сөз келтирели. Анда минтип жазылып турат.

“Сиздин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жазган арызыңыз боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз. КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан 2016-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна Биринчи май райондук сотунун 01.04.2016-жылдагы чечимине жана Бишкек шаардык сотунун келтирилген бүгүнкү күндө бул иш КР Жогорку сотунун кароо стадиясында” Урматтуу окурман.

Мындан райондук прокурордун анык эле желдеп калганы байкалып турат. Райондук, шаардык, Жогорку соттордун бул жерде кандай тиешеси бар? Себеби рекор Насыровдун иши сотко жетмек түгүл прокурорлор тарабынан будамайланып, тергөө да баштала элек да.

Мына ушундан кийин биз кантип Кыргызстанды мамлекет деп Атамбаевди президент деп айтабыз. Мен мындай сөздөрдү айтууга дагы бир өтө олуттуу фактым бар.

2011-жылы күзүндө Ысык-Көлдөгү Чолпон-Атадан көп алыс эмес жерге (Буланды Сөгөттү айылынын түбүндө) салынган калкта “Аврора” деп аталып калган эс алып, дарылануучу комплекске мурда дегеле бир жерде мамлекеттик кызматта иштебеген Акибаев Аскат директор болуп келип калат. Ал келээри менен эле ичип жегенге кирет. Мына ошондуктан 100гө жакын кызматкерлерди кубалап, алардын ордуна өң тааныш, туугандарын алып келет. Кыскасын айтканда Акибаев бухгалтери менен бирге ай сайын 3,0 миллион сомдон мамлекеттен уурдап турат. Муну териштирип далилдөө үчүн кыйын болсо 1 саат 1,5 саат убакыт керек. Биздин Башкы прокуратурага, Эсептөө палатасына, Финполго, Өкмөткө, Президентке жазган арыздарыбыз ошондон бери шумпайлык менен текшерилбей келе жатат. Мына ушундан кийин Биз кантип Кыргызтанды мамлекет деп, Атамбаевди президент деп айтабыз.

Башкы маселебизден алаксып кеттик окшойт. Мент Нуркуловго кайрылалы. Тартип боюнча мен Нуркуловдун үстүнөн КР ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук башкармалыгына арызданам. Ал жерден Нуркуловдун акмакчылыгын көрүп, билип турган кызматкерлер анын үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылышып, тартип боюнча 1-Май райондук прокуратурасына кайрылышат. Урматтуу окурманым окуянын эмне менен бүткөнүн билип-сезип тургандырсың. Прокурор К. Акимбаева майор Нуркуловду таптаза актап чыгат. А деген арипти тааныбаган, болгон окуяга баа берип, аны жогорку деле болбоого, өз деңгээлинде иликтөөгө жарабаган адамдын Борбордун борбордук районуна прокурор болуп отурушу республикада ахвалдын өтө коопту да, начар да экендигин билгизет. Себеби, Атамбаевке баарын чогултуп келип кыскартып айтканда Бөрк ал десе баш алган сабатсыз жана абийирсиз Г. Акимбаева сыяктуу адамдыр керек. Себеби окурман өзүн туюп, билип таргандырсың. Муну биз мыйзам менен эмес “понятия” боюнча жашоо дейбиз. Ал эми понятия боюнча жашоонун өмүрү кыска эле эмес өтө коопсуз экендигин тарых тастыктап келе жатат. Эгер буга Атамбаев макул болбой, бирдеме дей турган болсо анда Мен аны ачык теледебатка чакырамын. Мейли ал өзү менен кошо Президенттин бүт аппаратын, юристтерин, кошоматчыларын ээрчитип алса да макулмун, мен теледебатка өзүм жаңгыз барамын. Себеби, Мени асмандан аллах, жерден элим колдоп турат жана Мен Атамбаев жана анын досторуна караганда алда канча билимдүү адаммын жана чындык мен тарапта.

Булак: “Жаңы ордо”

Баткендин тургуну экзотикалык канаттууларды багат

Баткенде экзотикалык канаттуулар байырлаган айыл бар. Ак-Турпактын тургуну Кыргызстанда кездешпеген куштарды багып жатат. Павлинден тартып, цесаркага чейинки түрлөрү бар.
Абыт Момуновду айылдаштары өз атын унутуп, “куш багуучу” деп атап коюшкан. Ак-Турпакка келгендин баары анын үйүнө баш бакпастан кетишпейт.

Азыр Момуновдун короосунда үй канаттууларынын 10го жакын түрү бар. Арасынан цесаркага өзгөчө кам көрөт. Жумуртка багытындагы канаттууну мындан 20 жыл мурун Бишкектен алып келип көбөйткөн. Ошондогу үч жөжө азыр 50дөн ашты. Күнүнө 70тен ашуун жумуртка алат. Цесарка тооктордон айырмаланып, 100 метрге чейин учат. Ошол себептүү короосун темир тор менен тосуп чыккан.

“Цесарка картошканын зыянкечи катары таанымал Колорадо курту менен тамактанат. Ошол үчүнайыл-чарба өсүмдүктөрүн химиялык жол менен дарылабай, ушул сыяктуу альтернативдүү жолун тапсак, ден-соолукка пайдалуу түшүм алат элек”,- дейт Абыт Момунов.
Ал мындан сырткары кекилик, кыргоол жана павлин куштарын багат. Кооздугу менен таанымал павлин күн жылыгандан тарта үрпөйгөн канаттары жазылып, куйругу 1 жарым метрге чейин жетип, көркүнө чыгат. Момунов багып жаткан кататтулардын песаркадан башкасынын баары арпа, буудай, күрүч жана нан менен азыктанат.

Куш багуучунун канаттууларга болгон кызыгуусун үй-бүлөсү да колдоп келет. Эң көп жардамдашкан – жубайы. Жолдошу үйдө болбогон учурда жоопкерчиликтин баары аялына жүктөлүп, эми ал бардык канаттуулардын сырын үйрөнүп калды.

“Ар бир куштун жеми башка, ар түрдүү кам көрүүнү талап кылат. Жолдошум 20 жылдан бери куш багып жүрүп, мен да аларга мамиле кылууну акырындык менен үйрөндүм”,- дейт А. Момуновдун жубайы Мархамат Шайматова.

Момунов келечекте канаттуулардын түрүн мындан ары да көбөйтүүну максат кылууда. Кийинчерээк төө куштарды да алып келип, баксам дейт. Башында жөн гана кызыгуу болсо, эми чон бизнеске айлантууну ниет кыла баштыды.

Эске салсак, КМШ өлкөлөрүндө 368 канатуунун түрү бар. Кыргызстанда алардын жарымы гана байырлайт.

Булак: “Майдан.kg”

Каныбек Осмоналиев, профессор: «Баласын мектепке жибербеген ата-энеге атайын статья бар»

Каныбек Осмоналиев эмгек жолун мектепте физика мугалими болуп иштеп баштаган. Андан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетинде доцент болуп бир топ жыл эмгектенген. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты. 2005-2007-жылдары Билим берүү жана илим министринин орун басары, андан кийин министр болуп иштеген. Ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын бир нече жыл башкарган.

-Каныбек Осмоналиевичазыркы маалда билим берүү тармагы туңгуюкка кептелип туратМындай абалга кантип келип калдык?

-Билим берүү тармагын биз мамлекеттин стратегиялык тармагы деп кабыл алышыбыз керек болчу. Бирок 25 жылдан бери ошол түшүнүктү калыптандыра албай койдук. Билим берүү жана илим системаларын саясаттан оолак кармай албадык. Ал экөө тең табиятынан өз алдынча, эркин жашап-өнүгө турган фундаменталдык түшүнүктөр. Эч кандай «жылаңач саясат» менен конъюнктуралык коомдун туундулары болуулары керек эмес. СССР кулагандан кийин билим саясатын бир нукта алып кетүүнүн ордуна колдон чыгарып жибердик. Бийлик болсо мектептин имараты турса, китеп менен камсыз кылсак, мугалим болсо болду да деп ойлоду. Бирок андай эмес да… Эгемендик алгандан бери мугалимдердин социалдык абалын көтөрө албай койдук. Мен СССР убагында төрөлүп, калыптанып калган киши катары айтсам, ал убакта мугалим бизге ыйык болчу. Мен мисалы, мугалим тагынган галстукту тагынгым келчү, анын сүйлөгөнүн, баскан-турганын туурагым келчү. Ал бизге устат, акыл бергич болчу. Анан СССР ураганы эмне болду? Баркы түштү. Себеби бири ичип кетти, бири базарга чыгып кетти, бири психологиялык жактан жабыркады, дагы бири ага чейин үй-бүлөсүн айлыгына кенен бакса, эми болсо бай жана «бизнесмен» кошунасына көз каранды болуп калды…

-Билим берүү тармагына бюджеттен бир топ эле каражат бөлүнөт экен го. Ал каражат мугалимдин социалдык абалын жеңилдетүүгө жетпейби?

-Билим берүү министрлигине бюджеттен жылына 20-25 млрд. сомго чейин бөлүнөт экен. Өзүм учурунда министр болуп жүрүп да бул акчалардын көбү кайда кетерин биле албай койдум. Минфиндин колун карап туруш керек болот. Ал эки гана статьядагы керектөөлөрдү каржылайт. Бири мугалимдердин айлыгы, экинчиси соцфонд. Мугалимдин айлыгы орточо эсеп менен 7 миң сом. Материлдык-техникалык базаны түзөмүш болушат. Китептерге деп 80 млн. сом каралат экен. Бирок ал акча 25 млрд. сомдун жанында көлдүн бир тамчысы да. Анан жыл аягында Минфин калган акчаны башка керектөөлөргө жумшап коет. Мисалы, өкмөттүн башка зарыл керектөөлөрүнө же бир жерде кокустан кырсык катталып калса, ошол жакка жумшадык деп отчет берип коюшат.

-Ошону дароо эле Жогорку Кеңешке мынча сумма, Минфинге мынча сумма деп өзүнчө бөлсө болбойбу?

-Ачык жазып койсо, ал бюджет бекилбейт. Биз социалдык багыттагы өлкөбүз да. «Билим берүүгө 25 млрд. сом, Саламаттык сактоого 25 млрд. сом кетти» деп мактанышыбыз керек куру сөз менен тилекке каршы…

-Сиз айткандай мугалимдин баркы жок, ошол эле учурда молдонун сөзү барктуу болуп калган заманга өтүп бараткандайбыз…

-Ооба, мугалим тигинтип өз алапайын таппай жүргөн чакта бул демилгени молдолор колго ала башташты. Болгондо да ар кандай диний агымдардын агындылары менен тарбиялап, биринчи чектен экинчи чекке өткөрө башташты. Ар бир диний миссионер өзүнүн диверсиялык ишин жасаганга аракет кылышты. Азыр алар көбөйгөндөн көбөйүп, керек болсо каптап кетти. Миссионерлер бизге атайлап диверсиялык иштерди жүргүзүп жатышат. Чала сабат молдолор алардын тилине кирип, биздин балдарды диний фанат кылып тарбиялап жатышат… Бизде дароо эле жыйынтык бере турган нефтибиз, газыбыз жок. Ошон үчүн биздин негизги куралыбыз илим жана билим болушу керек болчу. Айрым изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, кыргыз бир нерсени бат өздөштүрөт. Тилди бат үйрөнөбүз. Ар кимдин салтын да (кереги барын да, жогун да) сиңирип алабыз. Мына ошол ийкемдүүлүгүбүздүн кесепетинен ар кандай диний агымдарга агылып, өзүбүзгө сиңирип атабыз.

-Бирок Конституцияда дин эркиндигине жол берилет го?..

-Буга Конституция жол берет. «Дин эркиндиги жана диний уюмдар» деген мыйзам биринчилерден болуп 1991-жылы, керек болсо Жарандык кодекске чейин кабыл алынган. Бирок биз бул эркиндикти ээнбаштык менен колдонуп жатабыз. Орустарда айтат го, «Заставь дурака богу молиться, он себе лоб расшибьёт» деп. Биз ошондой болуп бир чектен, экинчи чекке өтүп кеттик. Учурунда баарыбыз атеист болсок, азыр баарыбыз радикалдуу динчил болуп баратабыз. Биз светтик мамлекетпиз деп диндин маселе-көйгөйлөрүн дагы жолго таштап койдук. Анын натыйжасында ар ким каалаганын кылып, фанатка айланып динге баш ийе баштады. Айрыкча ислам динине. Натыйжада 5-күнү балдарын жума намаз деп балдарын сабакка жибербей, керек болсо таптакыр окутпай койгон үй-бүлөлөр көбөйдү.

Мунун түпкү себеби — идеологиябызды жоготуп алганыбызда. Мисалы, учурунда эл коммунизм үчүн биригип, бир максатты алдыбызга коюп, ал бизге утопия болсо дагы жетүүгө далалат кылчубуз. Сапаттуу окуу келечекке жол ачарын туюп, ошол эле учурда ыймандуу, адептүү болуу абзел экенин билчүбүз. А азыр сапаттуу билимди диндин кээ бир догматикалык түшүнүктөрү менен карама-каршы коюп калдык. Болбосо ислам эң перспективалуу, оптимисттик, прогресивдүү дин деп айтылат. Убагында Мухаммед пайгамбарыбыз динди, билимди жана өлкөнү чогуу алып кеткен. Убагында, өзгөчө төртүнчү халифтен кийин ислам дүйнөсү дүркүрөп өскөн. Аравиядан Андалузияга ( азыркы Испания) чейин мамлекет курушкан. Алгебра, химия, алгоритм, косинус, синус, тангенс, котангенс деген терминдин баарын арабдар киргизген илимге. Араб цифралары киргизилип, унификация кылынган. Китеп деген да арабдардын сөзү. Кит- ап –билим бергич дегенди түшүндүрөт. Тагыраак айтканда, ислам менен илим айкалышып өнүккөн. Ислам Ренессансы 8-кылымдан 14-кылымга чейин созулган. Бара-бара өчүп-өчүп отуруп исламдын радикалдык, фанатикалык касиеттери гана калды. Азыр физикадан ачылыш жасаган кишини каапыр деп, атом менен электронуңду урганым жок деп чыгышат. Сотовый телефонду болсо, шайтандыкы дешет. А колунда сотовый телефон дагы бар, ошол физика илими жасаган бомба менен барып жардырып атышат. Мен азыркы илимди жакшы билип, илимдин баалуулуктары менен диндин алдыңкы авангарддык баалуулуктарын катар айтып бере алган молдо көрө элекмин. Европада экөөнү катары менен айтып берген пасторлар, поптор бар. Бизде болсо, эркектер сакалын өстүрүш керек, кыздар хиджап кийиш керек деп ар кандай талаптарын коюшат. Бир нерсе болсо эле өлүмдү сүйлөшүп, тозоко түшөсүң деп коркутушат. Кыскасын айтканда, биз Ислам интеллигенциясын түзө алган жокпуз да…

-Азыр бизде мечит көп. Алар кайсы каражатка салынып атканы белгисиз. Салып берип жаткандарга мечиттин ордуна мектеп салып бер деген өтүнүч-талабыбызды койсок болот беле?

-Ошол сөздү айтчу эл башкаруучулар башынан туура эмес позицияны ээлеп туруп алышты. Чиновниктердин ар биринин өзүнүн диний секталары пайда болду. Алар чет элдик эмиссарлардан акча ала башташты. Алардын жардамы менен шайлоо компанияларын өткөрүп, мечит тургуздуруп, «силерге мечитти мен айтып салдырып бердим» деп упай топтой башташты. Дин ээнбаштыгына жол бербегендин ордуна чоңдорубуз өздөрү кошулуп кетти. Акыркы күндөрү депутаттарыбыз «бешинчи күндү иш күн кылбай эле коелу, жума намазга барышыбыз керек» деп трибунадан сүйлөй башташты. Чоңдордун суранычы менен деп бир эмес, эки мечити бар айылдар көбөйдү. Керек болсо баргылардыкы, жорулардыкы, саруунуку, сарбагыштыкы деп уруулардын мечиттери бар экенин өз көзүм менен көрдүм. Мечит менен бирге медреселер көбөйдү. Айтмакчы, СССР учурунда бир да медресе болгон эмес. Азыр Кыргызстан боюнча токсонго жакын бар. Ошентип биз мечит менен медреселердин эбегейсиз көбөйүп кеткенин көзөмөлдөй албай калдык.

-Медреселердин окуу программасын ким көзөмөлдөйт?

-Булар бирдей программа менен иштебейт. Мисалы, кайсы бир он медресе Сауд Арабиянын башкаруусунда, дагы бир он медресенин ээлери — Иран, Түркияныкы дагы бар, дагы бир ону өзүбүздүкү. Пакистан менен Афганистандын таасириндеги медреселер бар. Окуп аткандарды программалары ар бөлөк болгондуктан, баланы башка мечитке которуп окута албайсың. Программаны Муфтият түзүп бериш керек. Алар түзүп берип эле жүрүшөт. Бирок Муфтият өздөрү ичинен бөлүнүшөт да. Бири-биринен жашырышып, бири Сауд Арабияны, бири Түркияны колдошот…

-Айрым ата-энелер балдарын светтик билимден куржалак калтырып атышат. Бизде балдарын мектепке жибербей койгон ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу каралганбы?

-«Балдарга тогузунчу класска чейин милдеттүү түрдө билим бериш керек» деп Конституциялык нормада жазылган. Тилекке каршы, биз муну мыйзамдардын көбү биздин мамлекетте аткарылбай келаткан сыяктуу эле, бул норма да бузулуп келатат. Баласын мектепке жибербеген ата-энеге атайын статья бар. Биринчисинде эскертүү берилет, экинчисинде административдик чара колдонулат, үчүнчүсүндө кылмыш иши козголот. Бирок ата-эне камалган бир да факты жок. Мектеп директору канча баласы сабакка келбей жүргөнүн өзү билбейт. Кыргызстанда 1 млн. 200 миң окуучу болсо, анын 200 миңи сабакка барбайт. Мен депутат болуп жүргөн кезде бир окуя болду. Жумгалда 4-класста окуган 5-6 баланы Бангладешке 12 жылга окууга алып кетишиптир. 4-класстын баласы ошол учурда 11 жашта болсо, 12 жылдан кийин 23 жашка чыгып, дапдаяр фанатик, радикал болуп келет. Каникулга келип-кетип жүргөн болсо, керек болсо 15 жашка чыкканда эле ата-эне, туугандарынын башын айландырып, үндөп коет…

Мындай кырдаал негизинен, КМШ өлкөлөрүндө орун алып келет. Ал эми Чыгыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрү менен Грузиялар болсо АКШ, Еврокошуун жана Түштүк-Чыгыш мамлекеттерин туурашып абалды оңдоп кетишти. Алар чет элдик эмиссарлардын «каалоо-тилектерин» ишке ашырышкан жок.

AI тынчтык жүрүшүнүн катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 18-мартта Бишкекте өткөн тынч жүрүштүн катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды. Мындай билдирүү уюмдун сайтына 21-мартта жарыяланды.

Анда Кыргызстандын бийлиги жүрүштүн беш катышуучусун кармап, беш суткага камакка алуу менен алардын тынч чогулуштарды өткөрүү укугун бузганы айтылган.

“Тынч акциянын катышуучуларынын кармалышын, адилетсиз сотту жана алардын бир нече күнгө камакка алынышын жүрүшкө атайылап тоскоолдук кылууга жана көз карандысыз ММКлардын басымына каршылык көрсөтүүгө багытталган деп гана баалоого болот”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Бишкектин Свердловск райондук соту Мавлян Аскарбековду, Айбек Мырзаны, Азамат Аттокуровду, Расул Умбеталиевди жана Мухит атту жаранды беш суткага камакка алган.

Буга чейин ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов алар тартип бузууга жана жол тосууга айыпталып кармалганын билдирген. Анын айтымында, активисттер милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы жана жол тосуу аракети үчүн бейбаштыкка айыпталып, беш суткага камалышкан.

Меню