Menu

КООМ

Мэр баштаган жолдо калчу жорук

“Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур” демекчи, ызы-чуу менен шайланган Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду чарбачыл инсан деп койсо эрээркеп кеттиби же жеке кызыкчылыгы ойгонуп, кулкуну кууратып жатабы ким билсин, Бишкек шаарындагы гезит саткан базар менен күркөлөрдү шаар четине чыгарыш керек деген жолдо калчу жорукту баштап жатыптыр. Ким мындай акыл кошсо да же өзүнүн гениалдуу демилгеси болгон күндө да мэр катуу жаңылат. Бир да өлкөдө мындай одоно жорук жасалбайт. Шаардын четине чыгаргандай абаны булгап жаткан завод-фабрика же санитардык талапка жооп бербеген ишкана болсо бир жөн. Сыягы гезит базар менен күркөлөрдүн ордуна көзү түшүп Кудай уруп жаткандай…

Булак: “Фабула”

Президент Алмазбек Атамбаев 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 7-мартта, Президент Алмазбек Атамбаев аялдарды 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Төмөндө куттуктоонун текстин толук келтиребиз:

“Урматтуу Кыргызстан айымдары!

Баарыңыздарды жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон Эл аралык аялдар майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Март майрамы узак кыштын түнт күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көӊүлүбүздү ачат, жашоого дем берет.

Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем.

Элибизде эзелтен кыз баласын дайыма төргө чыгарып, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп келген. “Кыздын кырк чачы улуу” деген нуска сөз ар бирибиздин аң-сезимибизге терең ширелген.

Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган.

Жоокер заманда ач бел, куу жондо от таап, ташка нан жаап, бүт журтту сактаган да, чабышкан тараптарды жараштырган да, керек кезде эки тизгин, бир чылбырды колго алып, эл баштаган да асыл аялдар болгон.

Кыргызстандын соӊку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеӊип чыкты. Азыр кайсы тармакта болбосун айым лидерлер четинен табылат. Кыз-келиндерибиз жеӊил өнөр жайын жандантып, азыр “Кыргызстанда жасалган” деген кийим-кече өлкөбүздүн брендине айланууда.

Маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдарыбыздын калыӊ катары өсүп чыкты.

Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч аялдар!

Эне сүтүн актаган, анын кадырына жеткен, аялзаты урмат-сыйга бөлөнгөн коом гана өсүп-өнөт.

Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар!

Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы, үй-бүлөдөгү бакыбаттык – сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.

Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Баарыӊыздарга чыӊ ден соолук, узак өмүр тилейм! Майрамыңыздар кут болсун!

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш чара өттү

Жаз менен жанаша келаткан 8-март майрамынын салтанаты Ош мамлекеттик юридикалык институтунда бүгүн 7-мартта студенттердин кызуу куттуктоосу менен башталды. Бул тууралуу ОшМЮИнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жогорку окуу жайдын алдындагы юридикалык коллеждин таланттуу студенттери устат эжекелерине «Аялзатына таазим» аттуу атайын концерттик программа тартуулап, алардын маанайын көтөрдү. Мында аялзатынын улуулугун жана ыйыктыгын даңазалаган ырлар жаңырып, устат эжекелерине жылуу сезимдер ыроолонду. Көтөрүнкү маанайдагы аялдарга окуу жайдын студент жаштары ак тилегин айтып, майрамдык белектери менен гүлдестелерин беришти.

Чыныбай Турсунбеков айымдарды майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы жалпы айымдарды 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө куттуктоо текстин келтиребиз:

Урматтуу энелер!

Ардактуу эже-карындаштар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаз менен кошо жадырап кирип келген 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм!

Адамзаттын урпагын улап, жашоонун туткасын кармаган аялзаты улутту улут, элди эл кылган эбейгейсиз күчкө ээ. Эненин терметкен бешиги жер шарын тынчтыкка бөлөсө, эже-карындаштарыбыздын жылмайганы ааламга нур чачып, дүйөнү гүлбакчага айлантат. Уюткулуу кыргыз эли “бейиш эненин таманында, аял үйдүн куту, кыздын кырк чачы улуу” деп асылзат айымдардын аруулугун, мээримдүүлүгүн даӊазалашкан.

Ошондой эле бабаларыбыздын баскан жолу да энелерибиздин айткан алдейи, жасаган кол эмгектери аркылуу уланып, апаларыбыздын өчпөгөн коломтосу шам чырактай келечек муунга жол көрсөткөн. Кыргыздын көптөгөн кыз-келиндери эр жигиттерден кем калбай Мекенди коргоодо жана мамлекеттүүлүктү сактоодо да арбын иш жасап, жан шеригинин алдында же артында эмес дайым жанында болушкан. Эркин демократиялык багытты тандап алган азыркы жолубузда да энелерибиздин ушул асыл сапаты баарыбызга таяныч болууда.

Кымбаттуу кыргызстандык асылкеч айымдар!

Сиздер бир үйдүн гана кубанычы эмес, жалпы улутту бакытка бөлөгөн, көөнөрбөс табериксиздер. Өлкө келечегин жаратып, улуттун учугун улаган кадырман энесиздер. Сиздердеги аруулук, сабырдуулук жана кажыбас кайрат калкыбызга дем-күч берип, баарыбызды жаркын үмүткө чулгайт. Силерге гана таандык делген сулуулук дүйнөгө көрк берип, чексиз сүйүүгө толгон жүрөгүӊүздөр ааламды жакшылыкка үндөйт.

Бар болуӊуздар! Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм! Турмушуӊуздар бүлүнбөсүн, ырыскыӊар төгүлбөсүн, жамандык көрбөй, жакындарыӊар менен бирге бактылуу өмүр сүргүлө. Силер ага татыктуусуӊар!

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына - 25 жыл

Улуттук банктын негизделишине 25 жыл толду.  Бул тууралуу КР Улуттук банкынын басма-сөз кызматы билдирди. СССРдин Мамлекеттик банкынын бир бутагы болуп саналган Кыргыз Республикалык банкы 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик банкы деп аталып, көп өтпөй эле Жогорку Советтин токтомуна кол коюлуп, 1992-жылдын 6-мартында Кыргыз Мамлекеттик банкы – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзгөртүп түзүлгөн.

Өлкөнүн баш мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улутттук банкы жөнүндө” мыйзамында Улуттук банктын укуктук статусу, иш принциптери, алдыга койгон максаттары жана негизги милдеттери бекемделген.

25 жыл аралыгында Улуттук банк тарыхый жолду басып өткөн: улуттук валюта жүгүртүүгө чыгарылып, эл аралык банктык тажрыйбанын стандарттарына жооп берген жаңы банк тутумунун пайдубалы түптөлүп, ишенимдүү улуттук төлөм системасы жөнгө салынган.

Банк иши мыйзамдарда аныкталган милдеттерди чечүүгө, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган максаттарга, экономиканын узак мөөнөткө каралган өнүгүшүн камсыз кылууга, жарандардын жашоо шартын жогорулатууга багытталган.

Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 7-мартта, Бишкекте Кыргыз Республикасынын евразия экономикалык биримдигине төрагалыгы алдында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

 Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген  Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларын — конокторду тосуп алды.

Бишкек шаарына Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян келди.

Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтүп жаткан Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар чөйрөдө өтүп, кеңири курамда улантылат.

Жыйында интеграциялык биримдик боюнча маанилүү маселелер талкууланып, бир катар документтерге кол коюлат.

Кыргыз жана казак жарандары 30 күнгө чейин турган жеринде катталуу милдетинен бошотулат

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эки өлкө аймагында болуу тартибин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган протоколго ылайык, Казакстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары, Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары 30 күнгө чейин турган жериндеги ыйгарым укуктуу органдарда катталуу милдетинен бошотулат. Бул протоколго 2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында (Казакстан) кол коюлган.

Эки тараптуу протоколду ратификациялоо терс социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

 

Жогорку Кеңеште террористтик уюмдардын тизмесин жарыялоого багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 7-мартта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө азыркы учурда жаштарды радикалдык топторго тартуу коркунучун жарата турган ар түрдүү уюмдар, культтар, секталар жайылып кетти. Ушундан улам, жаш муунга сырттан келүүчү радикалдык экстремисттик идеологиялардын таасирине каршы аракеттенүү максатында КР соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин жарыялоо боюнча мыйзам долбоору сунушталган. Бул уюмдар тууралуу, биринчи кезекте, өсүп келе жаткан муун (мектеп окуучулары, студенттер ж.б.) билиши керек. Мындай аракет менен жаш муундун ар кандай радикалдык топторго болгон кызыкчылыгын азайтууга болот.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, мыйзам долбоорунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мамлекеттик басылмаларга мезгил-мезгили менен террористтик деп таанылган уюмдардын тизмесин жарыялап туруусу керектиги белгиленген.

Мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.

 

Сурамжылоо: “Сиздин эсиңизде калган 8-март?”  

Сабырбек Жумабвков, академик:

– Менин эсимде калган белек 101 ро­за келинчегим Розага арналган. Буга окшогон белектерди аял заты үчүн аябаш керек. Эртеңки 8-март майрамы менен апаларды, эжелерди, карындаштарды куттуктайм! Аял затынын көз жашы төгүлбөсүн. Элибизде, мамлекетибизде тынчтык орносун. Аял заты бактылуу болсун!

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты:

– 8-март аял затынын эл аралык майрамы. Бул албетте өзгөчө майрам, аталган майрамдын өзгөчөлүгү жана кызыктуулугу мектеп курагындагы күндөрдө болгон десем жаңылышпайм. 23- февраль Советтик армиянын күнүнө карата классташ кыздардан чыдамсыздык менен белек күтүп, ар кандай белектерди алган соң, келээрки айдагы 8-март майрамына кызуу даярдыктар башталчу. Классташ балдардан каражат топтоп, классташым Зарыл деген жигит экөөбүз Базар-Коргон районунун борборунан атайын жалтырактар менен жасалган ичинде атыр, упа жана айымдарга тиешелүү бол­гон журналдар салынган белектерди алып келгенбиз. Кызыгы бир жумадан кийин классташ кыздарыбыз айтып жатпайбы, тиги журналдар “Кыргыз­стан аялдары”, “Ден соолук” сыяктуу, бир жыл мурун чыккан эски журнал­дар экендигин, менимче ал күндөгү белектердин маанилүүлүгү журналдардын эскилигинде эмес, чыныгы таза ниет, балалык сезимдер менен берилген белектерде го деп ойлойм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы кыргыз мамлекетинин айымдарын тирүүлүктүн учугу болгон кыз-келиндерди, үйдүн куту болгон энелерди жана эже-карындаштарды чын ыкласымдан куттуктайм! Азыркы заманда аял заты мамлекеттик кызматта, миграцияда жана дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенип, үй-бүлөсүнө мээримин төгүп, коломтонун отун өчүрбөй жылуулук сактоого тынымсыз аракеттенип келүүдө. Бул жашоодо биздин ажырагыс ажарлуу айымдарыбыз, апаларыбыз бар болсун!

Балбак Түлөбаев, “Аю хол­дингдин” вице-президенти:

– Түркияда окуп жүргөндө, биринчи 1993-жылдары мектепте окуткан эжейиме ал жактан кат жазгам. Чет өлкөдөн кат жазганда өтө көп марка чаптачубуз. Ошондо тышында гүлү бар отк­рытка таппай кыйналып араң тапкам, бул учур 8-март келген сайын эсиме келет. Түркияда майрамдык маанай ал убакта көп жок эле, комунисттик майрам деп. Алар пикет, митинг ме­нен өткөрүшчү. Ал эми аял затына “Аю холдингдин” атынан бакыт, ырыс-кешик, жакшы жашоо, бакубат өмүр каалайм. Күнүгө кечинде күткөндөрү аман-эсен түгөл үйлөрүнө келип турсун. Аял заты бар биздин дүйнө жарык, жашоо жыргал!

Болсун Казаков, мамлекеттик кызматкер:

-Мектепте окуп жүргөн кезде кыздарыбызга белек бергенибиз эсимде! Биз берген белегибиз алардыкынан арзан болуп калып, бизге кайра берип салышкан эле. Бул күндөр эсимден кетпейт. Балалык баёо сезимдерге бөлөнгөн кез эле. Эртеңки 8-март майрамы менен бардык аял затын куттуктайм. Аял заты бул жашоо, бул сулуулук, бул боорукерлик жана үйдүн куту! Кудайдан аял затына эң бир чоң милдет бе­рилген – бул эне болуу, ошондуктан баарыңыздарга эне болуу бактысын каалайм!

Узарбек Жылкыбаев, ЖКнын депутаты:

-8-мартка карата атайылап өз колум менен белек жасап көрө элекмин. Адатта даяр белекти, гүл жана парфюмерияларды сатып алып эле берем, апама, жубайыма жана кесиптештерге. Ал эми айымдардын эл аралык майрамында бардык аял затына бакыт каалайм. Жакындарынын курчоосунда аман болушсун. Жаз айынын башталышы айымдардын майрамы менен башталып калышынын да себеби бар. Жаз күнүндөй жаркылдаган айымдар аман болсун!

Максат Сабиров, ЖКнын депутаты:

Эсимде калган белек – бул идиште өстүрүлгөн гүл болгон. Алгачкы белегим да ушул болгон. Ал гүл келинчегиме арналган. Идиште өстүрүлгөн гүл өсүп-өнөт, көпкө жашайт. Ал жылда көбөйүп турат. А каалоом бардык аял затына узун өмүр, ден соолук, чексиз бакыт жана калыстык. Эне калыс болбосо жер астын-үстү болот. Анан дайыма жүздөрүнөн күлкү кетпесин.

Азамат Байматов, “Кайрымдуу бол” фондунун негиз- дөөчүсү:

– Окуучулук күндөрдө 8-мартга акыга бир жерге иштеп, аябай кыйналганым эсимден эч кетпейт. Биринчи жолу өз мээнетим менен акча таап, апама ошол кезде мода болуп жаткан жоолук алып, 8-март майрамы менен куттуктагам. Ал эми азыр болсо апамды, жеңелеримди, келинчегимди кафеге алып барып, белегимди берип, сый-урматымды көрсөтүп турам. Бул жалган дүйнөгө келишибизге себепкер болгон энелерибизге ден соолук, узак өмүр, дөөлөттүү карылык каалайм. Дегеле бардык аял затын, биз силерди жакшы көрөбүз,сыйлайбыз деп айткым келет.

Булак: “Фабула”

Назарбаев дин боюнча мыйзамды кайра карап чыгуу керектигин айтты

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дин боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтты.

Казак президенти өлкөдө диний бирикмелердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, дин тутуу эркиндиги сакталганын белгиледи. Бирок экстремизмдин алдын алуу үчүн мыйзамды кайра карап чыгуу керектигин айтты.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, каттоодон өтпөгөн диний уюмдардын иштөөсүнө тыюу салынган. Учурда өлкөдө 3 600дөн ашуун диний бирикмелер бар, алардын басымдуу бөлүгү исламды карманат.

Укук коргоочулар Казакстанда сөз жана дин эркиндиги чектелип, адам укуктары бузулуп жаткандыгын белгилеп келишет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню